Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаевага
жана анын орунбасарлары Алмазбек Атамбаевге, Өмүрбек Текебаевге,
Темир Сариевге, Азимбек Бекназаровго
Ачык кат
Урматтуу Убактылуу өкмөттүн жетекчиси жана анын мүчөлөрү!
Кыргызстан тарыхына кандуу так калтырып 2010-жылдын 7-апрелинде эл тараптан кулатылган "Акаев-Бакиевдин" коррупциялашкан, мафиялашкан, үй-бүлөлүк бийлиги биздин ыйык динибиз Исламга да терс таасирин тийгизип келди. Анткени, өткөн бийликтердеги чиновниктер КРнын Конституциясында көргөзүлгөн нормаларды одоно түрдө бузуу менен КМДБнын ишине кийлигишип, анын жетекчиси - Азирети Муфтийди саясий курал кылып алышкан эле. Эски Муфтий алар каалаган учурларда (шайлоолордо) мусулмандардын добушун алып берүү, саясий жыйындарда Өлкө мусулмандарынын атынан алардын саясатын колдоп, доклад кылуу сыяктуу "дежур" кызматтарды аткарып жүрдү. Мындан сырткары ал ар жыл сайын ажылык ибадатын соодага айлантып, Саудиядан акысыз келген визалардын ар бирин 200дөн 1000 долларга чейин сатып, Кыргызстан жарандары үчүн келген визаларды Өзбекстан, Кытай, Турция жана Тажикстандан келген миң чакты "гастролер-ажыларга" 2000-3000 доллар пайдасына өткөрүп, арам пайданы Бакиевдин үкөлөрү жана өзүнө "крыша" болгон күч органдарынын кызматкерлери менен бөлүшүп жүрдү. Анын бул кыянат ишин өзүнүн ишенимдүү он чакты ажы башчылары, кол астындагы куурчак Уламалар Кеңеши жана Муфтияттын эмгек коллективи колдоп турушту. Бул арам иштерди аткарууда ага эч бир "улама" же Муфтият кызматкери бир ооз болсо да каршылык кылган эмес! Анткени, ал Бакиевке жакындыгына таянып Муфтиятта өзүнүн жеке бийлигин - монархиясын орноткон болчу. Дүйнөлүк башкаруу системасына салыштырсак ал башкаруунун үч бутагынын бардыгын: Президенттикти (Курултайды уюштуруп башкаруу) Спикерликти (Уламалар Кеңешинин төрагалыгы) жана Премьер министрликти (Муфтийлик) жеке өзү ээлеп алган эле. Ал эми өлкөнү кара тумандай каптаган миссионерлерге каршы илим жана далил менен күрөшүү, Өлкө мусулмандарынын арасындагы талаш-тартыштарды илимий-масилеттик негизде жоюп, аларды ынтымакка чакыруу жана экстремисттик-радикал группаларга каршы илимий-түшүндүрүү иштерин алып баруу сыяктуу иштер Муфтийди дагы, "уламаларды" дагы, Муфтият кызматкерлерин дагы эч бир кайгыга салган эмес! Алардын башкы кызыкчылыгы башкада болгон деп айтууга болот. Мисалы: 2009-жылы жаңы мечитке чогултулган 12 млн. сом каражаттын кайда кеткени азыркыга чейин белгисиз.

