Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

КР Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И. Отунбаевага
Убактылуу өкмөттүн Түштүк Кыргызстан боюнча координатору
С.Ш. Жээнбековго
БИЛДИРҮҮ
"Марттагы Элдик революция" коомдук бирикмеси, чет жакадагы таланттарды колдоочу "Куудул-Аралаш" коомдук фонду сиздерге төмөнкүдөй маалымат берет. 2005-жылы 40 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан Ош областтык телерадиостудиясын "Ош-3000" МТРКсы деп атап, андан кийин ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясына айландырышкан эле.
Түштүктө 4 жеке менчик телевидение болсо, алардын бардыгы дээрлик өзбек тилине басым жасап келишет. Көрсөтүүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү ушул тилде эфирге чыгат. Ансыз деле Өзбекстандын 4-5телерадио каналдары Фергана өрөөнүндө уктурулуп, көрсөтүлүп турат. Түштүк кыргыздардын дээрлик 95% өзбек тилин түшүнүшөт.
Андыктан, жаш балдардан, карыган чал-кемпирлерге чейин өзбек тилиндеги кинолорду, көрсөтүүлөрдү көрүшөт. Алардын дубляждары да кызыктуу, көркөм угулат.Түштүктүн эли тегиз өзбектешип баратканына ичиң ачышат.
ЭлТР КТРКсы түзүлгөндө сүйүнгөн элек,эми биздин кыргыз телеси да өзбек сыналгылары менен тең тайлаша баштайт деп. Бирок ЭлТРдин мурдагы жана кийинки жетекчиликтери бул компаниянын 60% штатын, аппаратурасын, техникасын, транспорт, байланыш, акчалай каражаттарын борборго көчүрүшүп, Бакиевдин бийлигине жагынуучулук менен иш жүргүзүшүп, Бишкектеги УТРКга дублер болуп алышты.
Нурлан Шакиев мактангандай, 59 мамлекетке спутник аркылуу ЭлТР көрсөтүлүп жатканы менен, өлкобүздүн тоолуу, алыскы райондоруна, ретрансляциялык станциялардын жетишсиздигинен аксап жатат. План боюнча республиканын 54 точкасына телепередатчиктер коюлушу керек болсо, араң эле он сегизи курулган. Спутник аркылуу көрсөтүлүп жатканы үчүн 220 миң АКШ долларын Туркияга өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн, бюджеттен, сиз менен биз төлөп туруучу салыктын эсебинен кетип жатканын элдин баары биле элек.
Н. Шакиев бул акчаны өзүнүн чөнтөгүнөн төлөп жаткандай жүрү. Мурдагы директор М. Дубанаев кытайдын "Жунго" телекомпаниясынан 120 миң доллар акчаны котортуп жатканын угуп, Мамырайымды иштен кетиртип, президенттин пресс - катчылыгын эптей албай жатып, бул ишке которулуп келген. Мурда иштеген "Эркин Тоо" гезитин өз кызыкчылыгына пайдаланып, кылмыш иши козголгондо, "жогору жактан" токтотулган. 2010-жылы 8-апрель күнү өзүн-өзу, "Апендинин эшегиндей" мактатып жатып, эртеси Убактылуу өкмөттөн коркконунан өз арызы менен кызматынан кеткен. Кыргыздын кырчындай жигиттеринин өмүрү кыйылып, эл аза күтүп жатса, коллективине өзүн Брежневдин убагындай бир добуштан колдотуп жатты.
Нурлан Тургунбековичтин дагы бир "реформаторлугу" - көп жылдан бери иштеп келе жаткан, тажрыйбалуу тележурналисттерди "менин идеямды укпай, түшүнбөй жатасыңар"-деген кыязда ЭлТРден кетирген. Айталы, Нурдин Исаков, Мамбет Жалалов, Бүзейнеп Эргешова, Гулнара Хасанова, Таштемир Жалиев, Марсайым Дооронова, Гулнара Пратова, Тажикан Пазылова, Мухамедалы Мурзаев,Анара Базарова,Гүлбара Мамазияева, Курманбек Абдиваситов,Луиза Карабаева,Айбек Эген,Айсалкын Абдыкадырова ж.б. ушул сыяктуу 40 тан ашуун кызматкерлерди бир жылдын ичинде кетирип, өзүнө жакын туугандарын, досторун, аяштарын, жердештерин жооптуу кызматтарга олтургузуп, алардын айлыктарын башкаларга салыштырмалуу эки эсе көбөйткөн.
Жок штаттагы орунду бир жыл ээлеп,эч кандай иш аткарбай айлык маяна алган, Эсен Арыкбаев аттуу классташы,жардамчысы Шакиев экөө рекламалык кирешенин 20% бөлүп алышкан. Бул компаниянын финансы иштерин текшерген мекеме, аудит барбы же жокпу? ЭлТР кыргыз эли үчүн, тили үчүн, маданияты үчүн уюштурулганбы же бийликке жасакерленүү үчүн түзүлгөнбү?!
