Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Дүйнө жаңылыктары
"Вор в законе" кармалды
Москвада "вор в законе" Адро Топурия кармалды. Бул кылмышкер белгилүү поп-группа "А-Студионун" солисткасы Кетинин атасы. Аны Москванын кылмышкерди издөө тобу (МУР) түнкү саат тогузда Пудовкин көчөсүндө 2,83 гр. метадон (баңгизат) менен колго түшүргөн. Ошол эле замат Адрого кылмыш иши козголду.
Кармалгандын паспорту Андро Саноде болуп чыкты. Аны- апасынын фамилиясын алганы менен түшүндүрөт. Азыркы мезгилде бул өздүк документ текшерилүүдө. Быйыл элүүгө чыккан Топурия Тбилисинин кулуну. Эки жолу соттолгон. 1980-жылы ал адам өлтүргөндүгү үчүн 15 жылга соттолгон, 1996-жылы болсо куралды мыйзамсыз сактаганы жана бирөөнү уруп койгону үчүн жарым жыл алган. Бул адам өзүнүн "коллегаларынын" арасында бийик интеллект жана өтө сактыгы менен айырмаланат экен.


Энергетика чокусуна умтулгандар бар
Индонезия өкмөтү жер шарында калкынын саны боюнча 4-орунда турган өлкөгө (Сухьяр) нефть берүүнү азайта тургандыгын билдирди. Акыркы беш жылда энергетика боюнча геометриалдык түрдө өнүккөн бул өлкө дүйнөдө лидерликти ээлөөгө умтулуп жаткандардын бири.
Индонезияда 500-600 жанар тоо бар экени белгилүү. Бул көрсөткүч - дүйнөлүк рекордду белгилейт. Анын 129у активдүү. Жер алдындагы жылуулуктун дүйнөдө 40%ы ушул аймакка туура келгени менен, анын азганакай гана бөлүгүн иштетип жаткан Индонезия азыркы күнгө чейин АКШ менен Филиппинден артта келе жатат.


Депутаттар да мушташат
Украинанын депутаттары кызуу кандуулукка алдырып жиберишти. Спикер Владимир Литвинге ар нерсе ыргытышкан соң, министрлер кабинетинин жанында кадимкидей мушташ башталды. Бири-бирине муштум көтөрүшүп, керек болсо "дымовая шашканы" да колдонуп жиберишти.
Жаңы өкмөткө келген депутаттар көздөрүн ачыштырып, тумчугуп туруп, араң депутаттык антын беришти.
Антсе да,бул кармашта оппозиционерлер жеңилип калышты. 236 адам Кара деңиз флотуна добуш беришти. Украинанын аймагындагы орусиялык флотту кармап туруу наркы 2017-жылдан баштап жылына 3 млн. долларга өсөт.
Ошентип, "өтө катуу" иштешкен Рада депутаттары 1-майга чейин эс алып, өткөн кырдаал тууралуу ой жүгүртүүсү керек болуп калды.
Ошол эле мезгилде Юлия Тимошенко Украина аймактарына чыгып, жалпы элди азыркы бийликке каршы көтөрөмүн деп жатыптыр. Парламенттик шайлоолорду тездетүүнү көздөгөн экс-премьер-министр Раданын ишин токтотконго жасаган аракетин баштады.


Улуу жеңишти Израиль чексиз урматтайт
65 жыл мурун Улуу Жеңиш болбогондо, азыркы жашоо "акылсыздык менен каардуулукка баш ийип, ал эми еврей элинин тагдыры өтө кайгылуу болмок" дешет израилдиктер.
Тарыхты бурмалоого, улутчул кылмышкерлерди жана анын жандоочуларын актоого Израиль дайыма каршы болуп келген. "Тарыхты кайра жазып чыгуу туура эмес" деп белгилешет алар. Акыркы убактарда мындай кадамдарга бир адам эмес, бүтүндөй мамлекет да киришип жатканы аларга жакпайт.
Улуу Жеңишти Израиль менен Орусия чогуу майрамдоону сунуштап жатышат. Москвага Жеңиш күнү израилдик атайын делегация келет. Ал эми Израилде Жеңиштин 65 жылдыгы Иерусалимден - башкы парад менен башталат.








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
30-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө!
Бөлүнсөң-бөрү жеп кетет.
"Бөлүнүп калды кыргыз" деп,
Бөлөк элге кеп кетет!

2-бет
"ОПГ оюндары" башталдыбы?
3-бет
Елисеев, Ширшов, Надел
кетирген чыгым 2 миллиард сом

4-бет
Шейит кеткендерди шылдыңдаган эргулдар
5-бет
Конгантиевдин "КОЁН" жолу
6-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
7-бет
ЗЫНДАНДАГЫ ҮН
8-бет
1-май
Куттуу планета

9-бет
Түзөтүү мекемелериндеги түзөтүүчү иштер
10-бет
Табышмактуу өлүмдүн жандырмагы чечилбей келет
11-бет
Кубатбек Байболов:
"Революциянын максаттары ишке ашпай жатат"

12-бет
Абактагылардын да укугу корголууга тийиш!
13-бет
УЛУТТУК КАНАЛ УЛУТКА КЫЗМАТ КЫЛЫШ КЕРЕК!!!
14-бет
КР Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И. Отунбаевага
Убактылуу өкмөттүн Түштүк Кыргызстан боюнча координатору

15-бет
Дүйнө жаңылыктары
16-бет
Тагдыр










??.??