Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Курумушу

"Көчмөндөр демократиясы"
Кокон хандыгына каршы
Жалпы элдик референдумга коюла турган Баш мыйзамда каралган парламенттик башкаруу формасына каршы чыккандардын саны аз эмес. Каршылардын келтирген жүйөөлөрү боюнча эгер, партиялардын тизмеси менен шайланган көп фракциялуу Жогорку Кеңеш түзүлүп калса, анда өлкө парламенттик кризистен башы арылбай калган абал түзүлөт. Мындай кезде өлкөнүн өсүп-өнүгүүсү үчүн ички саясый каскактын пайда болору айкын. Айрымдары, атап айтсак Турсунбай Бакир уулу сыяктуулардын айтымында, СДПК, "Ата Мекен", "Ак шумкар" окшогон ири партиялардын коллективдүү диктатурасы орношу мүмкүн. Кээ бирлери саясый партиялардын эл ичинде ишеними төмөн экендигине байланыштуу парламенттик республика дегениң курулай эле утопия, азыркы баш аламандыктан чыгуу үчүн катаал презденттик башкаруу талап кылынат дешет.


Асыресе, парламенттик башкаруу формасын киргизүү каралган жаңы Конституцияга 27-июндагы референдумда эл оң көз карашта экендигин баамдоого болот. Анын олуттуу себеби - акыркы беш жыл аралыгында өлкө орто кылымдык деспотияга, Кокон хандыгынын зулумдугун алып барып кептеген К.Бакиевдин диктатурасына карата кыжырдануу сезими пайда болгонуна байланышат. Коомдук пикир К.Бакиевден кийин президенттик башкарууга караганда, парламенттик республикага оодук экенин байкоо кыйынчылык жаратпайт.
Эки жүздүү, шыпыртма калп К.Бакиев бийликке келгендин биринчи күнүнөн баштап өзүнүн абсолюттуу жеке бийлигин, непотизмге негизденген Бакиевдер кланын, үй-бүлөнүн диктатурасын орнотконго киришкени белгилүү. Бакиевдердин диктатурасынын орношуна парламенттеги "Ак жол" фракциясындагы, өкмөттөгү, "ынтымак курултайы" деп аталган маңкурт делегаттарынын жыйынынан турган жасакерлердин армиясы кол кабыш кылды, сүрөөн болду. Асыресе, бийлик режими Бакиевдер кланынын үстөмдүгүн орнотуп жаткан кезде кыргыз кырк уруу элден туурарын эске албай чоң жаңылыш кетиришти. Өткөн тарыхы "көчмөндөр демократиясына" байланышкан элдин зулум хандын, бир кландын бийлигин, төтөн К.Бакиевке окшогон жалпы саясый маданияты төмөн, уятсыз, өлөрман киши башында турган үй-бүлөнүн диктатурасына моюн сунуп ымтырап отуруп калары кыйын эле. Окумуштуулардын белгилегенине караганда, номаддын менталитинде адилеттүүлүк доминанты чоң мааниге ээ. Көчмөндөр эркиндик үчүн жанын кыюуга даяр эл болот. 7-апрелдеги К.Бакиев менен үй-бүлөсүнүн буйругу менен калкка каршы курал колдоно баштаганда да көчмөндөрдүн тукумдары болгон көтөрүшчүлөр жамгырдай жааган окко жалтанбай акыр аягына дейре кайраттарынан жазбай туруп бергени бекеринен болгон жок. К.Бакиев Кокон хандыгындагыдай деспотияга мүнөздүү көз карашка ылайык "профилактикалык" ок аттырып бир-экөөнү жайлап таштасам, калгандары жанын оозуна тиштеп алышып "согуш талаасын" таштап качышат, чилче тарайт деп ойлогон эле. Иш жүзүндө К.Бакиев ойлогондон тескери болуп чыкты. Ата-бабасы жоокер "көчмөндөр демократиясы" канына сиңген кыргыз эли болуп көрбөгөндөй туруктуулуктуу көргөздү. Борбордук аянт канына бөлөнүп жатканын кайыл болуп акыры деспотиянын үстүнөн жеңишке жетишти. Натыйжасы,баарыбызга белгилүү, трагедиялуу аяктады - 86 митингичи набыт болуп, 1500дөн ашык адам жарадар болду. Ошондуктан Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн режиминин өзүнүн элине ок аткан фактысы гана эмес, бийликти сактап калуу максаты менен массалык түрдө канды суудай агызган канкордук үчүн да кылмыш жоопкерчилине тартылышы кажет.
