Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Кеңеш айталы - кулак сал

КЫРГЫЗ АЛТЫНЫ
(журналисттик иликтөө)

(Уландысы. Башталышы
газетабыздын өткөн санында)
2. Н.Исанов.
Бийлик үчүн күрөш 1991-жылы башталды. 13-январда "европалыктар" Вильнюс шаарында теле борборду басып алууну жүргүзүп, провокация уюштурушту. Ал эми 1991-жылдын 31-июлунда "Саюдис" кыймылынын 8 кишисин түнүндө атып салышты. Башкача айтканда, "европалыктар" Прибалтика өлкөлөрүндө абалды курчутканга аракет кылышты. Себеби эмнеде? Себеби абал курчуса, өлкөгө өзгөчө абал жарыяланып, бийлик үчүн күрөштө "европалыктар" жеңип чыкмак. "Европалыктар" абалды курчутууну өздөрү контролдоп турган Прибалтика өлкөлөрүндө баштаган эле. Бул күрөштүн акыркы этабы 1991-жылдын 19-августунда башталды. Атактуу ГКЧП окуясы болуп өттү. Бул тиреште "европалыктар" жеңилип калышты. Себеби "азиялыктар" Б.Ельцин башында турган региондук саясатчылардын коопсуздугун камсыз кыла алышты. Ал эми коопсуздукта болгон саясатчылар ГКЧПны тааныбай коюшту.
Кыргыз алтынынын тагдырынын урунттуу учуру мына ушул жерге такалат. 1991-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев "Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана коопсуздугун коргоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына кол койду жана ГКЧПга каршылыгын билдирген кайрылуусун жарыялады. Ошого удаа эле Кыргызстандын КГБсынын төрагасы генерал Ж.Асанкулов кызматынан бошотулду. Демек, А.Акаев олуттуу учурда "европалыктардын" контролунан чыкканга аракет кылды десек болчудай. Эмне үчүн? Анткени А.Акаев "азиялыктардын" чордонунда калган эле. 1991-жылдын январында эле "азиялыктардын" талабы боюнча Н.Исанов премьер-министр, Т.Койчуев, А.Иордан, Э.Дуйшеев, Я.Фишер вице-премьер-министрлер, А.Муралиев экономика боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалат. Ал эми Т.Чынгышев мамлекеттик катчы болуп 1991-жылдын 20-апрелинде дайындалат.
Эмне үчүн бул киши үч ай өткөндөн кийин дайындалып олтурат? Себеби "азиялыктар" менен "европалыктардын" ортосунда ички күрөш жүрсө керек. Акыры компромисс жетишилип, "европалыктардын" кадрлары да бийлик курамына кирген. ГКЧП болуп өткөндөн кийин, 1991-жылдын август айынын аягында эле тирешкен эки топ бир пикирге келген деген маалымат бар. Себеби, негизги наркотикалык жана акча каналдарын жалгыз бир гана топ контролдой албайт болчу. Бул сүйлөшүүлөрдө ар бир тарап өзүнүн позициясын бекемдегенге аракет кылышкан. Ошондуктан бир катар кадрлар жок кылынган.
Мисалы, биз сөз кылып жаткан "Сиабеко" компаниясын түзүүгө жигердүү катышкан Л.Веселовскийдин тикелей начальниги Кручина 1991-жылдын 26-августунда өз балконунан жерге боюн таштап каза болгон. Бул киши "европалыктардын" финансылык каналдары тууралуу көп нерсени билет эле. Эгерде "азиялыктар" бул финансылык каналдар тууралуу билип калышса, анда "европалыктардан" өз үлүштөрүн талап кылышмак. Мына ушул сүйлөшүүлөрдө "европалыктар" Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаевдин "саясий саткындыгы" жөнүндө маселени да коюп, бул "саткындыктын" ордун толтуруу үчүн "азиялыктар" "европалыктарга" кыргыз алтынын бермей болушат.
