Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  SOS!

Өлүмдөн коркпогон жаштар Бакиевдерди кармап келишеби?
Убактылуу өкмөттөн "бейкүнөө адамдардын канын төккөн Бакиевдерди эл алдына алып келгиле" - деп талап кылып жаткан балдарга алгылыктуу жооп болбогондуктан ачкачылык акциясын баштоону туура көрүшкөн. Үч күн Ала-Тоо аянтында ачкачылыкта отурган жаштарга Топчубек Тургуналиев келип, алардын ал абалын сураштырды. Жакындарынан айрылган жаштар, "досторубуздун канын төккөндөр жазаланбай калабы?" - деп көздөрүнөн жаш чыгарса, "силердин артыңарда ким турат?" - деп берген сурообуздан өзүбүз уялдык. Анткени ал балдарды "кимдир бирөөлөр Убактылуу өкмөткө каршы чыгарып жатат" дегендин өзү жалган экени айкын болду. Кылмышкер Бакиевдерди кармоону колго алган жаштар "Кыргызстан баатырлары" кыймылын түзүп, бирдиктүү иш алып барууну көздөшөт. Эң негизгиси, ал жерде жалаң гана карапайым, өздөрү айткандай, кыргыздын чор таман балдары экен.



"Кыргызстан баатырлары" кыймылы "УККнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев кызматынан кетсин. Болбосо, Бакиевдерди кармап келсин. Анда да болбосо, курал-жарак беришсин, өзүбүз кармап келебиз" деген талаптарды коюшууда. Ошондой эле "азыркы кырдаалда жаштар министрлигин түзүүнүн кажети жок. Бул- таасирдүү саясатчылардын артынан жүргөн жаштардын гана демилгеси. Алар канын төккөн жаштардын арты менен өз амбицияларын ишке ашырууну көздөгөн ак жакачан жаштар" дешет. Ошону менен катар "Кыргызстан баатырлары" кыймылы жогорудагыдай талаптарын айтып, Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Исаковнага кайрылышкан. Тилекке каршы, Отунбаева Кеңешбек Дүйшөбаевди кызматынан кетире албасын билдирген. Айласы кеткен жаштар Кыргызстанда чындык, адилеттик, калыстык таптакыр болбосуна көздөрү жетип калгандарын бир ооздон айтып өтүштү.

Камчыбек
ТОКТОГУЛОВИЧ,
"Кыргызстан баатырлары" кыймылынын жетекчиси:
- Ачкачылык акциясын 26-апрелде баштаганбыз. Негизинен өзүбүздүн жашообуз 7-апрелден бери ушул жакта болуп калды. Биздин максатыбыз- урап бараткан Кыргызстанга болгон салымыбызды кошуп, Кыргызстандын келечеги үчүн жашоо. Учурда Убактылуу өкмөттөгүлөр биздин артыбыздан "Бакиев түрткү берип жатат" деген сыяктуу сөздөрдү таратып жатканын угуудабыз. Бул карандай калп. Биз Кыргызстандын келечеги үчүн өлүп кеткен досторубуздун, жарадар болгон замандаштарыбыздын тилегин, максаттарын ишке ашыруу үчүн, алардын канын төккөндөр тез арада кармалып өз жазасын алышы үчүн ачкачылык кармап Ала-Тоо аянтында жүрөбүз. Бизге эч ким түрткү берип үгүттөп жаткан жок. 7-апрелде кандуу бийликке каршы чыккан адамдардын бардыгын баатыр деп эсептейм. Убактылуу өкмөттөн убакыты болуп, бизге кызыккандары келип жатышат. Топчубек Тургуналиев келип кетти. Башкалары кызыккан да, келген да жок. Роза Исаковнага өзүбүз бардык.
Биз коюп жаткан талаптар абдан маанилүү. Анткени элге кол салган кылмышкерлерди жазасыз калтырбашыбыз керек. Кылмышкерлерди кармап жоопко тартуу,бул түздөн-түз УККнын милдети. Ошол себептүү УККнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айынан кылмышкерлерди кармоо көпкө созулуп кетип, бакиевчилер күч алып элди экиге бөлүүнүн аракетин көрүшүүдө. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ортолорунда эмне сүйлөшүүлөр болгонун билбейм. Биз Роза Исаковнага барып, "Кеңешбек Дүйшөбаевди ордунан алууга мүмкүнчүлүгүңүз барбы" деген суроо узатканыбызда ал эжеке "100% жок" деди. Ошол себептүү биз ачкачылык акциясын баштаганбыз. Кеңешбек Дүйшөбаев келип биз менен жолугуп, "мени эл шайлаган" дейт. "Калп айтпаңыз, азыркы Убактылуу өкмөттүн бирин дагы эл шайлаган эмес. Өзүңөрдү өзүңөр шайлагансыңар" десем, "ооба туура"-деп кайра мойнуна алды. Демек, баары түшүнүктүү, булар кеңешип, мурда эле ар кимиси ар кайсы орунду ээлеп алган. Сыягы, бардык ишти Роза эжеке эле чечет го дейм. Бизде УККга иштөөчү мыкты генералдар Таабалдиев, Ниязов деп эсептейм.