Эмне үчүн ЭлТРдин жарымынан көбү Бишкекке көчүрүлөт да, ал эми УТРКнын тең жарымы эмне үчүн 2-борборго которулбайт? Бишкектиктер 2-жолу талап-тоноочулукка жол беришти. Аны калыбына келтирүү үчүн дагы бюджеттен акчалар бөлүнөт да,Ошту экинчи борборго айландыруу жөнүндөгү маселе дагы артка жылдырылат…
Эми Бишкекти калыбына келтирүү бишкектиктердин гана эсебинен болгону туура жана адилеттүү болот.
Качанкыга чейин Нурлан Шакиевге окшогон,борбордон келген "десанттар" Оштун элинин момундугунан пайдаланып,чаап-талап, жеп бирок, жазаланбай жүрө бериши керек?
Сулайман Тоонун түбүндөгү эски телестудиянын имаратын жердештерине : "бекер эле жатакана кылып алгыла" деп бошотуп берип, анын ичиндеги аппаратураларды, жасалгаларды борборго ташып кеткен.Ушундай "өзүм билемдикке" жол берген мыйзамды кимдер токуган?
Эмне үчүн ЭлТРдин жетекчиси Ош облустук мамлекеттик администрациясы,Ош шаарынын мэриясы менен эсептешпейт?Ушунун кесепетинен Ош облустук ТРКсын кайрадан түзүүгө аракет жасалууда. Бирок.эски студияны Шакиевчилер бошотуп бергиси жок.ЭлТРди кимдер көзөмөлдөөгө укуктуу? Бир жылда Кытайдын "Жунго"телевидениесинен түшкөн 108 млн. 405миң сом акча каражатын Н.Шакиев каалагандай чачып,жеп-ичкенин ким текшерет?
Оштогу эски студиядан жаңы студияга которгонго эле 4 млн. сом акча кетти деп өзү айтып жүрөт.Ушул цифра реалдуубу?
Бишкектеги курулган студияны ишке киргизүүгө 4,5 млн.сом акча кетти деген маалымат бар.Бул цифра да шектенүүнү туудурат.Ал эми жаңы сатылып алынган оң жактагы баранкасы менен машиналар рынокто 2,5-3,5 миң доллар турса, аны Шакиев 6-7 миң долларга сатып алдым деп жүрөт.
Спутниктик аппараттарды Туркиядан өлкөбүзгө алып өткөндө бажы постторунан досторум аркылуу бекер эле өттүм деп көкүрөк койгулап жүрөт.Чынында бул кызматы үчүн да чоң акчаны жок кылышкандыгы маалым болууда.Жаңы уюштурулган EEEL-FM радиосу үчүн алынып келинген аппаратуралардын баасы да шектенүүнү туудурат.
"Марттагы элдик революция" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү ЭлТРдин жетекчилигинин үстүнөн кылмыш ишин козгоону талап кылат.Жогорудагы кылган кылмыштуу иштерин жаап-жашыруу үчүн классташы,жердеши Шайырбек Абдырахмановду өз ордуна алып келгендиги да жөндөн эмес.
Акырында айтаарыбыз, Нурлан Шакиевдин жердештери Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев мырзалар бул ишке кийлигишпөөсүн суранабыз.
"Марттагы элдик революция" коомдук бирикмесинин ж. б. кол койгон инсандардын аты жөнү:
1. Камчиев Жамбылбек
2. Төрөева Тургунбү
3. Азимбаева Жыпар
4. Акматов Мырзабек
5. Баймуратова Орозайым
6. Кайназарова Айниса
7. Абдыкалыков Байтемир
8. Акжолова Чолпонай
9. Жамбылбеков Эламан
10. Абдимомун у. Толкунбек
11. Мирзаев Закир
12. Темиркулова Гульсара




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
30-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө!
Бөлүнсөң-бөрү жеп кетет.
"Бөлүнүп калды кыргыз" деп,
Бөлөк элге кеп кетет!

2-бет
"ОПГ оюндары" башталдыбы?
3-бет
Елисеев, Ширшов, Надел
кетирген чыгым 2 миллиард сом

4-бет
Шейит кеткендерди шылдыңдаган эргулдар
5-бет
Конгантиевдин "КОЁН" жолу
6-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
7-бет
ЗЫНДАНДАГЫ ҮН
8-бет
1-май
Куттуу планета

9-бет
Түзөтүү мекемелериндеги түзөтүүчү иштер
10-бет
Табышмактуу өлүмдүн жандырмагы чечилбей келет
11-бет
Кубатбек Байболов:
"Революциянын максаттары ишке ашпай жатат"

12-бет
Абактагылардын да укугу корголууга тийиш!
13-бет
УЛУТТУК КАНАЛ УЛУТКА КЫЗМАТ КЫЛЫШ КЕРЕК!!!
14-бет
КР Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И. Отунбаевага
Убактылуу өкмөттүн Түштүк Кыргызстан боюнча координатору

15-бет
Дүйнө жаңылыктары
16-бет
Тагдыр










??.??