Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Тагдыр

Нурбүбү БӨДӨШОВА
ЧАГЫЛГАН
- Мадина уксус ичип алыптыр,- деген кабар заматта эле курбуларынын арасына тарап кетти. Биринен бири озуп, бул жанга жагымдуу кыздын абалын сураганга ашыгышкан курбулары ал жаткан ооруканага шашыла баштады.
- Капырай, бул эмнеси? Башкасы го - башка, бирок ушул Мадина мындай акылдан адашкан кадамга барат деп ким ойлоптур деги. Теңтуш курбуларынын ичинен эң токтоосу, акылдуусу, билимдүүсү ушул Мадина эмес беле. Ар бир ишти ойлонуп көрүп, эчен ирет салмактап чечкенге аркеттенген Мадинага айланасындагы жакын жүргөн кыздардын баары ишеним артышчу. Эгерде өздөрү чече албаган бир түйүндүү, чиеленишкен маселе болуп калса, Мадинага кайрылышып, андан кеп-кеңеш алууну туура көрүшчү. Андайда Мадина болгон нерсени, учурдагыны, анан эртең эмне жыйынтык чыгаары жөнүндө ой толгоп отуруп, "Сен бул жерде мындай кылышың керек да, ал эми тиги жерде тигиндей кадамдарга барышың керек" деп бүтүндөй бир кырдаалды башынан-аяк чечип бергенге мээси жетээр эле. Анда неге, ошол Мадина минтип өз жанын өзү кыюуга батынып, акылдуу адам жасабай турган ишти жасап отурат?!
Курбуларынын баары бир эле ушул суроонун айланасында ой жүгүртүшүп чече алышпады. Өз ара сүйлөшө келгенде деле ушул маселеге такалып калып жатышпайбы. Ал эми Мадинанын өзүнөн сурайлы десе, оозунун ичи, ичегиси уксуска күйүп, араң жан жатат...
ХХХ
Окуя мындай болгон. Курбулары ойлогондой, бул бир эле күндүк, же бир сааттык маселе эмес болучу. Бул окуя - биротоло бышып-жетилип, акыркы чекитине жетип, акыры ушул уксус менен бүткөн. Ага - Ренат күнөөлүү.
Ренат менен Мадина былтыр жазда таанышкан. Көздөрү күлүп турган жигитке кыздын көөнү бир көргөндө эле түшкөн. Жумушунда кечке кармалып калган кыз офистен чыкканда каш карайып калган эле. Баса, бүгүн Сокулуктагы эжесинин үйүнө бармак эмес беле. Аны да унутуп кое таштаган турбайбы. Барбаса, эжеси жол карап отуруп сар-санаа жейт. Жанараак жумушуна чалып, "Үйгө келип кет бүгүн, айылдан апам келиптир" деген. Апасын эстегенде, кыздын көөдөнүнө жылуу сезим агып кирди. Бүгүн кечке отчет тапшырам деп компьютерде отуруп чарчаганы түтүндөй болуп тарап баратты. "Олдо, апакем ай!.. Апам...Кичине көрбөсөм эле ушинтип сагынычым артып кетет. Колуман келсе, жанында эле жүрө бергим келет... кичинекей кыздай болуп...бирок, андай болбойт турбайбы. Минтип, чоңойгондон кийин эле ар кимиси өзүнчө болуп кете берет экен. А апасы айылда жапжалгыз калып калбадыбы. Же, апасы менен айылга эле кетип калсабы..." Ушундай ойду терметип, аялдамада бир топ турду. Минтип турса - тура берет окшобойбу. Зуулдап өтүп жаткан машинелерге кол көтөрө баштады.
- Сокулукка,- деген кызга рулдагы жигит башын ийкеп, машиненин каалгасын ачты. Отура берип, айдоочуга караган кыз жигиттин көздөрүнөн жалтанып кетти. "Ушундай да курч көздөр болот экен ээ, тим эле жалын го" деди ичинен.
- Сокулукта жашайсызбы?- деп жигит кызга суроо узатты.
- Жок, эжемдикине баратам...
- Аа, а эмнеге мынчалык кеч чыктыңыз?
- Жумуштан кармалып калдым. Отчет мезгили...
Ошентип, сөзгө сөз уланып, Сокулукка жеткиче экөө таанышып алышты. Ренатка да Мадина бир көргөндө эле жаккан. Бакыраң көз, ак жуумалынан келген татынакай кыздын орундуу сүйлөгөнү, күлгөнү дегеле башкача экен.
Ошентип, экөө телефон номурларын алмашышты.
ХХХ
...Андан бери бир жылдан ашып баратат. Ренат менен Мадинанын ортосунда чыныгы махабат алоолонуп, бирге жашоо кечирип жатканын эжеси,апасы билбегени менен курбулары билишчү.

