Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Кеңеш айталы - кулак сал

КЫРГЫЗ АЛТЫНЫ
(журналисттик иликтөө)

(Уландысы. Башталышы газетабыздын өткөн
сандарында)

3. Алтынды ташып чыгуу
Н.Исанов каза болгондон кийин кыргыз алтынын алып чыгуунун жолун эми А.Акаев өзү мыйзамдаштырып, алтындарды алып чыга баштайт. Анын механизми мындайча жүргөн: алтын кыргыз бажысынан эч салмагы ченелбестен, эч кандай бажылык документтер толтурулбастан өткөрүлгөн, Швейцариядан кыргыз алтынын "Сиабеко" компаниясы тосуп алган да, аны "Металор" заводуна аффинажга берген. Аффинаждан алынган таза алтынды ошол эле "Сиабеко" компаниясы Швейцариядагы "ЮВС" жана "Индосуец" банктарында өздөрүнүн атынан жайгаштырган. Аффинаж үчүн акчаны "Сиабеко" төлөгөн.
Болду, кыргыз алтыны ошентип "Сиабеконун" менчигинде калган. Мына ушундай жол менен кыргыз алтынын тышка ташып кетүүдө Э.Карабаев, К.Нанаев, А.Сарыгулов, Т.Чынгышев олуттуу ролду ойногон. 1992-жылдын июнунан тартып "азиялыктар" "европалыктардын" финансылык каналдарын акырындап таба башташат. Ошол маалыматтардын негизинде "азиялыктар" "европалыктардын" Кыргызстандагы кадрларын тазалоону баштайт.
Биринчиден, Кыргызстандагы Бирштейндин каналын өздөрүнө өткөрүп алуу керек эле. Бул үчүн "Сиабеко" тууралуу маалыматтар ачыкка чыгарылып, парламентте алтын маселесин көтөрүп чыгууга түрткү беришет. Ошого улай эле 1993-1994-жылдары "европалыктардын" кадрларын тазалоо болуп өтөт. Т.Чынгышев 1993-жылдын 13-декабрында отставкага кетет. Ошону менен кыргыз алтынын алып чыгуу каналы толугу менен "азиялыктардын" колуна өтөт. Ал эми 1994-жылы жайында Кумтөр боюнча жаңы келишим түзүлүп, ага А.Жумагулов жана Д.Сарыгулов кол коёт. Эмне үчүн "азиялыктар" Бирштейндин, демек "европалыктардын" бир финансылык каналын тартып алууну 1993-жылы башташты? Себеби мында: Л.Веселовскийди контролдоп турган Ф.Бобковдун ордун 1991-1993-жылдары генерал Баранников ээлеп калган. Бул киши "европалыктардын" кадры болгон. Ошол эле 1993-жылы "азиялыктар" колдогон Б.Ельцин менен "европалыктар" колдогон Руцкой-Хазбулатов тобунун тирешүүсү болуп өтүп, анда Б.Ельцин жеңип чыгып, Баранников камакка алынып, Б.Бирштейн Россиядан, Молдавиядан, Украинадан качкан эле. Кыргыздын калган алтындарын "азиялыктар" таптакыр эле башка банктарга салышкан деген кеп бар.
Кыргыз алтынын андан аркы тагдыры кандай болду? Кыргыз алтыны, албетте кайсы бир банктарда сакталып турат дечи. Бизди кызыктырганы башка. Ошол алтындарды күрөөгө коюп, алмаштырып, депозит катары сактап акча жыйнаса болот. Биздин алтынды негиз кылып акча айланткан бир катар компанияларды тизмектеп берсек болот. Кыргыз алтынына таянып Бирштейн "Украина" акционердик коомун түзгөн. Бул коомго Б.Коробко, А.Емельянов аттуу кишилер кирген. "Сиабеко" компаниясынын үлүшү 30 процент болгон. Демек, кыргыз алтынынан табылган акчанын белгилүү бир проценти ушул коом тарабынан колдонулган. Ошого улай эле Бирштейн Швейцариялык "ЛАКО" фирмасы менен кызматташууга барган. Бул фирманы Е.Лейбович жана Марк Рич аттуу кишилер башкарган. Демек, кыргыз алтынынын дагы бир үлүшү ушул багытка кеткен.
Эсиңизде болсо керек, урматтуу окурман, Веселовскийди, демек Бирштейнди контролдоп турган Ф.Бобковдун ордуна Баранников аттуу киши келгенин. Эмесе ушул киши 1995-жылы күтүүсүз жерден каза болгондон кийин анын финансылык каналдарын А.Дунаев деген киши ээлеп калган. Бул киши миллиард доллардан ашык активи бар "Глобэкс" аттуу ири банкты түзгөн. Кыргыз алтынынын дагы бир үлүшү ушул банкты түзүүгө жумшалса керек. Бир гана нерсе түшүнүктүү - кыргыз алтынын бир гана адам колдонгон эмес, аны ар тараптуу колдонушкан. Себеби, "башкалар менен бөлүшө бил, антпесең өзүңдү жеп кетишет" деген капитализмдин негизги мыйзамы бар эмеспи.

