Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Өзүнө өзү бий

Таасирсиз Ташпаева, тайраңдаган аяштары
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерди экспертизалоо борборунун кызматкерлерине кайрылып, төмөнкү маалыматты алдык.

Агенттиктин директору Назгүл Аскеровна Ташпаева 2009-жылдын башында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп келгенден баштап медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясында (МСЭКте) көп нааразычылыктар башталыптыр.
Алардын кээ бирине токтоло кетсек болот. Ар бир даярдалган документ (иш кагазы) бир нече жолу оңдолуп, кол коюлбай, далай түшүнүк кагаздарды жазып, ишти ар кандай калчап чечкен. Эч бир ойго келбеген таблицаларды (200 беттен ашкан) жасатып, акыры ал таблицалар кимге керек экенин, эмне жыйынтык чыкканын Ташпаева өзү да билбей чыгымдар көп болгон. Атайын түзүлгөн кеңейтилген комиссиянын буйругу кайра оңдолуп, ал комиссиядан Н.Ташпаеванын таанышы А.Шакеева деген врач кызматкерге "бала кезинен кулагы укпайт" деген корутунду менен майыптык топ берилиптир. Шакеева А. медучилищаны кызыл диплом менен бүтүрүп, медициналык академиянын дарылоо факультетинин терапевт адистигине 8 жыл окуган. Бул кызмат кулак менен угуу жагына өтө байланыштуу. Бирок, кийин кулагы начар угуп, башка кызматта иштеп жатыптыр. Кулагынын начар угушун эч ким танбайт, бирок 18 жашка чейин кулагы укпай калган деген тиешелүү кагаздары жок болгондон кийин жогорку окуу жайларын бүтүргөндүгүн эске алып борбордун кызматкерлери майыптык топту биринчи жолу беришкен эмес. Өкмөттүн жобосуна ылайык А.Шакеева атайын кеңейтилген комиссиянын чечиминен кийин сотко гана кайрыла алмак. Бирок, Н.Ташпаева ага карабай кайра комиссия түздүрүп, А.Шакеевага бала кезинен кулак оорусу менен 3-топтогу майып деген корутундуну чыгартып берип, Борбордун кызматкерлеринин колунан эч нерсе келбей чыркырап кала беришкен. Ошондой эле Борбордон мурун биринчи жолу майыптыкка мурунку аскер кызматкерлери, эмгектенип жатып жабыркагандар өтүшчү экен. Эгерде майыптык топ аныкталып калса, булар өкмөт тарабынан, иштеген жерлеринен чоң жөлөк пулдарды алууга укуктары бар дешти. "Арыздануу көп болот, борбордогу улуттук госпитал аркылуу текшертип анан гана майыптыгын аныктачубуз. Ташпаеванын буйругу менен борбордон бул кызмат жер-жердеги комиссияларгы берилиптир. Азыр арыз көбөйүп, туура эмес чечимдер чыгып, өзүбүз кыйналып жатабыз" дешти ал тармактын дасыккан адистеринин бири Абазбекова К. Аскердик дарыгерлер комиссиянын, Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги ж.б. аскер кызматкерлеринин жетекчилери мурункудай болуп чогуу эле Борбордон чечкениңер туура эле деген маселени көтөрүшүп арыз муңдарын айтып жатканын да эшиттик.
Н.Ташпаева министр болуп иштеп турганында Борбордун кызматкерлери менен жолугушпай, кагаз аркылуу сүйлөшүп, "врач эксперттер сиз менен жолугалы" деп жатышат" десе, кыргызча сүйлөбөгөн министр "это не мой формат" деп жооп узаткан.
2010-жылдын 25-январында №44 буйругу менен өзгөртүү болуп, Бишкек жана Ош шаарындагы балдардын жүрөк оорусун тейлеген комиссиялар жоюлуптур. Бишкекте ички миграция да көп, баш аягы 1 млн. жакын адамдар жашайт. Азыр жалпы ооруга жана балдарга болгону 2 комиссия гана калган. Комиссиядан өтүш үчүн оорулуулар июнь айынын ортосуна чейин кезекке жазылып жатышыптыр. Биздин момун кыргыздарыбыз апрель айында ала турган справкаларын араң июль айында ала турганын түшүнбөй турушканы элдин саламаттыгын ойлогон ак халатчандардын кызматына окшобой турганына шаар тургундары нааразы. Көңүлүнө жакпаган адамдарды кызматтан биротоло комиссиялары менен жоготуп, өзү да педиатр болгондуктан "аяштарын" жетекчилик кызматтарга которуп алганы, Ташпаеванын ишке болгон мамилесин көрсөтүп турбайбы. Ошондой жетекчинин бири А.Асанова айылда эч документи жок өз тууганын 2-майыптык топко өткөрүп койгон фактылар колубузга карматышып, аны токтоосуз жакын арада сотко өткөрүшөөрүн айтышты. Аяшы Н.Касымакунованын эки кызматта иштеген деген да фактылары бар экен. "Н.Касымакунованын иштегенине ишенич артпа" деп жакшы врач эксперт, ишинен кетип калыптыр. "Айтор айта берсек арманыбыз көп"-дешет, бул тармакта мурун иштеп, эч себепсиз, мыкты адис экендиктерине карабай, карасанатайлык менен жумушунан кол жуушкан ак халатчан медик айымдар.
Азыркы Убактылуу өкмөттүн жетекчилерине Н.Ташпаеванын жоруктарын толук жазып Борбордун жамааты кайрылыптыр, жооп күтүп жатабыз дешет.

