Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Жүзү, жүз кубулма...

1-май сотунан бир ирмем
Жалпыга дүң болгон коогалаңдуу апрель окуясынан кийин мурдагы бийликтин чачпагын кармап, колуна суу куйган жасакерлердин анабашы катары эсептелген сот системасындагы кубулма хамелеондор жүздөрүн өзгөртүшүп, жаңы бийликке жагынуу аракетин көрө башташкан. Дегеним, алардын мындай аракеттери тээ ыңкылаптын эртеси эле башталган. Болгондо дагы ботосунан айрылган боз ингендей боздогон энелердин жүрөгүнөн кан сызылып, анын баары жалпы журттун жүлүнүн сыздатып турган мезгилде башташкан.


Кечээ эле байдын жасоолдорундай чындык издегендерди чыркыратып, темир тор аркасына кептеп турган Биринчи май райондук сотуна барып иликтөө жүргүзүп келдим. Далай адамдардын тагдырын каалагандай калчап, репрессиялык өкүмдөрдүн ордосу болгон эки кабаттуу имаратка кирген кезде абдан заарканып, денемди майда калтырактар басып турчу. Бул ирет андай болгон жок. Ыңкылаптын деми менен "демократиянын желаргысы аралагандыр" деп шатыра шатман кирип бара жатсам алдымдан Жылдызбек Кудаяров аттуу судья чыкты. Дегеле эч нерсе болбогондой кара мантиясын жамынып алып, томдогон иштер камтылган кара папкесин көтөрүнүп, сот залына кирип кетти. Кыязы, дагы бир шордуунун тагдырын чечкени бара жатса керек . Жылдызбек Кудаяров демекчи, бул киши тууралуу мен эле эмес, мага окшогон миңдеген карапайым жарандардын айта турган дооматы, арманы көп. Далай бечаралардын шоруна калган бул эргул, кылы кыйшайбай, дагы деле көнгөн адатынча жайбаракат иштеп жүрөт. 2008-жылы бир кездеги Аскар Акаевдин, Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы катары жанын аябай кызмат өтөгөн Эркин Мамбеталиевдин үстүнө кайдагы топтолуп калган киши өлтүрүү фактыларынын баарын жыйнап туруп илип салган адам ушул. Эми ойлоп көрсөңүз, өлкөдөгү болгон буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн баарын бир адамга илип салуунун өзүндө көптөгөн күдүк ойлор жатат да. Болбосо Эркин Мамбеталиев Акаевдин дагы, Бакиевдин дагы тап душманына айланып келген Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы катары ашыкча кадамга барууга мүмкүнчүлүгү чак экенин айта турган жан жок. Учурда Эркин мырза акыйкатсыз бийликтин курмандыгы болуп, өмүр бою кесилген бойдон отурат. Албетте эми эле келген жаңы бийликтин шарданы менен анын иши кайра каралып, акыйкат тергелиши мүмкүндүгүндө шек жок деңизчи. Ошентсе да, анын 4 жылдан бери абакта же ары же бери болбой жалгыз отурганы өтө эле кейиштүү. Бул эми Жылдызбек мырзанын акыйкатсыз иш-аракеттеринин чети гана. Ал эми тынч митингге чогулгандарды чыркыратып соттогонун айтчу болсок гезит бети түтпөйт.
Мисалга алсак, март айында дүжүрлөрдүн башын кошкон ынтымак курултайынын алдында пикирлерин билдирмекчи болушуп, тынч жагдайда чогулган "Акшумкар" партиясынын жетекчиси Темир Сариевдин жактоочуларын дыркырата сүйрөп барышып, сотко салып бергендерине маашырланып, 16 адамды жазыксыз кескен дагы ушу эргул. Жазыксыз митингге чыккан адамдарды, анын ичинде бүгүнкү бийликтин анабашылары Роза Отунбаева, Темир Сариев, Топчубек Тургуналиевдерди баш кылып, адвокаттарды дагы көзгө илбестен соттогон, бир миң, эки миң сомдон айып салган дагы ушул киши. Ошол кезде Жогорку Кеңештин фракция башчысы болгонуна карабастан Роза Отунбаевага жактоочу катары сөз бербей койгону үчүн бармагын кырча тиштеп атса керек. Минтип колдогон кожосунун качып кетээрин, өлкө башына Роза айымдын келээрин билгенде таптакыр башкача кылмак. Мындай болорун кайдан билиптир. Жок дегенде бир жума мурун көз ачыкка бармак да…

Адилет АЙТИКЕЕВ
P.S.

