Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Аялдан чыккан датка бар

Зыйнат - Таластан чыккан даткайым
Апрелде болуп өткөн элдик төңкөрүш Кыргызстанда дээрлик 20 жылдай өкүм сүрүп келген үй-бүлөлүк-авторитардык башкарууну кулатып, эми Кыргызстан таптакыр жаңы демократиялуу коом куруу багытына кадам таштады. Турмуштун бардык чөйрөсү сыяктуу эле кыргыздын байыркы жана андан кийинки тарыхына да мындан ары жаңыча мамиле жасалат деген зор үмүт пайда болду. Ушул өңүттө Кокон хандыгынын тарыхында белгилүү орду бар Зыйнат датка жөнүндө элге анча белгисиз маалыматтарды жарыялайбыз.
Бул боюнча тарыхчылардан, жазуучулардан, тарыхка кызыккан окурмандардан кат-кабар күтөбүз.

Кыргыз элинин тарыхында аялзатынан чыккан "Датка айымыбыз" Зыйнат тууралуу элибизге кеңири маалыматтар белгилүү болбогону менен, акыркы жылдары бул инсан тууралуу мурдатан эле эл арасында айтылып, окумуштуулар арасында талаш-тартыштар туулуп келүүдө.
Зыйнат датка тууралуу маалыматтарды өзбек элинин окумуштуу -тарыхчылары Р.Н.Набиевдин, М.Алибековдун, кыргыз окумуштуу - тарыхчысы К.Молдокасымовдун, санжырачы Эсенкул Төрөкан уулунун эмгектеринде, өткөн кылымдагы орус окумуштуулары В.П.Наливкин, М.С.Наливкинанын эмгектеринде жазылып кеткен. Эсенкул Төрөкан уулунун "Сол канат санжырасы"1 аттуу китебинде "Зыйнат датка кадимки Шералы хандын бир тууган тайэжеси болгон. Ажыбек датка саруу элинин мыкты акылман аксакалы болгон" деп көрсөткөн. Автор бул жерде бир аз ката кетирип, Асперди ажы датканы алакчын уруусунан чыккан Ажыбек бий менен алмаштырып алган. (А.А.)
Зыйнат - акын, мамлекеттик ишмер, датка.2
Ошол доордогу кыргыз элинде гана эмес Кокон, Хива хандыктарында жана башка коңшулаш элдердин арасында чоң кадыр - баркка ээ болгон Асперди ажы датканын кызы. Өзүнүн атасынын азан коюп чыкырган аты - Ак Зыйнат.3
Зыйнаттын бала чагы Талас өрөөнүндө өткөн. Зыйнат бир тууганы Жаркынайым менен Шералы Коконго хан болгондон кийин, алар менен ордого кошо келген жана Шералы хан тарабынан "датка" наамы ыйгарылган. Зыйнат хан ордосунда сыйлуу элчилерди, сырт конокторду кабыл алуу кызматтарын башкарган.
Ал эми К.Молдокасымов өзүнүн макаласында Жаркынайым жана Сонайым, алар менен ордого кошо келген Жаркынайымдын синдиси, кийин ордодо көрүнүктүү орундардын бирин ээлеп, датка чинин алган, сөзгө чечен, ыр жандуу, дайыма шайыр жүргөн Зыйнат тууралуу М.Алибековдун эмгектерине таянып жазган.1 (Зыйнат Жаркынайымга сиңди эмес, эжеси болгон.)
В.П.Наливкиндин жана М.С.Наливкинанын 1886-жылы Казанда басылып чыккан "Ферганада жашаган жергиликтүү аялдардын турмушунан очерктер" аттуу китебинде: "Кокондо эки акын аял жашаган, биринчисинин аты Зыйнат, экинчисиники Махзуна. Алардын бири ачык жүз менен эркекче кийинип, хан сарайга келчү экен, анын "генерал-датка" деген наамы болгон. Экөөнүн тең казалдары Умархандыкы сыяктуу "Мажмут-уш-шура" атуу акындыр жыйнагына киргизилген" деп жазылган.2
Ал эми жогорудагы талаш-тартыштар, Х.Бабабеков В.П. жана М.С. Наливкиндердин эмгектери менен таанышкандан кийин, ушул эмгектерге таянып жазган, 1989-жылы Өзбекстандын "Еш күч" журналына жарыяланган макаласын, 1989-жылы 21-сентябрда "Кыргызстан маданияты" газетасына Токтобай Сулайманов кыргызчага которуп, "Изилдөөгө ылайык, Зыйнат - Курманжан датканын ыр жазгандагы аты" деп жарыялаган.
Ал бул макаласында "175 жыл бою бийлик кылган Кокон хандыгынын акырындагы ар түрдүү өкүм-заңына катышкан бирден-бир аял Курманжан датка гана болгон. Ал эми анын генерал наамына татыктуу болгондугуна саресеп салсак, анда Зыйнат деген ат Курманжан даткага гана тийиштүү экендиги айдан ачык" деп Курманжан датканын өмүр баянынан жана Зыйнаттын ырларынан кыскача баяндап кеткен. Х.Бабабеков Зыйнат тууралуу такыр билген эмес чыгар, ошондуктан жаңы табылгага түшүнү ал үчүн оордукка туруп, "Изилдөөгө ылайык" деп тема койгону бекеринен эместир.1
Бирок Х.Бабабековдун эки анжы оюн андан ары бышыктоо, колдоо иретинде СССР Илимдер академиясынын Казандагы филиалынын аспиранты Сатыбалды Мамытов да "Ала-Тоо" журналына (№8, 1990 ж.) "Революцияга чейинки кыргыз адабият тарыхындагы жаңы ысымдар" деген макаласын жарыялап, анда Зыйнатты Курманжан катары далилдөөгө аракет кылган. Бул макала элибиздин аң-сезимине сиңип, элибизге Курманжан - Зыйнат акын катары коомдук пикир катары түзүлүп калган. Андан ары С.Мамытов 1992-жылы Казань шаарында филология боюнча коргогон кандидаттык диссертациясында Зыйнаттын Курманжан датканын ыр жазгандагы жашыруун аты деп дагы бир жолу туура эмес бышыктап салган. Бул жерден С.Мамытов маселени терең талдоого албай, үстүртөн мамиле жасаган.
(Уландысы кийинки санда)
Алмаз АБАСБЕКОВ - Ж.Баласагын
атындагы КУУнун окутуучусу




