Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Бакиевдерди кармаганга 100 миң доллар сыйлык берилет
Убактылуу өкмөт өзү кармай албасына көзү жетип, кыргыз элинин алдында оор кылмыш жасаган адамдарды кармап берген же кармаганга көмөк көрсөткөн жарандарга 20 миңден 100 миң долларга чейин сыйлык берүү чакырыгы менен чыкты. Алар: Жаныбек Бакиев, Максим Бакиев, Ахматбек Бакиев, Каныбек Бакиев, Марат Бакиев, Данияр Үсөнов, Игорь Чудинов, Алексей Елисеев, Алексей Ширшов, Сапарбек Балкыбеков, Акимжан Муйбиллаев, Курманбек Темирбаев, Нурлан Темирбаев. Кимде ким бул адамдардын жүргөн жерин билип, доллар алгысы келсе, (0312) - 62-11-71, 62-38-74, 66-30-29, (0-555) 30-46-83. телефондоруна кайрылсаңыздар болот.


Тазалануу декретин кабыл алдыралы!
Эки бийликте үзүрлүү иштеген эски кадрлардын кайра эле бийликке келип жатканы тууралуу эл арасында кызуу айтылып, ММКлардан дагы чагылдырылып жатат. Бирок, Убактылуу өкмөттүн угайын деген түрү көрүнбөйт, баягы эле Бакиевдин жолоюнда бараткандай өңдөнүп. Кечээ эле оппозиция болуп жүргөндө, акаевчилер Бакиевдин жанына топтолуп алды дегенди баары айтып келишкени белгилүү. Бүгүн ал сөздөрүн унутушту. Баягы ашмалтайы чыккан, эл мүдөөсүнө каршы саясат жүргүзгөн Акаев менен Бакиевдин системасын чыңдаганга жан үрөгөн адамдарды кайра эле креслого миңгизишти. "Акжол" партиясынын депутаттарын Конституциялык кеңешмеге катыштыра баштады. Мындай шартта Өмүрбек Абдрахманов сунуштаган люстрация мыйзамын кабылдатууга аракет көрбөсөк болчудай эмес. Акаев, Бакиевдин бийлигин чыңдаганга салымын кошкон жетекчилер менен депутаттар кеминде он жыл саясатка аралашканга, бийликке келгенге Убактылуу өкмөттүн декрети менен тыюу салдыруу - учурдун талабы болуп туру. Муну Европа өлкөлөрү колдонгон, т.а. Чехославакия, Венгрия, Польша мамлекеттери ушундай жолго барышкан.


Ыкшоолуктун азабын тартпасак...
Өлкөнүн түштүк аймагында абал оорлошууда. Түрдүү чакырыктар, араздашуу учкундары жылт этүүдө. Убактылуу өкмөт эч нерсе болбогондой түр жаратып, көңүл кош мамиле кылганы ачык эле байкала баштады. Аны уюштуруучуларды кармоого аракет көрбөй, эл билбей калгандай таризинде акылдуусунуп, "мурунку бийлик уюштурууда" дегенден башканы билбегени, алардын алсыздыгын көрсөтүүдө. Жетекчилердин ММКлардан башы көрүнүп, баары жайында деп жооткоткону менен, Оштун тегерегинде өзбек-кыргыз улутунун ортосунда үч жерден чыр чыгып, тополоң менен бүткөнү айтылууда. Чукул арада тезинен чара көрүлбөсө, мунун аягы жакшылык менен бүтпөчүдөй түрү бар. Аны Убактылуу өкмөт ойлонобу, жокпу убакыт көрсөтөөр.


