Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
ОБОНчулар же "Ата-Мекен" кейпин кийгендер
Ушул тапта жер-жерде башаламандык күчөп, ичи чыкпаган эски тарап менен азыркы өкмөттүн шарапаты менен келген "шарушилердин" ортосунда кызыл чеке кызмат талаш күчөп жатат. Бир кызматка бир нече киши туруп, кызмат даамын көчөдө жүргөн адамдар деле бир күн болсо да сезишти. Ушул кырдаал "ал" десе, алгыр куштай атырылып, бийликке кичи жеңиштерди камсыздап турган, "особый отряд" делген ОБОНчулар эми, жумуртка саясатынан оолактап, бирөөнү жумуштан алып, кайра башкасын коюп акча тапканга өтүшүптүр. Азыр мурунку бийликте турганын, он адам менен барып эшигинин алдына бир аз туруп койсоң кызматын тапшырып кетип жатпайбы. Оңбогурлар ушул кырдаалдан да кантип акча табуунун амалын акылдуулук менен камырдан кыл сууругандай табышып алганын карасаң. Анысы аз келгенсип, "биз "Ата-Мекен" партиясынын өкүлдөрү болобуз, сыйыңар менен эле чыгып кеткиле, болбосо..." деп божурашат дейт. Мындай окуя Кыргызстандын ОШ, Жалал-Абад облустарында байкалып, аларды жетектеп жүргөндөр айрым экс-депутаттардын аялдары экени да айтылууда. Түштүк аймагы азыркы Убактылуу өкмөттү кичине ич-күптүдөн улам тоготпогон кейипте турган учуру. ОБОНчулар ошол жактан чыгышкан. Учурунда Бакиевдер үчүн балит оюндарга аралашып, бийликтин Жаңыл мырзаларына айланышкан. Деги, булардан амал да качып кутулбайт экен. "Ата Мекен" партиясынан болобуз деп, азыркы учурдун оюнуна аралашып жатканы аз да болсо үмүттөрүнүн өчүп уялып калбагандарынын белгиси. Муну "атамекенчилер" билсе бир жагына чечип койгону жакшы. Айтор күдүк ойлор көп, же болуп-болбой жатып Бакиевдердин айрым кылыктарын кылтыйтып жатышкан буларың "атка жеңил тайга чак кылып" ОБОНчуларды айдактатканга алдыга салып алышаар бекен?




Жегениңерди жесирлерге кайтарып бергиле
Гезитибиздин мурунку чыгарылышында Миграция жана калкты жумуштуулук менен камсыз кылуу министрлигине караштуу Иммиграция бөлүмүнүн жетекчиси С.Бараканованын ишмердүүлүгү жөнүндө учкай маалымат берилип, сөз учугу кийинкиге калган. Ага болбой оңду-солду телефон чалуулар (аттарын атабай туралы) кулактын кужурун алып, айрым этникалык кыргыздардын аксакал-көксакалдары тийиштүү тармактан кабары бар, анын чоо-жайын иликтеп жаткан журналистибиз Зулпукаар Сапановго кысым көрсөтүп жиберишти. Бу жигит Кыргызстандын эркиндиги үчүн канжыгага башын байлап, регионалдык, уруучулдук түшүнүктөн жогору туруп, беш жыл бою Бакиев режимине каршы күрөшүп жүргөнүн жамы кыргыз журту билет. Бирок, чечилбей келген көйгөйлөрдү териштире баштаган жердешине бут тоскон этникалык кыргыздардын айрым дүжүр аксакал-көксакалдарына түк түшүнбөй турубуз. Булар жеке кызыкчылыктары үчүн өз уулун дагы жыга чабуудан артка кайтпайт окшобойбу. Же баш көтөргөндөрдү басып, көндүм адат боюнча эки, үч эле адам 30 миң этникалык кыргыздын тагдырын чечип, майкөл-сүткөл жашай беребиз деп ойлошобу? Эгер абийирлери болсо, эртең баары билинип уят боло электе, алгандарын бей-бечара, күйөөсү жок баласын багалбай жаткан жесир аялдарга беришээр.
Этика, маданияттуулукту сактап, жарыя кылчу маалыматтарды артка жылдырдык. Тийиштүү тармактын жетекчилиги өзү билип, этникалык кыргыздардын социалдык, экономикалык, укуктук ж.б. көйгөйлөрүн чечүү үчүн беш жыл ичинде мамлекеттен канча акча бөлүнүп, кайда коротулганы боюнча элге маалымат берсин. Ортомчу болгон аксакал-көксакалдар чындап эле эл үчүн, этникалык кыргыздар үчүн күйүп-бышып жатса, бул ишти колдоого алып, тийиштүү маалыматтарды элге жеткиргенге аракет көрөөр деп турубуз. Жетекчиликке жаңы келген министр айым дагы муну көз жаздымда калтырып, кайдыгер карабайт деп ишенебиз. (Белгилүү болгон жагдайларга байланыштуу өң тааныштык менен бөлүнгөн уйлар, Оогандык кыргыздарга жасалган сапар туурасында журналисттик иликтөө баштадык).


