Конгантиевдин "КОЁН" жолу
Утурумдук өкмтөттүн айрым ачакей маалыматтары калк арасында бүдөмүк ойлорду жаратууда. Апрель окуясынан кийин М.Конгантиев Бишкекте деп билдиришип, ошол жумада атайын билдирүү менен чыгаарын ИИМдин мурдагы убактылуу жетекчиси Болот Шерниязов билдирген. Көп өтпөй М.Конгантиев Москва шаарынан кармалды. Утурумдук өкмөт элге жалган маалымат бергени ачыкка чыкты. Эгер Таластагы окуядан соң кармалган болсо, кантип качырып жиберишти? Бул жерде бир эле версия бар -соодалашты. Анткени, 4 миллион доллар тууралуу сөз тарап, Россия телеканалынан дагы айтылган. Демек, Убактылуу өкмөт күнөөлүүлөрдү жазалоодо таза эместигин көрсөтүүдө. Прокуратура тармагы боюнча иш алып барып жаткан А.Бекназаров Конгантиев кантип Москвада кармалганы тууралуу узаткан сурообузга, "мен билбейм" деген кыска жообун кайтарды. Ооба, ал кылмыш ишин козгоп, кармоо жагына гана жооп берет. Анда ким жооп берет? Конгантиев Кыргызстан аймагынан кантип чыгып кетти, эми ага кимди жоопко тартабыз деген суроо жоопсуз калууда. Элдин токмогунан энесин тааныган Молдомуса Конгантиевге кызмат абалынан кыянат пайдаланган 305-берене боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Анын туугандары эки күн катары менен митинг уюштуруп, Ош-Бишкек жолун буушту. Бирок, сүйлөшүү жолу менен маселе чечилип, Молдомуса ооруканага чыгарылды.
Утурумдук өкмөт ушундай иштери менен элдин назарын сындырып, балдардын өлүмүнө күнөөкөр болгондор өлкө ичинде жүрсө дагы кармоого аракет кылбай, соодалашып жатат деген эле сөздөр күн санап күчөп жатат.


Курал аксакал куралдарын жоготту
Усубалиев Курал аксакал, Талас облусунун Кара -Буура району Жоон-Дөбө айылынын тургуну. 73 жашта. Бакиев бийлигин кулатууда 6-апрель күнү Талас облусунун чоң аянтында элге чооң чакырык таштап, касиеттүү карылык сөзүн айтып, жаштарга дем-күч берген. Аксакалды, бир эле таластыктар эмес бүтүндөй Кыргызстан эли деле таанып калды. Кайсыл жерде элдин эркидиги үчүн болгон жыйын болбосун Курал аксакалдын курч сүйлөгөн сөздөрү менен гана учуратасың. Көрсө анын жөн-жайы бар экен. Колунан эмнеге эле кара сумкеси түшпөйт десе, көп маалыматтын баары ошонун ичинде тура. "20 жылдан бери демократиялык күрөштөр боюнча жазылган гезит-журналдарды, сүрөттөрдү чогултуп жүрдүм эле, кашайып ошонумду Таласта болгон митингде уурдатып алдым, кайтарып берсе, кийинки урпактар үчүн кичинекей музей кылып ачып койсомбу деген изги тилегим бар эле " дейт. Тилеги жакшы экен, ушул тилекти колдоп аксакалды бир кубантып койбойлубу, таластык революционерлер!


Келечекке карай
Жалын жүрөк жаштарга
Кыргызстандагы көптөгөн жаштар уюмдары биргелешип "Кыргызстан Улуттук Жаштар Конгрессин" 3-майда Т.Сатылганов атындагы улуттук Филармонияда эртең мененки саат 9.00 дө өткөзөт. Андыктан Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган жүрөгүндө оту, журт сүйөрлүк деми, жүлүнгө жетээр кеби, келечекти түзүүгө эби бар баардык жаштар келип, омоктуу оюңарды ортого салгыла. Биз сиздерди күтөбүз. Баардык каалоочуларга эшик ачык. Уюштуруу комитети: 0312911618, 0778858416. 0772546511


Нур акеден нур жаабай турат
Казак президенти Нурсултан Назарбаев Алматыда "Евразия медиа форумун" ачып жатып 7-апрелдеги окуяны "Бул - революция эмес, каракчылык" деп атады. Анын ишениминде, ыңкылап деп 1917-жылдын Октябрындагы революцияны атаса болот. "Анда капитализмдин ордуна социализм орногон. Биз да революция жасадык деп айтсак болот. Анткени социализмдин ордуна капитализмди курдук. Ал эми Кыргызстанда болгону бирөөлөр бийликтен кулатылып, анын ордуна экинчилери келишти", - дейт, казак президенти. Өзү урап түшкөн социализмди менчиктеп, революционер болуп чыга келген Нуракеге таң калып турубуз. Ал эми Орто Азиядагы үйбүлөлүк кландардын доору бүтүп баратканын кыргыздар эки жолу далилдегени бу кишиге жакпай туру. Дегенибиз, Назарбаевдин үйбүлөсү жең ичинен Кытайга миллион гектар жер бергенине М.Шаханов баш болгон интелигенция түпкөтөрүлө каршы чыгып, казактарга кайрылуу жасап жатканын угуп жатабыз. Үйбүлөлүк диктатураны сындырган кыргыздар баурдаштарды шердентип, демине дем кошкону, Нур акени чочутуп жаткан окшобойбу. Ушундан улам кыргыздарга кыр көрсөтүп, чекарасын жаап, эки элдин ортосундагы туугандык мамилени суутууга аракеттениши жаратканга дагы жакпай калды. Кан жутуп кайгырып турганда Нур акенин кайдыгер карап, өзү тарапка упай уткусу келип, өз туугандарын өгөйлөп казак элине шардана кылып жатканы кандай.


