Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Ай, ай Азике...
Аксыдан чыккан Азимбек баатыр, эки революциянын тең арабасын тартып келди. Март ыңкылабында да жалындуу негизги күч болуп бергени эске алынып генпрокурорлук кызматка отурган. "Сыйыртмак салына электе сыйыңар менен жегениңерди казынага тапшырып, кылганыңарды моюнга алып сурак бергиле" деп көптөрдүн жүрөгүнүн үшүн алган. Танаев баш болуп, калгандары төш болуп бир далайы өз ыктыярлары менен казынага акчаларды которушкан. Аксы анын жүрөгүндөгү кайгысы экенин эске алсак, ал иштин анабашында турган Бакиевди бир тынчытмак. Тынчытууга аракетин аябай эле жумшап, Бакиевдин артынан улам-улам "сурак бериңиз Курманбек Салиевич" деп жүрдү. Куу тумшук Курманбек улам Маскөөгө кетип калып, ал жакта жатып "барайын анан" же Америкага сапар алып "жеткенде өзүм жетип барам" таризде жаш баланын шылтоосу менен Азикени аябай эле убара кылды. Акыры Америкадан келип Бекназаровду акырын гана жумушунан алып койду. Бир даары Бекназаров Бакиевден 2 миллион акча алыптыр деген жел аргы сөз таратты. Азике аны моюнга алган жок. Эгер Бакиевди баш кылып же анын ажо экенин уруп ойнобой сурак бергенге сүйрөп жатканына карасак, анда ал акча менен эмес амалдуу күчтөрдүн курмандыгы болду. Болуптур, анысы ал болсун, азыркысына анча ишене бербей турабыз... Акча жагынан адалдашып жибериптир деп, Азикени айрымдар айтышууда. Кимдер менен деп узун кулактык кылсак, Данияр Үсөнов менен Жаныш Бакиев экенин эшиттик. Бул иштерге Болот Эсентаевичтин да азма-аз тиешеси бар имиш. Алгандарын азырынча айтпай туралы. Кантсе да имиш эмеспи. Мунусунан да "Ак үй ичи тинтилгенде 11 млн акча табылды" деп Азимбек мырза жар салып чыкты эле, ал сумма 24 млн болчу дегендер дагы чыгууда. Эл айтса - калп айтпайт деген сөзгө чындап такала турган болсок, анда жеп жатышкандардыкы жетиштүү эле болуп калган го.


Чолпон Турсуновна дале апакай
Кыргызстанды талап-тоногонго, кыргызды тентиптип-тозутканга жол ачкан эки адамдын бири - Чолпон Баекова. Эки үй бүлөнүн доорунда элдин эсебинен эркин пайдаланып армансыз жашады. Акаев-Бакиевдин каалаганын жасап берип, ыңгайын таап төрөлө элек небере-чөбөрөсүнө чейин кабат-кабат үйлөрдү салды. Эл тарабынан кабыл алынган 1993-жылкы Конституцияны бузуп бергени үчүн миллиардаган акчага туйтунуп, жашыл акчага жамынып келди. Анын кесепетин жүз миңдеген кыргыздар тартып, ар кайсы өлкөлөрдө тентип, кул болуп иштеп кетти. Ондогон мекендештерибиздин өлүгү чет элден Кыргызстанга кайткан учактар менен келүүдө. Оор турмуштан кыргыздын кыздары денесин сатты. Мунун баары Чолпон айымдын Конституцияны коргобогунан келип чыкты. Өлкөнүн Башмыйзамын Акаев менен Бакиевге жалаяк кылып төшөп бергенинен болду. Мындай кечиримсиз оор күнөөнү жасаган адамга кылмыш иши козголбой турушуна түшүнбөгөндөр көбөйдү. Же Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бирөөсүнүн чөнтөгүн кампайтып жатабы?


Куйругуңа күч келсе кубула бересиңби?
Революциянын биринчисинен да, азыркысынан сабак алчу көп нерселер болду. А кезде Аскарды кууганына куштарланып "жасап койдукпу?" деп жакасын жакынкы күнгө чейин карманып жүргөндөр деле бар эле. Апрелдеги революция салыштырмалуу саясий да, патриоттуулук да, кубулма куйтулук да жагынан өзгөчө айрымаланып калды. Куйтулукка келсек, кубарган өңдөрү жүзүнө чыгып жатса да айрымдар аябай эле аракеттерди көрүүдө.
"Мега Ком" компаниясынын директору Андрей Силич шейит кеткен эр азаматтардын кээ бирлеринин үйлөрүнө барып куран түшүрүп, аза кайгысын тең бөлүшүп чыкты. Зымпыйып башына ак калпак кийип, кадимкидей эле күбүрөнүп-шыбыранып жатып бата кылды. "Азамат эй" деп ич жылыган менен анын адамдык жана диндик абийири кайда калды? Биз үчүн утуш-орус улутундагы славян чиновниктин куран түшүрүп алакан жайганы болсо, орустар үчүн динин саткан жүзү кара болуп калды. "Бул да болсо куйрукка күч келген саясат" деп ичибизден кыргыз катары анын кайрымдуулугуна ич жылытканыбыз менен Андрей Силичтин бул кылыгы шаардык орустардын көбүнүн кыжырын кайнаткан көрүнөт. Нина Персикова деген орус кемпирдин бул тууралуу айтканын эшитсек, "анын курман болгондорго кылган кайрымдуулугу адамгерчилик, бирок, бөлөк динде туруп мусулмандарча бата кылганы бетсиздик, бул-азыркы өкмөткө жагынуунун акыркы амалы " дейт. Аргасы канча анан, быдыры бар жерге эле сыйыртмак салып жатышса. "Мега Ком" компаниясында миллиарддаган акчалар "абаротунда" айланып турат. Угушубузда, Андрей Силичтин айлыгы болжолу 40 миң доллардын тегерегинде имиш. Бул акча Кыргызстандагы №1 айлык. Мындай айлык менен кебетеси, казынаны кемирип деле кереги жок. Узун кулактардан укканыбызга караганда "Мега Комду" экс министрлердин бири мээлеп калган имиш.


