Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Укук

ЗЫНДАНДАГЫ ҮН
1-макала
- Акыйкат издегениме 12 жылдын жүзү болду.Мен бул катты жазбайт белем, эгерде "Алиби" гезитиндеги Нурбүбү Бөдөшованын "Акырындап өлтүрүү - анык күнөө" деген макаласын окубаганымда. Биздин балдарыбыз үчүн күйүп-жанып, биз менен бирге акыйкат издеп, ушундай оор маселелерди элге алып чыкканыңарга рахмат,- деп башталат бул кат.
Катты жазып, өз колу менен редакцияга алып келген Тагай Калдаров Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан айылынан. Анын уулу Калдаров Союзбек азыр 34 жашта. 1999-жылдын 7-мартында Союзбек МАИ кызматкерлерин атты деген жалаа менен соттолуп, зынданга түшкөн. Быйыл 7-мартта №1 СИЗОдо отурганына 12 жыл болду.
... Ошол каргашалуу түнү Калдаров Союзбек таанышы Апсаев Кадыр менен Бишкекке келишет. Союзбек машине айдап, рулда болчу. Ордо шаардан Кадырдын эки досу учурайт. Баары машинеге отурушуп, шаар аралашат. Тамактанышып, эми гана үй-үйлөргө тараганы жатканда, аларды МАИ кызматкерлери токтотот. Жалал-Абаддан жаңы эле келип, машинеси чаңдап, кир болгондуктан, МАИден коркуп машинени токтотпой качат. Ошондо милиционер машиненин дөңгөлөгүнө атат. Бирок, эки ок дөңгөлөккө эмес, машиненин "крылосуна" тиет. Акыры, бир тупикке токтотушуп, Союзбек түшүп, документтерди МАИлерге берет. Алар бул документтерди папкасына салып, "милиция бөлүмүнө айдайсың" дейт. Кечирим сураган Союзбекке "анда 2000 сом акча бересиң" дейт маичилер. Бирок, Союзбектин чөнтөгүндө 500 сом гана калган болчу.
Ошентип, машинедегилер менен маичилердин ортосунда келишпестиктер чыгып, мушташып кетишет. Төрт жигит милиция кызматкерин жана анын жардамчысы деген Нищеголотовду сабап, машина менен качып кетишет. Качып баратып, Апсаев Кадыр Союзбекке: "машинаңды бур, пистолетин алып коелу" дейт. Алар кайрылып келгенде милиция ок чыгарат. Союз чуркап барып "Волга-31" машинасынын рацияларын үзүп атканда эки октун үнү жаңырат... Ошондо Апсаев Кадыр өзүнүн обрези менен эки милиционерди тең атып салган болот.Көрсө, Кадырда обрез бар экен. Ошентип, кайра качып кетишет...
Окуянын чоо-жайы ушинтип жазылган. Бул кырсыкты уккан атасы Тагай Калдаров ошол замат Жалал-Абаддан келип, балдарды тергеп жаткан тергөөчүгө жолугат.
- Балдарды Башкы прокуратурадан Нагаев Рысбек деген тергөөчү тергеп жатыптыр. Ал "Сиздин уулуңуз аткан эмес, бирок, өз кылмышына жараша жазасын алат" деген. Тергөөчүнүн минтип айтканында да негиз бар болучу. Себеби, алгач ирет көрсөтмө бергенде, Союзбекти баарысы тең рулда экенин айткан. Анан, экинчи ирет тергөө жүрө баштаганда эле баары өзгөрүп кетсе болобу. Анткени, Апсаев, Кенжаев, Мамаджанов болуп Жалал-Абадда чогуу чоңоюшкан. Болбосо, Апсаев Кадыр биринчи көрсөтмөсүндө өзү "Мен аткам" деп мойнуна алган болучу.
Экинчи тергөө башталат.Кайра тергей баштаганда эле Союзбекти "күнөөнү мойнуңа аласың" деп кыйнай башташат. Союзбектин колуна кишен салып, колдоруна сигарет басышып, уруп-тээп, эсин оодарып подвалга таштайт.Кайра өзүнө келгенде кайра урат, кыйнайт, бирок, ушу мезгилге чейин адам атпаганын мойнуна албай келет...
Ошентип, тергөөнүн өзү эки жылга созулат. Уруп-токмоктошуп жүрүп, бир адамын аткан кылып Союзбекке оодарышат. Акырында соту болуп, Союзбек Калдаров менен Апсаев өлүм жазасына буйрулат. Кенжаев -22 жыл, Мамаджанов - 19 жыл түрмөгө кесилет.
- Мен баламды актабайм. Күнөөсү бар, бирок ал аткан эмес. Кылган күнөөсүн мойну менен тартса жакшы болмок. Сотко чейин мен бир адам таап ортомчу салдым. 15 миң долларга сүйлөшүлгөн. Мен андай акчаны таба албадым. Мен 15 миң доллар эмес, долларды кармап көргөн жан эмесмин. Уулумду кыйнап"мойнуңа ал" деп жатканда адвокат Суранчы да бар экен, - деп оор үшкүрүнөт Союзбектин атасы.
Атасынын айтканынча бар. 2006-жылдын 9-августунда ал кездеги КР Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулуна жазган арызында мына буларды белгилейт:
"1. ТОЗ-8 обрез мылтык огу менен Апсаев Кадырдыкы.