- Качан экөөңөрдүн үйлөнүү тоюңар болот?- деп чыдамсыздана күткөн курбуларына Мадина токтоолук менен "Кудай буюрса - жакында" деп токтоо жооп бергени менен, ичи уйгу-туйгу боло түшчү. Себеби, бул Ренат деги эле үйлөнүү жөнүндө сөз козгобойт. Керек болсо,"Сен ушу турушуң менен мага жагасың, боюңда болуп, төрөп-түшөм деп азыр ойлобо. Бардык нерсе - алдыда. Жакында үй алып, бардык шартымды түзүп алайын, анан, ушундай бир пир өткүзөм! Бүт Бишкекке той беребиз. Биздин үйлөнүү тоюбузга каалаган адам келип, ичип-жеп, ырдап-бийлеп, каалоо-тилектерин айтып кете берет..." - деп ушундай бир утопияны ойлоп табат дейсиң. Андайда Мадинанын көңүлүндө уюп турган таарыныч чайга салган канттай эрип, Ренаттын сөзүнө муюйт...Мындай таттуу күндөр созула берет беле, эгер Мадина эч нерсени билбегенде.
ХХХ
- Мадина, Ренаттын баласы бар экенин билесиңби,- деди базардан жолугуп калган тээ мурдагы таанышы Гүлжамал ал-жай сурашкандан кийин.
- Эмне-ээ?! - деп көздөрү чакырая түштү Мадинанын.- Эмне дейсиң?
- Апеей, сен угалек белең? Беш-алты ай болуп калды окшойт баласына.
- Мага түшүндүрүп айтып берчи, Гүкүн! Жүрчү, бир жерге барып отуралы,-деп Гүлжамалды колунан тарта жакынкы эле бир кафеге киришти. Алдына алып келген чайнектен чай ичип отуруп, Гүлжамал өзүнүн билгенин айтып берди.
Ренаттын айлынан болот, Гүлжамал. Анда-мында жолугуп калганда ал-жай сурашып турушат. Бир жолу жолукканда, ай-күнүнө жетип турган бир келинди ээрчитип жүрүптүр.
- Бул - жеңең болот, аты - Айкүмүш...- деп тааныштырган. Татынакай, кара-торусунан келген келинге тиги жактан төрт-беш жашар кичинекей бала "мамалап" чуркап келгенде, негедир эч нерсени түшүнбөй, коштошуп кете берген. Кийин укса, ажырашкан, уулу бар бир келин менен байланышып калып, анысы Ренатка төрөп бериптир. Ошентип, андан кете албай, айылына алып барып, жоолук салып, үйүнө киргизиптир.
- Кантип эле ушунун баарын билбей жүрдүң экен? - деп анча ишенкиребей сурайт кайра Мадинадан ал.
- Билген эмесмин, кудай бар, билген эмесмин! - деп каргана калчылдап кетти Мадина. -Эми эмне кылам?!
Жалдырап, Гүлжамалдан жардам сураган кыз боор ачыгыдай.
(уландысы бар)








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
30-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө!
Бөлүнсөң-бөрү жеп кетет.
"Бөлүнүп калды кыргыз" деп,
Бөлөк элге кеп кетет!

2-бет
"ОПГ оюндары" башталдыбы?
3-бет
Елисеев, Ширшов, Надел
кетирген чыгым 2 миллиард сом

4-бет
Шейит кеткендерди шылдыңдаган эргулдар
5-бет
Конгантиевдин "КОЁН" жолу
6-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
7-бет
ЗЫНДАНДАГЫ ҮН
8-бет
1-май
Куттуу планета

9-бет
Түзөтүү мекемелериндеги түзөтүүчү иштер
10-бет
Табышмактуу өлүмдүн жандырмагы чечилбей келет
11-бет
Кубатбек Байболов:
"Революциянын максаттары ишке ашпай жатат"

12-бет
Абактагылардын да укугу корголууга тийиш!
13-бет
УЛУТТУК КАНАЛ УЛУТКА КЫЗМАТ КЫЛЫШ КЕРЕК!!!
14-бет
КР Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И. Отунбаевага
Убактылуу өкмөттүн Түштүк Кыргызстан боюнча координатору

15-бет
Дүйнө жаңылыктары
16-бет
Тагдыр










??.??