Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Тагдыр

ЧАГЫЛГАН
Нурбүбү БӨДӨШОВА
(Уландысы. Башы өткөн санда)
- Эми эмне кылмак элең. Силердин деле таанышканыңарга көп болуп калбадыбы... - "чогуу жашаганыңарга" деген сөз Гүлжамалдын тилинин учунда турса да, Мадинага ачык айта албадыбы. - Ушунча убакытта сен деле...
Буйдалып сүйлөй албай калган Гүлжамалга:
- Түшүнөм, сен деле төрөп-түшүп алсаң болмок, турмушка чыгып алсаң болмок деген сөздү айткың келип отурат го... Мен деле ошентейин дедим. Бирок Ренат өзү "үйлүү болоюн, кызматым жогоруласын, ишим илгерилесин, акчаны арбыныраак табайын, анан-анан..." деп кечиктирип жүрө бербедиби!- деп кептин чынын айтты.

ХХХ
Ошол бойдон келип диванга бүк түшкөн Мадина эртеси эртең менен да турган жок. Түнү кирпик какпаганы менен, кыймылдап, ары-бери оонаганга да көңүлү келбеди. Кыймылдаганга да дарманы келбей аткан. Көзүнөн бир тоголок жашы чыкса не? Балким, ыйлап-ыйлап алса - жеңилденип калат беле. Капырай, бул эмнеси? Денеси катып калгандай... Колу - кол эмес эле жыгач болуп калганбы? Бу жаткан өзүбү, башкабы? А Ренат деген ким эле? Ал өзү эмес, башка адам турбайбы. Ренат менен чогуу жашаганы эмнеси, эгер анын баласы, аялы болсо? Бүгүн каякта ал? Дайыма ушинтип келбей калган күндөрү айылга, апама барып келдим, ал сага салам айтты деп келээр эле. Көрсө, ал айылга барбай эле аялына, баласына барып жүргөн турбайбы...
Баш-аягы жок ушундай ойлор мээсин эзип жиберди. Эмне кыларын да билбеди. Мындай жагдайда эмне кылса болот болду экен? - деп өзүнө миң ирет суроо берип, бир жолу да жооп таба албады.
Таң эрте терезеден түшкөн күндүн алгачкы шоолалары менен кичинекей бөлмө улам аздап түнкү караңгылыктан бошой баштады. Тигинде - буфет. Анын ичиндегилер көрүнө баштады...көмкөрүлгөн чынылардын жанындагы кичинекей бөтөлкө көрүндү. Уксустун бөтөлкөсү экен...уксус!
Чагылган "чарт" этти! Асманда эмес, бул чагылган кыздын мээсинде, жүрөгүндө чартылдап, жаркылдап жаткан. Түнү бою кыймылсыз жаткан денеси өзүнөн өзү кыймылга келди. Туруп, буфетке барды. Бөтөлкөнү алып, оозун ачты да башын өйдө көтөрүп уксусту аптыга оозуна куюп жиберди...
Эч ким менен коштошкусу да келген жок. А коштошуунун эмне кереги бар? Эч кимге барып арыз-арманын айткысы келген жок. А арыздануунун не кереги бар? Болгону, бу дүйнөгө жаралуу менен өлүү бар экенин билет. Демек, өлүмдөн коркуп кереги жок экен. Азыр, бир нече мүнөттөн кийин эле бу дүйнөгө жан болуп жаралганын, жигит сүйгөнүн, баарын-баарын унутуп салат. Эч нерсени билбей калат, демек, баарынан кутулат. Кандай оңой! Анан эмне, "Мен минтип, сен антип" деп эле өзүн да, өзгөнү да кыйнап эле жүрө бермек беле...
Ушинтип ойлору тумандап баштаган маалда эшик шарт ачылып, Ренат кирип келбеспи.
- Мадина, сен эмне кылып жатасың?!- деп ачуу кыйкырган Ренат бир секирип кызга жетти. - Ичпе-ее!
Ренат Мадинанын колундагы уксустун бөтөлкөсүн жулуп алды. А бирок, Мадина ага чейин оозуна куюп жиберүүгө үлгүргөн болучу. Деми кыстыгып, катуу туйлап, бети-башы коркунучтуу жыйрылып чыкты. Ренат ошол бойдон кызды көтөрүп чуркап, машинасына салды да, жакынкы эле ооруканалардын бирине жетти.
ХХХ
Алгач, Мадинанын уксусту эмнеге ичкенин эч ким билбеди. Апасы менен эжеси оорукананы айланчыктап ыйлап жүрүштү. Бири-бирине "катуу сөз айткан жок белең?" деп сурап коюшат, кайра ийиндерин куушуруп коюшат... Анан, кимден кандай сөз укту болду экен?! Ооруканага Мадинаны көргөн курбуларынан сурашат. Алар деле эч нерсенин шек-шыбаасын билбейт экен.
Ал эми мобу татынакай жигит да канча күндөн бери Мадинага кирем деп ушул жерди сагаалап жүрөт? Бул ким болду экен? Мадинанын апасы менен эжесине салам айтканы менен өзүнөн өзү качып тургансыйт. Көздөрү алаңдап, бир нерседен корккон адамдай.
- Бул ким? -деп сурады апасы кызынын бир курбусунан.
- Бул... мм...Бул - Мадинанын жакшы тааныштарынын бири. Чогуу иштешет болуш керек ...-деп кутулду анысы.
Дагы бир курбусунан сурашты. Ал Мадина менен Ренаттын ортосундагы ысык мамилени, экөөсү "бүтүндөй Бишкекке той берип үйлөнөбүз" деп жүргөнү тууралу төкпөй-чачпай айтып берди.
- Экөөсү өтө ынтымактуу, ысык эле болучу...- деп, анан эле бул окуянын каяктан чыгып калганына таң калганын билдирди.
- А силерге андай-мындайын айтчу эмес беле?.. -деп уламдан улам сураган апасы жооп алалбады.
Кантсе да эне жүрөгү бир нерсени сезип турду. Мадина токтоо, акылдуу кыз болучу. Керек болсо, мына бу жанында турган улуу кызына караганда Мадинага көп ишеним арткан эне бул жерде түйүндүү сыр жатканын сезип эле турду. Акыры, тиги жигит ооруканага келгенде токтотуп сураганга аргасыз болду:
- Балам, Мадина азыр өзү сүйлөй албай жатат. Кызым чымындай жанынан кечип кеткидей кандай себеп бар экенин билээрсиң...
Ренаттын ансыз да акыркы күндөрү кубарып жүргөн жүзү ого бетер кумсарып чыкты.
- Мен эч нерсени билбейт экенмин...-деген жигит ооруканага экинчи келген жок.