Урматтуу Убактылуу өкмөттүн жетекчиси жана мүчөлөрү!
Биз - Кыргызстан мусулмандарынын кээ бир өкүлдөрү, кыркка жакын диний-коомдук уюмдардын жетекчилери динибиздин тазалыгы үчүн жогорудагыдай кылмыштарга кенен жол ачкан Муфтияттын эски системасын жаңылоо үчүн Кыргызстандын ар тарабынан реформалоочу долбоорлорду жыйнап, 11-апрелде "Кыргызстан мусулмандарынын убактылуу комитетин" түзүп, Муфтият менен бирдикте реформалык кадамдарды баштоо үчүн үч тараптын: КР Дин Агенттигинин, КМДБнын жана Комитеттин өкүлдөрү 28-апрель күнү Дин Агенттигинин жетекчиси Каныбек Осмоналиевдин кабинетинде жыйынга чогулганбыз жана бардык тараптардын макулдугу менен 31 кишиден турган (Муфтияттан 10, Комитеттен 10, Агенттиктен 3 жана көз карандысыз аалымдардан 8 киши) ишчи тобун түзүүгө келишкенбиз. Келишим боюнча Дин Агенттигинин жетекчиси жаңы Уставды жазуу үчүн бир ай мөөнөт чектеп, анын аралыгында КМДБнын уставын убактылуу токтотууга расмий эскертүү берген. Муфтияттан өкүл болуп келген Рахматулло Эгембердиев менен Ниязалы Шарипов бул келишимдин максатка ылайык болгонун баса белгилеп, "өткөн иштерди чукумай жок" деген шарт менен Муфтияттын атынан макул болушкан. Келишимге ылайык, эртеси күнү 29-апрелде үч тараптын өкүлдөрү, КМДБдан убактылуу Муфтий Сүйүн Ажы Кулуев, Комитеттен Бакыт Нурдинов, Агенттиктен Каныбек Осмоналиев бул окуя боюнча "Кабарда" маалымат жыйынын өткөрүшү керек эле. Бирок, эртеси күнү Муфтият курамы убадаларына кыянат кылып, келбей коюшту. Анын ордуна чукул жыйын өткөрүшүп, эски системаны сактап калууга чечим чыгарышыптыр жана убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев муфтиятка өзү барган учурда "Кокуй, Муфтиятты ваххабисттер басып алууну каалап жатышат! Бизди коргобосоңуз болбойт!" дешип арызданышыптыр. Эмилбек Саламатович бир кездерде өзүнө дагы "ваххабист" жарлыгы тагылганын унутуп, алардын куйруктарынын жонуна таптап, күзгө чейин камырабай иштей берүүсүн айтып, бирге "иштешүү" сунушун кыйытыптыр. Биз бул "трюкка" түшүнө албай, 28-апрел күнү Эмилбек Каптагаевдин кабыл алуусунда дин комиссиянын жетекчиси Каныбек Осмоналиев, генерал Кубатбек Кожоналиев жана мусулмандардын убактылуу комитетинин өкулдөрү болуп, ахыбалды түшүндүрсөк, "Силер ким элеңер, Муфтиятка кийлигишкидей!" дейт. А, мусулмандардын ишине кийлигишкидей анын өзү ким!? Ал Муфтият менен "иштешүүдөн" эмнени көздөп жатат. Бир кездерде анын өзү дагы ажылык иштерине аралашып, "бармак жалаган" күндөрүн эстеп кеттиби? Өзү жогору көздөй ташыгандай "көк каргаларды" эми өзүнө төмөн жактан ташып келе жатканын элестетип кеттиби? Анын "Тартышпайлык, акча баарыбызга жетет. Бөлүшөбүз", "Ажылыктын пайдасы бардыгыбызга жетет" деп күлгөнү биздин каңырыгыбызды түтөттү. Биз дал ушундай арамдыкты жоюу үчүн уюшканбыз! Өлкө мусулмандарынын жүзү болгон Муфтиятты тазалоону максат кылганбыз! Бакиев менен анын системасы Кыргызстанды ааламга канчалык уят кылган болсо, мурунку муфтият жетекчиси менен анын сыйка системасы мусулмандарды аалам элдерине андан беш бетер уят кылууда!

Урматтуу Убактылуу өкмөттүн төрайымы жана орунбасарлары!
Сиздерден өтүнүч: Кыргызстан мусулмандарынын тазаланууга болгон каалоолоруна тоскоол болбосоңуздар экен! Тоскоол болгусу келген Эмилбек Саламатовичти тартипке чакырып койсоңуздар! Азыр мусулмандар КМДБны Муратали Жумановдун куйруктарынан тазалоону каалайт. Убактылуу комитет ызага баткан мусулмандар жамааттарын араң токтотуп турабыз. Эгер Эмилбек Каптагаев аларга калкан болгусу келсе, кыжырданган калайык анын өзүн кошуп агызып кетиши анык! Аллах Таала ага жеткирбегей эле! Эгер эл дагы бир ирет козголуп кетсе буга ким жооп берет?