  Кошоматка кой сойбойле

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ ШАРШЕНОВИЧ ишкер, саясатчы, котормочу
1956-жылы Аламүдүн району, Таш-Мойнок айылында туулган. Москвадагы С.Орджоникидзе атындагы башкаруу институтун (МИУ) бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлигине инженер, Турмуш-тиричилик чарба министрлигинин тармагында башкы инженер, Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун төрагасынын жардамчысы, Бишкек шаарынын Биринчи Май аткаруу комитетинин төрагасынын орунбасары болуп иштеген. Ал орус тилине кыргыз жазуучуларынын бир канча аңгемелерин, повесттерин которгон. "Адабият" фондусунун төрагасы да болуп иштеген. Кийин "Форум" аттуу көп тармактуу фирма уюштурган. Азыр Бишкек шаарынын Октябрь районунда жайгашкан ири заводдордун бирикмесинин директорлор кеңешинин төрагасы. Кыргыз Республикасынын Эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланган. Социал-либералдык саясий партия түзүп, ошону жетектейт. Жармач жазуучуларга каражат жагынан жардам берип турат. Котормочулук өнөрүн улантууда.

Иним, сени ким экен деп билемин?
Иш бүтүргөн түрүп алып билегин.
Эли-жерин чын дилинен сүйөрүн,
Эл-жер үчүн окко тосор жүрөгүн.

