Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Крим дүйнө

"ОПГ оюндары" башталдыбы?
Көл кылаасында Акматбаев жана Көлбаевдин ("вор в законе") каршылашкан эки тобу бар деп айтып жүрүшөт. Уюшулган кылмыштуу топтун бири - рыспекчилер сырткы чөйрөнү, көлбаевчилер ички чөйрөнү башкара албай "так" талашып, ушу күнгө чейин бул эки топтун мүчөлөрү бири-бири менен тил табыша албай жатканы маалым. Жакындан бери эл арасында "Рысбек келиптир" деген каңшаар тарап, бул эрегишкен эки топтун ортосунда кагылышуулар кайра жанданды.

7-апрель күнү "Водолаз" аттуу Рысбектин үзөнгүлөшү Көлбаевдин үйүнө ок чыгарган, натыйжада, эки адам каза болгон. Бул - Көлбаевдин көзүн тазалоо максатында ишке ашырылган.
Ал эми 26-апрелдин түнү Бишкек шаарынан Көлбаевдин Акыл аттуу эң жакын адамы өз үйүндө атылып өлтүрүлдү. Бул өлүмгө Рысбектин жигиттеринин тиешеси бар деп шектелүүдө.
Бүгүнкү күндө кылмыштуу топтордун мүчөлөрү ачыктан-ачык эле атышууга өттү. Ага өлкөбүздөгү башаламандыктар, мыйзам структураларынын алсыздыгы жол берүүдө. Канткен күндө да, Улуттук Коопсуздук Кызматы "ОПГ" боюнча тезинен чара көрүүсү зарыл.
Мына ушул окуялар жөнүндө гезиттин келерки сандарында кенен маалымат беребиз.

"Алиби" пресс





  Сөз кошпой, бөз кошкула, кыргыздар

ЧЫЧКАН АЛБАГАН МЫШЫКТАР
Кыргыз коому будуң-чаң эле түшүп жаткан убагы: бир жагында тунгуч президент Акаев Кыргызстанга келип, демократиянын өнүгүүсүнө салым кошконго эки көзү төрт экен дешсе, Ала Белдин ары жагында демократиялуу Түштүк Кыргызстан республикасын түзөбүз деп элди дарбытып, дүпүрөгөндөр чыкты.

