АЛЛО-ОО, "АЛИБИ" БЕКЕН?
Мындан ары биз менен жана гезиттин жалпы окурмандары менен пикир алмашып турсаңыздар болот. Мейли, жалгыз өзүңүзгө тиешелүүбү, же саясат жана социалдык сфераларда сөз козгойсузбу, ал өз ишиңиз. Куш тилиндей алгачкы ой-пикирлер сиздердин назарыңыздарда! Байланыш телефонубуз:
0770 41-21-80; 0312 31-33-68; 31-27-70


"Мегакомдун" директору Андрей Силичтин куран окутуп, бата кылганында не айып? Канча кыргыз чокунуп кеткенин эмне үчүн айтпайбыз. Кудай өзү колдосун сизди, Андрей.

Салморбек,
Жайыл району.
К. Дүйшөбаев 2005-жылы бир күн Ички иштер министри болгондогу айткан сөзүн Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаевдер укпай калган го. Ал азыркы өкмөттөн эмне жоготуп, эмне издеп жүрөт, табышмак. Итти "кет" десе кетип калат. Кеңешбек генерал аны билбейби? Сиз ошол 23-мартта бир күн министр аталган Дүйшөбаев болсоңуз, анда тынч эле оокатыңызды өткөзбөйсүзбү? Сиз кечээ эле А.Акаевдин камчысын чапкандардан эмес белеңиз.

Мелис,
Жалал-Абад шаары.
Талкууга коюлган Конституция иштеп калса, Кыргызстандын келечегине чоң өнүгүүнү, жетишкендиктерди алып келет деп ойлойм.

Мээримбек,
Ош шаары.
Бир кездеги республикалык МАИнин чоңу менен техосмотрдан акча жыйноочу шылуундарды көзөмөлдөөчү адамдар барбы?

Бишкектен
Азат.
К.Бакиевдин учурунда орден, чин, наам алган адамдар! Убактылуу өкмөткө кайрылып, алганыңардан аткез кылсаңар, кара тактан арылып, оор жүктөн кутуласыңар.

М.Д.Ш.
Кыргыз эли - кыраан эл. 9-майды жеңиш менен тосконго кыргызымдын да зор үлүшү бар экенин эч ким танбайт. Тарыхта Чолпонбайдай, Дүйшөнкулдай баатырлары менен түбөлүккө калып калган. Андыктан элимди Жеңиш майрамы менен куттуктайм.

Марат,
Талас облусу.
Уюткулуу кыргыз калкы! 17-май күнү эл бузарларга ээрчип көчөгө чыкпайлы. Андан көрө Убактылуу өкмөттүн бутуна бут, колуна кол, арка-жөлөк болуп, үзүлгөнүн улап, чачылганын жыйнап берели. Азыркы бийликтегилер кетирген каталарын өздөрү деле мойнуна алып жатышпайбы. Булардын көбү кыргызымдын жашоосун сөзсүз оңдошот деп ишенем.

Д.Ш. Маматов,
"Ак-Шумкар" партиясынын мүчөсү.
Адахан Мадумаров тилинен чаң чыгарып, "Азаттык" менен "Эл ТРден " чыгып сүйлөсө, тимеле уйкуң каччудай дешет. Менин уйкум келе берет. Базарда жаныма шериктеш болуп отуруп уйкумду качырышын суранат элем Адахандан.

Абдыбек, айтылуу
Ош базарынан.
Лукашенко: "К.Бакиевди бербе-е-ейм" дейт. Ал эмне, Бакиевге токол болобу? Кукенин "токолдору толтура" деп атышпайбы...

Алымбек,
Нарын району.
Балыкчы шаарына барганда "утасың" деп колуңду бекем кыстым эле, Өмүке. Элиң үчүн алдыга кете бер. Ишиңе ийгилик каалайм.

Таштан,
Балыкчы шаарынан.
Канга бөлөп калкыңды
качып кеттиң,
Каргышы энелердин
сага жетсин.
Батырбай Ош эли да
кууп чыккан соң,
Баш калкалап батькоңо
уруп жеттиң.
Эр болсоң элиңди
сен коргойт элең,
Эл деген азаматты
сойбойт элең.
Журтуңдун бүт байлыгын
сатып бүттүң,
Жер жуткан Карынбайдай
соргок белең.
Алтынбек,
Москва району.