Бакыт БАЙДЫЛДАЕВ:
- Биз Дүйшөбаевди өкмөттөн кетип калсын деген жокпуз. Ордун убактылуу профессионалга өткөрүп берсин. Убактылуу өкмөттүн калган кызматтарына деле иштей берсе болот. Ал адам да иштеш керек. Себеби, Кыргызстан үчүн анын да жасаган эмгеги чоң болуп, кыйынчылыкта оппозиция менен бирге болду. Бирок ал азыркы кызматына туура келбейт.
Экинчиден, Дүйшөбаев кызматынан кеткиси келбесе же Бакиевдерди кармай албай, чындыгында маалыматтары жок болуп жатса, өзүнчө бир атайын топ түзүп, начальнигин койсун. Алардын арасына мыкты чекисттерден, ошондой эле бизди жаманатты кылып "артыбызда бирөө турат"-деп шектенген адамдарынан кошуп, милдеттемени берсин. Элдин көз жашын төгүп кеткен адамдарды кармап жазалашсын. Эң негизги максат ушунда. Азыр бийлик талашып, жаштар министрлигин түзүүнүн кажети жок. Эгер жаштар министрлигин түзсө, мына ошондо жаштардын ортосунда катуу кагылыш болот. Бул демилгени да кайсы жаштар көтөрүп жаткандарын биз беш колдой билебиз. Бүт ак жакачан жаштар министрликти талашып отурушат. Ал эми чор таман балдар Бакиевди жазалоонун аракетин кылып, өлүмгө баштарын сайып жатышат. Таптакыр болбосо өзүбүз кол топтоп, кылмышкерлерди кармоону колго алабыз. Бирок, биздин оюбузга Убактылуу өкмөт макул болбой жатат. Анткени алардын ар бири кылмышкерлерден "2 000 000 доллар алып коюшкан" деген маалыматтар келип жатат. Мунун арты өтө жаман болот.