Үкөм, сенин эркиң болсун темирдей,
Убакытты бекерликке жедирбей,
Билимиңди ар тараптан өстүргүн,
"Билгени чак бирөө экен" дедирбей.

Салкын кандуу токтоолукту үйрөнгүн,
Салмак менен ишенимдүү сүйлөгүн.
Эсиңе ал, айткан сөзүм агалык,
Эли сүйөт тең салмактуу жүргөндү.

Ишкердигиң "Форум" менен башталды,
Иш жүргүздүң, ак эмгегиң акталды.
Алмаз, сенин аракетиң болбосо,
Айрым завод балким болмок таштанды.

Элден айдап элдин мүлкүн чачканды,
Эсепке алып, туура жүрүп-басканды,
Эл-журт үчүн сени иштетип эшекче,
Эч түгөнбөс жазат элем дастанды.
4.12.2001

ОТУНБАЕВА РОЗА ИСАКОВНА
мамлекеттик ишмер, дипломат

1950-жылы Бишкек шаарында туулган. Ата-теги Таластан. Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн. Кыргыз мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, партиянын райондук жана Бишкек шаардык комитеттеринде катчы, ЮНЕСКОдо катчы, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, АКШ менен Канадада КРдин элчиси, кайрадан республиканын тышкы иштер министри болуп иштеген. Азыркы учурда КРдин Англиядагы элчиси. Англис, немис, француз тилдерин билет. Философия илимдеринин кандидаты.

Эске алсак Жаңыл Мырза, Кыз Сайкалды,
Эр кыздар чыккандыгы көп байкалды.
Калың аттын ичинен караандатпай,
Ким билбейт чыгып келген Боз байталды.

Роза азыркынын жаңыл Мырза,
Колунда кылыч ойноп, жааны тарткан.
Элүү килге салмагы жетпесе да,
Эл жүгүн, эл түйшүгүн жонуна арткан.

Тышкы иштер министри болуп турдуң,
Тынчтык, достук жүргүзүп саясатын.
Элчи болуп кыздардан эң биринчи,
Элечек кийип алсаң жарашасың.

АКШ, Канадада болуп келдиң,
Азыр да өз жолуңда баратасың.
Так жүргүзүп элчилик милдетиңди,
Далай элди кыргызга "каратасың".

Тарсылдаган мүнөзүн көрүп алып,
Таңыркаймын Роза карындашка.
Капырай, биздин күйөө балабыздын,
Кантип дити барды экен жакындашка?
6.07.2001.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
11-май, 2010-ж.:
1-бет
О.Малеваная:
"Бактымды бакиевдер алып кетти,
Басынтып темир торго салып кетти!.."

2-бет
Эски журттан жаңы журтка, жаңыча жашоого
3-бет
Р.Отунбаева Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
4-бет
"Акжолчулар" Баш мыйзам талкуусунда
5-бет
Бекназаров отчет берди
6-бет
Эски журттан жаңы журтка, жаңыча жашоого
7-бет
Кайрылуу
8-бет
Бир каттын изи менен
9-бет
"БИЗ ДА ӨЛҮШҮБҮЗ КЕРЕК БЕЛЕ?"
10-бет
Аялдан чыккан датка бар
11-бет
Сөз сурайм
12-бет
Долбоор
13-бет
КУДАЙСЫЗ, ДИН БЕЗЕР КОНСТИТУЦИЯ БИЗГЕ КЕРЕКПИ?
14-бет
АЛЛО-ОО, "АЛИБИ" БЕКЕН?
15-бет
СҮРӨТ
16-бет
ТУРГУЗУЛДУ ?Ч БААТЫРГА ЭСТЕЛИК…ТУРГУЗУЛДУ ҮЧ БААТЫРГА ЭСТЕЛИК…





Яндекс.Метрика