Каттани деп сыймыктанып жүрсөк, К.Бакиевдин кишиси экени көрүнүп калды. Эл койгон өкмөткө "ишенбейм" дегени, кыргызга чыккынчылык эмеспи.
Жаманкара баатыр.

Мелис Эшимкановдун кыргыз коомчулугунда өз орду бар адам. Азыркы кырдаалда аны "оюндан" чыгарыш али эрте. ММК өкүлдөрү, Мекеми дайны жок шыбаганды токтото тургулачы.
Күйөрман
Шаке.

65 жыл мурунку жеңишти кайталап, быйыл жазда да жеңишке жетиштик. Аттиң, жалоондой жигиттерден айрылып калганыбыз жанды күйгүзөт! Кантсе да, жеңиш оңой менен келбейт окшойт. Бүткүл кыргыз элин жеңиш майрамы менен куттуктай отуруп, түбөлүгүбүз түз болсун, кенемтебиз толуп, келечегибиз кең болсун демекчимин.
Ак Бакай,
Токтогул району.





  Конституциянын Жаңы редакциясына сунуштар

КУДАЙСЫЗ, ДИН БЕЗЕР КОНСТИТУЦИЯ
БИЗГЕ КЕРЕКПИ?
(Башы 13-бетте)
Болгону Ирландия, Нидерландия өңдүү кымындай өлкөлөрдө жана Францияда гана мамлекет менен дин ажыратылган. Ошондуктан бул мамлекеттерди, дин безер атеисттик деп да атасак ашыкча болбойт.
Израил мамлекетинин мыйзамдары болсо алардын диний китеби - Тоорат менен Талмуд окууларына негизделип түзүлгөн.
Европанын өнүккөн өлкөлөрүнүн жана АКШнын көптөгөн штаттарынын окуу жайларында дин таануу сабактары окутулат жана жогорудагы өлкөлөрдүн эч биринин негизги мыйзамдарында биздикиндей: "светская республика"же " светское государство" деген сөздөр жок.
Ошондуктан 2010-жылдагы КР Жаңы редакциядагы Конституциясын Кудайды, динди тааныган, өнүккөн цивилизациялуу өлкөлөрдүкүнө окшоштуруу зарыл.
1993-жылы кабыл алынган Конституциядагы конституциялык кеңешмеде эки атеисттин гана талабы менен киргизилген жогорудагыдай: "Кыргыз Республикасы ...динден тышкары (светское) мамлекет" - деген өңдүү сөздөр биздин өлкөнүн бетине көлөкө түшүрүп, дин тутунган, цивилизациялуу дүйнөнүн алдында биздин мамлекетти, кыргыз элин дин тааныбаган, дин безер мамлекет катары көргөзүп келген!!!
Бул деген Кыргыз Республикасынын калкынын дээрлик басымдуу зор бөлүгүн түзүп турган ислам жана христиандык православие диндерин тутунуучуларды басынтып, кемсинтип, алардын укугуна шек келтирүү болуп саналат.
Бул деген Кудайдан үмүтү жок, Кудайга, динге ишенбеген бир нече атеисттин же бир аз кишиден турган топтун миллиондогон ишенүүчүлөрдүн пикири менен эсептешпеген, өзүм билемдигинин, ээн баштыгынын натыйжасы болуп келгенинде шек жок.
2010-ж. 27- апрелде чыккан, Конституциянын жаңы долбооруна көз салсак: Анын 1-глава, 1-берене, 1-пунктунда, же эң эле башында, он жети жылдан бери карай ашмалтайы чыккан баягы эле:
"Кыргыз республикасы ...динден тышкары мамлекет"- деген сөздөр жүрөт.
Орусча редакциясы: "Светское государство"
Мындай "динден тышкарылык" элдин жана бийликтегилердин көбүнө терс таасир этип, аларды Кудайдын жана элдин алдындагы жоопкерчиликтерден четтетип же таптакыр эле ажыратып, дин безер, Кудайсыз жана эч кимден жана эч нерседен коркпогудай кылып салат!
Конституциянын эң башындагы дал ушул дин безер, Кудайсыз кылуучу сөздөр, ушул статья коррупция, паракорлук, жоопкерсиздик, кыянаттыкка өбөлгө түзөт!
Бул статья адеп-ахлак, ыйманды четтетип, уятсыздыкка, өзүм билемдикке кеңири жол ачат. Бул статья балдарыбызды бийик адеп-ахлакка тарбиялоого бөгөт болуп, тескерисинче адепсиздикти, бузукулукту, паракорлукту күчөткөнгө түздөн түз жол берет.
