Тагдыр

СҮРӨТ
... Бул портретти Темирлан өзү колу менен тарткан. Анда апасы менен атасынын жаш кездери болсо керек. Жедеп саргарып калган сүрөттү маңдайына коюп алып канча күн отурду. Улам бир сызыгы, бир чийиги ашык чийилип кетеби ай, же бир сызыгы жетпей калабы ай... Сүрөт го - сүрөт. Ал эми атасы менен апасынын өзү билген мүнөздөрү бул полотного толук түшпөй жатканы сүрөтчүнүн сезимин толтурбай жатты. Ошондуктан, балким, башка сүрөтчүлөр алеки саатта чиймелей кое турган сүрөттү бир нече күндөп тартып атат окшойт.

- Ээ, кагылайындарым,- деп коет ичинен аларды кадим балдарын эркелетип аткансып. - Минтип силер да бул дүйнөдө жоксуңар. Силердин балдарыңар, биз минтип улгайып баратабыз...
Колунан кистиси түшүп, өздөрүнүн кичинекей чыт курсак бала кезин элестетип кетет. Анда апасы жаш, атасы андан берет кырчыйып турган маалы окшойт. Болгону, ок тийген акыреги, осколка тийген буттары зыркырап ооруганы болбосо... Зыркырап ооруганын атасы өзү айтчу да. Күн кичине чытылып калса эле болду, тонун жамынып, оронуп-чулганып жатып калар эле. "Тим эле зыркырап атат..." деп сыздап калчу. Эртең күн кандай болоорун атасынан билишчү. Күн жаркырап тийип, жылуу боло турган болсо - анда атасы шайдоот эле басып жүрчү. "Бу жерим, тиги жерим ооруп атат" деп эч кимге даттанчу эмес. А эгер "сөөктөрүм зыркыратып келди" дегенди айтса болду, эртеси күн бүркөлүп, жаан-чачыны менен келчү. Кошуналардын баары Темирландын атасын Синоптик-ата деп алганы да ошондон.
- Оу, согуштун түрү курусун! -деп оор үшкүрүнүп жиберчү атасы. Дайыма 23-февралда же 9-майда атасын мектепке чакырып, Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө окуучуларга айтып берүүсүн суранышчу. Мурда барып жүрчү, улам кийин колун шилтей "Э, койгулачы, бу түбүң түшкүр согушка мынча неге кызыгасыңар? Согушту айткым да келбейт!"деп зиркилдей түшчү болду. Гезиттен жазабыз деп келгендерге деле кай жерде салгылашканын айтканы менен андан ары майдалап айтып берчү эмес. Ошентип, бара-бара андан согуш жөнүндө эч ким сурабай калган.
Темирлан балдарынын эң кенжеси болгондуктан, ал атасы менен апасын дал ушул турган турушундай элестетчү. Алардын өткөн тагдыры, согуш маалындагы окуялар жөнүндө билбейт болучу.
Бир күнү эле кичинекей айыл баштан-аяк, көчөнүн ортосундагы Керимбайдын үйүнө улуу-кичүүсү болбой агылып калышты. "Керимбайдын Маскөөдөгү иниси келиптир" дешип. Темирлан үйгө чуркап кирип:
- Апа, ата, Керимбай акенин Маскөөдөгү иниси келиптир! Жүргүлө! Элдин баары учурашканы кетип атат...-деп кыйкырды.
Апасынын колундагы чынысы ыргып, дасторконго чай төгүлдү. "Айланайын кудай, көрөт экенмин го, күчүгүмдү" деп колдорун ушалап, эриндерин диртилдетип отуруп калды.
Төрдө жамбаштап жаткан атасы колундагы калпагын мыжый эч нерсе айта албай мукактанды:
- Аа, качан келиптир?
Бирок, Темирландын кулагына атасынын сөзү кирген жок. Апасын эле жалдырай карап туруп калды. Анын көздөрүндө:
- Апа, сен мени күчүгүм деп эркелетесиң го... А кандайча тиги... Маскөөдөн келген бирөө сенин күчүгүң болмок эле?!- деген суроо турду.
- Кой, кийинейин,-деп көздөрүнөн аккан жашты кумгандагы сууга жууп, апасы аркы бөлмөгө кирип кетти.
Темирлан атасынын жанына көчүк басты.
- Ата, апам эмнеге ыйлап атат?..-деп мурдун шор тартты.
- Аа...ыйлап атабы?-деп кайра Темирландан сурады.
Атасын биринчи көрүп тургансып алая караган Темирлан ийинин куушурду. Аңгыча ары жактан апасы тойго кийчү көйнөгүн кийип, шалпар жоолугун салынып чыга калды.
- Токто ай, мен да... -деп ордунан козголду атасы. Ошондо биринчи ирет апасынын кубакай жүзү кыпкызыл болуп нурданып турганын көрүп таң калган болчу Темирлан. Деги эле ал апасынын мындай жүзүн көрбөптүр.
- Жүр,-деп атасы Темирланды кошо ээрчитип алды. Дале эч нерсени түшүнбөгөн Темирландын жанагы эле ойноок мүнөзү жоголуп, бир нерсени түшүнүүгө аракеттенип баратты. Улам-улам атасынын этегин тартып-тартып коет. Бирок, атасы аны карап койгон да жок, терең ого малынып алыптыр. Баарынан кызыгы, баргандан кийин башталды. Эшиктен кирип баратканда эле котологон эл Темирландын апасына жол берип, как жарыла берди. Апасы унчукпай киргени менен төрдөгү кең далылуу, костюм-шым кийип чыкчыйган жигитти мойнунан кучактап ыйлап жиберсе болобу! Анан, бети-башынан өпкүлөп, мойнунан жыттап башын төшүнө коюп көпкө солуктады. Аны көрүп тургандардын баары көздөрүнө жаш алып турушту. Темирландын анык оозу ачылды.
- Кантсин. Шаршенкүл байкуш кантсин?.. Бу да болсо соолгур согуштун кылганы да...-деп шыпшынган коңшу кемпир элейип турган Темирланды этектен тартып отургузду. Баары тегиз отуруп, аксакал адам куран түшүрүп, Керимбайдын согуштан кайтпай калган агасына багыштап куран окулду. Байбичелер шыпшынып, Темирландын апасына эле ар нерселерди айтып атышты. Алардын сөзүн түшүнсө кудай бар. Апасы таза былбырап, көзүнөн жашын чуурутуп, эси ооп отуруп калганын көрүп, бул жерде бир нерсе бар экенин сезип эле турду.
Чай-пай ичилип бүткөн соң, балдар менен ойноп кетпей, атасынын оң тизесин баса отурган Темирланды чакырган апасы:
- Мына, кенжеси ушул Темирлан да ,-деди.
- А менин атым - Бектемир,- деп колун сунду тиги жигит. Анан, чачынан эркелете сылап жыттап койду.

