Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



  Конституциянын Жаңы редакциясына сунуштар

КУДАЙСЫЗ, ДИН БЕЗЕР КОНСТИТУЦИЯ БИЗГЕ КЕРЕКПИ?
Он жети жылдык "светскость" же " динден тышкарылык" биздин коомду моралдык, адеп-ахлактык, ыймандык жактан аябай кыйратып, төмөнгө түшүрдү!

Адамдар бир нерсеге б.а. Кудайга ишенмейинче жана Кудайдан коркмойунча жана Кудайдын ак динин сыйламайынча коомдо жаман иштердин, өзүмчүлдүктүн, кыянаттыктын жок болуусу жана коомдун ар тараптуу өнүгүүсү эч мүмкүн эмес. .
Дүйнөнүн күч-кубаттуу, цивилизациялуу өлкөлөрүнүн Конституцияларында, мыйзамдарында динге, Кудайга байланыштуу маанилүү, жакшы жоболор киргизилген.
Маселен АКШнын Көз Карандысыздыгы Декларациясынын Баш сөзүндө (Преамбуласында): "... бардык адамдар тең кылып жаратылган жана алардын баары Кудай тарабынан жашоо, эркиндик жана бакытка умтулуу сыяктуу ажырагыс укуктарга ээ" - деп айтылган.
АКШнын көптөгөн штаттарынын окуу жайларында, мектептеринде дин кадимкидей сабак катары окутулат.
АКШнын акча бирдиги болуп саналган долларында: "Кудай биз менен" - деген жазуу бар.
АКШда, Ак үйдүн ичинде Кудайга сыйынуучу атайын чиркөө жайгашкан.
Биздин Ак үйдө болсо атайын сыйынуучу жай түгүл кичинекей бөлмө да арналган эмес;
Германия Федеративдүү Республикасынын Конституциясынын Преамбуласынын биринчи эле сүйлөмүндө: "Кудайдын жана элдин алдында жоопкерчилигибизди таанып-билүү менен..." - деп жазылган. Ошол эле Германия Федеративдүү Республикасынын Конституциясынын 7-ст. 2-бөлүмүндө: "Мамлекеттик мектептерде дин милдеттүү түрдө окутулат" - деп ачык белгиленген.
"Польша Республикасынын Конституциясынын Преамбуласында:
Биз Поляк улуту, - Республикасынын баардык атуулдары чындыктын, адилеттиктин, жакшылыктын жана сулуулуктун булагы болгон - "Кудайга ишенибиз"- деп жазылган.
Салттуу диндерди колдоо бул - өлкөнүн руханий коопсуздугун жана өнүгүүсүн камсыз кылуу дегендик!
Австрияда салттуу (традициялуу) динге өзгөчө камкордук менен мамиле кылынат. Ал жакта мүчөлөрү он алты миңге жетпеген диний агымдар расмий түрдө дин катары эсептелинбейт.
Болгария Республикасында христиандык чыгыш Православие дини жана чиркөөсү өзгөчө орунду ээлей турганы мыйзамдарында белгиленген.
Греция, Англия, Швеция, Финляндия, Данияда мамлекеттик чиркөө (церковь) системасы орун алып, калыптанган жана алардын Конституцияларында Ортодоксалдык дин (Христиандык Православие) өлкөдө үстөмдүк кылуучу (негизги) дин экендиги апачык көргөзүлгөн.
Даниянын Конституциясында Христиандык Лютерандык чиркөө (церковь) мамлекеттик аталып жана Даниянын элдик чиркөөсү деп жарыяланган.
Ал эми мамлекет менен диндин (чиркөөнүн) ортосунда тыгыз байланышуу болгон кооперациялык системасы Европадагы өнүккөн мамлекеттер: Италия, Испания, Австрия, Португалия, Бельгия, Люксембург жана Чыгыш Германияда орун алган.
Англияда болсо Англиялык чиркөө таанып тутунган дин официалдуу мамлекеттик дин болуп саналат.