Эмне үчүн "азиялыктар" мындай кадамга барышты? Алардын Орто Азияда позициясы абдан бекем эле да? Маселенин түпкүлүгү абдан жөнөкөй комбинацияга барып такалат. Биринчиден, Кыргызстан "азиялыктардын" колунда наркотикалык жол жана курал сатууну жүргүзүүчү канал катары калмак, экинчиден "европалыктар" кыргыз алтынын алып чыгуу үчүн өздөрүнүн кадрларын, өздөрүнүн финансылык жолдорун колдонушмак. Демек, Орто Азиядагы "европалыктардын" кадрлары жана финансылык каналдары аныкталмак. Үчүнчүдөн, кыргыз алтынын бөтөн өлкөгө алып чыгуунун жолун "европалыктар" иштеп чыккандан кийин ал жолду же багытты "азиялыктар" өздөрүнө өткөрүп алышмак. Мына ушинтип кыргыз алтынынын тагдыры чечилет. "Европалыктар" кыргыз алтынын алып чыгуу үчүн Л.Веселовскийдин "Сиабеко" компаниясынын Борис Бирштейн иш алып барган багытын колдонууну чечишет.
1991-жылдын 23-сентябрында Санжар Айтматов алтынды алып чыгуунун жолдору аныкталган меморандумду Цюрихтен А.Акаевге жиберет. 13-октябрда А.Акаев "Кыргызстан-Сиабеко" мамлекеттик - жеке корпорацияны түзүү тууралуу жарлыкка кол коёт. Кыргыз Республикасынын экономикасын реконструкциялоо жана өнүктүрүү боюнча комитет түзүлүп, анын төрагасы болуп Б.Бирштейн дайындалып, А.Сарыгулов жана С.Айтматов төраганын орун басарлары болуп дайындалышат. Андан соң кыргыз өкмөтү менен "Сиабеко" компаниясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу түзүлүп, ага Б.Бирштейн жана Н.Исанов кол коёт. Бирок андан ары иш жылбай калат. Маселенин түбү алтынды алып чыгуунун мыйзамдуу жолун түзүүгө келип такалат. Кыргызстандагы алтынды аффинаждоо үчүн чет өлкөгө алып кетүүнүн мыйзамдуу жолун бекитип берүүгө Н.Исанов караманча каршы болот. Себеби Кара-Балта шаарында кыска мезгилдин ичинде аффинаждоо өндүрүшүн калыбына келтирсе болот эле. Демек, алтынды сыртка алып чыгуунун кажети жок болчу. Биздин оюбузча башында "азиялыктар" да Н.Исановго коопсуздукту камсыз кылып беребиз деп убада беришсе керек. Антпесе премьер-министр мындай олуттуу кадамга башкача жол менен бармак. Биздеги маалыматтар боюнча, Н.Исановду "азиялыктар" сатып кетишкен. Эмне үчүн?
Биринчиден, "азиялыктар" жаңы оперативдүү комбинация иштеп чыгышкан. Ага ылайык премьер-министрди "европалыктарга" сатып жиберишмек. Мындай учурда "европалыктар" өздөрүнүн Орто Азиядагы оперативдүү кадрларын колдонушмак, демек бир жүрүш менен каршылаштардын бир катар оперативдүү багыттары аныкталмак.
Экинчиден, алтынды алып чыгууну мыйзамдаштыруу "азиялыктарга" да керек эле. Ошол эле механизмди кийин өздөрүнө өткөрүп алып иштете беришмек. Бирок бул жолу "европалыктар" "азиялыктарды" алдап кетишти. Алар "азиялыктардын" бир кадрын сатып алышып, анын жардамы менен Хохольков деген киши турган "азиялыктардын" тобун колдонушту. Ошентип, 1991-жылдын 30-ноябрында Н.Исанов "автокырсыктан" каза болот. Ал эми КГБнын сатып алынган кадрын "европалыктар" Россияга, Карелияга которуп кетишет. Ал жактан бул кадр Беломор-Онеж параходдугунда коопсуздук кызматынын башчысы болуп иштеп, 1997-жылы ФСБнын борбордук аппаратына которулат. "Европалыктар" Хохольковдун тобун колдонгону менен бул топ жана анын жетекчилери тууралуу оперативдүү маалыматтарды Россиялык ИИМге өткөрүп беришет. Башкача айтканда, "европалыктар" бул топту толугу менен келечекте контролдоонун жолун аныктап коюшат.

