Жер жүзүндө

1-май
Куттуу планета
Ысык-Көл форумунун катышуучуларынын бири Федерико Майордун: "биз бардыгыбыз бир кайыкта сүзүп баратабыз.." деген сөзү эсиме түштү. Ысык-Көл шеринесинин да, дүйнөнүн прогрессивдүү коомчулугун авангард отрядынын тынчтык демилгелери да жер эненин андагы кут турмушту, адамзат цивилизациясын сактап калууга, түбөлүк бейкутчулукка жетишүүгө арналып келет. Ушу кезде мамлекет башчыларынын тынчтык максатындагы экономикалык кызматташууларды өнүктүрүү багытындагы заманыбыздын кызыкчылыктарына төп келген жолугушуулары бүткүл дүйнө жүзүнүн көңүлүн өзүнө буруп, планетада түбөлүк тынчтыктын сакталып каларына үмүт отун жагып, ишенимди арттырган кылымдын чоң окуяларынан болуп калып жатат.

Өткөн жылы Америкада өткөн шайлоодо Барак Обаманын жеңип чыгышы, анын алган багыты, иш аракеттери да прогрессивдүү коомчулуктун дүйнөдө тынчтык сакталат, эл аралык терроризмге, үстөмдүк кылууга ар кандай зулум күчтөргө бөгөт коюлат деген ишенимин бекемдегендей болду.
Дегиси, планетабыздагы тынчтык демилгелери, өз ара боордошуп жакындашуу ымалалары адам затынын бакыбат, куттуу турмушу үчүн тилектештигин билдирип, бүткүл дүйнөнүн эмгекчилеринин көздөгөн максатын жакындатып, жер жүзүнө жакшылык жарыгын чачып турат. Ушул жарык туу чокудан түбөлүккө жанып калса экен деп тилейт дүйнө эли.
...Быйыл планетабызда эмгекчилердин Эл Аралык тилектештигинин күнү 124-жолу белгиленет. Ушул 1-майда Америка Кошмо Штаттарындагы Чикаго шаарынын жумушчуларынын даңктуу чыгууларына туура 123 жыл толот. Чикаголук жумушчулардын 1886-жылдын 1-майындагы эрдикке толгон, бирок күч менен басылып ташталган чыгуулары 1-майды эмгекчилердин Эл Аралык улуу манифестациясынын күнү деп жарыялоого негиз болуп калган. Эмгекчилердин Эл Аралык күнүн белгилөө жөнүндөгү чечим 1989-жылдын июль айында жумушчулардын эл аралык конгрессинде кабыл алынган. Фридрих Энгельс ал резолюцияны "Бул биздин коңгуроо кабыл алгандардын эң мыктысы",-деп айткан.
Эл Аралык жумушчу кыймылынын өнүгүш тарыхы менен коштолгон 1-май даңктуу санжыраларга бай. Ал жер жүзүндөгү боштондук кыймылынын тагдырына, тынчтыктын, прогресстин жеңип чыгышына, дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнө революциялык оптимизм менен жагымдуу таасирин тийгизип келе жатат. Мындан мурда Чикагодон чыккан учкун ушу кезде жер жүзүнө нур чачкан куттуу жарыкка айланды.
Бүгүнкү 1-май планетанын бардык континенттеринен, бардык тараптарынан жана булуң-бурчтарынан аалам асманындагы жылдыздардай жымыңдап, жарык чачып турат. Алар: Тынчтыктын, Достуктун, Тилектештиктин, Боордоштуктун жылдыздары.
... Жер планетасы күн системасындагы башка планеталарга караганда өзгөчө планета. Турмуш сакталып калган, деңиздери жана дарыялары бар таң каларлык керемет планета, таң каларлык керемет тагдыр.
Жер Венера менен Марстын ортосунда жайгашып, күндү секундасына 29,8 километр ылдамдык менен айланып турат. Жер менен күндүн ортосундагы аралык 149 миллион 573 миң километр. Ушунусу менен ал өзгөчө жолдуу. Эгер жер күнгө бир аз эле жакын болгондо анын бетин күн нурлары куйкалап жибермек, эгер аз эле алыс болгондо муз курчоодо калмак..." (ЮНЕСКОнун Курьеринин 1936-жылдын август айындагы санынан).
Жер планетасы (баласын бооруна кыскан энедей) "бортуна өмүр көчүн салып алып" Күндү чарк айланып турат. Жер жападан жалгыз адамдар, адамдар гана планетасы. Анын керемет тагдыры адамзатынын бактысы болуп калды.
Жерде турмушту, тынчтыкты, керемет таңдарды сактап калуу жөнүндө гимн жыл сайын эмгекчилердин Эл Аралык тилектештигинин күнүндө өзгөчө күч менен жаңырат. Биздин планетада адамдар бакыт үчүн төрөлүүгө тийиш. Жер планетасындагы миллиондогон адамдардын тилеги ушундай.
Ооба, тилеги ушундай. Куттуу планетабыздын куттуу кыргыз эли быйыл 1-май майрамын майрамдабай отурганы кандай гана өкүнүчтүү… Жүздөгөн жылдар мурун эркиндик жана тынчтык үчүн көчөгө чыккандай эле, 2010-жылдын 7-апрелинде Ак үй алдына акыйкаттык издеп барган жалоондой жигиттерибиз окко учуп, азыр кыргыз эли ар кандай салтанаттарды артка жылдырып турган кези. Кыркы бериле элек уулдарыбыздын арбагына таазим этип, алардын өмүрлөрү да дал ушул 1-Май өңдүү айтылып да, жазылып да тарыхта кала берерине ишенебиз. Куттуу планетада кутумдардын орду жок!

