Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
ОШТОГУ ЖАҢЖАЛ
Жер-жерлерде 1-май күнү эмгекчилердин тилектештик майрамы белгиленип жатса, Ош шаарында бир жаңжалдын учкуну дүрт этти.
Ош ШИИБнин жетекчиси Курсант Асанов маалымат жыйынында билдиргендей, 1-майга караган түнү Ош темир жол бекетинде өзбек улутундагы ишкерлер чет өлкөдөн ташып келинген автоунааларды түшүрүп жаткан кезде кыргыз улутундагы эки жигит тийишип, акча талап кыла баштаган. Жыйынтыгында, эки тарап урушуп, ортодо чатак чыккан.
Дагы жакшы, милициянын оперативдик тобу кагылышууну учурунда басып, ишкерлерди тоноого аракеттенген адамдар дароо кармалган. Ушу тапта кармалгандардын үстүнөн жарандарды опузалаган жана акча талап кылган деген доо менен кылмыш иши козголду.
Ал эми Ош облустук губернаторунун милдетин аткаруучу, аймактык координациялык кеңештин төрагасы Сооронбай Жээнбеков 1-май күнү болгон Ош шаарындагы окуя кылмыштуу топтордун чыр-чатагы, кыргыздар менен өзбектердин ортосунда эч кандай тирешүү жок экенин жана бийликтен кеткендер акча таркатып, улут аралык жаңжалды тутандырууга жандалбастап жатканын белгилеген.
"-Ошто тополоң чыгарып, сыртынан бизге жардам беримиш болуп, башка күчтөрдү киргизүүнү каалаган, байлык-бийлигинен ажыраган адамдар тынчыбай жатышат. Алардын куйругу али үзүлө элек" - дейт С.Жээнбеков.




ЖАШТАР КЫЗМАТКА ДАЯРДАлАТ
Убактылуу өкмөттүн жума аягындагы жыйынында жаштардын 100 өкүлүн мамлекеттин башкаруу кызматына даярдоо жөнүндө кеп козголду. Ал үчүн жаштарды окутуу 2-10 айга чейин созулары маалымдалды.


МАЙРАМДЫК МИТИНГ
Кыргызстандын коммунисттери 1-май- эмгекчилердин майрамын унуткан жок. Алар өткөн ишембиде пролетариаттын улуу жол башчысы В.И.Лениндин эстелиги орнотулган эски аянтка чогулушуп, майрамдык митинг уюштурушту. Майрамдык маанайда өткөрүлгөн бул иш-чарага коммунисттик партиянын мүчөлөрү жана совет мезгилин унутпаган 200гө чукул адам катышып, колдоруна "Энергетика - элдики!", "Адамдын эмгегин коргойлу"деген сыяктуу ураандар жазылган байрактарды көтөрүп алышкан.
Кыргызстан Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев митингдеги сөзүндө эмгекчилердин укугу туурасында кайрылуу даярдашып, аны Убактылуу өкмөткө беришерин жана анда апрель окуясынан кийин таркатылган ЖКнын аппарат кызматкерлери, Конституциялык соттун, мамлекеттик кызматкерлердин укуктары белгиленгенин билдирди.
Буга жооп кыла Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаевдин айтымында, мамлекеттик кызматкерлердин иш орундары жана укуктары толук сакталуу.
- Убактылуу өкмөттүн кызматына алынбаган кызматкерлердин иш орундары сакталат. Алардын көпчүлүгүнө иш өргүүсү берилген. Күзүндө жаңы парламент шайланып, жаңы өкмөт калыптангандан кийин өз-өз ордуларына келет. Түзүмдү өзгөртөбү, кыскартабы, кызматтан алабы, аны жаңы бийлик чечет. Мына ушундай чечим кабыл алынган,- дейт аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев.