1993 - жылдан берки Конституциялардын Баш сөздөрүнө (Преамбулаларына) көз чаптырсак алардын улам эле кийинкисинин кунары качып, начар боло берген!
Маселен 1993-ж. Конституциянын Преамбуласы 26 абзацтан турса, 2003-жылкы Конституциянын 20 абзацтан, ал эми эң акыркы 2008-ж. Конституциянын Преамбуласы болгону тогуз эле абзацтан туруп калган.
Бирок кеп мында да эмес, кеп: мына мында: Ошол 1996-ж. Баш Мыйзамдын Преамбуласында: "улуттук мамлекет идеясын жактаганыбызды ырастап" - деген жана: "жалпы адамзатка тиешелүү ыймандуулук принциптерди, улуттук каада салттардын адеп ахлактык асыл нарктарын жактаарыбызды билдирип;" - деген сөздөр турса, 2003-ж. Конституциясынын преамбуласында - "улуттук мамлекет идеясын жактаганыбызды ырастап;" жана: "ыймандуулук принциптерди" - деген өтө маанилүү, керектүү жакшынакай сөздөрдү таптакыр алып салышкан. Муну менен алар ыймансыздыкка, жана улутка карата саткынчылык менен кыянаттыкка кеңири жол ачышкан!
Ал эми 2008-жылдын 21-октябрында кабыл алынган акыркы редакциядагы Конституциянын Преамбуласынан: "улуттук-каада салттардын адеп-ахлактык асыл нарктарын " деген сөздөрдү да таптакыр алып салышкан.
Мына ошентип, адамды адам кылып,улутту улут кылып кармап тура турган зор маанилүү төмөндөгү үч нерсе:
1) Улуттук мамлекет идеясын
2) Жалпы адамзаттык ыймандуулук принциптери
3) Улуттук каада салттардын адеп ахлактык асыл нарктары
Мына ушул үчөө Конституциянын Баш Сөзүнөн (Преамбуласынан) жок кылынып, натыйжада кыргыз улутунун жана жалпы коомдун кызыкчылыктарына карама каршы келген, ыймансыздык, адеп-ахлаксыз бузукулук, кыянаттык жана саткынчылык өңдүү арам иштерге кеңири жол ачылган!
Ал эми ыймансыз "Светское" деген сөздөр эч унутулбай кайра-кайра жазылган жана бүгүнкү 2010- жыл 27- апрелдеги Жаңы Конституциянын долбооруна да ашмалтайы чыккан баягы "Светское" дагы жүрөт!
(Эскерте кетүүчү нерсе 2006-ж. Конституцияга элдин талабы менен "Светское" "Динден тышкары" деген сөздөр жазылбай алынып салынган эле жана кийинки жылы эле бийлик көксөгөндөр аны кайрадан киргизип алышкан!)
Динден тышкары деген же светский деген сөз динсиздерге гана эсептелген мамлекет болуп калат, ошол эле учурда ыйманга умтулган инсандардын укугу тебеленип, ыймансыздыкка чексиз жол ачып берет.
Мына ошондуктан КР Баш Мыйзамына төмөндөгүлөрдү сөзсүз киргизүү зарыл:

1 - СУНУШ:
1) Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын БАШ СӨЗҮНҮН (ПРЕАМБУЛАСЫНЫН) эң башына:
"Биз Кыргызстандын эли. Кудайдын жана элдин алдындагы жоопкерчилигибизди билүү менен..." - деген сүйлөмдү киргизүү өтө зарыл!
Анткени Преамбуланы ушундайча кылуу цивилизациялуу мамлекеттердикине окшошот. Ошону менен бирге эле, Кудайга, динге ишенген адамдар жоопкерчиликти да сөзсүз моюндап, сезип-биле баштайт.
Эгер Преамбулада Кудай жөнүндө жана жоопкерчилик жөнүндө эч нерсе айтылбаса анда: Кудайга ишенбеген, же ишенсе да Кудайдын алдындагы жоопкерчилигин моюндабаган инсандар өтө көбөйөт. Андай адамдардын көбү коомдо эч нерседен кайра тартпаган шумпайларга жана кылмышкерлерге айланат!