Каныбек Осмоналиев кайсы "реформаторлорду" колдоп жүрөт же муфтияттын чатагына чекит коюлду
27-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасына Убактылуу Өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев келип, муфтияттын кызматкерлери менен жолугуу өткөрдү. Жолугушууда апрель ыңкылабынан кийин өлкөдөгү абалды стабилдештирүү жана ошол окуядан кийин дин тармагында, б.а. муфтияттын тегерегинде болуп жаткан окуялар тууралуу сөз болду. Жалпыга маалым муфтий Мураталы ажы Жуманов өз арызы менен 8-апрелде муфтийлик кызматты тапшырууга арыз жазып, иштен бошонуп, ордуна КИУнун ректору Абдышүкүр Нарматовду убактылуу муфтий кылып дайындап кеткен. Ошондон бери эле муфтийликке көз арткан ар кыл ишенимдеги, ар кыл багыттагы адамдар өздөрүнчө эле "комитеттерди" түзө калышып, муфтийлик орунду талашып эле калышты. Карманган жүйөлөрү "муфтиятты реформалаш керек" деген сыяктуу "жалындуу" ойлор. 19-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин жыйыны болуп, жалпы 35 уламанын 28и жыйынга катышып, мурунку муфтий Мураталы ажы Жумановдун жазган арызын уламалар бир добуштан кабыл алып, ошондой эле убактылуу муфтий болуп дайындалган Абдышүкүр Нарматов да жеке каалоосу менен убактылуу муфтийлик кызматты тапшыра турганын уламаларга билдирип, бир добуштан анын арызы кабыл алынган. Уставга ылайык муфтийдин милдетин убактылуу аткарып туруу милдети муфтийдин 1-орун басары Сүйүн ажы Кулуевге тапшырылып, уламалар бир добуштан макулдугун берип, кол көтөрүшкөн. Ошондой эле, бул жыйынга "реформаторлор" да катышып, натыйжада алардын сунуштары эске алынып, Кыргызстан Мусулмандарынын жаңы Уставын иштеп чыгууга токтолуп, ынтымак менен тарап кетишкен. Анан эле эмне болгону белгисиз "жылан чагып, жылкы теппей туруп эле" ага да ыраазы болбой жатышат. Андан сырткары, ортодо калыс болот деп биз ишенген КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы да "реформаторлор" тарапта болуп, алар менен 2-3 жолу жыйын өткөрүп жибергенге жетишкен. Анысы аз келгенсип, муфтияттын ишин убактылуу токтотуу тууралуу расмий эскертүүсүн да 26-апрелде муфтиятка жөнөткөн. Кайсы мыйзамга такап жөнөткөнү да бизге түшүнүксүз. Абал курчуй баштаганда муфтият Убактылуу Өкмөткө ортодогу маселени чечип берүү өтүнүчү менен кат жолдогон. Ошол катка жооп кылып жогоруда айткандай, Убактылуу Өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев келип муфтияттын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.
Эмил Каптагаев өз сөзүндө ынтымак, тынчтык керектигин баса белгилеп айтты. Ошондой эле, Баш мыйзамды кабыл алып алгандан кийинби, же күзүндөгү президенттик шайлоодон кийинби, Кыргызстан мусулмандарынын Курултайын өткөрүп, ошол жерден жаңы уставды кабыл алып, ошол уставдын негизинде муфтий шайлап алууга боло тургандыгы шартка ылайык болорун сунуштады. Ошону менен бирге эле муфтияттын Убактылуу Өкмөткө, Башкы прокуратурага, УККга жазган каттары эске алынып, жообу бере тургандыгын белгиледи. Андан сырткары дин тармагында болуп жаткан окуяларга көз салып турарын да белгилеп кетти.


"Алиби" пресс


"Күмүш сырга"
Адамдын көркү сөз эмеспи. Сөз байлыгың жок болсо кимдигиң дароо эле көрүнүп калат. Кыргыз өзү деле сөзгө чечен калк. Ошентсе да сөз каймагын калпыган жакшы китептерди көп окуу керек. Жакында дүйнөдөгү миң деген афоризмдердин кыргызча "Күмүш сырга" деген аталыштагы китеби жарыкка чыкты. Автору журналист, акын Олжобай Шакир. Сыягы окуган кишини кайдыгер калтырбайт. Учурда шаардагы китеп базарларда сатылып жатат.