Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Шейит кеткендерди шылдыңдаган эргулдар
"Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" дейт элибизде. Анын сыңарындай, жыйырма жылдан бери бийликке алданып келген карапайым калк бул саам жөн жатпай, алгылыктуу активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат. Убактылуу өкмөттүн көзүн май бастырбай, жүйөлүү маселелерди көтөрүп, ыкчам чечүү талаптарын коюшууда. Албетте, бул жакшы жышаан, колдой турган көрүнүш. Бир топ убакыт өтсө да Бакиевдердин кармалбай жатышына нааразы болгон жаштар "Ала-Тоо" аянтына кыргыздын боз үйүн тигишип, ачкачылык акциясын башташты. Чындап эле кылмышкерлерди кармоо иштери бир орундан жылбай жатышы эл арасында көптөгөн бүдөмүк ойлорду жаратууда. Мындай ыкшоолуктун эң негизги айыпкери УКМКнын азыркы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин түз тиешелүү экендигин билдиришип, анын тез арада кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Ал эми 7-апрелде курман болгон балдардын ата-энеси, туугандарынан куралган "Мекен шейиттери" кыймылынын 22 өкүлү Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын кабыл алуусунда болуп, күнөөкөрлөрдү кармоо иштерин тездетүү менен бирдикте Каныбек Иманалиевди кызматтан алуу талабын коюшту. Ооба, Акаев, Бакиев бийлигин чыңдаганга зор салымын кошуп, элдин көкөйүнө көк таштай тийген кадрлар кайрадан бийликтин бийик тепкичтерине отурганы, жакындарынан айрылып, көксөөсү суубай турган калктын кыжырын ого бетер кайнатууда. Акаев доорун гүлдөтүп, ошо кезде кекиртектен акчага туйтунган эргулдар ММК өкүлдөрүнөн гана эмес, жалпы элге жакпай турганына дагы бир жолу ынанып отурабыз. Этеги жаман жерден жыртылган кесиптешибиз Каныбек мырза мындан бир аз мурун шейит кеткендерди ак-карага бөлүүгө жасаган аракетине бир таң калганыбыз бар. "Ала-Тоо" аянтына көрүүчү катары келип, өлүм тапкандарга компенсация берилбейт таризинде сөз чыгарган болчу. Кетишин талап кылган "Мекен шейиттери" кыймылына Каныбек Иманалиев жооп берип эле тим калбастан, аларды шылдыңдаганга өттү. Ал, "Мекен шейиттери" кыймылындагы 22 адамдын үчөөнөн башкасынын апрель ыңкылабында курман болгондорго таптакыр тиешеси жок адамдар экенин айтып, өлгөн балдардын арбагынан дагы корпостугун билдирди. Кудая тоббо!


Бириңерден бириң эр, депутат болчу кимиңер
Можаритардык система мындан ары уланаарын уккан узун кулактар, Башмыйзамдын жаңы долбоору талкууга чыкканга чейин эле эки кишинин башын чүргөй салып, өзүн улуттук лидер сезгендер партия түзүүгө жетишишти. Түзөлү деп буту бутуна тийбей чуркап жүргөндөрдү дагы көрүп жатабыз. Алакандай өлкөбүздө 100дөн ашуун партия катталганын беш жыл мурун укканыбыз бар, азыр аты бар, заты жок партиялардын саны сайдын ташындай эле болду бейм. Кеп санында эмес, сапатында. Андайлар саналуу гана. "Мурдуң кайсы" десе кулагын көрсөткөн партия жетечилерин көргөндө, аргасыздан жакаңды карманат экенсиң. Албетте, бул мыйзам дегенден түк түшүнүгү жок таризинде салыштыруу маанисинде айтып жатканыбыз. Бир күчкө биригүү процессин баштагандар да жок эмес. "Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясы, "Улуу биримдик", "Элдик ынтымак", "Кыргыз кылымы" партиялары жана бир катар коомдук бирикмелер улуттук идеологияны туу көтөрүп, бир партиянын алдында биригүү демилгесин көтөрүшүүдө. Революция болоордон мурун Социал демократтар менен "Ата Мекен" партиясы дагы биригет деген сөздөр тараган. Бирок, азырынча аттуу баштуу партиялар сыяктуу эле башка партиялар дагы расмий түрдө бириге элек.


Бакиев куйруктары-эл душмандары же түштүк Кыргызстан
Ош облусунда белгисиз адамдар тарабынан Кыргызстанды экиге бөлүү боюнча чакырыктар жазылган компакт-дисктер, баракчалар таркатылып жатканы кыргыз элин тынчсыздандырууда. Дисктерде экс-президент Курманбек Бакиевдин кайрылуусу жазылып аны менен бирге азыркы убактылуу өкмөт башында тургандардын бири Алмаз Атамбаевдин убагында премьер-министрлик кызматка келерде мурунку өлкө башчысы менен кантип соодалашканы тууралуу баяндалган нерселер да бар. Аларга түшүрүлгөн кайрылууда 7-апрелдеги кагылыштарда кан төгүү Ак үйдүн буйругу боюнча эмес, оппозициянын чагымы менен уюштурулганы, буга утурумдук өкмөт жоопкер экени айтылат. Мындай мазмундагы беш миңге чукул компакт-диск Ош, Кара-Суу шаарларында жана Алайда байма-бай таратылып жаткан кези. Муну буктурмага кирген Бакиевдин куйруктары жасап жатканы баарына эле маалым. Айрыкча Алай тарабында кимдердин жасап жатканы иттин уулу байгарага дагы белгилүү. Болбогон бийлик үчүн элдин бүтүндүгүн бузууга аракет жасаган чакырыктары пендеге эле эмес, Кудайга дагы жакпаган иш. Баарыбызга маалым болгондой Тейит айылында Бакиев жашынып жатканда жөн жатпай аксакалдарды чогултуп, өзү төргө отуруп, "шейит кеткендердин арасындагы Оштуктарын ооруканаларда , сен Оштук экенсиң деп карабай жатат, эмне отура беребизби, чыкпайлыбы" деген эле. Ушул сөздү оозанган Баикевден эмне жакшылык күтөт элек. Аны билип туруп жасаган лидер сөрөйлөргө түшүнбөй турубуз, кимге ишенип жатышты болду экен? Мындай иштердин ийне-жибине чейин иликтеп, тез арада тизгиндеп койчу Улуттук коопсуздук кызматынын дале болсо дымы чыкпай отурат.


