Укугуңду уттурба!

Там сатуудан чыккан чыр…
Кыргызстан адам укугун коргоо боюнча алда качан артта калганын эч ким тана албайт. Анткени, бийликке жагынуунун кесепетинен сот органдары адам тагдырларын алаканга салып, бир топ калчап чечти десек болот. Буга далил: эски бийлик урап, Убактылуу өкмөт кызматка келгенде, соттордон жапа чеккен адамдардын арыз арманы көбөйүп, көмүскөдө калган көйгөйдүн баары көтөрүлүп чыгууда. Биз ар дайым укугу тебеленген адамдарды коргоп, гезит бетинен орун берип келебиз. Биздин редакцияга Кочкор районунун тургуну Ишен Мамбетов баш багып, өзүнүн жашоосунда болуп өткөн соттордун адилетсиздигин айтып кайрылды. Бул аксакалдын биздин "Алиби" гезитине экинчи ирет кайрылышы. Биринчи жолу 2008-жылы кайрылып, "Чындыкка чекитти ким коет?" аттуу макала жарык көргөн.

Ошол учурдагы сот органдарынын кыйындыгын караңыз, эки жылдан бери бир да жылыш болгон эмес. Учурда Убактылуу өкмөттүн келгенине сүйүнгөн Ишен мырза "Алибиге" экинчи ирет чындык издеп кайрылат. Төмөндөгү макала боюнча маалымат алган азыркы Башкы прокуратура жана жаңы күч органдары Ишен мырзанын ишин кайрадан карап, акыйкат чечип берет деп ишенебиз.
Ишен Мамбетов 1978-жылдан 1994-жылга чейин Нарын областтык ИИБнин ОБЧСС жана кылмышкерлерди издөө бөлүмүндө эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Бир кезде коркунучтуу кылмышкерлерди кармап, алар менен бычактын мизинде иш алып барган милициянын ардагери учурда өзү "кылмышкер" аталып отурат. Эмесе сөз башынан болсун.
Мамбетов Кочкор районуна караштуу Кочкор айылындагы үйүн 2004-жылы "Доскредобанкка" күрөөгө коюп, 70 000 сом кредит алып жер иштетет. Уулу шаарда иштегендиктен ага жакын болууну ойлоп, келинчеги менен кеңешип, айылдагы үйүн сатып борборго келмек болушкан. Анын айтымында, үйүн сатып алууга да кардар табылып, ошол эле районго караштуу Ак-Кыя айылынын жашоочусу Өмүров Каныбек келинчеги Света жана балдызы үчөө келишип, үйдү көргөн соң банкта күрөөдө турганы ачык айтылып, кыргызча сүйлөшүүлөргө барышат. Кыскасы 2004-жылдын 10-июнунда эки тарап убадалашып, Ишен Мамбетов Өмүровдон 60 000 сом алып, түшүнүк кат жазып берет. Түшүнүк катта үй банкта күрөөдө тургандыгы да жазылат. 15-июль күнү Өмүров дагы 105 000 сом, 18-июль күнү 40 000 сом берип, түшүнүк кат жаздырып алат. Ошентип, Мамбетов үй-бүлөсү менен Бишкекке келип, өз тиричилигин уланта баштайт. 2004-жылдын 9-августунда Ишен Мамбетовдун келинчегине Өмүров калган 20 000 сом акчаны берип, түшүнүк кат жаздырып алат. Үйдү сатып жатканда Ишен Мамбевтовдун банкка 52 000 сом бересеси калган. 2004-жылдын 17-декабрында Өмүров үйдү алуудан баш тартып, акчасын кайтарып берүүнү талап кылат жана Мамбетовго берген акчалары боюнча түшүнүк каттарды нотариустан күбөлөндүрөт. Мамбетовдо акча жок болгондуктан эки тарап сүйлөшүп, үйдү сатыкка коюшат. 