Кыргызстан
Мусулмандарынын
Убактылуу комитетинин төрагасы Бакыт Нурдинов




  Кыргызстан мусулмандарына

Кайрылуу:
Урматтуу мусулмандар!
Коррупциялашкан Муфтияттын эски системасын бузуп, анын ордуна таза, эч кимге чектен чыга албай турган, ажыдаар болуп кетүүгө жол бербеген, ачык (прозрачный) түрдөгү Муфтиятты куруу үчүн биз менен кызматташууга чакырабыз! Эгер бизди колдосоңуздар, сиздер менен бирге жакынкы эки-үч айдын ичинде төмөндөгү реформаларды жасоо ниетибиз бар:
1) Кыргызстан тарыхында алгачкы ирет чыныгы Кыргызстан мусулмандарынын Курултайын өткөрүү. Бул курултайдын делегаттары мурдагыдай амалпараз муфтийлердин тааныштары жана санаалаштарынан эмес, ар бир айыл-шаар мусулман жамааттарынын чогулуштарынан тандалган, Аллахтан гана корко турган, таза, адал адамдардан болот.
2) Ал Курултай Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет чыныгы Уламалар Кеңешин шайлайт. Мурдагы Уламалар Кеңеши өзүмчүл муфтийлердин тарапкерлеринен гана куралса, жаңы Кеңеш "Исламдык Кеңеш" (Шувра Исламия) деп аталып, көз карандысыз, дин үчүн күйгөн, Аллах жолунда кызмат кылган нагыз аалымдардан, мусулмандардын укугун коргоочу юристтерден жана тарбиячы-педагогдордон куралат.
3) Эгер мурдагы Муфтийди кайдагы партократ же демократ чиновниктер дайындаган болсо, эмки Муфтийди сиздердин - Кыргызстан мусулмандарынын Курултайы шайлайт. Эгер мурдагы жасалма курултайларда кайдагы бир чиновник өзүнүн тууганын же таанышын жетелеп келип, мажүрөө, суу жүрөк уламаларга кол көтөртүп дайындап кеткен болсо, эмки муфтий альтернативалык түрдө шайланат. Б.а. муфтий болгусу келген адамдар адегенде араб тили жана шарият комиссиясынан өтөт. Андан кийин сиздер өкүл кылып жиберген делегаттарга өздөрүнүн программасын окуп берет.
4) Эгер мурда ажылыктан түшкөн эки миллион доллар(!) тегерегиндеги акча каражаты ачкөз муфтий, анын крокодиль-ажыбашчы табакташтары жана бир ууч чиновниктер менен күч органдарынын кызматкерлеринин арасында бөлүштүрүлгөн болсо, эмки системада ажылык бизнес булагына айланбайт. Муфтияттын ортомчулук кызматынан түшкөн пайдалар чып-чыргасын коротпой Муфтияттын казнасына төгүлөт.
Реформа кылынчу маселелерди санай берсе, түгөнбөйт. Балким сиздерде да пикир-сунуштар бардыр. Жер-жерлерде Комитеттин жергиликтүү ячейкаларын түзүп, талкууга аралашыңыздар! Өлкөбүзгө Ислам Динибизди алга сүйрөгөн таза, көз карандысыз Муфтиятты биргелешип куруп алалы!
Байланыш телефондору:
0 778 051423 (с.); 0 555 943620(с.); 0 777 011463(с.)

Кыргызстан Мусулмандарынын
Убактылуу Комитети





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
БАКИЕВДЕРДИ КОЛГО ТҮШҮРСӨҢ,
100 МИҢ ДОЛЛАР СЫЙЛЫК АЛАСЫҢ!

2-бет
"Көчмөндөр демократиясы"
Кокон хандыгына каршы

3-бет
Тазалануу декретин кабыл алдыралы!
4-бет
ОШТОГУ ЖАҢЖАЛ
5-бет
ОБОНчулар же "Ата-Мекен" кейпин кийгендер
6-бет
1-май сотунан бир ирмем
7-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
8-бет
Чолпон Турсуновна дале апакай
9-бет
Улуу Жеңиштин жылдыгына
10-бет
Ау-у, депутат Раиса айым, кайдасыз?
11-бет
Ачык айтар сөздөр бар
12-бет
Спиртовые реки проходят мимо бюджета.
Почему?

13-бет
Таасирсиз Ташпаева, тайраңдаган аяштары
14-бет
Өлүмдөн коркпогон жаштар Бакиевдерди кармап келишеби?
15-бет
Темир Сариевге, Азимбек Бекназаровго
16-бет
ЧАГЫЛГАН










??.??