Баймырза НАКАЙ




  Ханституциядан-Конституцияга

Азыткылар көбөйдү, жолубузду туура тандайлы?
Өлкөнүн келечегин аныктаган Баш мыйзам талкуусу кызуу жүрүүдө. Мыйзамга тиши өткөнү, өтпөгөнү деле талаштын арасында жүрөт. Саясатчы, молдоке, илимпоз, базарчы,койчу деги баары бар. Эч нерсеге түшүнбөгөн мадырабаштардын Конституция жазып алганына аргасыздан жылмаясың. Бешиктен бели чыгалек жатып, эмнени билишмек эле. Коомдун мындай болуп жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Түрдүү ойлордун болуп турганы колдоого арзый турган иш экенин танганыбыз дурус болбойт.


Бакиевдин бийлиги кулаганга чейин эле Кыргызстандагы оппозиция лидерлери туура түшүнүктө иш алып баратканын жазганбыз. Анын бирден бир себеби, алардын демократиялык системаны так түшүнгөндүгү менен байланыштырсак болот. Алысты албайлы, кошуна өлкөлөрдөгү оппозиция лидерлери бийликке жетүүнү гана максат кылса, биздин лидерлер системаны өзгөртүүнү айтып келишти. Ооба, 24-мартта эл максатын уурдатып жиберишти. Бирок, Кудайдын көзү түз экен, 7-апрелде кыргызга экинчи жолку жеңишти ыроолоду. "Сүткө оозу күйгөн" лидерлер мурункудай легитимдештиребиз деп отурбай Убактылуу өкмөттүн Декрети менен системаны оңдоого киришкени эң туура кадамдардын бири болду. Дароо жаңы Башмыйзамды иштеп чыгып, калктын сынына коюп отурушат. Жогоруда лидерлердин түшүнүгү жетилди дегенибиз ушул жерден айкын көрүнүп, Парламенттик башкарууга ык койгонубуз толук далилденди. Турмуш чындыгында эркиндикти сүйгөн кыргыз калкы да Президенттик башкаруудан жадап бүттү. Аралашы дагы бизге сиңбейт экен. Баары бир жалгыз кыргызбай үй-бүлөсү менен башкарып жатып аларын 20 жылдык тарых көрсөттү. Баягы тил менен айтканда "бовойт" экен.
Келечекте өзүн Кыргызстандын Президенти катары көрүп келген айрым саясатчыларга бул өтө оор тийди. Элдин бактысына жараша калктын шоруна калчулар саналуу эле калыптыр. А.Мадумаров, М.Ниязов башында турган экөө, үчөө эле оозу жеткен жерден "күчтүү президенттик башкаруу керек" деп айкырык салууда. "Ой, күчтүүдөн өтүп, супер президенттик башкарууну көрбөдүкпү" деген адам жок. Же баары эле "ит үрө берет, кербен жүрө берет" дегендей кылып жатышабы. Бирок, кечээ эле авторитардык бийлик менен тыкыр күрөшүп жүргөн демократтардын бүгүн минтип сүйлөп калышынын башка дагы себептери бардай көрүнөт. Кечээ эле үндөрү өчүп, тилдери буудай куурубай калган агаларыбыздын артында "бизди коргоп кал, сени президент кылабыз" деген үлкөн колдоочулар турганын эшитип жатырбыз. Мунун чындыгы бар окшобойбу, болбосо президенттик башкаруудан көңүлү үч көчкөн журттай калган кыргыз элине булар каршы турбайт эле да. "Демократияга эл даяр эмес" деген сөздү беттерине калкан кылышууда. Кыргыз эли табиятынан демократ экендигин эки жолу далилдегени буларга жетишсизби?
