Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Жүзүңдү аччы, Гүлчөтай!

Ау-у, депутат Раиса айым, кайдасыз?
Өлкөдөгү бакиевдик режимдин кулашы менен Кыргызстандагы бакиевчилердин абийирлери четинен ачылып, алардын чыныгы жүздөрү элге даана көрүнө баштады. Алар бир кезде кой терисин жамынган карышкырлар сыяктуу өлкөдөгү майлуу-сүттүү креслолорду ээлеп отурушуп, эл үчүн бир тыйын пайда келтирбестен элди жеп, элди алдап, жеке керт баштары үчүн жанталашып иштеп, байлык топтоп келишти. Албетте, мындай жагдайда калктын калың катмары жөнүндө эч ким, эч нерсе ойлогон жок. Кыргызстан жакырлана берди, кедейленгенден кедейленди. Акыры жокчулук, кымбатчылык жанына баткан эл, Бакиевдин бийлигин кулатууга жетишти. Бул өтө чоң ийгилик. Бул өтө чоң жеңиш!!!


Мына ошол 7-апрелден тартып, Бакиевдин командасы болуп көрбөгөндөй чачырады. Баягы "Бакиев үчүн өлөм, өз жанымды берем" дегендердин бир катмары эки жүздүүлүгүн пайдаланып, жеңишке жеткен оппозиция тарапка өтүүгө аракеттенип башташты. Бирок, ошол адамдардын келечеги бүдөмүк…
Алар катарга кошулабы же кошулбайбы белгисиз…
Ал эми кеме чөгүп бара жатканда качкан "момолойлордун" саны оголе көп. Президенти баш, калгандары төш болуп, кара жанын сактоо үчүн башка мамлекеттерден баш паанек сурап, качып кетишти. Биз ошол "качкандарды" кармап алып Кылмыш-жаза кодексинин негизинде кылган кылмыштарын аныктап жазалашыбыз керек эле. Бирок, антүүгө мүмкүнчүлүк болбой калды көрүнөт. Антсе да, алар мыйзам алдында жооп беришпесе дагы, Кудай алдында ар бир кылмышы үчүн жооп берээри бышык. Анткени, бир мамлекеттин сотунан качып кутулушу мүмкүн, арийне Кудайдын сотунан эч ким кутула албайт эмеспи. Кеп нугу экс-депутат, айтылуу "Ак жол" партиясынын мүчөсү Сидоренко Раиса Васильевна тарапка бурулмакчы. Бул депутат айым тууралуу Бакиев бийликте турганда укмуш икаялар айтылчу. Татьяна Бакиеванын өтө жакын курбусу болгондугуна сыймыктануу менен карап, "подружкесинин" атын жамынып, каалашынча тайраңдап, каалашынча сайрандап, каалашынча чалчактап, каалаган адамын алдап, каалаган адамын сыздатып, ага алданган байкуштарды депутаттык кол тийбестиги менен коркутуп келгенин, Раиса эжекебиздин кордугун көргөндөр саймедиреп кат жазып, редакцияга жолдоп келишкен. Бир кездеги депутат Сидоренконун ким экендигин билип алып, төбө чачтары тик тургандар да көп болоор. Бул айымдын кантип депутат болуп, кантип элдин ишин аркалап жүргөнүнө таң бересиң. К.Бакиев "Ак жол" партиясын түзгөндө шытыратып акча бергендердин баарын эле депутат кыла бергенин мурда билчүбүз. Бакиев бул тууралуу канча жыл мойнуна албай келсе, Раисадан улам мойнуна алууга аргасыз болоор.
Раиса Сидоренко Беловодскийден кирешелүү болуп турган "плодо"-питомникти жеп, талкалап, уурдап, эгемендиктин башындагы башаламандыктан пайдаланып адатынча тайраңдап жүргөнүндө "кызматынан кыянатчылык менен пайдаланды" деген айып тагылып, соттолмокчу болгондо, ошол чөлкөмдөгү бай, мурдагы парт-кызматчы сактап калыптыр. Анын дагы "кулагына кесме илип", акыры акчасын алып, сызга отургузуп кеткен имиш.
Раисанын алдамчылыгы жогорудагы окуялар менен гана токтоп калбастан улана берди. Бакиевдер бийликке келгенде анын жаман адаты ого бетер күч алат.