(Уландысы 14-бетте)




ЭНЕ ТИЛДИН КУСУРУ...
Жаңы бийликтин алдында эбегейсиз зор милдеттер турат. Алардын бири - бир адамдын, бир ууч бийлик төбөлдөрүнүн ыймансыз, улуттук ар-намыстан куржалак, өзүмчүл кызыкчылыктарына ылайык улам оңдолуп, түзөлүп келген Конституциябыз. Мынчалык шору арылбаган Конституция дүйнөдө жок болуш керек. Эмки Конституциябыз буйлаланган төө кебетесинен кутулуп, бир ууч адамдардын эмес, бүткүл элдин түпкүлүктүү кызыкчылыктарын камтыган, бери дегенде 10, ары дегенде 20-30 жыл олуттуу оңдоолорго муктаж болбогон деңгээлде түзүлсө деп калайык калк эңсеп турат. Ал утурумдук эмес, түпкүлүктүү, түбөлүктүү негизги мыйзам болушу зарыл. Демек, Конституциялык кеңешме башка улуттарды жерип, кемсинтпей туруп биринчи кезекте кыргыз улутунун түбөлүгү түз дөөлөттөрүн жетекчиликке алышы керек. Ч.Айтматов айткандай, бул жарык ааламда кыргыздардын башка Мекени, башка баш калкалай турган, эл катары өсүп-өнө турган жери жок
Мен бир эле маселеге - 20 жылдан бери өз жеринде, өз элинде түртүндү болуп, тилемчи абалга жеткирилген эне тилибиздин бүгүнкү күндөгү аянычтуу абалына кайрылайын деп турам. 20 жылдан бери тил жөнүндө аттуу-баштуу адамдардан тарта карапайым адамдарга чейин канкакшап көп жазышты, көп сүйлөштү. Бирок ага эки бийлик тең быш этип койгон жок. Алар үчүн тилден маанилүү бийлик, байлык деген нерселер бар экен. Бул өз энесин сатыкка койгонго тете болду да, акырында эки бийликти тең ошол эне тилдин кусуру уруп, экөөнү тең тентитип салды.
Эми эмне кылуу керек? Ириде эне тилибиз - кыргыз тили өзүнө тиешелүү, мыйзамдуу ордуна ээ болуп, өз жеринде, өз Мекенинде бардык карым-катнаштын, коммуникациялык процесстердин, иш алып баруунун тилине айланышы кажет. Кыргызстандын ичинде бардык иш-чаралар, эл аралык сүйлөшүүлөргө чейин кыргыз тилинде жүргүзүлүшү зарыл. Өз эне тилин чанып, башка тилде сүйлөп турган адамды, өзгөчө мамлекеттик ишмерди ошол тилдин өкүлдөрү урматтап, сыйлап жибербейт.
Мен орус тилинин ролун, кыргыз элинин турмушунда анын кечээки жана бүгүнкү маанисин жокко чыгаруудан таптакыр алысмын. Орус тили бизге керек. Аны мыкты билип алуу баарыбызга пайдадан башка зыян алып келбесин ар бир акыл-эстүү адам түшүнөт. Азыркы заманда орус тилин айрыкча айыл мектептеринде, орус тилдүүлөр дээрлик жок же аз жашаган жерлерде тереңирээк окутуу муктаждыгы бар. Жалаң эле орус тили жана адабияты сабактары эмес, ал жерлерде адис болсо, башка предметтерди деле орусча окутуу практикасын киргизүү максатка ылайык. Ал түгүл айылдардагы бала бакчаларда да орус тилдүү педагог-тарбиячылар көбүрөөк иштесе акыл-эси кирген жеткинчектер аны эртерээк да, жеңилирээк да өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышмак. Мунун тескерисинче, орус тилдүүлөр жыш жайгашкан борбор шаарда жана башка калктуу пункттарда кыргыз бала бакчаларын көбүрөөк ачуу, аларга кыргыз эмес элдердин балдарын арбын тартуу, орус, өзбек, тажик мектептеринде, кыргыз тили, адабияты эле эмес, тарых, география, дене тарбия, кол эмгек, музыка (ж.б.) сабактарды кыргызча өтүү иштерине жол ачыш керек. Мунун өзү республикада бир тилдүү мектептердин (класстардын) акырындап кыскарышына алып келгени менен келечек муундарыбыздын кош тилдүү болушуна шарт түзөт. Бирок ал кош тилдүүлүк орус-өзбек, орус-тажик, орус-англис тилдери багытында эмес сөзсүз түрдө кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик, кыргыз-орус, кыргыз-англис, тилдери багытында болгону абзел. Ушундай жол менен гана биз өз Мекенибизде кыргыз тилинин нормалдуу өнүгүшүнө жетише алабыз. Муну менен катар мамлекеттик кызмат адамдарынын бардыгынын кыргыз тилин билип, эркин сүйлөө муктаждыгына жол ачып, бул багыттагы ынтызарлыкты мамлекеттик колдоого алганыбыз туура.