ХХХ
Андан бери эчен ирет жаз жаңырып, эчен ирет күн күркүрөп, чагылган чартылдады дейсиз. А бирок, экинчи ирет жигит менен сүйлөшпөй, тили булдуруктап уксуска күйүп калган кыздын мээсинде баягы буурул таңда чартылдаган чагылгандын гана жаркылдагы кала бериптир... Ал - адам тагдыры менен ойногон эки жүздүүлөрдү жек көрүүдөн пайда болгон сезимдеги чагылган болучу.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
БАКИЕВДЕРДИ КОЛГО ТҮШҮРСӨҢ,
100 МИҢ ДОЛЛАР СЫЙЛЫК АЛАСЫҢ!

2-бет
"Көчмөндөр демократиясы"
Кокон хандыгына каршы

3-бет
Тазалануу декретин кабыл алдыралы!
4-бет
ОШТОГУ ЖАҢЖАЛ
5-бет
ОБОНчулар же "Ата-Мекен" кейпин кийгендер
6-бет
1-май сотунан бир ирмем
7-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
8-бет
Чолпон Турсуновна дале апакай
9-бет
Улуу Жеңиштин жылдыгына
10-бет
Ау-у, депутат Раиса айым, кайдасыз?
11-бет
Ачык айтар сөздөр бар
12-бет
Спиртовые реки проходят мимо бюджета.
Почему?

13-бет
Таасирсиз Ташпаева, тайраңдаган аяштары
14-бет
Өлүмдөн коркпогон жаштар Бакиевдерди кармап келишеби?
15-бет
Темир Сариевге, Азимбек Бекназаровго
16-бет
ЧАГЫЛГАН










??.??