Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Мыйзам алкагында

Түзөтүү мекемелериндеги түзөтүүчү иштер
Акыркы беш жылда буйрутма адам өлтүрүүлөр чымын өлтүргөн менен барабар болуп калганын эч ким тана албайт. Айрыкча, адамдарга абактан кол салгандардын саны арбын болуп, күчөтүлгөн, катуу тартиптеги соттолгондор белгисиз себептер менен бошонуп, качып кетип жаткандары өлкөдө криминалдык күчтөрдүн күч алуусун жаратып келет. Ошону менен катар буйрутма адам өлтүрүүлөрдүн бети ачылбай, күнөөсүздөр жазаланып келгени да маалым.

Учурда түзөтүү мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокуратуранын (спецпрокуратура) прокурорлугуна мурда прокурордун орунбасары болуп иштеп келген Кубанычбек МАМАКЕЕВ дайындалды. Прокурор К. МАМАКЕЕВдин жетекчилиги астында кандай иштер жүргүзүлүп жатканы жана 12-апрелде №1 СИЗОдо 97-берене менен 20 жылга соттолгон Темирлан Жороевдин качып кетүүсү боюнча кандай чаралар колдонулганын билүү максатында прокуратуранын босогосун аттап, көп маалыматтарды алдык.

№1 СИЗОдон
качкан ЖОРОЕВ
Темирлан Жороев 1984-жылы 11-январда туулган. Жороевди 2010-жылдын 11-февралында КЖКнын 97-беренесинин 2-бөлүк, 6-пункту менен Октябрь райондук соту катуу режимде 20 жылга эркинен ажыраткан.
2010-жылдын 12-апрелинде соттолгон Темирлан Жороев Бишкек шаарындагы №1 СИЗОдо үчүнчү кабатта жайгашкан №337-камерадан саат:16:30дар чамасында качып, дайынсыз жоголуп кеткен. Анын качып кеткени СИЗОдогу кызматкерлерге эртеси, 13-апрелде белгилүү болгон. Бул туурасында №1 СИЗОнун начальнигинин оперативдик тартипти көзөмөлдөө кызматы боюнча орун басары төмөндөгүлөрдү билдирди.

Калматов КАЛЫБЕК:
- Калыбек Ашымович, Жороевдин качканын кантип билдиңиздер?
- Биз Жороевдин качып кеткенин 13-апрелде эртең менен уктук. Темирлан Жороев аялын өлтүрүп, 97-берене менен 20 жылга катуу тартипте соттолгон. Бизде беш нөөмөт бөлүмү бар. Ар биринде 24-25тен көзөмөлдөөчү жүрөт. Бешөөнүн төртөө 12 сааттан иш алып барышса, калган бирөө күндүз иштешет. Күндүз иштеген нөөмөт бөлүмү эртең менен саат:7:00дө келип, түнкү нөөмөт бөлүмүнөн абактагыларды бирден санап өткөрүп алышат. Анан начальникке келип жыйынтыгын беришет. Негизи Жороев 12-апрелде кечке маал качып кетиптир. Кечинде күндүзгү нөөмөт бөлүмүнөн кечки нөөмөт бөлүмү өткөрүп алаарда Жороевди башка камерада отурат деп коюшкан. Ошол себептүү, кечинде эч нерсе билинген эмес. Ал эми эртеси 13-апрелде нөөмөт бөлүмүндөгүлөр абактагыларды өткөрүп алаарда гана Жороевдин жок экени билинип, мага айтышты. Мен дароо оперативдик кызматын жибердим.
- Ошол учурда начальник Мейликозу Маматалиев кызмат ордунда бар беле?
- Ооба. Мейликозу Канаевич жумуштары менен Ош жакка кетип, 12-апрелде ишке чыккан. Биз Жороевден кандай болуп качканын сураганыбызда, ал бирөөлөр келип жолугушууга чыгыптыр деп айтты. Жолугушууга Маматалиев өзү макулдук бергенин айтты.
- Абактагыларды жолугушууга алып чыгаарда сиздердин кызматкерлер коштоого албайбы?
- Албетте жанында бир кызматкерибиз жүрөт. Ал кызматкер күзөттөгү кызматкерге тапшырдым десе, экинчиси тапшырган эмес дешүүдө. Учурда прокуратура тарабынан тергөө иштери жүрүүдө. Иш тергелип бүткөндөн кийин билинет. Негизинен №1СИЗО Октябрь районунда жайгашкандыктан, биздин сыртыбыздан Октябрь РИИБнүн патрулдук кызматы көзөмөлдөп турушу керек.

Айбек ТАЖИЕВ, түзөтүү мекемесиндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокуратуранын тергөөчүсү:
- Темирлан Жороевдин качкандыгы туурасында Жаза аткаруу кызматынын (ГУИН) тергөө бөлүмү КЖКнын 336-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш ишин козгогон. Жороевдин качып кетүүсүнө көзөмөлдөө болбой, СИЗОнун кызматкерлери өз ишине кайдыгер мамиле жасагандыгы үчүн тиешелүү кызматкерлердин үстүнөн КЖКнын 316-беренесинин 1-бөлүгү менен биздин көзөмөлдөө прокуратурасы иш козгоду.
Кылмыш иши кимдерге козголгонун так айта албайм. Учурда тергөө жүрүп жатат. Биз негизинен факты менен козгодук. Азыр бардык күбөлөр суралууда. Кызматкерлердин иш аракетинин натыйжасында анализ жүргүзүп, конкреттүү түрдө күнөөлүү кызматкерлер жазага тартылат.
Такталбаган маалыматтарга караганда, Темирлан Жороевге жолугушууга чыгууга СИЗОнун начальниги Мейликозу Маматалиев макулдук берген. Темирлан Жороев кош бойлуу келинчегин өлтүрүп, сот тарабынан тиешелүү жазасын алып, аны өтөөдөн баш тартып качып кеткен. Бирок, СИЗОнун оперативдик тобунун ыкчам аракеттеринин негизинде Жороев көп узабай колго түшкөн. Учурда ал келинчеги түшүнө кирип жаткандыктан куран окутуп келүүгө кеткенин, кайра кайтып келүү оюнда бар экенин айтып актанууда. Өтө коркунучтуу кылмышкерлердин абактан качышына жол бергендиги үчүн, кызмат абалына кайдыгер мамиле жасагандыгы үчүн сөзсүз түрдө ошол мекеменин башчысы жана тиешелүү кызматкерлери жоопко тартылып, прокуратура тарабынан адилет териштирүү жүрөт деп ишенебиз.