Максимге дагы бир иш козголду
Максим Бакиев Транзиттик борборго күйүүчү майды мыйзамсыз сатып жүргөнү ачыкка чыкты. Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкектеги "Түндүк" жана "Манас" бажыканалары аркылуу 2005-жылдан бери акциз салыгы төлөнбөгөн 1 807,2 миң тонна реактивдүү күйүүчү май алынып өткөндүгү аныкталып отурат. Транзиттик борборго реактивдүү майды Лондон менен Гибралтарда катталган "Red Star Enterprises Limited" жана "Mina Corp Limited" компаниялары жиберип турган. Бул компанияларга реактивдүү күйүүчү майды "Манас Фьюэл Сервисез" ЖЧК, "Кыргыз Авиаэйшн" ЖЧК, "Сентрал Эйша Фьюэл" ЖЧК, "Авиейшн Фьюэл Сервис" ЖЧК, "Эйр Крафт Петрол Лимитет" ЖЧК жана "Централ Эйша Трейд групп" сыяктуу ишканалар Россиянын мунай иштетүүчү заводдорунан сатып алып, жиберип турушкан. Аталган компаниялардын бардыгы Максим Бакиевге таандык болгон. Бул иш боюнча кылмыш иши козголду.


Милиция эми полиция болот
Кечээ Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Ички иштер министрлигинин Эргеш Алиев атындагы Милиция Академиясындагы тартип коргоо кызматкерлери менен жолугушту. Төрайым ички иштер тармагында олуттуу реформа жүргүзүлөрүн, милиция - полиция болуп түзүлөрүн, тартип коргоо кызматкерлеринин айлык маяналары көбөйтүлөөрүн белгиледи. Бийликке жеткиче милицияны ашатып, жеткенден кийин алардын маянасын көбөйтүп, калкан кылган компартия жетекчилеринин адаты жакын арада калбайт окшобойбу. Айлыгы айга жетпеген медик, мугалимдерди да кошуп койсо болбойбу, айланайындар. Же силерге кызыл шапкечендерден башканын кереги жокпу?


Ак чөп башта...
Гезитибиздин өткөн сандарынын биринде кабарчыбыз Адилет Айтикеевдин "Жаандан кийинки революционер" аттуу макаласы жарыяланган эле. Анда Талас шаардык мэриясындагы ички интригалар, ал жердеги болгон чатакка губернатордун кайдыгер мамилеси, ошондой эле шаардык кеңештин депутаттарынын мурдагы мэр Э. Турсункуловго берген "отметкалары" тууралуу жазылган эле. Макала негизинен үстүртөн алынган маалыматтарга таянып жазылгандыктан туура эмес имиштер арбын айтылган. Тагыраак айтканда шаардык кеңешти, губернатор Койсун Курманалиеваны жаманатты кылгысы келген айрым бейтарап адамдар ортого түшүп, түшүнбөстүктөрдөн улам жарыяланган макала үчүн автор кечирим сурайт. "Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" деген накыл кепти эске алып, айтылган сөздөргө маани бербей коюуңуздарды өтүнөбүз. Талас облус губернаторунун милдетин аткаруучу К. Курманалиевага жана Талас шаардык кеңешинин депутаттарына мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалайбыз.