Минскиде колуктусунун койнунан маанайы жакшы ойгонсо үн катпай, ооруган бөйрөктүн айынан төшөк маданиятынан "жаакка чабылып" ойгонгон күнү "мен дагы деле президентмин" деген экинчи ажобуз Бакиевдин "хохмаларынын" али чети оюла электей. Көкүрөгүн окко тосуп Ак үй бийлигин кулаткан жаштардын колтугуна бирөөлөр дембе-дем суу эмес, кислота бүркүп жатабы - айтор алар коом артынан коом уюштуруп, акыры жаштар боюнча министрлик ачтырып, Убактылуу өкмөткө "айтканыбызды аткарбасаңар, силерди да айдап түшөбүз" деп муштум көрсөткөндөрү көбөйдү. "Бакиев баш болгон айыпкерлерди эл алдына чыгарып, шейит кеткендердин өмүрү үчүн жоопко тарткыла" деген талапты кантип аткараар экенбиз деп Убактылуу өкмөттөгүлөрдүн ою онго, санаасы санга бөлүнүп жүргөн убагы.
Коомдун дагы бир четинде койнундагы аялына кадыры өтпөгөндөрдөн тарта орусча сүйлөсө женский, мужской родду ажырата албаган чала сабаттарга чейин кызматка жутунган эле кыргыздар. Айтор, 6-класстын физикасында окугандай, коомдо Броон кыймылы күч алды.
Кыргыз дүйнөгө бир дүңк этип алды. Нааразылык чыккан тигил же бул өлкөлөрдө "каныбызда кыргыз касиетин ойготуп, жинибизге тийбегиле!" деп плакат көтөргөндөрдү интернеттен көрө баштадык. "Биздин элди да эркиндик үчүн ойготкондор чыксынчы. Өрттөнүп же тоноло турган буюмдарыбыздын наркын ошолорго өзүбүз эле берели" деген элдер эркиндик десе ичкен ашын жерге коё коюшат. Дал ушул ЭРКИНДИК - бүгүнкү Кыргызстандын жүзү, визиттик карточкасы, азыркынын тили менен айтканда брэнди болуп калды.
Буга чейин эки жолу ЭРКИНДИК деген бала туулган, бирок баарыбыз анын туулганына сүйүнүп эле тебетейди көккө ыргыта бериптирбиз. Ыргыткан тебетейлерибизди кайра тосуп ала албай, балчык сууга балч этип түшүрүп, башыбызга кие албай калдык.
ЭРКИНДИК үчүнчү жолу туулду! Эми анын тураарына сүйүнөлү, анан салым кошолу. Кантип?
Бардык жерде эле эки кишинин бири "минтиш керек, антиш керек" деп акыл үйрөтүп, эл башкаргысы, майлуу-сүттүү орунга илешкиси келип, оозу менен орок орот. "Минтели, антели" деп көптүк түр менен, ынтымак тил менен сүйлөгөндөр чанда чыгат. "Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот" деген Исхак Раззаковдун сөзүн жадыбал кылалы.
Жаңы жол, жаңы нукка сала турган Конституцияны шала ботосун чыгарып талкуулап баштадык. Сен үн кошсоң, окуп чыгып мен үн кошсом, коом үн кошсо - Конституциябыз ошондо гана эки-үч жылда эле өзгөрбөс болот. Жетекчиңдин, айыл өкмөтүңдүн, аким, губернаторлордун, президентиңдин кемчилигин көрүп турсаң - сен айтпасаң, мен айтпасам, ал билген намазын окуп баштайт да. Кыргыз элине калыс, адилет, чынчыл бийлик болсо болгону - өлкөдө президенттик бийлик болобу, парламенттик бийлик болобу - анысы анча мааниге ээ эмес. Эл 20 жыл эки президентке эң сонун мүмкүнчүлүк берген эле. Экөө эки мөөнөт - 10 жылдан 20 жыл башкарып, урмат-сый менен элдин төрүндө балпайып отурса, аларды ким кой дептир. Богуна куурай сая албайт элек го? Напсилерин тыя албай - өздөрүнө өздөрү кылды. Мына эми, коңулдан чыга албай, көздөрү кызарган карышкырдай болуп, туулуп - өскөн, өздөрү президент болгон Кыргызстанына келе албай, тууган жердин бир чымчым топурагы буйруур бекен деп армандары ат башындай. Ушул сыяктуу нерселерди ойлоп, ичкени ирим, жегени желим болуп жүрүшкөндүр.
Президенттик башкаруудан майнап чыкпасын, уруулук-туугандык байланыштары күчтүү кыргыз үчүн бул кыйыныраак система экенин академик болуп Акаев көрсөтүп кетти, өндүрүшчүмүн деп Бакиев далилдеп кетти. Эми эл бийлигине жакыныраак деген парламенттик башкарууну да баштан кечирип көрөлү. Мурда президент дегенибиз бийликке отураары менен эле бардыгыңардан мен акылдуумун деген маанай, мүнөз күтүп, анан ошондон баштап Баш мыйзамды, анын артынан жашоо турмушту оңдоп баштачы эле. Эми болсо бир адамдын этегине намаз окуганды токтотобуз. "Жети өлчөп бир кес" дегендин эми аябай кереги тийет.
Эл шайлаган, электен өткөн партиялардын тың чыкмалары, женский, мужской родду ажырата алгандары, фамилиясын катасыз жаза алгандары, Австрия менен Австралия, Швеция менен Швейцария ар башка өлкөлөр деп ажырата билгендери сапаттуу мыйзам жазышсын, өкмөттү шишке сайып иштетип турушсун. Өздөрү да элге аралашып, көздөрүн май бастырбай, базарларды кыдырып, бааларды билип жүрүшсүн, айыл аралап айран, жарма ичип көрүшсүн. Элге окшоп эле өздөрүнүн машиналарын өздөрү айдап, элге окшоп базардан эт сатып алышсын. Эли кандай жашаса, президенти, депутаты, сот, прокурору да ошол элине тете жашашсын, ошол элине кызмат кылышсын. Аларды дал ушинтип иштеткенге биздин күчүбүз жетет. Аны апрелдеги эки күн эле көрсөтүп койду.
Кытайдын дагы бир көрөсөнү Ден Сяо Пин "кара мышык болобу, ак мышык болобу - бизге чычкан кармап берсе болду" деген эки ооз эле сөзү Кытайдын экономикалык реформасынын идеологиясы болуп, бул өлкөнү кандай гүлдөтүп жатат, атаң гөрү. 1,5 млрддан ашкан эл өздөрү тоюнганды мындай кой - дөө-шаа деген АКШ, Россияларды сай этегине калтырбадыбы. Демек, кеп мышыктын ак же карасында эмес, кеп анын чычкан кармаганында тура. Кытайдын мисалы далилдеп тургандай, социалисттик өлкө курабызбы, капиталисттик өлкө курабызбы - кеп анда эмес. Кеп курсак ток, кийим бүтүн мыйзамдын үстөмдүгү өкүм сүргөн тынчтык коомдо жашашта.
Ушул сыңары Кыргызстан президенттик башкарууда жашайбы, парламенттик системага өтөбү - маселе анда эмес окшойт. Маселе - кандай коомдо гана жашабайлы, элдин курсагы ток, кийими бүтүн адилет жашоо өкүм сүрсө болгону. "Антиш керек, минтиш керек" деп 20 жыл бою бир да чычкан албаган мышыктардын бизге эмне кереги бар?
Абысындар ортосунда илгертеден эле атаандантык бар эмеспи. Аялдык ичи тардыкка алдырып койгон акылсыз абысындар кыйын-кысталыш учурда абысынына жардам берип, жамандык-жакшылыгында кийим -кече, кездеме, мата, бөз кошуунун ордуна ушак айың сөз кошуп жиберишет. Анын сыңарындай, жаңы Конституцияны, Убактылуу өкмөттү курулай сынга ала бербей, жардам да бергиле, ошончолук эле кыйын болсоңор.