Экинчи жагынан элдин көтөрүлүп чыгышына Бакиевдер кланын жанда жок ач көздүгү өбөлгө түзүп бергени да анык. Өлкөдөгү эң башкы "прихватизатор" Максим Бакиев атасы түзүп берген ЦАРИИни бетке кармап "бозомтук схемалар" аркылуу өлкөдөгү ири банктарга, бюджеттик каражаттардын аккумилацияланышына көзөмөл орнотуп, медиаструктураларды, телекоммуникациялык активдерди ээлеп алганына ыраазы болбой, энергетика секторуна да суук колун сала баштаган. Бакиевдердин режими диктатурасы үстөмдүк кыла баштаган кезде, өлкөнүн энергетика системасы кыйын абалга дуушар болуп, киреше киргизбей калган тармакка айлана баштаган эле. Ошондуктан энергетика секторунан киреше алуу эмес, кризистен чыгуу башкы маселеге айланган. Алдыда 80-90%га чейин эскирип кеткен жабдууларды алмаштыруу милдети туруп калган. Ач көз үй-бүлө көтөрүм болуп калган энергетиканы жеке кызыкчылыктар үчүн пайдалуу тармакка айландыруунун жолун издей баштады. Акыры, анын ылаажысын да тапты. Амалы адаттан тыш жөнөкөй болуп чыкты. Электрге болгон тариф төлөмдөрүн эки эсеге, ысык суу менен жылуулукка он эсеге көтөрүп, оорчулукту элге жүктөй коюу менен киреше алып келе турган тармакка айландырышты. Мындан кийин жапма челек ыкмасы б.а бармак басты, көз кысты амалы менен четинен кертип, энергетиканы менчиктештирүү ишин баштай берсе болот деп чечишти. Бийлик режими бул кезде дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризистин капшабына кабылып итке минген жакырчылыкка кабылган эл, зулум тарифти көтөрө алабы деген ойго келген да жок. Ошентип, тапкан-ташыгандын баарын тариф төлөмдөрүнө жумшоого аргасыз болгон эл ичинде нааразычылык болуп көрбөгөндөй өсүп өз апогейине жеткенине Бакиевдер кланынын өздөрү себеп болгону анык. Эл болсо дискриминациялык тарифтин киргизилиши менен Бакиевдердин кланын, анын ичинде, Максим Бакиевдин колун караган түбөлүк кулуна айланарын аңдап билип турушкан эле. Ал эми кулдарды башкаруу жеңил болору эбактан белгилүү эмеспи. Эл мындай ачыктан ачык зомблукка чыдай алышы кыйын эле.
Кийинки кездери К.Бакиевдин Кокон хандыгын түзгөнүн ырастаган түздөн-түз фактылар пайда боло баштады. Анын мисалы катары - К.Бакиевдин көп аял алганы (азыркыга дейре официалдуу аялы Татьяна Васильевнадан тышкары канча токолу бар экени боюнча так маалымат жок) жөнүндөгү "жабык" маалыматтарды көрсөтсө болот. К.Бакиевдин азыркы "гареми" болсо Кокон хандыгынын атрибуттарынын бирине кирери белгилүү. Дагы бир хандыктын эн тамгалык белгиси - К.Бакиев мамлекеттик иштен чарчаганда сейилдеп көңүл ачып алаксуу үчүн курулган "Кызыл китепке" киргизилген экзотикалык жан-жаныбарлардан турган зоопарк. Кыргызстанда эл үчүн зоопарк жок кезде "улуу урматтуу Курманбек Бакиевичтин" жеке башынын ырахаты үчүн атайы көңүл ачуу жайынын курулушу деспотиялык бийликтин орногонунун күбөсү болуп берет эмеспи. Ал эми, бийликти укумдан тукумга мурас катары өткөрүп берүү боюнча монархиялык системанын орнотконун айтып отуруунун кажети жоктур. Ал жалпы элге белгилүү.
Үсөн Касыбеков