2 - СУНУШ:
2) КР Конституциясынын долбоорундагы Баш сөзүнүн (Преамбуласынын): төмөн жагына:
"Кыргыз Республикасында тарыхый -салттуу ислам жана христиандык православиенин жалпы адамзаттык, ыймандуулук, адеп-ахлактык принциптери, баалуулуктары таанылат" -деп жазылсын.
Анткени жогоруда белгилегенибиздей:
Эгер мындай кылбасак анда дүйнөдө салттуу ислам жана христиан диндери менен секталардын (алардын ичиндеги шайтанга сыйынгандары да бар), майда диний уюмдардын укуктары теңелип калып, өтө чоң адилетсиз иш болот!
Тарыхый салттуу ислам жана христиандык православиенин жалпы адамзаттык зор баалуулуктары жана принциптери бар; Ал эми биздин коомдун адамдары бүгүнкү күндөрдө андай баалуулуктарга жана принциптерге өтө муктаж.
Анткени салттуу диндер адамдарды биримдикке, ынтымакка, тынчтыкка, туура жашоого жана адал эмгек менен гана күн көрүп, каражат табууга, адамдардын моралдык, руханий, адептик, ыймандык тарбиялануусуна чоң өбөлгө түзөт.

3 - СУНУШ:
1гл.1-берене, 1-пунктка "светское" жана "динден тышкаркы мамлекет"- деген сөздөр киргизилбесин.
Анткени бул дин тутунган мусулман жана христиандардын өтө чоң нааразылыгын пайда кылат! Өлкөбүздөгү стабилдүүлүккө чоң залака келтирет;
Дүйнө жүзү Кудайга, динге, ыймандуулукка умтулуп жатса биз артка "коммунизмге", дин безерликке, кудайсыздыкка кетенчиктегендей болобуз!

4 - СУНУШ:
КР Жаңы Конституциясынын 1гл. 1-берене,1 пунктуна:
"Демократиялык" деген эне тилибизге жат грек сөзүнүн ордуна: "Эл бийлигине негизделген Республика" -деп, же болбосо:
"Элдик демократиялык Республика" - деп жазылсын.
Анткени минтүүгө төмөндөгүдөй олуттуу себептер бар:
а) Дүйнөдө демократиянын бир топ түрү бар жана алардын көпчүлүгү эл үчүн пайдалуу эмес, тескерисинче зыяндуу болуп саналат.
Дүйнөдөгү демократиянын бир нече түрүн атай кетелик: Коммунисттик демократия, Социалисттик д., Экспорттук д. Конституцияналдашкан д, Диний д., Локалдык д., Советтик, д. Улуттук д., Либералдык демократия., ж.б.у.с.
Биздин өлкө 1993-жылдагы либералдык Конституцияны (Элдик-демократиялык конституция эмес!) кабыл алгандан бери карай эл үчүн өтө зыяндуу болгон - либералдык демократия принциптери менен жашап келатат.

5 - СУНУШ:
КР Конституциянын долбоорундагы 1гл. 8-берененин, 5-пунктундагы:
"Диний уюмдардын жана дин кызматындагылардын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө; ..(жол берилбейт)" - дегенди алып салуу керек. Бул пункт, салттуу диндерди тутунган мусулман жана христиан - православдардын укугун орой түрдө басынтып, кемсинтет.
Анткени, маселен: (Диний уюмдагы же дин кызматындагы адамдардын балдарын армияда, же мектепте алардын диний ынанымына, адеп- ахлагына карама-каршы келген иш-аракеттерди жасоого мажбурласа анда алардын ата-энелери аталган министрликтердин ишине кийлигишүүсүнө жол берилбей калат! Бул чоң адилетсиздик болот.

6-СУНУШ:
КР Жаңы Конституциясына: 8-берене, 5-пунктуна:
"Мектептерде, окуу жайларда тарыхый-салттуу ислам жана христиандык православие диндери тууралуу дин таануу, дин тарыхы сабактары, ыйман сабактары окутулат" - деп жазылсын.
Д. АБДЫЛДАЕВ,
Конституциялык кеңешменин мүчөсү.