Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Елисеев, Ширшов, Надел
кетирген чыгым 2 миллиард сом
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана ага жакын адамдарга акчаларды адалдоо, кирешелерди легалдаштыруу жана мыйзамсыз бирөөнүн мүлкүн тартып алуу, мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча коррупциялык схемасынын негизинде 23 кылмыш иши козголду. Алдын ала маалыматтарга караганда келтирилген чыгымдардын көлөмү 2 милиард сомдон ашат. Азимбек Бекназаров буга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин айланасында жүргөн В.Халилов, М.Надел, А.Елисеев, А.Ширшовго да кылмыш иштери козголгонун белгилеп, булар апрель ыңкылабы алдында "Азия Универсал Банктан" 157 млн. доллар чыгарып кеткенин билдирген болчу.
Эскерте кетсек, кызыл китепке кирген жаныбарларды туткун кылганы үчүн дагы кылмыш иши токулганы турат. Курманбек Бакиевдин жакын туугандарына карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу Жалал-Абад облусттук прокуратурасынын иликтөө тобу Сузак районуна караштуу Ынтымак айылындагы Бакиевдердин үйүн 25-апрелде тинтүүгө алганда, Кызыл китепке киргизилген эки мамалак, африка төө кушу, тянь-шандык эки барс, үч элик, тянь-шань бүркүтү, эки ылаачын, төрт африкалык кооз жүндүү павлин, австриялык ак жана кара ак куу, индиялык төрт өрдөк табылган.


Аскар Акаев Кыргызстанга келет
Элдин толкуну менен качып кеткен Аскар Акаев үй-бүлөсү менен өз мекенине келүүгө ниеттенип жатыр. Бул тууралуу А.Акаевдин кызы Бермет Акаева Казакстандан үн катты. Бермет айымдын айтымында, алардын үй-бүлөсү Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсү үчүн салым кошууга кызыкдар экен. Буларда апрель окуясынан кийин Бакиевге салыштырмалуу өйдөбүз деген ишеним пайда болду окшойт. Бирок, алардын элди эзип, өлкөнү талатып-тонотуп, каалагандай тайраңдаганын эч ким унута элек. Эгер Утурумдук өкмөттөгү Акаевдин куйруктарынын жардамы менен Кыргызстанга келсе, элдин толкуну заматта башталаарын бөркүңүздөй эле көрүңүз. Айрыкча ачуусун араң басып отурган түштүк эли түп көтөрүлө чыгып кетсе, аны токтотоор күч барбы? Мындай жоруктары менен качкын президенттердин экөөсү тең Кыргызстанга кыпындай дагы күйбөгөнүн далилдешүүдө.


Лукашенко "кан досун" кайтарып берээр бекен?
Башкы прокуратура Беларустун башкы покуратурасына Кишинев конвенциясынын негизинде экс-президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүүгө укуктук жактан жардам берүү боюнча катты Минскиге жолдоду. Башкы прокуратура тарабынан Курманбек Бакиевге Кылмыш-Жаза кодексинин "массалык киши өлтүрүү" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген беренелер боюнча айып коюлган. Бирок, Кыргызстанды жарды өлкөгө теңеп, кыргыздарды кедей катары шылдыңдаган Лукашенко Бакиев досун берээр-бербеси азырынча белгисиз бойдон турат. Курманбекти атасындай коргогон Белорус президенти эларалык келишимдерди аткараарына дагы ишеним жок.


Шейит кеткендердин кыркылыгы болот
Апрель ыңкылабында шейит кеткендердин кыркылыгы 12-майда үч бөлүктө өткөрүлөт. Алгач чогулгандар Ата-Бейит көрүстөнүндө куран окуп, андан соң 7-апрелде каза тапкандарды эскерүү боюнча Ала-Тоо аянтындагы митингге катышат. Түштөн кийин Р.Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөт мүчөлөрү каза тапкандардын ата-энелери менен Тарых музейинде жолугушат. Музейде апрель окуяларын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү да уюштурулганы турат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы билдирүүсүнө караганда 7-апрелдеги кандуу кагылыштарда 85 адам каза тапкан.


Садыркулов, Эркинбаев,
Кадыралиевдердин иши кароодо
Баш прокуратуранын буйругу менен "Кыргызалтын", Ноокат жана Аксы окуялары, Жалал-Абаддагы улуттук банктын бөлүмүн талап-тоноо, Медет Садыркулов, Баяман Эркинбаев, Санжар Кадыралиев, И.Кочкаровдун өлүмү жана "матрешка" жаңжалы боюнча кылмыш иштери жаңы ачылган жагдайлардан улам Жогорку Соттун кароосуна жөнөтүлдү.


30 пайыз эл катышса референдум кабылданат
Референдумга шайлоочулардын 30 пайызынан көбүрөөгү келсе, ал өттү деп эсептелээрин Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев билдирди. Мындай жагдай референдумду өткөрүүгө убакыттын аздыгы жана шайлоочулардын көбүнүн чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөндүгүнөн улам болууда. Ушундан улам алардын катышуусу 30 пайызга чейин төмөндөтүлүп отурат. "Мындай кадамды биздин атуулдар жана дүйнөлүк коомчулук түшүнүү менен кабыл алып, референдум менен шайлоолордун жыйынтыгын тааныйт деген үмүттөбүз", - деди "Ата Мекендин" лидери. Белгилей кетсек, Кыргызстанда референдум ушул жылдын 27-июнунда өтмөкчү.

"Алиби" пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
30-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө!
Бөлүнсөң-бөрү жеп кетет.
"Бөлүнүп калды кыргыз" деп,
Бөлөк элге кеп кетет!

2-бет
"ОПГ оюндары" башталдыбы?
3-бет
Елисеев, Ширшов, Надел
кетирген чыгым 2 миллиард сом

4-бет
Шейит кеткендерди шылдыңдаган эргулдар
5-бет
Конгантиевдин "КОЁН" жолу
6-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
7-бет
ЗЫНДАНДАГЫ ҮН
8-бет
1-май
Куттуу планета

9-бет
Түзөтүү мекемелериндеги түзөтүүчү иштер
10-бет
Табышмактуу өлүмдүн жандырмагы чечилбей келет
11-бет
Кубатбек Байболов:
"Революциянын максаттары ишке ашпай жатат"

12-бет
Абактагылардын да укугу корголууга тийиш!
13-бет
УЛУТТУК КАНАЛ УЛУТКА КЫЗМАТ КЫЛЫШ КЕРЕК!!!
14-бет
КР Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И. Отунбаевага
Убактылуу өкмөттүн Түштүк Кыргызстан боюнча координатору

15-бет
Дүйнө жаңылыктары
16-бет
Тагдыр










??.??