ХХХ
Бектемир - апасынын туну экенин ошол эле күнү агаларынан укту. Көрсө, апасы алгач өздөрүнүн эле айылындагы кишиге турмушка чыккан турбайбы. Ай айланбай эле согуш чыгып, ал кишини - Керимбайдын акесин согушка алып кетиптир. Байкуш Шаршенкүл ошентип боюнда калат. Ай-күнү жетип эркек төрөп, атын Бектемир коюшат. Бирок, кан күйгөн согуштан кара кагаз келип, эмчектеги уулу менен Шаршенкүл кара кийип отуруп калат. Акыры, Улуу жеңиш келип, жергебизге тынчтык орногондо, согуштан майып болсо да аман эсен кайткан Дүйшөнгө турмушка чыгат. Ага Шаршенкүлдүн кайната-кайненеси өзү уруксат берип " Айланайын, багыңды байлабайлы. Уулубуз болсо кайтпай калды. Эми Керимбайыбыз жалгыз болбосун, Бектемирди бизге таштап кет. Өзүң турмушка чыгып ал" дешип, кичинекей Бектемирди алып калышат. Эми, булардын баарын сөз менен айтканда - жөнөкөй сезилет чыгар, бирок ошол убагында өзүнчө бир кейиштүү окуя болгону анык. Баласы апасынан калып, бир ай жашап-жашабаган жубайынан анык ажырап, алгачкы аттаган босогосун артка кайра аттап башка бирөөгө баш байлаган оңойбу?!