ЖЫЙЫЛГАН КӨЙГӨЙЛӨР ЖЫЙЫНДА АЙТЫЛДЫ
Өткөн жуманын аягында Убактылуу өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда бир катар көйгөйлүү маселелер козголгон. Кеңешмеде улутташтыруу жөнүндөгү мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы Адилет министрлигине жүктөлдү. Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин сөзүнө караганда, улутташтыруу жараянынын жалпы тартиби болууга тийиш. Мындай мыйзамдын жардамы менен Курманбек Бакиевге жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү өлкө ичинде гана эмес, сырттагы ишканалардын мамлекетке өтүүсүнө шарт түзөрүн айтат каржы министри.
Ушул эле жыйында Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева өлкөнүн аймактарындагы айыл өкмөттөрүн окутуу боюнча кеп козгоду.
- Айыл өкмөттөрүндө иштеген кызматкерлерди кыска мөөнөттүн ичинде, тактап айтканда, 2-4 айдын аралыгында гранттын негизинде окутуу болот. Тандоо 1-июндан башталса, окуу 10-июндан башталууга тийиш,-дейт Роза Отунбаева.
Мурдагы бийлик убагында мамлекеттик кызматтарда иштеп, ошол бийликтин былыгын, көз боемочулуктарын билген катардагы кызматкерлер өз ыктыяры менен келип тергөөгө жардам берип, сотто көрсөтмө берсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.
Бул маалымат 30-апрелдеги Убактылуу өкмөттүн жыйынында белгилүү болду. Андыктан, К.Бакиев жана ага табакташ жан-жөкөрлөрдүн жеп-ичкенин билсеңиз,эл алдында жүзүңүз жарык болсун десеңиз, коркпостон сотко барып айтып бериңиз,-дешет Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү.
Ушул эле кеңешмеде Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров экс-президенттин уулу Максим Баиевге карата козголгон кылмыш иши туурасында баяндап берди.
- Ал менчиктештирүүдө жана мамлекет кызыкчылыгынан четтеп, контракт түзүүдө туура эмес иштерди жүргүзгөн,-дейт А.Бекназаров. Ошондой эле ал өзүнүн сөзүндө Максим Бакиевге КЖКнын 183,187-беренеси боюнча айыптоолор коюлуп жатканын баса белгилейт.


ДАГЫ БИР ЧИНОВНИК КАРМАЛДЫ
Убактылуу өкмөттүн К.Бакиев учурунда иштеген мамчиновниктерге кайрылып, "өз эркиңер менен тергөөгө көмөктөшкүлө" деген кайрылуусу өз үзүрүн берип жатат окшобойбу. Дегенибиз, коогалаңдуу апрель айынын акыркы күндөрүндө президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Каныбек Жороев камалды.
Ал өз ыктыяры менен апрель окуялары боюнча көрсөтмө берүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылган. Учурда К. Жороевге Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматынан кыянаттык менен пайдаланды" деген 304- берененин негизинде айыптоо тагылып, ал УКК СИЗОсунда камакта.


МОРАТОРИЙ ЖОЮЛДУ
Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө карата коюлган мораторийди алып салуу боюнча декрет кабыл алынды. Декреттин долбоору экс-президент К.Бакиевдин үй-бүлөсүнө байланышкан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо боюнча иш аяктаганына байланыштуу каржы министринин милдетин аткаруучу Т.Сариевдин кайрылуусунун негизинде даярдалган. Арийне, декреттин долбоору кылмыш иши козголгон обьектилерге тиешеси жок.
- Дыйкандардын баары кредит ала албай калышты. Анткени, мүлктү күрөөгө кое албай калды. Мына ошолордун баарын алып салуу үчүн мораторийди жоюу керек,- деген каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев бардыгы мыйзамдын негизинде болорун билдирет.


РЕФЕРЕНДУМГА ДАЯРДЫК БАШТАЛДЫ
Үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда белгиленген элдик референдумга жумшалуучу каражаттын суммасы 128 млн.797 миң сомго барабар.
Бул маалымат Убактылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында белгилүү болду.
БШКнын каржы материалдык жана техникалык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Бактыгүл Салыкбаеванын айтымында, комиссиялардын чыгымдары 5 млн. 816 миң сом, Борбордук шайлоо комиссиясынын өзүндө коротулуучу каражат 61 млн. 119 миң сом деп аныкталган.

"Алиби" пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
БАКИЕВДЕРДИ КОЛГО ТҮШҮРСӨҢ,
100 МИҢ ДОЛЛАР СЫЙЛЫК АЛАСЫҢ!

2-бет
"Көчмөндөр демократиясы"
Кокон хандыгына каршы

3-бет
Тазалануу декретин кабыл алдыралы!
4-бет
ОШТОГУ ЖАҢЖАЛ
5-бет
ОБОНчулар же "Ата-Мекен" кейпин кийгендер
6-бет
1-май сотунан бир ирмем
7-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
8-бет
Чолпон Турсуновна дале апакай
9-бет
Улуу Жеңиштин жылдыгына
10-бет
Ау-у, депутат Раиса айым, кайдасыз?
11-бет
Ачык айтар сөздөр бар
12-бет
Спиртовые реки проходят мимо бюджета.
Почему?

13-бет
Таасирсиз Ташпаева, тайраңдаган аяштары
14-бет
Өлүмдөн коркпогон жаштар Бакиевдерди кармап келишеби?
15-бет
Темир Сариевге, Азимбек Бекназаровго
16-бет
ЧАГЫЛГАН










??.??