УЛУТТУК КАНАЛ УЛУТКА КЫЗМАТ КЫЛЫШ КЕРЕК!!!

КАЙРЫЛУУ!!!
УРМАТТУУ КЫРГЫЗ ЭЛИ!!!
Урматтуу Убактылуу Өкмөттүн башчылары!!!
Сиздерге УТРКда көп жылдап ак кызмат өтөп, алды 30 жыл, арты 15-20 жылдык эмгек стажы бар, мурдагы бийлик менен эки жүздүү, эки элди бириктирбеген, иштин көзүн таба албаган алакөөдөк Мелис Эшимканов жана анын коюн-колтугуна кирип алып чалмакей чалган шылуундардын азабын тартып, иштеген ишинен айрылып көчөдө калган, бийликке эмес кыргыз элине кызмат кылып келген адистер кайрылып олтурат. Бакиев бийлигинин кордук-зомбулугун КТР жана анын чоң жамааты абдан эле тартты. Электрондук маалымат каражаты катары КТР спецификалык өзгөчөлүгү менен абдан маанилүү орунда тураары талашсыз. Эгемендүүлүк менен кеңири чыгармачылык жигер алган КТР Акаевден башталган жаман адатты Бакиевдердин тушунда ого бетер баштан кечирди. Өзгөчө маалымат булагы болгон жаңылыктар, "Ала-Тоо" маалымат көрсөтүүсү алардын колундагы каалагандай пайдаланган рупору болуп берди, бирок Эшимканов келгендеги акыркы эки жылда кыргыз элинин гана менчиги болгон КТРди талап-тоноо менен жоголуп кетүү коркунучу кошо келди. Ал ар бир айткан сөзүндө ачык эле "Максим Бакиев досум, президент К. Бакиевдин каалоосу ушундай" деп олтуруп Улуттук статусу бар УТРК - корпорацияны жойду. Дегенибиз - 80 жылдык өнүгүү тарыхый жолунда КТР курамадан куралып олтуруп корпорация деңгээлине жеткен. Ага Бакиевдердин да, Эшимкановдун да кошкон эч салымы жок болчу, УТРК - РКА, "КТР-ОБО" гезити, РРТЦ, симфониялык оркестр, камералык хор, "Учур" телетеатры жана радиотелеси менен биригип корпорация болгон. Улуттун көөнөрбөс каада-салты, тарыхый, маданий, адабий мурастарын кашыктап чогултуп, КТРда ушул 80 жылдык доорунда эң сонун кайталангыс инсандар иштеп келген. Ушундай Дөөтүлүү жайдын кутун учуруп, чар учкандай абалга алып келген Мелис Эшимканов улуттун чыккынчысы катары эл алдында жооп берүүгө тийиш. Мамлекеттик бюджеттен каржыланып, аз айлыкка карабай, күнү-түнү кызмат кылган чыгармачыл жамаат Эшимкановдун жетекчилиги учурунда моралдык-материалдык оор жагдайды өткөрдү. Ал сырттан өзүнүн досторун, тааныштарын алып келип, каалагандай келишим түзүп, каалагандай мамлекеттин акчасын талаага чачты. Бул келген адистер эфирди оңдомок тургай кыргыз элине жат, жан дүйнөсүнө кабылданбай турган иштерди жасашты. Акыры ал адистердин баардыгы четке чыга беришти. Улуттук каналдын жүзүн булгап, элди экиге бөлүп мазактап, бийлик саясатынын куралы болгон наадандар азыр да иштеп жатышат. Кыргыз тилин жөндөп сүйлөй албаган адистерди Эшимканов алып келип көпчүлүк тажрыйбалуу чыгармачыл адистерди мыйзамды одоно түрдө бузуу жолу менен ишсиз көчөдө калтырган. Биз, төмөндө кол койгон КТР кызматкерлер, кордук көрүп көчөдө ишсиз калган кесиптештерибиздин атынан Убактылуу Өкмөт дайындаган азыркы жетекчи Кубат Оторбаевге кирип, алдынан өтүп жагдайыбызды түшүндүрүп айттык, азырынча жооп да, жыйынтык да жок. Эшимканов КТРди Максим Бакиевдин менчигине чыгарып бермек, Ак Үйдө чалмакей чалган Оксана Малеваная менен анын Катя Урумкановага окшогон куйруктарынын долбоору ушул болчу. Өтө курч кырдаалда дагы алар аянтта жаш балдарыбыздын каны төгүлгөнгө чейин чындыкты бурмалап беришип, көпчүлүктүн кыжырын кайнатып, жаалданган элдин алдында КТРди таштап качып, натыйжада УТРК талкаланууга дуушар болду. Миллиондогон каражат сарпталып, япон техникалык гранты менен жабдылган КТР улутка гана эң жакшы кызматын кылышы керек болчу.
Биз - Бакиев бийлигинин запкысын тартып, кымбатчылык кендирди кескен убакта ишсиз көчөдө калган адистер көпчүлүгүбүз депрессиядан улам көп ооруларга чалдыгып, кыйналып жүргөн убакта минтип абал өзгөрдү. Ылайым кыргыз эли мындан ары жамандык көрбөсүн, энелер уулдарын жоктоп көз жаш төкпөсүн. Азаттыктын, эркиндиктин баасы бизге оңой келди деп Акаев мактанчу эле, бул бийлик өз элинин жон терисин сыйрыганы аз келгенсип, канын төктү. Эми кудай элибиздин келечегин түзөп, ишибиз алдыга жылып, Кыргызстан жаңыча өнүгүү жолун тандаса экен деп тилейбиз. Калдайган калкыбыздын арасында биз дагы акыйкаттыкты күтүп, кордук көрүп куулгандар өз иш ордубузду талап кылып олтурабыз. Калыстык орношу керек, КТР жаңыланып өз ишин жүрөгү эл деп соккон, ниети таза адамдар менен улантып улутка кызмат кылышы керек. Андыктан Убактылуу Өкмөт башчыларына кайрылуу менен чындык издеп чыркыраган адистер калыстыкты кайрып берет деп үмүттөнөбүз.
1. Жийде Абдымамутова - УТРКнын "Ата-Журт" социалдык экономикалык программалар башкы редакциясынын өз кабарчысы, "Ата-Журт ажары" теледолбоорунун автору, КР журналисттер союзунун мүчөсү, 18 жылдык стажы бар адис
2. Сонунбүбү Кадырова - УТРКнын "Ибарат" продюсердик борборунун кабарчысы, "Замандаш" теледолбоорунун автору, ырчы жана обончу
3. Роза Султанова - УТРКнын "Ата-Журт" социалдык экономикалык программалар башкы редакциясынын кабарчысы, 30 жылдык стажы бар
4. Салиха Абирова - Балдар редакциясынын редактору-режиссеру, 20 жылдык стажы бар
5. Мелис Турусбеков - УТРКнын "Ибарат" продюсердик борборунун кабарчысы, 25 жылдык стажы бар
6. Үсөн Көлбаев - "Ала-Тоо" маалымат программасынын кабарчысы, 20 жылдык стажы бар
7. Суусарбек Тыналиев - Балдар редакциясынын кызматкери
8. Өсөр Козуев - эфирдик үн режиссер, обончу-аткаруучу
19.04.2010 жыл
Бишкек шаары