Кошок менен ырдын айрымасын билбеген Адахан
Адахан аттуу "акабыздын" тапандыгын жактырган калайык бир кезде Президенттикке татыктуу уул турбайбы деп келген. Бирок, тилинен башка ырыскысы жок пенде экендиги Бакиев доорунда "жүда-ям" белгилүү болду. Бийлик үчүн энесин дагы сатып жиберээрин далилдеди. Каркыра, пансионаттарды казак кайындарына кармата берди. Аксыда "эркектигин" көрсөттү. Парламентти койдой үйрүп, акыры өзү өгөйлөндү. Элдин эзилгенин көрүп, үн каткан жок. 7-апрелден президент менен кер-мур айтышканын жарыя кылганга гезит таппаганын айтып дагы бир шерменде болду. Буларың бир тең болсо, кыргызга кыпындай күйбөгөнү бир тең болду. Этегине намаз окуган ажосу Бакиевдин огунан жан таслим тапкан кырчындай жигиттерибизге кайгырып койбогонуна мурда да бир таң бергенбиз. Муну жакында Адахан дагы бир жолу далилдеди. "Азаттыктын" теледебатында, "биринчи каналды мен көралбай калдым, эртеден кечке эле боздоп, сыздап жатат. Дагы бир каналдар болсо кошокторду кошуп алып эле көзүнүн жашын куюлтуп ырдап жатат. Ушул нерселердин астында шайлоо жөнүндө эмес, кээде бир чыны ысык чай ичкиң да келбейт" деди. Адахан мырза, ушинтип сүйлөгөндөн уялбайсызбы? Арбактан коркуп койсоңуз боло... Алар: "кыргыз жерине каруум казык, каным азык болсун" дегенди иш жүзүндө далилдеп кетишпедиби.


Бетиң бетпи же....
Акылы элдикинен "ашып", президент болгусу келген Жеңишбек Назаралиев агабыз жетекчилердин ал-абалына же саясатка карай кубулганды өзгөчө өздөштүрдү. Алсыраса сай-сөөгүн сыздата жамандап, күчтөнсө жата калып таманын жалагандыгы боюнча алдына ат салдырбайт. Ж.Назаралиев 2009-жылы декабрь айында "Дело №" гезитинде "Азыркыдай абалда бизге күчтүү кол, жеке бийлик керек. Демократия бизде "өтпөй" калды. К.Бакиевдин режимине кандай мамиледе болгонума карабастан, мен анын өз уулун негизги тармактарды көзөмөлдөөгө дайындаганы-обьективдүү, прогресивдүү кадам деп эсептейм. …Максим Бакиев жаш, зирек, парасаттуу, амбициялуу, билимдүү, жеке адамдык лидерлик касиеттерге ээ" десе, 7-апрелден кийин "Бакиев деген ким? Ал - өз чөнтөгү жана үй-бүлөсү үчүн өз элин тоноп, тентитип жок кылууда биринчи президенттин саясатын уланткан номер экинчи кылмышкер. Ал - Аксыдагы айыбы жок адамдарды атып өлтүрүүгө аралашкан адам. Баяман Эркинбаевден тартып Медет Садыркулов, Генадий Павлюкка чейинки чуусу көп киши өлтүрүүлөрдүн, Жогорку Кеңештин оппозициячыл депутаттарын уурдап кетүүнүн, "героин матрешкасы" сыяктуу жоболоңдуу жорук-жосундардын бардыгы Бакиевдердин үй - бүлөсүнүн кылган иши" деп, Роза Отунбаевага ачык кат жолдоду. Бет- бет болбой эле, бетон болуп калганбы?


"Алиби" пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
БАКИЕВДЕРДИ КОЛГО ТҮШҮРСӨҢ,
100 МИҢ ДОЛЛАР СЫЙЛЫК АЛАСЫҢ!

2-бет
"Көчмөндөр демократиясы"
Кокон хандыгына каршы

3-бет
Тазалануу декретин кабыл алдыралы!
4-бет
ОШТОГУ ЖАҢЖАЛ
5-бет
ОБОНчулар же "Ата-Мекен" кейпин кийгендер
6-бет
1-май сотунан бир ирмем
7-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
8-бет
Чолпон Турсуновна дале апакай
9-бет
Улуу Жеңиштин жылдыгына
10-бет
Ау-у, депутат Раиса айым, кайдасыз?
11-бет
Ачык айтар сөздөр бар
12-бет
Спиртовые реки проходят мимо бюджета.
Почему?

13-бет
Таасирсиз Ташпаева, тайраңдаган аяштары
14-бет
Өлүмдөн коркпогон жаштар Бакиевдерди кармап келишеби?
15-бет
Темир Сариевге, Азимбек Бекназаровго
16-бет
ЧАГЫЛГАН










??.??