Бир тыйыны жок, бирок амбициясы асман тиреген Раиса, бир кездеги досу Татьяна Бакиеванын этегине шап жармашып, чачпагын көтөрүп, ал ортодо бир татынакай кыргыз үй-бүлөнү бузуп, "мен сени депутат кылам, Бакиев менин аяшым"-деп 500 миң доллардай акчасын алып, өзү депутат болуп, тойтоюп Жогорку Кеңешке келип отурат. Алтымыштагы картаң аялга алданган солкулдаган эр ортону элүүдөгү жигит акчасынан же депутаттыктан, же үй-бүлөсүнөн жок, белдүү кызмат креслосун күтүп, ара жолдо калганын кеч түшүнүп, бармагын кесе тиштеп олтуруп калганын Раисанын тегерегиндегилер жакшы билишет.
Ошондо да Раисанын кыйындыгын кара, тиги жигиттин акчасын алдап алганы аз келгенсип, үй-бүлөсүнөн да ажыратып, Бакиевдин бийлиги кулаар замат өзү менен кошо Казакстанга ала кетиптир. Бир депутаттын айынан кыз атасынан, аялы күйөөсүнөн ажырап кала беришти. Дегеле, анын моралдык жактан бузулганын Жогорку Кеңеште баары билчү. Ал гана эмес, ошол эле "Ак жол" фракциясындагы депутаттардын арасынан бирөөсү бул айым тууралуу итиркейди келтирген кептерди козгогон эле. Ал тургай коллегасы Аскар Шадиев бир парламенттик отурумда "Сиз мага каяша айтканды коюп, өзүңүздүн моралдык жагыңызды оңдоп алыңыз"-деп катуу зекигени карапайым калктын эсинде. Жогорку Кеңештин төрагасына, төрагасынын орун басарларына Сидоренко тууралуу каттар байма-бай келгенин, бирок, Татьяна курбусунун бир звоногу менен ачыкка чыкпай келгенин биз жакшы билебиз. Балким, мезгили келгенде ошол каттар жарык көрөр…
Былтыр Петровкада 4 жашар наристе Настяны күрт улутундагы Абдулло Осмонов зордуктап, тагдырына балта чапканда жалпы эл көтөрүлүп кыз намысын коргоп жатса, Сидоренко чогулган элдин алдына барып мыйыгынан күлүп шылдыңдап, наристе Настянын намысына түкүрүп койгонун ким унутат?
Бүгүн Сидоренкону издеп жүргөндөрдүн катары абдан көп. Тизмелесек, кагаз чак келбейт. Сөзүбүз кургак болбош үчүн Беловодскийден келген Салима Коноеванын, Гүлжамал Идинованын, Батма Айткулуеванын "жер алып берем"-деп төрт жыл мурда акча алгандыгы тууралуу каты колубузда турат. Бул бир гана чети. Аларды да далай ирет депутаттык мандаты менен коркутуп келиптир.
Эми алардын акчасын ким төлөп берет? Раиса жеке эле буларга эмес, бир катар адамдарга "жер алып берем"-деп чоң суммадагы акчаларды алган. Бүгүнкү күндө ушул нерселердин баары такталып жатат. Конституция боюнча ар бир жарандын укугу корголууга тийиш жана алардын укугун коргоого атайын уюмдар бар. Алар учурда эмне менен алек болууда, белгисиз… Биз бул макалабыз менен Ички иштер министрлигине кулак кагыш кылып коелу дедик. Непадам, эртең Казакстандан Раиса Сидоренко кармалып калса, өзүнүн кылыктары үчүн жооп берүүгө тийиш. Өкмөттүн укуругу узун эмеспи, анын үстүнө Казакстан жакын эле жерде го. Жакшылап күч жумшаса, жакшылап изилдешсе тез эле кармалат.
Азырынча "Ау-у, депутат Раиса айым, кайдасыз?"-деп издей туралы.
Издөөбүздүн үмүтү акталып, экс-депутат айым мыйзам алдында жооп берээр күнү да келээр. Анткени "жыргалдын арты-куурал, кулкүнүн арты-ый" дешет кыргыздар. Дегеле бул жашоонун жазылбаган мыйзамы ушундай. Бирөөнү ыйлаттыңбы, демек өзүң ыйлайсың, бирөөнү сыздаттыңбы демек өзүң сыздайсың. Бул турган иш…