2005-жылы Мамбетов банктагы карызына 27 000 сом төлөп, 25 000 сому калат. Кокусунан эле кызыктын баары башталат. Кочкор районунун прокурору аркылуу сүйлөшүүлөр болуп, баягы кардар Өмүров прокуратурага "Мени алдап, үйүн сатты. Үй банкта күрөөдө экен" деген арыз менен кайрылат. Ошентип ишти "бөрк ал десе баш алган" прокуратуранын тергөөчүсү Курманбек Зулушев териштире баштайт. Ишен Мамбетовдун айтымында, тергөө ишиндеги камтылган материалдар жана арыздар кылдаттык менен кардардын пайдасына чечиле тургандай жазылат. Мамбетовго ортодо пара берүү сунуштары да түшүп, бирок паранын акысы да орундалбастан издөө жарыяланып, иш сотко өткөрүлөт. Ошентип, Мамбетовду бир айга камакка алышат. Анын айтымында камакта жатканда келинчегинен судья Кадыркулов 5 000 сом алат. Райондук сот камактагы Мамбетовду КРнын КЖКнын 166-169-беренелердин негизинде эки жылга шарттуу кесип, облсотко аппеляциялык арыз жазылат. Бул жерде сотко катышкан прокурор Үсөнов да облсотко кайрылуудан кур калбайт. Ишен Мамбетов кайрадан камакка алынып, КРнын 166-беренеси туура эмес деп табылып, 169-берене 335-берененин 1-бөлүмүнө которулат. Областтык соттон ишти төрага Алжанов өзү улантат. Облсоттон жабырлануучу Өмүров тергөөчү Зулушев жалган арыз жаздырганын, эки түшүнүк катты жок кылып койгону айтылса да судья Алжанов эч бир далилдерге көңүл бурбастан Мамбетовду КРнын КЖКнын 169-335-беренелеринин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп таап, 20 000 сом айып салган. Соттун чечимине нааразы болгон Мамбетов кассациялык арыз жазат. Экинчи соттук териштирүүгө судья Жайзындаев төрагалык кылып, КРнын КЖКнын 169-беренесин 166-берененин 2-бөлүмүнө которуп, 10 000 айып салат. Ал эми КРнын 335-берененин 1-бөлүмүн "Доскредобанктын" жетекчилери арыз Мамбетовдун үстүнөн жазбагандыгынын негизинде кыскарткан. Акыры, иш Жогорку сотто каралып Ишен Мамбетовго 166-берененин 2-бөлүм, 3-пункту менен 5 000 сом айып салынган.
Жогорудагы иш боюнча эки тарапта тең күнөө бар. Үйдү сатып алаарда адам катары кыргызча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң, кайра үйдү алуудан баш тартып жатканда да кыргызча кеп-кеңешке келүү керек эле. Бул жерде кардар да, сатуучу да чыр болбошу үчүн мыйзамдын негизинде үйдүн документтерин толук карап, көрсөтүп, такташ керек эле. Жогорудагы окуя боюнча түшүнүксүз жагдайын айтсак, бир тууганга да ишенбеген заманда кардар Өмүров сатуучу Мамбетовго ишенип, үйү тууралуу маалымат албай калганы таң калычтуу. Баарыдан да Мамбетов качып кетип жатпагандан кийин жана да анын үйүндө уул-келини жашап жаткандан соң, жазылган түшүнүк каттар нотариустан күбөлөндүрүлгөн соң, эч коркунуч болмок эмес. Болгону үйдү кайрадан сатыкка коюп, ызы-чуусуз, жагдайды калыбына келтирүүгө толук мүмкүнчүлүк бар болгон. Ишен Мамбетовдун үстүнөн "Доскредобанктын" жетекчилиги даттануу арызын жазган эмес. Демек, 335-беренени Кочкор райондук прокуратурасы асмандан алып койгонбу? Муну менен катар иштин башынан иригени, укук коргоо органдарынын кызматтык профессионалдыгынын жоктугу ушундан улам ачыкка чыкты десек болот. Мамбетовго 20 000 сом айып салган судья Алжанов мындан эки ай мурда Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Жайыл райондук сотунун төрагалыгына дайындалган. Учурда Алжанов мырза сүйүктүү кызматын Жайылда улантууда.

Назгүл
МАМЫТОВА