Машакбай РАХМАНКУЛОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
30-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө!
Бөлүнсөң-бөрү жеп кетет.
"Бөлүнүп калды кыргыз" деп,
Бөлөк элге кеп кетет!

2-бет
"ОПГ оюндары" башталдыбы?
3-бет
Елисеев, Ширшов, Надел
кетирген чыгым 2 миллиард сом

4-бет
Шейит кеткендерди шылдыңдаган эргулдар
5-бет
Конгантиевдин "КОЁН" жолу
6-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
7-бет
ЗЫНДАНДАГЫ ҮН
8-бет
1-май
Куттуу планета

9-бет
Түзөтүү мекемелериндеги түзөтүүчү иштер
10-бет
Табышмактуу өлүмдүн жандырмагы чечилбей келет
11-бет
Кубатбек Байболов:
"Революциянын максаттары ишке ашпай жатат"

12-бет
Абактагылардын да укугу корголууга тийиш!
13-бет
УЛУТТУК КАНАЛ УЛУТКА КЫЗМАТ КЫЛЫШ КЕРЕК!!!
14-бет
КР Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И. Отунбаевага
Убактылуу өкмөттүн Түштүк Кыргызстан боюнча координатору

15-бет
Дүйнө жаңылыктары
16-бет
Тагдыр










??.??