№47де "зэктер"
бунт көтөргөн
2010-жылдын 22-апрелинде саат:23:40тар чамасында №47 колонияда бунт чыгып, зектер көтөрүлгөн. Өз учурунда мындай төбө чачты тик тургузган окуя бир топ коркунучтарды жаратты. Өлкөдө абал курчуп, башкаруу системасы алсыз болуп турганда криминалдык күчтөрдүн таасири астында абактагы кылмышкерлер бошонуп кетүү аракеттерин да жасап жатышы мүмкүн. Буга №47 колониядагы башаламандык далил боло алат. 22-апрель күнү агрессивдүү абалда абакта отурган кылмышкерлер бунт чыгарып, көзөмөлдөөчү вахтага кирип көзөмөлдөөчүлөр Т.Акматалиев менен Н.Раимбековго күч колдонууга барышкан. Ошол күндөгү күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери абактын сыртына качып чыгып кетишкен. Башкача айтканда, абактагыларды эркин таштап коюшкан. Учурда болуп өткөн окуяга тиешелүүлөргө тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө. №47 колонияда жазасын өтөп жаткандар Б.Т.Назаралиев, А.П. Ашимов, Казыбек уулу А, П.Е. Макеев, Б.Т. Нурдалиев Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго этап кылынды. Бул туурасында дагы тереңирээк иликтеп толук маалымат беребиз.

Исмаил Кочкаровдун өлүмүнө тиешелүү тергөө иши улантылууда
Буйрутма адам өлтүрүүлөр күчөп турганда 2009-жылдын 18-январында №8 колонияга этап кылынган Исмаил КОЧКАРОВ абактан сегиз бөлүккө бөлүнүп өлтүрүлгөн. Ошондой эле ага кол салган кылмышкер Базарбаевдин да көзү тазаланган. Негизинен Кочкаровдун соттук иштери жана СИЗОдон №8 колонияга этап кылынышы табышмак болуп башталып, өлтүрүлгөнү да табышмак бойдон калган. Исмаил Кочкаров КЖКнын 170-171-беренелердин негизинде соттолгон.
Өз учурунда Исмаилдин өлүмү таасирдүү бийликтин басымдуулугу астында терең иликтенбестен иш токтоп калган. Такталбаган маалыматтарга караганда, Кочкаровдун өлүмүн иликтөөгө ошол кездеги Республиканын Башкы прокурору Элмурза Сатыбалдиев тыюу салып токтотуп койгон. Учурда спецпрокуратуранын прокурору Кубанычбек МАМАКЕЕВдин иш аракеттеринин негизинде Кочкаровдун өлүмү боюнча тергөө-иликтөө амалдары жүргүзүлүп, №8 колониянын ошол кездеги начальниги Агит Алиев сурак берүүдө. Буюрса, жаңы жетекчиликтин жаңыча иш баштоосу менен кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы астында көмүскөдө калган иштердин бети ачылаар убактысы жакындап калды десек болот. Гезитибиздин келээрки санында спецпрокуратуранын кызыктуу иштеринен дагы көптөгөн маалыматтар берилет. Ошондой эле он жыл түрмөдө өкүмү жок жатып, учурда спецпрокуратуранын иш-аракеттеринин натыйжасында бошонуп чыккан адамдын тагдыры менен да кененирээк тааныша аласыздар.

Назгүл
МАМЫТОВА










кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
30-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө!
Бөлүнсөң-бөрү жеп кетет.
"Бөлүнүп калды кыргыз" деп,
Бөлөк элге кеп кетет!

2-бет
"ОПГ оюндары" башталдыбы?
3-бет
Елисеев, Ширшов, Надел
кетирген чыгым 2 миллиард сом

4-бет
Шейит кеткендерди шылдыңдаган эргулдар
5-бет
Конгантиевдин "КОЁН" жолу
6-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
7-бет
ЗЫНДАНДАГЫ ҮН
8-бет
1-май
Куттуу планета

9-бет
Түзөтүү мекемелериндеги түзөтүүчү иштер
10-бет
Табышмактуу өлүмдүн жандырмагы чечилбей келет
11-бет
Кубатбек Байболов:
"Революциянын максаттары ишке ашпай жатат"

12-бет
Абактагылардын да укугу корголууга тийиш!
13-бет
УЛУТТУК КАНАЛ УЛУТКА КЫЗМАТ КЫЛЫШ КЕРЕК!!!
14-бет
КР Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И. Отунбаевага
Убактылуу өкмөттүн Түштүк Кыргызстан боюнча координатору

15-бет
Дүйнө жаңылыктары
16-бет
Тагдыр










??.??