Кийинки сандарыбызда Биринчи май райондук сотунун судьялары Алмазбек Молдобаев, Эркин Аксамаев, Давлетбаева жана бир кезде Жаныш Бакиев менен Караганда шаарында бирге окуган, белгилүү саясатчы Аликбек Жекшенкуловду жазыксыз соттогон судья Азизбек Турдалиев тууралуу кенен иликтөөлөрүбүздү улантабыз. Мындан тышкары, кабарчыбыз Адилет Айтикеевди жоопко тарткан акыйкатсыз сот процесстери, андагы судья Кубанычбек Сулайманов, ошондой эле Биринчи май районунун прокурору Кудайберген Чыраков тууралуу кененирээк сөз болот.




  Дейм да...

Кийинки президент түндүктөн да, түштүктөн да эмес, ПУТИНДЕН
"Кыргызстандын кийинки президенти ким болот" деген сөз коомчулукта кадыресе жанданып калган кез. Бирок, азырынча "мен президент болом" деп, жогорку кызмат орун үчүн талаптанган адамдар чыга элек. Буга бир жагынан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кыргызстанды парламенттик башкарууга өткөрөбүз дегени себеп болсо, экинчи жагынан президенттик шайлоонун так күнү белгилене элек. Чынында эле, кийинки президент ким болот? Мейли, парламенттик республикага айланалы, бирок, баары бир президенттик кызмат кыргызстандыктар үчүн өтө даражалуу болуп кала берээри шексиз. Акаев менен Бакиевди жаңы президент болушканда сыйлап, урматтап, суктанып келген эл, үчүнчү президентке далысын салып кетет дейсизби.
Кыргызстандагы Роза ыңкылабында (Роза Отунбаева баштаган элдик бийлик кызматка келгенине байланыштуу Роза ыңкылабы деп атап алышты) Кремлдин жардамы, колдоосу болду, эгер орустар көмөктөшпөгөндө, эл бийлиги орнойт беле же жокпу (?) деген суроо күнү бүгүнгө чейин, мейли көчөдөбү, мейли интеллигенциянын, саясатчылардын арасындабы, эл аралык ММКлардабы коюлуп келүүдө. Бирок, чындап эле орустар өлкөдөгү революцияга жардам бердиби? Бул суроонун жообун Убактылуу өкмөт да, расмий Москва да, кызматынан четтетилген Курманбек Бакиев да бекемдей элек.
"Ыңкылапка орустар жардам бериптир" деген пикирлерден уламбы, апрель окуяларынан кийин эле "үчүнчү президент Путин даярдаган аскер адамы болот экен. Москвадан келет имиш. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бул тууралуу кабардар, макулдуктарын да беришиптир" деген сөздөр чыккан. Буга алгач көңүл бөлбөй, "кербен жүрө берет, ит үрө берет" дегендей кабылдаганбыз. Кантип Москвада жүргөн бир кыргыз келип эле Кыргызстанга президент болуп калсын. Конституция деген бар. Башмыйзам боюнча акыркы он беш жылда Кыргызстанда жашаган гана адам президент болуп шайлана алат эмеспи деп жогорудагы сөздөрдү четке каккан элек. Бирок, бу пикир күндөн-күнгө күчөп, деги токточудай эмес. "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдачу эмес эле...
Мындан сырткары, орус тилдүү жөөттөрдүн "IzRus" маалымат порталы дал ушул миш-миштерге байланышкан кабарды чындыкка айлантышып, "Кыргызстандын үчүнчү президенттигине СССРдын КГБсында иштеген адам шайланат, ал президенттик шайлоо башталып, талапкерлер бирин-бири "поктой" баштаганда пайда болуп, жеңишке жетишет" деген кабарды жазып жиберишти. Бирок, алар анын аты жөнү ким, Кыргызстандын түштүгүнөнбү же түндүгүнөнбү айтышкан эмес. Ааламдагы кыбыр эткен нерселердин баарын билген жөөттөрдүн бул кабарына ишенээр, ишенбесибизди билбей башыбыз маң. Ким билет, булар так ошол Кремлдин даярдоосу менен келе турган "болочок президент" жөнүндө жазып жатышкандыр.