Кален Субанов,
Публицист




Убактылуу өкмөт башчысы
Урматтуу Роза Отунбаевага,
Убактылуу өкмөттүн
башчысынын орун басары,
каржы министри
Т.А. Сариевге,
Чүй облусунун губернатору
С. Абдрахмановго
Чүй районунун акими
Н. Мааткеримовго
Чүй районунун Кегети айыл
округунун дыйкандарынан

ӨТҮНҮЧ КАТ
Биз сиздерге кайрылуубуздун себеби: Айыл чарба үчүн жакында 120 миңге чейин залогу жок Азия Универсал Банк аркылуу дыйкандарга кредит (агро-кредит0 23% менен берилген. Биз кийин изилдеп көрсөк, бул кредит Россия мамлекетинен келген грант түрүндөгү бекер акча экен. Бул кредиттен өзүнө пайда табыш үчүн Максим Бакиев Азия Универсал Банкына кошуп бизге процент менен берген, бул чынында акмакчылык болуп жатпайбы.
Өзүңөргө белгилүү болгондой былтыр өкмөт эгинден эптеп түшүм алсак, өткөрүүгө келгенде 10 сомдон алабыз деп анысын аткарган жок. Ошонун негизинде буудайларыбызды базарга арзан баада сатууга туура келди. Кыскача айтканда өзүнө кеткен чыгымды актаган жок. Айылда көп жерлерибизге беде, чөп айдалат, андан да дыйкандар жабыр тартты, анткени жаз келээри менен курт жеди, сугат суусу тартыш болду. Булар аз келгенсип өзүбүз кыйналганга карабай, уятсыздык менен светти, кудайдын берген сугат суусун кымбаттатты.
Өзүңөр маалымат каражаттары аркылуу бергендей, көрсө Азия Универсал Банк Бакиевдин үй-бүлөсүнө, же тактап айтканда Максим Бакиевге тиешелүү менчик банк экен.
Биз түшүнбөй турабыз, жаңы элдик өкмөт болду, сиздерден бизге көп жардамыңыздар керек болуп жатат, кредит төккөндөн кыйналып жатабыз. Максим Бакиев, банктын ээси, азыр жок, биз кимге төгүшүбүз керек!
Ушунчалык чоң 23% кредитти эмнеге төгүп беришибиз керек.
Эгер мүмкүнчүлүк болсо ушул бекер келген грант түрүндөгү акчаны жоюп төктүрбөй, болбой калганда процентин төмөндөтүп же процентин такыр жок кылып берүүңүздөрдү суранабыз.
Ушул жазган өтүнүч кат, чоң үмүт менен, чоң өтүнүч менен Кегети айыл өкмөтүнүн төмөнкү тизмедеги дыйкандарынан:
1. Сыдыматов Т.
2. Мамбеткулов Ч.
3. Сасыкулов З.
4. Ашыралиев К.
5. Каипов Т.
6. Молдокулов Ж.
7. Курманалиев К.
8. Алыбаев К.
9. Медетов К.
10. Калдыбаев Ж.
11. Мааткеримова С.
12. Алымкулов А.
13. Кудайбергенов Т.
14. Жаманкулов Б.
15. Чечейбаева Т.
16. Медетова С.
17. Адракеев Т.
18. Ибраимова С.
19. Кененбаев Ж.
20. Султаналиев Э.
21. Осмоналиев А.
22. Үмөталиев С.
23. Исаев Т.
15.04.2010-жыл.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
30-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө!
Бөлүнсөң-бөрү жеп кетет.
"Бөлүнүп калды кыргыз" деп,
Бөлөк элге кеп кетет!

2-бет
"ОПГ оюндары" башталдыбы?
3-бет
Елисеев, Ширшов, Надел
кетирген чыгым 2 миллиард сом

4-бет
Шейит кеткендерди шылдыңдаган эргулдар
5-бет
Конгантиевдин "КОЁН" жолу
6-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
7-бет
ЗЫНДАНДАГЫ ҮН
8-бет
1-май
Куттуу планета

9-бет
Түзөтүү мекемелериндеги түзөтүүчү иштер
10-бет
Табышмактуу өлүмдүн жандырмагы чечилбей келет
11-бет
Кубатбек Байболов:
"Революциянын максаттары ишке ашпай жатат"

12-бет
Абактагылардын да укугу корголууга тийиш!
13-бет
УЛУТТУК КАНАЛ УЛУТКА КЫЗМАТ КЫЛЫШ КЕРЕК!!!
14-бет
КР Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И. Отунбаевага
Убактылуу өкмөттүн Түштүк Кыргызстан боюнча координатору

15-бет
Дүйнө жаңылыктары
16-бет
Тагдыр










??.??