Бараканова этникалык кыргыздардын этин качанга чейин шылыйт?
СССРдин ыдырашы менен биргеликте Тажикстандагы атуулдук согуштун тутанышы, тарыхый ата-журтун мекендеген боордош кыргыздардын жер которуусуна түрткү берди. Кошоктолгон саясий кризис, каргашалуу кандуу согуш, кандаштарыбыз кир төгүп, киндик каны тамган өз жерин таштаганга аргасыз болду. Анын кесепетинен улуу көчтөр башталып, аягы бүгүнкүгө чейин тыйыла элек. Так маалыматтар менен 25 миңден ашык, такталбаган маалыматтарга караганда 30 миңден ашуун этникалык кыргыздар бүгүнкү күндө Кыргызстанда ар кыл аймактарында өз тиричилигин өткөрүүдө. Бирок, алардын социалдык, укуктук ж.б. толгон токой көйгөйлөрү азыркыга чейин чечилбеген бойдон турат. Мамлекеттик деңгээлде чоң-чоң программалар иштелип, үлкөн акчалар которулганы менен көйгөйлөр көмүскөдө катылып келди. Тилекке каршы, бөлүнгөн акчалар айтылганы менен кумга сиңген суудай болуп жыты белинбей жоголот. Жердигинен сылык-сыпаа келген этникалык кыргыздар муну ооз ачып айтуудан айбыгып келишүүдө. Айтса уга турган киши да жок. Айрыкча Бакиев бийлиги орногондон кийин этникалык кыргыздарга мамлекеттин жарыгы такыр тийбей калды. Акаев учурунда түзүлгөн кызматка мекенине кайткан кыргыздардын маселесин түпкүрүнөн түшүнбөгөн адамдын жетекчиликке келиши эле, үлкөн коррупциядан кабар берип турбайбы. Болбосо, этникалык кыргыздар дегенде мокочону көргөндөй жийиркенген Салтанат Бараканова деген айым, ал кыргыздарга жакшылык кылат деп ким айта алат. 30 миңден ашуун этникалык кыргызга бөлүнгөн акчалардын тыйынына чейин кемирип элдин каргышына гана калбаса, алкышына арзыган жок. Баары ичтен нааразы болуп, көзүнө айта алышпай убара. Жетекчиси менен акча бөлүшө албаган чырдын айынан 2001-жылы түзүлгөн Иммиграциялык фондду 2009-жылы жаап тынышкан. Бийлик алмашып жаңы жетекчилик келээри менен Салтанат айым этникалык кыргыздардын айрым өкүлдөрүн тукуруп, А.Рыскулованы кайра келтиргиле деген Р.Отунбаеванын атына жазылган кайрылуу катка кол топтой баштаганы, анын акылы канчалык экенин көрсөтүүдө. Мындай адамдардын азыркы бийликте орун жок экенин убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү улам-улам кайталашканына карабай, үйрөнгөн адаттарын карматышууда. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн кулагына күмүш сырга кылып айтаарыбыз, ал жерге ата-журтуна келген кыргыздардын маселесин терең түшүнгөн, кандаштарыбыздын катып калган көйгөйлөрүн чечкенге татыктуу, этникалык кыргыздардын бир өкүлү келиши керек. Ансыз эч нерсе чечилбейт. (Бул кызматтагы былык-чылыктуу маалыматтарды кийинки сандардан кененирээк окуйсуздар)
Памир Манас




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
30-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө!
Бөлүнсөң-бөрү жеп кетет.
"Бөлүнүп калды кыргыз" деп,
Бөлөк элге кеп кетет!

2-бет
"ОПГ оюндары" башталдыбы?
3-бет
Елисеев, Ширшов, Надел
кетирген чыгым 2 миллиард сом

4-бет
Шейит кеткендерди шылдыңдаган эргулдар
5-бет
Конгантиевдин "КОЁН" жолу
6-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
7-бет
ЗЫНДАНДАГЫ ҮН
8-бет
1-май
Куттуу планета

9-бет
Түзөтүү мекемелериндеги түзөтүүчү иштер
10-бет
Табышмактуу өлүмдүн жандырмагы чечилбей келет
11-бет
Кубатбек Байболов:
"Революциянын максаттары ишке ашпай жатат"

12-бет
Абактагылардын да укугу корголууга тийиш!
13-бет
УЛУТТУК КАНАЛ УЛУТКА КЫЗМАТ КЫЛЫШ КЕРЕК!!!
14-бет
КР Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И. Отунбаевага
Убактылуу өкмөттүн Түштүк Кыргызстан боюнча координатору

15-бет
Дүйнө жаңылыктары
16-бет
Тагдыр










??.??