4. Кимдер?
Эми биз жазып жаткан "европалыктар" жана "азиялыктар" деген кимдер? Алардын аты-жөндөрү барбы? Албетте бар. Биз макалабыздын аягында кыргыз мамлекетиндеги болуп жаткан окуяларга таасирин тийгизген негизги адамдардын аты-жөнүн, эмгек жолун бере кетели. Эмесе, "европалыктардан" баштайлы.
Рапота Григорий Алексеевич. 1944-жылы төрөлгөн. 1966-жылдан бери тышкы чалгындоодо иштейт. АКШда (1971-1974), Швецияда (1979-1983), Финляндияда (1987-1990) иштеген. 2001-жылы Евразиялык экономикалык шериктештиктин башкы катчысы болуп дайындалган.
Веселовский Леонид. 1970-1980-жылдары Португалияда иштеген. 1990-жылы финансылык каналдарды түзүүгө активдүү катышкан. Азыр Швейцарияда жашайт.
Ушаков Вячеслав Николаевич. 1951-жылы төрөлгөн. ФСБнын генерал-лейтенанты. Ош педагогика институтун аяктаган. 1975-жылдан баштап Кыргызстандын КГБсында иштеген. 1994-жылы Карелияга которулуп кеткен. 1997-жылы ФСБнын борбордук аппаратына которулган.
Хотимский М.Н. "европалыктардын" негизги каналдарынын бирин контролдогон. Анын артында Гребенщиков аттуу КГБнын кадрдык офицери турат деген маалымат бар. "Джробус", "Галактик", "Холдинг ЛТД" компанияларынын формалдуу ээси. Бул финансылык каналдарды түзүүгө россиялык-италиялык-британиялык компаниялар активдүү катышкан.
"Европалыктардан" азырынча мына ушул үч киши менен чектеле туралы. Калгандарын мезгили келгенде жазып чыгаарбыз. Эми "азиялыктарга" өтсөк.
Бут Виктор Анатольевич. 1967-жылы төрөлгөн. 1992-жылы AIR CESS компаниясын түзгөн. Курал сатуу менен алектенген. Куралды Анголага, Ливияга жана Ооганстанга саткан. 1997-жылы Ө.Суваналиев кармаган куралдар ушул кишинин каналы аркылуу өткөн. Бул куралдар Ооганстандагы Дустумга же Наманганиге жеткирилмек деген эки ача маалымат бар. Бирок бул эки адамдын улуту өзбек болгондуктан, оперативдүү маалыматтарга ылайык куралдар өтүүчү каналдын коопсуздугуна Хохольков башында турган топ жооп берген. Бул топтун негизги өнөктөшү катары өзбек улутундагы криминалдык топтун башчысы Гафур аттуу киши эсептелген.
Крысин Андрей Викторович. Канадада чалгындоо кызматын өтөгөн. 1994-жылы Европалык "Траст" банкынын президенти болуп дайындалган. Крысин казакстандык "Темирбанкты" уюштурууга катышкан. Тажик мигранттарынын Тажикстанга акча которгон каналдарын өзүнө өткөрүп алган.
Христич Анатолий Анатольевич. 1957-жылы төрөлгөн. 1993-жылдан бери ири финансылык каналды контролдойт. "Диалог-Оптим" банкынын башкармасынын төрагасы. 2003-жылдын сентябрында "Диалог-Оптим" банкынын жетекчилиги астында казакстандык "Темирбанк", кыргызстандык "Инэксимбанк" жана латвиялык "Траст Коммерцбанк" менен бирге бир финансылык каналды түзүшкөн.
Жогоруда берилген маалыматтарда Бакиев бийлигинин да тамырын түшүндүрүүчү кыйыр маалыматтар бар. Сөзүбүздүн акырында мына ошол маалыматтарды тактай кетели. Биринчиден, бир катар финансылык каналдарда Прибалтика өлкөлөрү өзөктүү ролду ойногон. Экинчиден, "европалык" жана "азиялык" топтор банк системасы менен абдан катуу чырмалышкан. Бул системада Хотимский, Веселовский деген адамдардын финансылык каналдарын түзгөн топтор абдан катуу ойго салат. Бул каналдарды түзүүгө россиялык, прибалтикалык, израилдик жана италиялык финансы чөйрөлөрү катышкан. Бул талдоолор көрсөтүп тургандай, Бакиев башында турган топтун артында "европалыктар" тураарын тастыктап жаткансыйт.