Ара-чолодо айтыла калган бул сунуштардан алыстап, эми сөздүн ток этер жерине келели. Ал сунуш жаңы кабыл алынуучу Конституциядан орус тилинин "официалдуу тил" статусун алуу маселесине такалат. Бул Конституцияда башка жоболордун биринен да кем эмес мааниси бар, кыргыз тилинин эртеңкиси үчүн тагдыр чечүүчү маселе. Алакандай республикабыздагы азганактай элибиздин эне тили дүйнөлүк тилдердин катарына кирген орус тили менен теңтайлаша албайт. Мамлекеттик жана официалдуу деп экөөнүн укуктарын теңдеп коюу (бул түшүнүктөр өтө жакын, айырмачылыгы деле жок) чоң киши менен жаңы баскан баланы жарыштыргандай эле нерсе. Анын үстүнө орус тилинин тагдыры Кыргызстанга байланыштуу эмес. Россия буга муктаж да эмес. Кыргызстандагы орус тилинин артында эбегейсиз Россия, дүйнө боюнча орус тилдүү 300 миллиондон ашык элдер, адамдар турат. Кыргыз тилинде мындай таяныч жок. Ошондуктан кылчактабай туруп жаңы Конституциядан орус тилинин официалдуулук даражасын алып салуу керек.
Бул иш, албетте, кыргыз тилин билбеген жана билгиси да келбеген, адамдарга безге сайгандай эле тиет, кеп-сөз жебеген демогогдорго, популисттерге жакпайт. Алар ызы-чуу чыгарып, миграция күчөйт, Россия менен мамилебиз бузулат дегенге чейин барышат. Бирок өткөн 20 жыл бизге 200 жылга жетерлик сабак берди окшойт. Бул аралыкта миграцияга да, Россия менен болгон мамиленин өөдө-төмөндүгүнө да тил себепкер эместигине көзүбүз жетти. Эстонияда өз эне тилинде эптеп окуу укугун талашкан 600 миңдей орустар ал жерден көшөрүп кетпей отурушу мунун айкын далили. Ал жерде эстон тилин билбеген башка улуттар дээрлик жок экен. Орус элине эң жакын, боору бир украиндер жапырт өз тилине өтүп кетишти. Мурунку союздук башка республикаларда да ушундай эле иш болду. Россия менен мамиленин оңолушуна же бузулушуна тил эмес башка стратегиялык маселелер себепкер болорун 20 жылдык тарых кашкайта далилдеди. Орус тилине официалдуу статус бермек түгүл аны орус тилдүүлөрдүн өзүнө окутуп-үйрөтүү иштерин чектеп салган Эстония, Литва, Латвия, Украина, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан ж.б. өлкөлөр менен Россия сопсонун эле кызматташып, алакасын үзбөй келе жатат. Демек кеп орус тилинде эмес, анын төркүнү башка жакта жатат (бул, албетте, өзүнчө узун сөз). Россиялык бийлик эч качан бизге орус тилин таңуулап, официалдуу тил кылгыла деген талап койгон эмес. Аны биздин эле бийлик башындагы арзыматтар жасашкан.
Ошентип, эне тилибизди мындан ары да кор кылбайлы, кыргыздардын өзүн жана Кыргызстанда жашаган башка элдерди ага урмат менен мамиле кылууга түртүп, үйрөнүү жолуна салалы десек, "официалдуу тил" түшүнүгүн четке кагып, Кыргызстанда кыргыз тилин гана мамлекеттик жана бара-бара улуттар аралык катнаш тилинин даражасына көтөрүүбүз милдет. Антпесек, эне тилдин кусуру урат, эртеңки урпактар бизди кечирбейт.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун
кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты Курманбек Абакиров




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
11-май, 2010-ж.:
1-бет
О.Малеваная:
"Бактымды бакиевдер алып кетти,
Басынтып темир торго салып кетти!.."

2-бет
Эски журттан жаңы журтка, жаңыча жашоого
3-бет
Р.Отунбаева Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
4-бет
"Акжолчулар" Баш мыйзам талкуусунда
5-бет
Бекназаров отчет берди
6-бет
Эски журттан жаңы журтка, жаңыча жашоого
7-бет
Кайрылуу
8-бет
Бир каттын изи менен
9-бет
"БИЗ ДА ӨЛҮШҮБҮЗ КЕРЕК БЕЛЕ?"
10-бет
Аялдан чыккан датка бар
11-бет
Сөз сурайм
12-бет
Долбоор
13-бет
КУДАЙСЫЗ, ДИН БЕЗЕР КОНСТИТУЦИЯ БИЗГЕ КЕРЕКПИ?
14-бет
АЛЛО-ОО, "АЛИБИ" БЕКЕН?
15-бет
СҮРӨТ
16-бет
ТУРГУЗУЛДУ ?Ч БААТЫРГА ЭСТЕЛИК…ТУРГУЗУЛДУ ҮЧ БААТЫРГА ЭСТЕЛИК…