Назгүл МАМЫТОВА




  Көз ирмем

Маршруткадагы айың кеп же жол кире кымбаттадыбы?

Эртең менен туруп, бети колду жуунуп маршрутка күтүп калдым. Биринин артынан бири келчү коомдук транспорт негедир 2-май күнү жок болуп турду. Кечинде үйгө баратып, маршрутканын айдоочусу досуна телефон чалып, "солярка эч жерде жок. Бар болсо да 40 сомдон сатып жатышат"-деген таш жарган үшкүрүгүн уккан элем. Маршрутка келбегенинен ошол айдоочунун сөзү оюма түштү. "Капырай, деги качан жакшы заман болот" дегиче болбой 195-маршрутка келип, түшүп кеттим. Колума сегиз сом даярдап алдым эле, айдоочуга сунуп орун алып отуруп калдым. Аңгыча болбой менден кийинки түшкөн кыздан айдоочу жол кире он сом болгонун эскертти эле, орус кыздын оозу ачыла түштү. Анча-мынчаны түшүнгөн эл арт жактан "солярка жок, 40 сомго чыгып кетиптир" деп эси оогон орус кыздын оозун он секундда басып коюшту. Андан соң, назарым наалыган элдин айың кептерине түштү. "Ой, Убактылуу өкмөт кызмат бөлүштүргөндү коюп, биринчи кезекте жаздагы жер айдоону биринчи планга койсо болмок. Деги кыргыздар эзели жыргабай калдык го. Булардын деле тилеги - байлык, кызмат тура. Жалаң эле досторун чоң кызматка коюп жатышат" деген сыяктуу кептерди козгошуп, кары адамдар наалат айтып жатышты. Мындан улам, учурда эл көрөгөч, саясатчы болуп калганын туясың. Андан дагы, "бул бийлигиң деле жыргатпайт. Биссимилда дегенде эле солярка жок болуп, болсо да баасы асманды чапчыды"-деп айткандарына караганда, дегеле бийликтен адамдардын көңүлү калып, күдөрү үзүлүп бүткөн окшобойбу. Аттиң, кайран гана демократия. Демократия деп жүрүп ал да түбүбүзгө жетмей болду го чиркин…

Наалыбай НАЗБЕК




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
БАКИЕВДЕРДИ КОЛГО ТҮШҮРСӨҢ,
100 МИҢ ДОЛЛАР СЫЙЛЫК АЛАСЫҢ!

2-бет
"Көчмөндөр демократиясы"
Кокон хандыгына каршы

3-бет
Тазалануу декретин кабыл алдыралы!
4-бет
ОШТОГУ ЖАҢЖАЛ
5-бет
ОБОНчулар же "Ата-Мекен" кейпин кийгендер
6-бет
1-май сотунан бир ирмем
7-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
8-бет
Чолпон Турсуновна дале апакай
9-бет
Улуу Жеңиштин жылдыгына
10-бет
Ау-у, депутат Раиса айым, кайдасыз?
11-бет
Ачык айтар сөздөр бар
12-бет
Спиртовые реки проходят мимо бюджета.
Почему?

13-бет
Таасирсиз Ташпаева, тайраңдаган аяштары
14-бет
Өлүмдөн коркпогон жаштар Бакиевдерди кармап келишеби?
15-бет
Темир Сариевге, Азимбек Бекназаровго
16-бет
ЧАГЫЛГАН










??.??