Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Убактылуу өкмөт угар бекен?

Ачык айтар сөздөр бар
Жарым кылым мурда Чынгыз Айтматовдун "Жамийласы" сүйүүнүн эң сонун баяны болуу менен дүйнөнү дүңгүрөтүп кыргыз элин таанытса, эми 2005-жылдан берки беш жылда эки жолу мамлекеттин башчысы болгон президенттерди Ак үйдөн кубалап чыгып "Бу кандай эл болду экен?", деп көптөрдүн оозун ачтырып турган кезибиз. Ананчы! Бийик тоолорду мекендеп эркин шаңшып өскөн эл кысымчылыкка чыдап тура албады. Бир жаман жери кээ бир ээнбаштардын, аталган бузукулардын атынан таланып-тонолуп жаманатты да болуп алдык.

2005-жылдын 24-мартындагы жалпы элдик төңкөрүштү Бакиевдердин гана үй-бүлөсү, жакындары өздөрүнө таандык кылып алышып, Кыргызстан деген мамлекетке жамынып Бакиев деп түздөн-түз аталбаганы, билинбегени менен бир күч беш жыл ичинде акча, алтын, дүнүйө - мүлктү биякка эле кой, ташыңды да талкан кылып баштады. Шамал менен жарышкан ыкчам эл буга көнөбү, "эч кимдин күчү жетпейт" деп эрдемсинип, менменсинген К.Бакиевди Ак үйдөн качырып, шүмүрөйтүп шүмшүк кылды, ар кай жерде арыз-арманын айттырган бозгунга айландырды. "Туулганыңа сүйүнбөй, турганыңа сүйүн" дегендей, эми 7-апрелдеги 80 ден ашык кырчындай өмүрлөрдүн кыйылышы менен элдик ыңкылаптан эл башына келген Убактылуу өкмөттүн алдыга койгон жакынкы максаттарын иш жүзүнө ашырып шыдыр жолго түшкүчө түбү бекем болушун, бет алган багыттарынан кайтпай турган эрктүүлүгүн каалайлы. Ал үчүн аларга айтар сөз, сунуштар бар.
Жаңы Убактылуу өкмөттүн мыйзамдуулугун, укук талаасын бекемдеп айныксыз кылуу үчүн азыр ар кандай ойлор айтылууда. "Азыркы учурда бирден-бир легитимдүү орган болуп эсептелген Жогорку Кеңештин бир күндүк сессиясын чакыра коюп, ошондо К.Бакиевди президенттик бийликтен ажыратса Убактылуу өкмөт легитимдүү болот" деп бир даары айтса, Убактылуу өкмөттөгүлөрдүн Жогорку Кеңештеги "акжолчуларды" деги эле көргүлөрү жок. Кандай сунуш болбосун К.Бакиев "отставкага кетем" деп жазып берген арызынын гана тегерегинде жүрүш керек деп ойлойм. Эмне дегенде, маселени ары чоюп, бери чоё берүүнүн зыяндан башка пайдасы жок. Кара жанын калкалап алып кетиш үчүн АКШнын, Россиянын, Казакстандын президенттеринин кепилдиги астында өз колу менен К.Бакиевдин арыз жазганы жалганбы? Аны Россиянын, Кыргызстандын телекөрсөтүүлөрү даана, так бир канча жолу көрсөтүштү го. Дагы эмне керек? Айрымдардын "Бөйрөктөн шыйрак чыгара берүүлөрүнүн" жөнү деле жок бул жерде. Убактылуу өкмөт башчысы Р.Отунбаева "К.Бакиев мурдагыдай президент болуп башкарам, десе Кыргызстанга келе берсин" деп ачык айтпадыбы.
2005-жылы А.Акаев качып кеткенден кийин өлкөнү талап-тоногон ууру, кылмышкерлердин бирөө дагы жазаланып эл мүлктөрүн кайра кайтарган жок. А.Бекназаров уялып койбой, табасы кангандай А.Акаев Россиянын телекөрсөтүүлөрүнөн молтолоңдоп сүйлөп жатат. Кайсы бети менен? Элдин кыжырын гана келтирди. Доктор Жеңишбек Назаралиев жазгандай: "А. Акаев №1 кылмышкер. Миллиарддаган долларларды уурдап кеткен". Ошон үчүн Убактылуу өкмөт катуу туруп элге жасалган кылмыштуулукту ошол Акаев кезинен башташ керек. А.Бекназаровдун ошол кездеги ишин улантам деген убадасына ишенели. "Казна бош, акча жок" деп кабатыр болуудабыз. Алар чет жакка ташылып кеткени кетип, калгандары бул жерде жүрүшкөн эле шылуундардын колунда. Акаевдин тушунда "Кыргызэлектродвигатель" заводунун чоң имаратын эң арзан баада менчиктештирип, алар азыр кытайларга арендага берилип, "Таатан" базарын иштетип жаткан бир кездеги премьер-министр сөрөй Кубанычбек Жумалиевди кустуруу азыркы учурдун, элдин талабы. Ал шылуун өкмөт башчысы болуп турганда айдоо жерлерди каалагандай менчикке алып, үйлөрдөн үйлөрдү салдырган. Менин угушумча, Көк -Жар жаңы конушунда эле 4-5 үйү бар. Албетте, амалкөй неме башка бирөөлөргө каттатып койгондур. Баса, "Таатан" базарынын ар бир чарчы метринен 12 доллардан арендага алаарын ал жерде иштегендер айтышат. ГОИН дүкөнү да ошонуку дешет. Элдин мүлкүнүн эсебинен ченемсиз байыгандардын бири.
