Экс-жетекчи эмне дейт?

Абдиламит МАТИСАКОВ:
"Галстугу бар экен, калыстыгы жок экен..."
Абдиламит Мурзаевич 1994-1996-жылдары Кыргыз Улуттук телерадиокорпорациясынын президенти болгон. Ал жетектеп турганда таңкы телеберүү "Замана" студиясы ачылган. Көп жылдар бою токтоп турган АСКнын курулушу пайдаланууга берилип, ошол салтанаттуу күн - 8-декабрь Улуттук телевидение күнү болуп жазылып калган. Дасыккан жетекчи менен коомдук телевидениеге айланган КТР жөнүндө баарлаштык.

- Андан бери 14 жыл өтүптүр. Бүгүн кыргыз телевидениесинде жаңы бурулуш болду. Тагыраак айтканда, Убактылуу Өкмөттүн Декретинин негизинде "коомдук телевидение" деген жаңы статуска ээ болду. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
- Шүгүр дейли, Улуттук телевидениеде азаттыктын жаңы эрасы башталды! Кечээ-кийин коомдук теле кылабыз деп тил эмизген эски бийликтин алдар көсөөлүгүнөн көңүлүбүз калса да, убактылуу жаңы бийлик дароо сөздөн ишке өттү. Коомдук телевидение, бул зор жоопкерчилик. Эркин ой-пикирдин ордосу болгон жаңы программалар, анын мазмундук, көркөм эстетикалык сапатын жогорулатууга кеңири мүмкүнчүлүктөр. Жанды кейиткен нерсе, көп элдин колдоосу менен түптөлгөн, замандар өңү тартылган, доорлор үнү жазылган дүйнөлүк стандартка ылайык заманбап техникалардын алеки саатта талкаланып, тонолуп кеткени болду. Бирок, жарым кылым ашык жол баскан Кыргызтелесинин сарамжалдуу, таланттуу жамааты көчүп-конуп болсо да, Ата-Журттун эстен кеткис сааттарында эмнелер болуп жатканын калайык-калкка күн кечкиртпей маалымдап турушту.
- Коомдук деген аталыштын өзү - теле элдин үнүн бийликке туура жеткирүүнүн, бийликти конструктивдүү сындоонун арыгын чабат дегендик го?
- Ырас, мурдагыга караганда коомдук теледе, радиодо сөз эркиндиги ээн-эркин "ээлик кылса" да, элден мурун көз караштардын балансы, полемика маданияты сакталышы кажет. Жаңы статус жамааттын алдына жаңы талаптарды, ириде жаңычылыкка умтулуу, актуалдуулуктун тамырын табуу, жаңы стандарт, жаңы атаандаштык мезгилге жараша теленин жаңы жүзүн ачат.
- Азыркы жетекчисине бирөө ыраазы болсо, бирөө нааразы болууда. Сиздин оюңузча, Кубат Оторбаев бул кызматка туура келип отурдубу?
- Кубат Оторбаев жаңы идея, жаңы духтун аңытын аңдай билген аналитик. "Азаттыктын" шинелинен чыккан "Ыңгайлуу суроолордо" ийленген ийкемдүү журналист.
- Байкоочулар кеңешинин 15 мүчөсү коомдук каналдын ишин тескемей болду. Алардын төркүнү баарыбызга маалым - Өкмөт, Жогорку Кеңеш, бейөкмөт уюмдар...
- Көп маселенин түйүнү ушул жерде. Кыргыз өзү тескегенди жакшы көрөт... Кээде, бөдөнөнү сойгон касапчы да, кайдан кулак чыгарган казанчы да бизге сабак болбой, өз "көмөчүбүз" көздөн учуп туруп алат. А чынында, Кеңешке "кароолчунун" кереги жок, ал жерде талант менен теманын тамырчысы, кызыл чеке талаштын камырынан кыл сууруган профессионал байкоочу болбосо изги идеянын куну сары чакага да татыбай калат. Ал тургай, мүмкүнчүлүк табылса он беш байкоочунун айлыгын белине түйүп берип, ишке чегергенибизде анын натыйжа-кайтарымы, статусу эл күткөндөн да ашып түшмөк. Ошондо "башы азат болгон" байкоочулар калыс позицияны ээлеп, саартан кечке өз миссиясынын мүдөө-талабы менен алек болуп, демократиялуу идеянын акыбети үчүн жан үрөмөк. Болбосо, баягы акын айткандай "галстугу бар экен, калыстыгы жок экен..." деген аскиялуу саптардан алыс узай албайбыз...
- Сиз адис катары айтсаңыз, Москванын ОРТ телеканалы коомдук деген аталышты алып жүрөт. Биздин тележурналисттер ал каналдан таалим алчу ыкма, тажрыйбалар барбы?