Нурбүбү БӨДӨШОВА
Назгүл МАМЫТОВА




Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө "Акыйкат" Республикалык партиясынын
жаштар канатынын атынан
Кайрылуу!
Урматтуу Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү!
Урматтуу мекендештер!
7-апрелден кийин Бакиевдин учурунда жалган жалаа менен камакта отурган бир катар укук коргоочулар, саясатчылар Убактылуу Өкмөттүн кийлигишүүсү менен толук акталып чыкты. Бирок, таң калычтуусу, алардын арасында бийликтин кысымына алгачкылардан болуп кабылып, түрмөгө камалып, өзгөчө жабыр тарткан, акыйкатсыз соттордун жалган жалааларына сынбаган Аликбек Жекшенкулов жок болуп чыкты.
Биз, "Акыйкат" Республикалык партиясынын жаштар канаты партиянын лидери
А. Жекшенкуловдун айланасында болуп жаткан иштер боюнча тынчсызданып жаткандыгыбызды билдиребиз.
А. Жекшенкулов Бакиевдердин бөрк ал десе, баш алган жан-жөкөрлөрүнүн айынан жалган жалаа менен камалып, жарым жыл кыйнашса да сынган жок.. Бийликтегилерге жалынган жок, башка үзөнгүлөштөрүн саткан жок, элдин ишениминен кеткен жок. Сабырдуулук менен бийликтин ар кандай амалдуу чалма аракеттерине түшпөй, өзүнүн чыныгы жигит, татыктуу лидер экендигин далилдеди. Андан соң үй камагына отуруп, 10 ай соттон сотко сүйрөлүп, аягында түрк ишкеринин өлүмүнө байланышкан кылмыш иши боюнча толук акталып чыкты. Бирок, анын кызмат абалына байланышкан жалган кылмыш иши соттордун карөзгөйлүгү менен шарттуу 5 жылга эркинен ажыратуу менен аяктаган. Ошол эле учурда анын жакындарына бийлик тарап катуу кысым жасап, жалган айыптар тагылган, уулу Беккул чет өлкөгө баш калкалоого аргасыз болду. Бир тууган иниси, Балыкчы шаарынын экс-вице-мэри Таалай Медеркулов дагы негизсиз жалаалар менен камакка алынган. Алардан башка бир-туугандары ар-кандай шылтоолор менен кызматтан четтетилип, жеке ишкерликтери токтотулган. Оппозиция лидерлеринин арасынан А. Жекшенкулов эң көп азап чеккени жалпы коомчулукка маалым. Кыскасын айтканда, башынан таза, ыймандуу, акыйкаттуулугу менен тажрыйбасына билими шайкеш А. Жекшенкуловду кандай гана болбосун элден окчун кармоого аракет жасагандыгына жалпы Кыргызстандын эли күбө.
Учурда биздин кыймыл Бишкек шаарынын соттук департаментине жана шаардык сотуна аталган иш боюнча кайрылсак, ал жерде мурдагы эле коррупциялык системасынын кызматчылары отурушат. А. Жекшенкуловдун иши 19-майда карала тургандыгы маалым болду. Баса белгилеп кетчү нерсе, 7-апрелден кийин А. Жекшенкуловго Тышкы иштер министр кызматын сунушталган, бирок, жетик дипломат өлкөдөгү турукташпаган кырдаалдан улам, биринчи кезекте кызмат эмес экендигин өз адамдык абийирине коюп баш тарткан эле. Ошол себептенби, азыркы Убактылуу Өкмөт аны актаганга кызыкдар эместей. Бул эч бир логикага жатпайт.
Ошондуктан, бул иштин айланасында ар кандай саясий кызыкчылык, интригалардын болушу мүмкүн деген пикирлердин бар экенин дагы ачык айтып коюшубуз керек. Убактылуу өкмөттүн мындай жоруктары аларга кошумча аброй алып келбейт деп билдиребиз.
Биз, "Акыйкат" Республикалык партиясынын жаштар канаты Убактылуу Өкмөттүн ушул убакытка чейин ошол калыссыз, коррупцияга малынган, Бакиевдердин буйрутмаларын аткарган соттор менен иштешип жатканына нааразы экенибизди ачык билдиребиз. А. Жекшенкуловду жана анын иниси Таалайбек Медеркуловду 2010-жылдын, 15-майына чейин акталышын талап кылабыз.
Талабыбыз орундалбаган учурда жарандык укугубузду колдонуу менен мыйзам чегинде ар түрдүү акцияларды уюштурарыбызды эскертебиз.








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
БАКИЕВДЕРДИ КОЛГО ТҮШҮРСӨҢ,
100 МИҢ ДОЛЛАР СЫЙЛЫК АЛАСЫҢ!

2-бет
"Көчмөндөр демократиясы"
Кокон хандыгына каршы

3-бет
Тазалануу декретин кабыл алдыралы!
4-бет
ОШТОГУ ЖАҢЖАЛ
5-бет
ОБОНчулар же "Ата-Мекен" кейпин кийгендер
6-бет
1-май сотунан бир ирмем
7-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
8-бет
Чолпон Турсуновна дале апакай
9-бет
Улуу Жеңиштин жылдыгына
10-бет
Ау-у, депутат Раиса айым, кайдасыз?
11-бет
Ачык айтар сөздөр бар
12-бет
Спиртовые реки проходят мимо бюджета.
Почему?

13-бет
Таасирсиз Ташпаева, тайраңдаган аяштары
14-бет
Өлүмдөн коркпогон жаштар Бакиевдерди кармап келишеби?
15-бет
Темир Сариевге, Азимбек Бекназаровго
16-бет
ЧАГЫЛГАН










??.??