Башмыйзамды башка нукка бургусу келгендердин катарына айрым молдокелерди кошсок дагы болот. Алар "светтик мамлекет" дегенди жокко чыгарып, диний түшүнүктөрдү таңуулап, баарына паранжа кийгизүү аркылуу халифатка чыйыр салаар сунуштарды кылтыйтышууда. Ал эми кээ бир жаштар сунушту мындай коелу, бир эмес экиден Конституция жазып жиберишти. Тажрыйбасы жок жаштардын чогула коюп, заматта Башмыйзам жаза салышына эч ким ишенбейт. Баарыбызга белгилүү, жаштар уюму делинип түзүлгөн ар бир бирикменин артында кимдир бирөөлөр турат. Өзгөчө мындай нерсе 7-апрелден кийин жигердүү ишке киришти. Көшөгө артындагы адамдар акчанын күчү менен алдына топтогон жаштарды ийкемдүү башкарууга өттү. Алжыган аксакалдардын идеясын карманган уруулар башкаруусун колдогон жаштар дагы пайда болду. Түшүнүп, түшүнбөй эле Курултай институту Конституциянын гаранты катары кирүүсүн каалагандар көбөйдү. Курултай керек учурда, элдин башына кыйын күн түшкөндө гана чогулган. Оппозиция өткөргөн Элдик курултайлар ушул негизде өттү десек болот. Экинчиси, эл башындагы хан Чыңгызханга окшоп мураскер калтырганда чакырткан. Буга мисал катары Түркмөнбашынын халк маслахатын, К.Бакиевдин "Ынтымак курултайын" айтсак болот. Ошондуктан, курултай дегенге кылдат мамиле кылууга тийшпиз.
Мыйзамдын тишин чаккан адамдардын бир тобунан сурадык. Жалпылап айтканда жакшы жазылганын айтышууда. Негизинен, 1993-жылы кабыл алынган Башмыйзамдын 90 пайызы камтылган дешүүдө. Эки жумалык талкуудан соң сунуштар менен толукталып, 27-июнда референдумга коюлат. Мөөнөтүн узартуу маселесин да көтөргөндөр бар. Бирок, Конституцияга кызыккан, ага толуктоо киргизем дегендер бир эле күндө окуп, сунушун эртеси эле берди. Убакытты созуунун кажети деле жок. Ал сырткы күчтөргө гана ыңгайлуу экенин, ошол күчтөрдүн таасири менен айтылып жаткан ойлор экенин туура баамдаганыбыз оң болоор. Замандаштарыбызга айтаарыбыз, өлкөбүз кыйын кезде турганда, элдин келечегин, мамлекеттин биримдигин ойлоп, тереңирээк акыл калчайлы. Болбогон бир акчанын айынан "бөйрөктөн шыйрак чыгарып", ойду-тоону сүйлөгөндү токтото турбайлыбы?

Зулпукаар САПАНОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
БАКИЕВДЕРДИ КОЛГО ТҮШҮРСӨҢ,
100 МИҢ ДОЛЛАР СЫЙЛЫК АЛАСЫҢ!

2-бет
"Көчмөндөр демократиясы"
Кокон хандыгына каршы

3-бет
Тазалануу декретин кабыл алдыралы!
4-бет
ОШТОГУ ЖАҢЖАЛ
5-бет
ОБОНчулар же "Ата-Мекен" кейпин кийгендер
6-бет
1-май сотунан бир ирмем
7-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
8-бет
Чолпон Турсуновна дале апакай
9-бет
Улуу Жеңиштин жылдыгына
10-бет
Ау-у, депутат Раиса айым, кайдасыз?
11-бет
Ачык айтар сөздөр бар
12-бет
Спиртовые реки проходят мимо бюджета.
Почему?

13-бет
Таасирсиз Ташпаева, тайраңдаган аяштары
14-бет
Өлүмдөн коркпогон жаштар Бакиевдерди кармап келишеби?
15-бет
Темир Сариевге, Азимбек Бекназаровго
16-бет
ЧАГЫЛГАН










??.??