Арбын-арбын акча алып, Ак сарайлуу болгон ким?
7-апрелден бери көпчүлүгүбүз чыныгы элдик бийлик орноду, эми убактуу келген өкмөт калыстык менен, элдин ишеничи, кеңеши менен кадр тандайт деп үмүт артып жатабыз. Бирок, азыркы бийлик башындагылар ошо кадр тандоо жагынан мурдагы бийликтин жолуна түшүп, эл арасындагы карапайым, бирок, өз ишинин адиси болгон, жеп-ичкенден алыс адамдарды кызматка алып келүүнүн ордуна, мурдагы эле "экс" жарлыгы бар, Акаевдин, Бакиевдин коррупцияга чыланып, колу булганган үлкөндөрдү кызматка алып келип жатканын угуп, кейип калгандар да арбын. "Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" демекчи, сол чөнтөктүн чыгын татып калган андайлар эртең эле кайрадан паракорчулук менен талап-тоноочулукка жол бербейт деп ким кепил боло алат. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн бир-эки мисал келтирели. Номур 1-мамлекеттик резиденцияда "отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн" Турдукожоев деген кожоюну бар. Бакиевдин бийлигинин тушунда ошо кан ордону аябай кайсап, оңду-солду жеп атып, Бишкектин Кызыл-Аскер чөлкөмүнө кансарай салдырып алган. Кансарайы бекер материал менен салынып атканы аз келгенсип, кол алдындагы т.а. мамрезидециянын кызматкерлерин айдап барып, иштеткенин кантесиң. Анын багына ошо убактарда ШКУнун(ШОС) саммитинин шарданы менен резиденцияга ондогон мейманканалар курулуп, бир канча эски имараттар кожоюндун колу менен ың-жыңсыз "списывайт" этилип кетиптир. Кан ордого жөө келген Турдукожоев азыр жылтылдаган "Ланд Крузер" "жип" минип, кол алдындагыларды кызыл эттей кууруп турганын айтышууда. Бери жагы 200 гектарды ээлеген резиденциянын ичине кожоюн менен экс-президенттин иш башкармалыгы бир канча өндүрүш цехтерин ачып, кызылдай пайдага туйтунуп жатканы мурдатан эле каңшаарланчу. Баарынан кызыгы, кечээки 7-апрелдеги окуядан кийин "Мен кызматтан кеттим, менден кетсе кечирип койгула" деп көзүн жашылдантып, коллективден кечирим сураган деректир 5 күн өтпөй кайра ордуна барып отуруп калгандыгында. А дегенде кичипейилденип, кечээки кылыктарым билинип калбаса экен деп, "сиз-бизге" өткөн Турдукожоев эми кайрадан чакчырылып, айрым иш билги кызматкерлерди "сенин бул жерге иштөөгө МОРАЛДЫК укугуң жок, сен Бакиевдин кишисисиң, арызыңды жаз да, көзүмө көрүнбөй жогол" деп иштен кубалап жатканын угуп жакабызды кармадык. Кечээ эле Бакиевдин колтугун жалап, Татьяна Бакиевага ай сайын 100 миң сомдук белек көтөрө чуркаган деректирдин бул сөзүнөн кандай тыянак чыгарсак болот да, кайсы моралдык укук тууралуу кеп салабыз? Угушубузга караганда, анын тактысына кайрылып барышына Убактылуу Өкмөттүн курамындагы Эмил Каптагаев себепчи экен. Анткени, жана сөз башында биз айткандай, жердешчилик таасир этип, жең ичинен макулдашылып калгандай. Эмне демекчибиз, эл азыр баарын көрүп, билип, түшүнүп турат. Эртең эле мындай кадамдар өздөрүнө кыйынчылык жаратпаса болду. Айтмакчы, жакында №1-мамрезидециянын 100гө чукул кызматкери деректирдин кылыктары тууралуу ачык кат жарыялап, тиешелүү жерлерге киргени жатканын айтышты. Айткыла, ачыкка чыгаргыла, чындап эле эл үчүн иштегендер келген болсо, андай мыйзамсыз аракеттенген баштыктарды мыйзам чегинде жазаласын!


"Алиби" пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
БАКИЕВДЕРДИ КОЛГО ТҮШҮРСӨҢ,
100 МИҢ ДОЛЛАР СЫЙЛЫК АЛАСЫҢ!

2-бет
"Көчмөндөр демократиясы"
Кокон хандыгына каршы

3-бет
Тазалануу декретин кабыл алдыралы!
4-бет
ОШТОГУ ЖАҢЖАЛ
5-бет
ОБОНчулар же "Ата-Мекен" кейпин кийгендер
6-бет
1-май сотунан бир ирмем
7-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
8-бет
Чолпон Турсуновна дале апакай
9-бет
Улуу Жеңиштин жылдыгына
10-бет
Ау-у, депутат Раиса айым, кайдасыз?
11-бет
Ачык айтар сөздөр бар
12-бет
Спиртовые реки проходят мимо бюджета.
Почему?

13-бет
Таасирсиз Ташпаева, тайраңдаган аяштары
14-бет
Өлүмдөн коркпогон жаштар Бакиевдерди кармап келишеби?
15-бет
Темир Сариевге, Азимбек Бекназаровго
16-бет
ЧАГЫЛГАН










??.??