- Мен билгендей, ОРТ коомдук телеканал болгону менен орус коомчулугунун коопсуздугуна, стабилдүүлүгүнө доо кетирчү оргу-баргы, радикалдуу пикирлерге өтө этият. Касьянов, Каспаров, Зюганов өңдүү эл арасында жетишерлик электораты бар оппозиция өкүлдөрү да оюмду кенен-кесири айттыра койбойт деп жер муштап жүрүшпөйбү. Кокус эле чери жазылганча сүйлөп калчу болсо, "Время" маалымат программасына кыпчылып, "Однакосу" менен Леонтьев деген журналист-серепчи бар, экранга ич көйнөкчөн чыгып чечендигин салып жети муштап жөөлөп өтсө, бийликке сын айткан оппоненттин сөзү арык аттап суу кечпей калат. Муну айткан себебим, көптөрдүн убалына калган Леонтьевдин ошо аркасынан "атака" койчу жолоюнан биз алысташыбыз керек. Анткени, кечээки кулаган бийликтин тушунда болоор-болбос иш-чара өттү дегиче аны арадай жерге чарадай чоюп, "тоту куштай" кайталаган серепчилердин тобу пайда болбодубу. Таң каласың, азыр дагы ошол тааныш "тоту куштар" терисин тескери жамына коюп, экрандан кезектешип акыл-эс айтып кирсе, "дагы эле баягы таз кейпибизге түштүкпү?!" деп сын алгысын башка каналга которуп коюш көрөрмандын колунан опоңой келет. Ошондуктан, жаңы үн, жаңы жүз, жаңы ыкма менен жаңы нукту таппасак, баягы саз бизди күтүп турат. Ал эми ОРТдан өздөштүрүп алчу идеялар жок эмес. Эмне үчүн ОРТ Л.Якубовский, А.Масляков, Познер, Д.Крылов өңдүү сакалы белине түшкөн аналитик алып баруучуларды алдыга салып алып жүрүшөт. Анткени, алар ОРТнын дүйнөлүк рейтингин жараткан чыгармачылык сөөлөтү, дөөлөтү менен элдик атакка жетишкен экрандын алптары. Бул жагынан алганда биздин коомдук телевидениенин азыркы жетекчилиги да кыргыз теле-радио өнөрүнүн өстөнүн казып, тар жол, тайгак кечүү аркылуу бүгүнкү деңгээлге жеткирген агайлар менен эжелердин асыл ишин бийик кастарлап, "карыбыз бар" деп алдыга салып алып жүрүшпөсө, улуу көчтүн салттуу нугунан адашып кетүү эч кеп эмес.
- Таалим-тарбия келечекке терезе. Кыргыз телесинде иштеген көп журналисттер Балташ Кайыпов, Турсун Уралиев бизди кесипке телчиктирген устаттарыбыз эле деп калышат. Сиз да алар менен үзөңгүлөш иштеп калдыңызбы?
- Залкар режиссер, айкөл адам Балташ Кайыпов агайды кантип унутабыз. Ал киши кыргыз телевидениесинде мен үчүн Чыңгыз Айтматовдун Дүйшөнүндөй көрүнчү. Күмүш чачтарын сеңселтип, дайыма кирип, далай кеп-кеңештерин, тажрыйба сабактарын айтып турчу. Бүт өмүрүн, кашык каны калганча ушул кесипке арнады. Акыркы сапарга да өзү сүйгөн, экинчи үйү болгон телерадионун имаратынан чоң зыйнат-урмат менен узаткан элек. Мындай өмүрдү бүгүнкү жаштарга өрнөктүү сабак-санжыра деп кантип сыймыктанбай кое албайбыз. Кеп удулу келгенде кыстара кетейин, ошо жаңы АСК имаратынын алдына кыргыз телерадиосунун башатында турган даңк-даңазасын арттырып, ага өмүрүн сайган улуу устат, асылдардын аллеясы ачылса, эстелик бюсттары орнотулса түбөлүккө айтып түгөнгүс иш болмок. Анткени, бул күн да өтөт. Бирок, баткан күндү аяп жүрсөк гана, атаганат!..
- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен
Күнболот МОМОКОНОВ




  Керегем сага айтам!

ЖАМУда жагдай жакшы эмес
ЖАМУга Т.Кененсариев деген ректор эмес эле күчтүү мафия жетекчиликке келди. Анткени, Кененсариев көзгө көрүнбөгөн "колдор" аркылуу ойнотулган "куурчак" сымал иштеп келет. Шайланган, эч кынтыгы жок иштеп жаткан ректорду (А.Аширалиевди) мөөнөтүнүн бүтө электигине карабай эмгек мыйзамын өтө одонолук менен бузуп, министрлик иштен эмнеге алды? Эмне үчүн Бишкек шаардык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун адилеттүү чечимдери (А.Аширалиев жумуштан мыйзамсыз алынган, ордуна кайра ректор болуп коюлсун, мыйзамсыз жумуштан бошотулган учурдагы эмгек акысы төлөнүп берилсин - деген өкүм) ушул күнгө чейин ишке ашырылбай келүүдө? Анысы аз келгенсип, Жогорку соттун чечиминен кийин билим берүү министрлиги "Жаңы ачылган жагдайлар бар "деп, өкүмзордук менен Бишкек шаардык сотуна А.Аширалиевдин ишин кайра каратканы эмнеликтен? Шаардык сот "Жаңы ачылган жагдайлар" жоктугуна байланыштуу "Жогорку соттун чечими күчүндө калат" деген өкүмүн чыгарса деле министрлик соттун чечимин көгөрүп аткарбай жүрөт? - деген мыйзамдуу суроо туулат. Андан да кызыгы Т.Кененсариевдин жана аны бийликке алып келген күчтүү "колдордун" заказы менен бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаардык прокротурасы А.Аширалиевге кылмыш ишин ачып, ага кайсы кылмышты тагаарын билбей башы маң болуп отурат.