Кален Субанов, Публицист
Макала жүрөгүңдө, акылыңда кандайдыр бир сезим-ой жараттыбы? Кыргыздын байлыктары ушинтип эле ички, сырткы шылуундардын кайрымагына илинип, четке агып кете береби? Ошолордун үзүрүн өзүбүз, өзүбүз болбосо бизден кийинки балдарыбыз, неберелерибиз көрсө болбойбу?
Ушулар жөнүндө сунуш-пикириңди жазчы, жаңы өкмөткө берген жардамың ошол болсун. Куру акыл үйрөтпөй, конкреттүү сунуш болсо гана жарыялайбыз.





  Апий, бетим

Адилеттигиң кайда, оппозиция?!
Кудая тобаа, деги чындык кайда? Менин эмне жөнүндө сөз козгоорумду билесиздерби? Курманбек Бакиевдин куугунтугунан запкы жеп, башка өлкөлөргө башпаанек сурап кеткен мекендештерибиз 7-апрелден соң, кайтып келет деген кубанычтуу кабар тараган. Бирок, кубанарлык деле эч нерсе болбогондой. Эл арасында "Урмат Барктабасов качан келет экен?" деген суроолуу сөздөр пайда болуп жаткандыктан кызыгып иликтеп көрүп укмуштуу кабар уктук. Шумдугуң кургур, жаңы өкмөткө эмне болгону белгисиз… Көрсө Урмат Барктабасовго карата козголгон кылмыш иши кайрадан уланат экен. Айрым маалыматтарга караганда, жакында өз мекенине кайтууга камданып жаткан Урматты Азимбек Анаркулович "мага жолугуп кетсин" таризинде кеп козгоптур. Ой, бул жерде бир нерсе бар го? Болбосо, канчалаган жылдар бою куугунтуктун кучагында келе жаткан Азимбек Анаркуловичтин мындай кадамга барганы адилетсиздик го дейм. Анда Бакиевдин куугунтугунда жүргөндүн бардыгына калыстык менен мамиле кылып, бардыгынын ишин кайрадан карап, иликтөө зарыл.
Эсиңиздерге сала кетсек, Урмат Барктабасовго 2005-жылы 17-июнда К.Бакиевге нааразы болуп, Ак үйдү басып киргени боюнча 28, 295,233-беренелердин 1-2-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Эгерде 2005-жылдагы Ак үйдү басып алгандарга иш козгосок, азыркы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да жоопко тартылабы же...? И-ии, ушунда болуп жатпайбы кептин төркүнү. Ал эми мамлекеттин мүлкүнө кол салып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандарды, 100дөй адамдын канын төгүп, элдин каргышына калган адамдарды эмне кылабыз??? Дегеле "өз башыбыздагы төөнү көрбөй бирөөнүн башындагы чөптү көрүп калганыбыз" кандай? У.Барктабасов 17-июнда ошол канкор Бакиевдин канкордугун билип туруп ушуга барган экен да. Аны учурда ар бир кыргыз жараны айтат. Эмнеси болсо да Убактылуу өкмөт, адилеттиктен, калыстыктан, чындыктан тайбаңыздар. Антпесе, сиздердин көптөн берки убадаңарга ишиңиздер төп келбей жаткан сыяктуу, кагылайындар!!!

Тикенек ТИБИРТКЕ




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
БАКИЕВДЕРДИ КОЛГО ТҮШҮРСӨҢ,
100 МИҢ ДОЛЛАР СЫЙЛЫК АЛАСЫҢ!

2-бет
"Көчмөндөр демократиясы"
Кокон хандыгына каршы

3-бет
Тазалануу декретин кабыл алдыралы!
4-бет
ОШТОГУ ЖАҢЖАЛ
5-бет
ОБОНчулар же "Ата-Мекен" кейпин кийгендер
6-бет
1-май сотунан бир ирмем
7-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
8-бет
Чолпон Турсуновна дале апакай
9-бет
Улуу Жеңиштин жылдыгына
10-бет
Ау-у, депутат Раиса айым, кайдасыз?
11-бет
Ачык айтар сөздөр бар
12-бет
Спиртовые реки проходят мимо бюджета.
Почему?

13-бет
Таасирсиз Ташпаева, тайраңдаган аяштары
14-бет
Өлүмдөн коркпогон жаштар Бакиевдерди кармап келишеби?
15-бет
Темир Сариевге, Азимбек Бекназаровго
16-бет
ЧАГЫЛГАН










??.??