Ал ортодо жаңы Конституциянын долбоору коомчулукка талкууга коюлуп, кызуу талаш-тартыштардын чордонуна айланды. Жаңы долбоордо да атайын жасалгандай, "акыркы он беш жылда Кыргызстанда жашаган гана адам президент боло алат" деген чектөө алынып ташталган. Конституциянын жаңы долбоорунун 62-беренесинде: "Президент болуп 35 жаштан жаш эмес, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон, анысы жоюлбаган же мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган жаран Президент болуп шайлана албайт". (Ушул эле берене орусча вариантында 58- статья (берене) болуп жүрөт. Долбоордо мындай алешемдиктер арбын экендиги байкалат).
Мына ушул жерден көңүлүңүздөрдү бура турган нерсе, "республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат" деген сүйлөмдөр. Кыргызстанда төрөлгөн адамдардын көбү (кыргызыбы, орусубу, немисиби, өзбегиби) орто мектепти бүткөнчө эле өлкөдө 17 жыл жашашы мүмкүн. Демек, жогорудагы 62-беренеге таянсак, Кыргызстандан бала кезинде эле башка өлкөлөргө кетип калган адамдар дагы президент болуп шайланууга укуктуу болуп чыгат. Балким, бул берене эл арасында сөз болуп жаткан "москвадан учуп келчү болочок президентке" ылайыкталып жаткан жокпу? Эгер андай болсо, президенттик же парламенттик республикага айланабызбы деген орчундуу суроо бир гана Кыргызстандын ичинде эмес, Убактылуу өкмөт менен Кремлдин ортосундагы талаш болуп жатышы ыктымал. Анткени, президент Дмитрий Медведев жакында эле, Кыргызстанга күчтүү президенттик бийлик керек экендигин жарыя кылган. Ал эми Убатылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн көпчүлүгү "парламенттик республика болобуз" деп чуркап жатышат. Алардын аракети Президенттик орун ээленип калгандыктан эмеспи? Айтор, суроолор арбын.
Жакын арада Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бул жоромолдорго, анын ичинде жогорудагы 62-беренеге түшүндүрмө жасап, же өзгөртүү (тактоо) киргизбесе, коомчулукта түрдүү кептер күчөй берээри бышык. Анын арты Убактылуу өкмөткө эч кандай аброй алып келбейт.

Заирбек БАКТЫБАЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
БАКИЕВДЕРДИ КОЛГО ТҮШҮРСӨҢ,
100 МИҢ ДОЛЛАР СЫЙЛЫК АЛАСЫҢ!

2-бет
"Көчмөндөр демократиясы"
Кокон хандыгына каршы

3-бет
Тазалануу декретин кабыл алдыралы!
4-бет
ОШТОГУ ЖАҢЖАЛ
5-бет
ОБОНчулар же "Ата-Мекен" кейпин кийгендер
6-бет
1-май сотунан бир ирмем
7-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
8-бет
Чолпон Турсуновна дале апакай
9-бет
Улуу Жеңиштин жылдыгына
10-бет
Ау-у, депутат Раиса айым, кайдасыз?
11-бет
Ачык айтар сөздөр бар
12-бет
Спиртовые реки проходят мимо бюджета.
Почему?

13-бет
Таасирсиз Ташпаева, тайраңдаган аяштары
14-бет
Өлүмдөн коркпогон жаштар Бакиевдерди кармап келишеби?
15-бет
Темир Сариевге, Азимбек Бекназаровго
16-бет
ЧАГЫЛГАН










??.??