Меңдибек АСЫЛБЕКОВ




  Бар бол, кайрымдуулук

"Жаштар мамлекетти саздан сууруп чыгат"
Дүйнөнү дүңгүрөткөн апрель окуясынан кийинки өлкөдөгү баш аламандыктарга кыжыр кайнап турган чакта жүрөк жылытчу бир жаңылыктын күбөсү болдук. Мындан эки күн мурун Талас облусунун Бакай-Ата районунан келген үй-бүлө 7-апрелде курман болгон адамдардын жетим калган балдарын багып алуу демилгеси менен чыкты. Учурдан пайдаланып, үй-бүлө мүчөлөрүн кепке тарттык.

- Эже, айтсаңыз, мындай демилге менен чыгууга сиздерге эмне түрткү болду?
- Мен муну кудай таалага ыраазычылык иретинде жасагым келди. Анткени, 7-апрель күнү кечке чейин аянтта жүргөн уулум Төрөкан Жунусбековго телефон чалып такыр ала албай койдум. Биякта радиодон "мынча адам жарадар болду, баланча адам өлдү" деп кайта-кайта айтып атты. Менин болсо жүрөгүм зыркырайт, эмне болду экен деп. Телефон болсо, жооп бербейт. Эне кургурдун жүрөгү кыйын экен да. Анан кудайдан тиленип аттым "айланайын кудай, баламды аман-соо кое көр. Эгерде аман болсо, "каза болду" деп айтып атпайбы, ошолордун балдарын багып алайын" деп ниет кылгам. Кудай ошол тилегимди орундап, минтип балам аман келгенине ыраазылык ирээтинде ушул демилге менен чыгып атам. Өзүм Бакай-Ата районундагы Акназаров айыл өкмөтүндө финансы бөлүмүнүн башчысы болуп иштейм. Айлыгым - 7 миң сом. Мындан тышкары, мал-келибиз бар. 2 гектар жер иштетебиз. Кудайга шүгүр, балдарды бакканга жетет. Жолдошум каза болуп калган. Ойлоп көрсөм, балдардын көбү эле жакшы экен.
- Канча бала багып алайын деген ниеттесиз?
-Эгер макул болушса, 2 бала багып алсам дейм. Биздин мыйзамдарга ылайык жесир аялга бала багып алууга уруксат берилбейт дешти. Эгер андай болсо, уулум Төрөкан менен келиним экөө өздөрүнө жаздырып алышса, мен багайын деп жатам.
- Ал балдарды туугандары бербей коюшсачы?
-Бербей коюшса, анда балдар үйүнөн багып алсам болот да. Анткени, ал жактагы кароосуз калган балдарга да эне мээрими керек да. Жетимчиликти кудай башка салбасын.
- Мамлекеттен кандай жардам күтөт элеңиздер?
- Эч кандай жардамдын кереги жок. Мамлекет ансыз да өп-чап абалда турганда арка-жөлөк болушубуз керек.
Учурдан пайдаланып баласы Төрөкан Жунусбековду дагы кепке тарттык.
- Төрөкан мырза, апаңыздын бул ниетин кандай кабыл алдыңыздар?
- Албетте, биз туура кабыл алдык. Апамдын бул сунушун мен эле эмес, биздин үй-бүлө эле эмес, бардык адамдар туура кабылдайт болушу керек. Менимче, бул чексиз энелик мээрим, балдарга болгон чексиз сүйүү деп эсептейм. Ушундай адамдын баласы болгондугум үчүн чексиз кубанычтамын. Ошол кара баскан 7-апрель күнү курман болуп жаткан балдарды көрүп апам мага байланышка чыга албай, эгер мен аман барсам ушундай тилек кылган экен. Байланыш болбогонунун себебин өзүңүздөр деле билесиздер, бардык абоненттер бири-бири менен байланышып, натыйжада байланыш өтө начар болуп жатты.
- Биз билгени, сиз "Ар-намыс" партиясында 10 жылдан ашуун убакыттан бери мүчө болуп, оппозициялык маанайда келе жатасыз, учурдагы бийлик тарабынан кызматка чакыруулар болдубу?
- Туура айтасыз, 10 жылдан бери "Ар-намыстын" Талас облусу боюнча координатору болуп иштеп келе жатам. Тилекке каршы, мен тутунган принципке Акаевдин дагы, Бакиевдин дагы саясаты туура келген жок. Анткени, экөө тең элдин камын ойлогондун ордуна өз чөнтөктөрүн толтурушуп алып качып кетишти. 2000-жылы премьер-министрдин аппаратында иштеп отуруп булардын бардык былыктарын көргөндөн кийин эле оппозицияга өткөм. Эми жаңы бийликтин келгенине аз эле убакыт болду. Азырынча сындоодон алыс туралы. Бирок, жаңы өкмөт тарабынан эч кандай чакыруу болгон жок. Эгерде чакыруу болсо тиешелүү адамдар менен кеңешип, барганга аракет кылам. Себеби, мамлекетти саздан сууруп чыгуу үчүн жаштардын келиши өтө зарыл. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, жетекчилик менен кеңешип, келе жаткан парламенттик шайлоодо партиянын атынан катышканга аракет кылам.

Собол узаткан
Адилет АЙТИКЕЕВ