7-апрелде элге ок аткандар кимдер?
28-апрелде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 7-апрель күнү Ала-Тоо аянтында болгон кандуу окуяга жоопкер катары кылмыш иши ачылган адамдардын тизмесин жарыя кылды.
Жогорку мамлекеттик кызматты ээлеп турган жетекчилерге кызматынан кыянатчылык менен пайдалануу жана адамдарды өлтүрүү боюнча айыптар коюлууда. Ал айыпкерлер төмөндөгүлөр:
1.Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы орун басары Д.Дунгановго айып коюлуп, УКМКнын СИЗОсунда кармалып турат.
2.Мурдагы коргоо министри Б.Калыевге айып коюлуп, УКМКнын СИЗОсуна камалган.
3. Мамлекеттик күзөт кызматынын жетечиси Ж.Бакиевге айып коюлуп, издөө жарыяланган.
4. УКМКнын экс-төрагасынын жардамчысы М.Бакиевге айып коюлуп, издөө жарыяланган.
5.УКМКнын экс-төрагасы М.Суталиновго күнөө тагылып, издөө жарыяланган.
6. Экс-премьер-министр Данияр Үсөновго айып тагылып, издөө жарыяланган.
7.Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-биринчи орун басары Н.Темирбековго айып коюлуп, издөө жарыяланды.
8. Президенттин коргоо жана коопсуздук иштери боюнча экс-кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев өзү келип, көрсөтмө берүүдө.
9.Мурдагы ИИМ жетекчиси М.Конгантиевге айып коюлуп, камакка алынган.
Ошондой эле, Башкы прокуратуранын билдиргенине таянсак, президенттин иш башкармалыгын текшерүүдө сейфтен 11 139 090 сом, 52 887 доллар, 25 340 евро, 44 384 рубль, 52 520 белорусь рубли, 1 250 чех кронасы жана 2 200 венгер форинтосу табылган. Табылган бардык акча каражаттары Улуттук Банкка өткөрүлүп берилген.




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
БАКИЕВДЕРДИ КОЛГО ТҮШҮРСӨҢ,
100 МИҢ ДОЛЛАР СЫЙЛЫК АЛАСЫҢ!

2-бет
"Көчмөндөр демократиясы"
Кокон хандыгына каршы

3-бет
Тазалануу декретин кабыл алдыралы!
4-бет
ОШТОГУ ЖАҢЖАЛ
5-бет
ОБОНчулар же "Ата-Мекен" кейпин кийгендер
6-бет
1-май сотунан бир ирмем
7-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
8-бет
Чолпон Турсуновна дале апакай
9-бет
Улуу Жеңиштин жылдыгына
10-бет
Ау-у, депутат Раиса айым, кайдасыз?
11-бет
Ачык айтар сөздөр бар
12-бет
Спиртовые реки проходят мимо бюджета.
Почему?

13-бет
Таасирсиз Ташпаева, тайраңдаган аяштары
14-бет
Өлүмдөн коркпогон жаштар Бакиевдерди кармап келишеби?
15-бет
Темир Сариевге, Азимбек Бекназаровго
16-бет
ЧАГЫЛГАН










??.??