Жогорудагы суроолордун жооптору айтпаса да белгилүү. Т.Кенесариев үй-бүлөлүк башкаруунун Жалал-Абаддагы же Бишкектеги өкүлдөрүнүн "заказы" менен ЖАМУну "жемакыр" кылуу максатын көздөөдө. Бүгүнкү күнгө чейин Т.Кененсариев канча мыйзам бузууларды жасаса да, Жогорку сот баш болгон бир канча соттордун өкүмү турса да ордунан козголбой отурушу дал ошол күчтүү "колдордун", алардын куйруктарынын күчү да. Болбосо, ушунун баары Т. Кененсариевдин колунан келчү ишпи?! Т.Кененсариевдин жеке керт башы, кадыр - баркы бүгүнкү күндө эч кимге баалуу да, керек да эмес.
Адегенде мыйзамга туура келбеген "сабатсыз" түзүлгөн келишим кандай максатта түзүлгөнүнө аргументтерди келтирели да, келишимдин "сабатсыз" түзүлгөнүн далилдөөгө аракет кылалы. Т.Кененсариев келгенде эле таң каларлык "реформа" жасады. Башкача айтканда бардык факультеттердин атын эле өзгөрттү да (өзгөрткөн аттары же коошсочу) "структура өзгөрдү, эми мыйзам боюнча өзгөргөн структураларга жаңы жетекчилерди дайындаш керек" деп, жаңы жетекчилерди туугандарынан (Бостонкулов), жердештеринен (Алыбаев, Раев, Ажикулов ж.б.), аспиранттарынан (Мадияров, Ураимов ж.б.), иштей албаса да, мыңк этпей гана буйрук аткаруучуларды декандыкка дайындады.
Биз, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жамаатынын көпчүлүк бөлүгү мыйзамсыз дайындалып ЖАМУга ректор болуп келген Т.Кененсариевдин төмөндөгү мыйзамсыз иштерин жалпы коомчулукка жана Убактылуу өкүмөткө кайрылуу иретинде билдирүү менен адилет чечимге келишин талап кылабыз.
1. Т.Кененсариев 2009-2010-окуу жылынын башталышында ЖАМУнун ар бир кызматкери менен Эмгек кодексинин көптөгөн статьяларын бузуу менен (18,54, 55, 83, 152,333,334 жана 378 жана башка эмгектик укук ченемдерин), 1жылдык эмгек келишимин түзүп, кызматкерлердин укугун бузуп зордуктоо жолу менен кол койдурган.
2. 2008-2009-окуу жылынын акырында реформа жүргүзөм деген шылтоо менен бардык факультеттердин аттарын гана өзгөртүп, жаңыдан декандарды дайындаган.
3. Жогорудагыдай мыйзамсыз иштерди көп жасаганына коллектив каршы чыккан. Ошондон бери өз колдоочуларын (жердештерин, аспиранттарын, туугандарын) топтоо менен жамаатты экиге бөлүп бири-бирине каршы коюуда.
4. Трайбалисттик ишке ректор болуп келгенден бери эле киришкен. Жердештерин (З.Раев, К.Алыбаев ж.б.), аспиранттарын (Ураимов Б., Смадияров ж.), туугандарын (М.Бостонкулов, Ажикулов С. ж.б.) айлык көп төлөнгөн, "майлуу-сүттүү" жерлерге орноштурган.
5.Быйылкы кышта суук экенине карабастан, эч кандай шарт түзбөстөн, кызматкерлерди иштөөгө мажбурлады. Жылуулуктун нормалдуу эместигин Жалал-Абад обладминистрациясы теле аркылуу бүт Кыргызстанга жар салганына бардыгы күбө.
6.Студенттердин контракт төлөмү 1-2-3-курстарга 100 пайыздан жогору, жалпы бардык курстарга 20 пайызга көбойтүлгөнү менен окутуучулардын айлык акысы бир сомго да көбөйгөн жок. Бул эмнеликтен? Акча кайда кетип жатат?
7. № 2 жатакана студенттердин эксплуатацияланышы менен, студент менен университеттин ортосунда түзүлгөн келишимди бузуу менен окуу корпусуна айлантылды. Жайда студенттер фольклордук талаада законсуз иштетилишине, сабактан бошотулуп жатакананы окуу корпусуна айлантууда иштегенине ким жооп берет?
Ушундай мыйзамсыз иштерди жараткан кылмышкерлер тобу убакытты өткөрүп, кылмыштарын эскиртип, мыйзамдуу жазасын албай калбасын деп, адилеттүүлүктү орното турган бийлик эми келген экен деген ишенимибизди сиздерге артып отурабыз.
ЖАМУнун окутуучулар эмгек жамааты