2. Алты ай ичи Апсаев Кадыр атты болуп , кийин Калдаров Союзбек атты болуп калган. Себеби, ошол мезгилдеги Ген прокуратуранын тергөөчүсү Р.Нагаев соттолгон Апсаев, Кенжаев, Мамажановдордон 1000 доллардан 3000 доллар чогултуп алган.Нагаев акча алгандан кийин менин балам Калдаров Союзбекти катуу кысымга алып, сен мойнуңа ал, албасаң сотко жетпей өлөсүң деп кишенделип турган колуна сигарет басып жиберген. Ошондо менини балам Калдаров Союзбек байке адам бол, мени кыйнаба деп түртүп жиберген. Сырттан палачтары кирип баламды өлөрчө сабашып, буттары менен тээп баардык тиштерин сындырган. Бир саатан кийин суу сээп өзүнө келтирип, дагы мойнуңа аласың деп сурагын баштаган.
Ушундай зөөкүрдүк, акмакчылык бир ай бою кайталанган.
3. Уюшулган банда деген статья койгон, каяктагы банда, менин балам Россиядан келген Кенжаев, Мамажановдорду ошол күнү тааныса.
4. Машинаны уурдады деген стаья койгон. Андай эмес, машинаны бизге, 60000 сомго сатмак болгон, машинанын ээси тааныш болчу.
5.Балдар менен Тамара аттуу кыз бар болчу. Ошол кыздын сурак протоколу жок. Ким аткандыгын ошо кыз айтып бермек.
6. Эки жылдан бери Мамажанов биринчи көрсөтмөсү туура экендигин , чынында Апсаев Кадыр аткандыгын, милиция кызматкерлери келип Калдаров Союзбек атты деген көрсөтмө бересиң деп кысым көрсөткөндүгүн азыр президентке, Генпрокуратурага, Жогорку сотко да жазып жатат. Бирок, арызды караган бир да адам жок.
8. Менин баламан МАИ кызматкери Омуров токтобой койгондугу үчүн 2000 сом сураган, баламда болгону 500 сом болгон. Менин балам, байке менде 500 сомдон башка акча жок ишенбесеңиз бардык чөнтөктөрүмдү караң деп колун көтөрүп, чөнтөктөрүн аңтарткан. Анда машинаңды РОВДга айда дегенде, балам макул болгон. Ошол мезгилде Апсаев Кадыр ТОЗ-8 мылтыгымды таап алат РОВДга барсак деп, уруш чыгарган, акырында атып салган.
...Кудай бар. Канды - кан тартат. Апсаев К. аркы дүйнөгө раматылык болуп кетти. Бирок биз өлгөнгө чейин чындыкты издеп жүргөнбүз. Өлгөндөн кийин айыпты бирөөгө жаба салыш, ал наамарттын иши, кудай да кечирбейт. Сиздерден чоң үмүттө болуп акыйкат тарабын териштирип берет деп үмүттөнөбүз"
(Калдаров Тагайдын арызынан алынды)
Бул арызды атанын балага деген улуу сүйүүсүнөн улам кылган жандалбас деп түшүнгөн күндө да, буга чейин эле 2005-жылдын 15-ноябрында ал учурдагы КР Генпрокурору Камбаралы Конгантиевге А. Мамажановдун жазган билдирүүсүндө мындай деп жазылган: "Биздин алгачкы ирет берген көрсөтмөбүз чындык болчу. Адамдарды аткан - Апсаев Кадыр. Кийинки көрсөтмөлөрдү милициялардын уруп-сабоо, коркутууларынан улам " бергенбиз. Калдаров Союзбек өлтүргөн эмес. Биринчи көрсөтмөмдү чын жүрөктөн туура жазып бергем. Билдирүүнү өз колум менен жаздым".
Бирок, Конгантиев мырза буга көңүл буруп, териштирген эмес.
Ушундай эле билдирүү Жогорку сотко да түшкөн. Баары бир билдирүүлөр эч кимдин көз кырына илинбеген.
Кайран гана өмүрлөр!.. 34 жылдык өмүрдүн 12 жылын зынданда өткөрүү кандай гана оор! Болгондо да, күнөөсү үчүн отурса - андайга убал жок эле го. Барбаган жери, ачпаган эшиги, жалдабаган адвокаты калбай, жашап отурган үйүн саткан атанын көөдөнүнөн көк түтүн бурулдайт. "Уулумдун жаны өлгөндөрдөн артык беле! Эгер аларды чын эле уулум өлтүрсө - анда мынчалык чуркабас элем..." деген бир сөздү миң ирет кайталап кайрадан Жалал-Абадга кете берди.
Ошентип, биз бул макалабызда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2000-жылдын 2-мартындагы өкүмүнүн негизинде КР Кылмыш-Жаза кодексинин 69-беренесинин негизинде өлүм жазасына кириптер болгон Союзбек Калдаров тууралуу жаздык. Кылмыш иши улам эскирип, зынданга мындан он эки жыл мурун салынгандар эмес, бул жактагы иштер бүтпөй жатканда...-дегендер да чыгышар. А бирок, андай эмес! Башкаларга эскиргени менен ал каргашалуу түн, эки жолу атылган октун үнү Союзбектин кулагында күнү бүгүнкүдөй жаңырып келет... Ошол үндү укпай койсо болмок. Ошол үндү укканы үчүн күнөөлүү болуп өмүр бою зынданга түшкөн. А зындандагы анын үнүн угар жан бар бекен?! Дал мына ушул суроого жооп издеп, "чыркыраган чындык жок болсо, мени да атып салышсын" деген Союзбек дагы бир кылмышка батты... Аны экинчи макалабызда улайбыз.