ХХХ
Бектемир негедир айылдагылардан башкача өстү. Адамдарга анча кошула бербей, көбүнчө ой басып жүрчү. Мектепте жүргөндө эле ушундай болчу. Айрыкча, апасы Шаршенкүлдүн үйүнүн жанынан өтүп баратканда жүрөгү сыздап-сыздап чыгар эле. Андайда ушул жерден ылдамыраак эле алыстап кетиштин амалын кылчу. Башын жерге салып шыпылдай баскан Бектемирди аркасынан көрүп калган Шаршенкүл чынысына айран, сүтүн куя чуркачу. Артынан энтеңдей жетип келип, чачы-башынан сылап, өпкүлөп, жалынып, жүдөтүп жиберер эле. Бирок, Бектемир мерезденип башын чулгуп аны жактыра бербегендей түр көрсөтчү. Суроолорго "ооба, жок" деп гана жооп бергени болбосо, апасы менен сүйлөшкүсү келчү эмес. Муну билген айылдаштары Бектемирди абдан катуу дешчү. Бирок, Бектемирдин жүрөгүндөй жумшак жүрөк кайда болсун! Апасын көргөндө тим эле жүрөгү айрылып-айрылып кете жаздачу. Мына, дагы бир мүнөт артыгыраак турганда буркурап-боздоп иймек. Дал ошон үчүн эртерээк кетип калгысы келчү. Апасы аны кайдан билсин, "олда,чунагым ай, күчүгүм ай..." деп кейип калчу көзүнө жаш тегеретип.
Бектемир ошентип атасынын инисинин колунда өстү. Эр жетип Советтик Армиянын катарында кызмат өтөөгө чакырылды. Ошо узатып аткан таңда Шаршенкүлдүн ыйлаганын айтпа. Шолоктоп ыйлап жаткан апасынын чачтарынан жыттап гана кете берди. Эч нерсе деп айткан эмес. Очор-бачар болуп, уул-кыздары тирелип калган апасын ал дале аяп турду. Деги эле апасынын ыйын уккусу жок. А Шаршенкүл баягы-баягы, согуш жылдары өзүнүн жаңы эле турмушка чыккан жубайын аскерге узатканы эсине түштү...
Чын эле эки жыл өтүп кетсе да, Бектемир кайра айылына кайрылып келген жок. Ал келбей койду. Подмосковьеде кызмат өтөгөн ал ошол эле жердеги заводго кирип иштеп калды. Айылга, агасына кат жазып, Москвада калганын билдирген. Кийин барам,- деген. Ошентип кийин-кийин болуп отуруп, минтип ондогон жылдар арадан агылып өтүп кетиптир. Бектемир өзү иштеген заводдогу кызга үйлөнүп, балалуу-чакалуу болуптур. Ошондо айылга келинчегин, кыздарын ала келген болучу.
- Ботом, эми орус келин менен кантип сүйлөшөбүз?-деп бүт айыл эли өзүнөн өзү тынчсызданган. Ал эми кичинекей кыздары эч ким менен ойнобой, өздөрүнчө эле бир бурчта кирип-чыккандарды карап турушкан. Айрыкча, Шаршенкүлдүн ичинин өрттөнгөнүн айтпа. Келинин "келиним" дей албай, кыздарын "кыздарым" дей албай кыйналып турганын кара...
Апасынын ичинде ушундай өкүт бар экенин Темирлан сезчү.
(уландысы бар.)

Нурбүбү БӨДӨШОВА