Ушуга окшогон дагы бир Эмилбек Узакбаев деген неме борборубуздун Тоголок Молдо көчөсүндөгү мурдагы "Кыргызайылкөмөктүн" беш кабат заңкайган имаратын алып азыр жүздөн ашык кабинеттерди миңдеген долларларга арендага берет дешет. Бул эл көзүнө көрүнгөн эле жагы. Көмүскөдө билинбей жаткандары канча дейсиң. Таланып-тонолуп, менчиктештирилип кеткен завод, фабрикалардын бардыгын элге кайтарууну Убактылуу өкмөт бир күн да эсинен чыгарбоо керек. бир кезде атагы чыккан Ленин, Фрунзе атындагы заводдорду, "Октябрдын 40 жылдыгы" атындагы камволдук-нооту комбинаттары азыр эмне болду, ээлери кимдер?
Эң кирешелүү тармак болгон энергетиканы жасалма жол менен начарга айлантып анын кирешелерин бир чөнтөккө түшүүгө жол ачкан, "веерное отключение" дегенди ойлоп тапкан Сапарбек Балкыбеков деген немени жердин түбүнө кирип кетсе да сууруп чыгуу акыйкаттык болор эле. Анын кылмыштары "Апта", "Кыргыз руху" гезиттерине байма-бай жарыяланып келген менен ошол кездеги бийлик окуган да, уккан да эмес. Мына эми анын былык-чылыгын чукуй турган кез келди.
А.Бекназаров барып Конституциялык соттун ишин токтоткондой эле Мүлк министрлигинин ишин токтотмок турсун, аны түп тамырынан бери жоюп салуу абзел. Чоң-чоң ишкана, мекемелерди, завод-фабрикаларды менчиктештирүүнүн ана башында ушул мекеме туруп, иш жүзүндө Кыргызстандын байлыктарын, мүлктөрүн жок болууга алып барган. Эл мындан кенедей да пайда көрбөйт. Турсун Турдумамбетов сыяктуу аны башкаргандар, Ак үйдөгү Бакиев, Үсөнов, Жапаров сыяктуулар анделектей семиришкен. Ошон үчүн бул министрликти Кыргызстанды жок кылуучу министрлик катары жоюп салуу зарыл.
17-марттагы өткөн Элдик курултайда жаңы бийлик келээри менен чек аралар жабылып, бир да кылмышкер кача албасы жөнүндө сөз болду эле. Тилекке каршы бүгүн Д.Үсөнов, Ж.Бакиев, М.Бакиевдер, С.Балкыбеков сыяктуу кылмыштын дөө-шаалары качып карматпай жүрүшөт. Эгерде Акаев качкан мезгилдегидей эч ким кармалбай, жазага тартылбай кала турган болсо анда Убактылуу өкмөткө эл кайрадан далысын сала тургандыгы шексиз. Ошондуктан "жоо аяган жаралуу" дегендей элге каршы мурдагы, кийинки иштегендерге элдешкис күрөш жүргүзүү Убактылуу өкмөттүн башкы милдеттеринен экендигин кайра-кайра эскерткибиз келет. Тарифтерди төмөн түшүрүү менен маселе чечилбейт. Кылмыш кылгандардын тизмеси, көрүлгөн чаралар, алардан алынгандар тез-тезден элге маалымдалып турса элдин көксөөсү сууп турмакчы. Эл өз мүлктөрүн кайтарып алууну талап кылышат, күтүшөт.
Азыркыдай чабалдык кылып, элдин оюнда турганды аткара албаса анда Убактылуу өкмөткө өзүбүздүн элибиз эле эмес, дүйнөлүк коомчулук да ишенбей, бир да мамлекет кол сунбай тургандыгын бөркүбүздөй эле көрөлү. Ал үчүн убакыттан уттурбай ыкчамдык, билгичтик менен пайдалануу керек. Ал эми Убактылуу өкмөттү "тигиндей,мындай" деп алаксытып ары тартып, бери тартып тоскоол болуунун азыр кереги жок. Ага ишенели, колдойлу, жардам берели.
Акырында төмөнкү саптар менен оюмду аяктайын:
Кайраштырып бириңерге
бириңерди,
Иритүүгө бөлүп-жарып
ичиңерди.
Араңарда арам ойлуу
өрүп жүрөт,
Сак болгула, кыргызымдын
жигиттери.
Азезилге, акчага алданбастан,
Таш болгула, кыргызымдын
жигиттери.

Жума МАМБЕТОВ,
акын, журналист




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
БАКИЕВДЕРДИ КОЛГО ТҮШҮРСӨҢ,
100 МИҢ ДОЛЛАР СЫЙЛЫК АЛАСЫҢ!

2-бет
"Көчмөндөр демократиясы"
Кокон хандыгына каршы

3-бет
Тазалануу декретин кабыл алдыралы!
4-бет
ОШТОГУ ЖАҢЖАЛ
5-бет
ОБОНчулар же "Ата-Мекен" кейпин кийгендер
6-бет
1-май сотунан бир ирмем
7-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
8-бет
Чолпон Турсуновна дале апакай
9-бет
Улуу Жеңиштин жылдыгына
10-бет
Ау-у, депутат Раиса айым, кайдасыз?
11-бет
Ачык айтар сөздөр бар
12-бет
Спиртовые реки проходят мимо бюджета.
Почему?

13-бет
Таасирсиз Ташпаева, тайраңдаган аяштары
14-бет
Өлүмдөн коркпогон жаштар Бакиевдерди кармап келишеби?
15-бет
Темир Сариевге, Азимбек Бекназаровго
16-бет
ЧАГЫЛГАН










??.??