Нурбүбү БӨДӨШОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
30-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө!
Бөлүнсөң-бөрү жеп кетет.
"Бөлүнүп калды кыргыз" деп,
Бөлөк элге кеп кетет!

2-бет
"ОПГ оюндары" башталдыбы?
3-бет
Елисеев, Ширшов, Надел
кетирген чыгым 2 миллиард сом

4-бет
Шейит кеткендерди шылдыңдаган эргулдар
5-бет
Конгантиевдин "КОЁН" жолу
6-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
7-бет
ЗЫНДАНДАГЫ ҮН
8-бет
1-май
Куттуу планета

9-бет
Түзөтүү мекемелериндеги түзөтүүчү иштер
10-бет
Табышмактуу өлүмдүн жандырмагы чечилбей келет
11-бет
Кубатбек Байболов:
"Революциянын максаттары ишке ашпай жатат"

12-бет
Абактагылардын да укугу корголууга тийиш!
13-бет
УЛУТТУК КАНАЛ УЛУТКА КЫЗМАТ КЫЛЫШ КЕРЕК!!!
14-бет
КР Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И. Отунбаевага
Убактылуу өкмөттүн Түштүк Кыргызстан боюнча координатору

15-бет
Дүйнө жаңылыктары
16-бет
Тагдыр










??.??