"АК ЖОЛДОН" АБАЙЛАГЫЛА!
Орус тарыхында Иван Сусанин деген атты "Ак жол" деген партиянын ашкеби, илим-билимсиз, принципсиз депутаттары гана билбеши мүмкүн, а бирок элдин эсинде тарыхта ал киши нукура мекенчил абышка катары белгилүү. 1812-жылдагы орус-француз согушунда Россияга басып кирген Наполеондун түмөн аскерлеринин бир бөлүгү орус токоюнан адашып калат эмеспи. Жер шартын жакшы билген Иван Сусанинди француздар "жол көрсөт" десе, адашып, туура эмес жолдо бараткан баскынчы аскерлерди ал ого бетер чытырман токойго кептеп таштайт. Орустун кышкы суугунан бир эсе жүдөп кырылган душман эми минтип чылк токойдо ачкачылык менен сууктан кырылат. Анын сыңары, жаңы системаны кура баштаган азыркы кыйчалыш учурда ар бир кыргыз Иван Сусанинге окшоп патриот болсо деп тилейсиң. Мекениңдин келечегине салым кошуш үчүн сөзсүз эле "Ак жол", "Алга Кыргызстан" деген "самопал", жел козу партияларга кире коюп, бийликтин "айт" деп айтканын "хайт" деп аткара салуу шарт эмес.


Такыр башка чач чыгат, сак болгула кыргызым
Бийликке кандай адам келбесин тилин таап, ичи койнуна кирип кеткен Араппай Төлөнов деген "азамат" бар. Бул адамдын башы жылтырак болгону менен, ичи кылтырак экенин баары билип бүткөн. Байлык дегенде баарын унуткан кемпайлардын бири. Кулов отставка берип, эл кабылдаган Конституцияны бузаарда Бакиев үчүн эркин журналисттерди сөккөнүн көрүп түңүлгөнбүз. Азыр "Акжолдун" атаманына айланган Араппай эмнегедир көрүнбөй калды. Кайсы коңулга кире качты экен. Бишкектин чок ортосуна жайгашкан "Жалал-Абад" чайханасынын чыныгы ээси келип, аны кууп чыкканын угуп, бечаранын казаны какшыганбы деп турубуз. Кара-Сууга легалсыз кытайды толтуруп, түштүк миграцияны түпкүчтөй түйгөн карачечекей үкөсүнүн дагы көчүгү ээрден кыйшайды дешет. Жыйырма жыл бою шаңдуу шапар тээп жашаган Төлөновдордун абалына мышык ыйлап, Араппай мырзага чач чыгыптыр. Өңүн өзгөртүп, жаңы бийликтин камчысын чабайын дегениби деп таң калып жатабыз.


"СЕБАТ" ЛИЦЕЙЛЕРИНДЕГИ ЧОҢ МУШТУМДУК
Таластагы кыргыз-түрк балдар лицейинде мугалимдердин кезектеги чоң муштумдук фактысы билинди. 9-"б" классынын тарбиячысы Ахмед Аби өзү тарбиялап жүргөн окуучуларына маал-маал пластмасса таяк менен тарбия берерлиги билинип калды. Ушуга чейин жаап-жашырылып жүргөн окуучуларды уруп-сабап, күч колдонуу менен окутуу жана тарбиялоо бир нече окуучулардын ырастаганы боюнча чындык экендиги билинди. Буга чейин үч жолу ушундай ыкма менен тартипке чакырылган окуучу Эрбол Жаңыбаевди ата-энеси психологиялык реабилитациялоодон өткөрүп, бир нече күн эс алдырууга алып кетишти.
Кыргыз-түрк балдар лицейлериндеги окутуунун жана тарбиялоонун мындай "ыкмасы" Таластагы лицейде эле эмес, Кыргызстандын башка аймактарындагы лицейлерде да орун алгандыгы туурасында буга чейин да айтылып келген. Токмок шаарындагы лицейдин окуучулары арасындагы тартипсиздиктер четтетилбей келүүдө. Нарындагы лицейде окуу-тарбия берүүдөгү орун алган кемчиликтерден улам бир окуучунун каза болуп калган жагдайлары да коомчулукка анча белгисиз бойдон калып кетти. Контракттык акы төлөө кайсы жүйөөлүү себептерден улам жыл сайын жогорулап бараткандыгы коомчулукка ачык айтылбайт. Бул туурасында да ата-энелер арасында нааразылык күчөп баратат. Газетабыздын кийинки сандарында "Себат" лицейлериндеги ушул көйгөйлөр туурасында кененирээк сөз кылабыз.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
БАКИЕВДЕРДИ КОЛГО ТҮШҮРСӨҢ,
100 МИҢ ДОЛЛАР СЫЙЛЫК АЛАСЫҢ!

2-бет
"Көчмөндөр демократиясы"
Кокон хандыгына каршы

3-бет
Тазалануу декретин кабыл алдыралы!
4-бет
ОШТОГУ ЖАҢЖАЛ
5-бет
ОБОНчулар же "Ата-Мекен" кейпин кийгендер
6-бет
1-май сотунан бир ирмем
7-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
8-бет
Чолпон Турсуновна дале апакай
9-бет
Улуу Жеңиштин жылдыгына
10-бет
Ау-у, депутат Раиса айым, кайдасыз?
11-бет
Ачык айтар сөздөр бар
12-бет
Спиртовые реки проходят мимо бюджета.
Почему?

13-бет
Таасирсиз Ташпаева, тайраңдаган аяштары
14-бет
Өлүмдөн коркпогон жаштар Бакиевдерди кармап келишеби?
15-бет
Темир Сариевге, Азимбек Бекназаровго
16-бет
ЧАГЫЛГАН










??.??