"Эркин гезиттерсиз бул окуя болмок эмес"
Өгүнү редакцияга Курманалиева Айнагүл эже баш бакты. "Алиби", "Назар" гезиттеринин туруктуу окурманы катары өзүнүн жүрөк өйүгөн суроолору менен бирге, жаңы бийликке каалоосун жана талаптарын айтайын деп келиптир. Учурдан пайдаланып, эже менен азын-оолак маек курдук.

- Гезитибиздин туруктуу окурманы катары бүгүнкү саясий абалга кандай баа бересиз?
- Бакиевдин кандуу режими кулаганы менен анын куйруктары кайрадан майлуу жерлерге жабышып, жаңы бийликке жакындоого аракет кылып жатышкандары мени өкүндүрөт.
- Мисалы кимдер?
- Жакында эле Бакиевдин айдаган жагына баскан, айтканын "кың" дебей аткарган "акжолчулар" өздөрүнүн экс кожоюнуна импичмент жарыялоо демилгесин көтөрүп чыкканын угуп алып жаман иренжидим. Эми ошолор кайсы беттери менен мындай кадамга барышты? Башкасын айтпай эле коелу, 6-апрель күнү Таластагы окуя башталганда ошол эле депутаттар "таластыктарды жазалаш керек" деп кайрылуу менен чыгышпады беле. Анан бийлик алмашкандан кийин кайсы беттери менен айтат "биз силерди колдойбуз" деп. Мен сыйлайт элем, эгерде алар өз күнөөлөрүн сезишип, унчукпай калышса. Айтор, чээнде жаткандардын баары революционер болуп атышат. Кечээ эле Максимдин көзүнө суктанып аткан дүжүр аксакалыбыз Мамбет Мамакеев бүгүнкү бийликти мактап интервью берем деп чуркап жүрөт, гезит таппай.
- Гезит демекчи, өткөн ыңкылапка гезиттердин салымы канчалык болду деп эсептейсиз?
- Опол тоодой салым кошушту. Эркин гезиттер менен "Азаттык" радиосу болбогондо, мобу окуя болбой калышы мүмкүн эле. Мына силердин гезитиңерди алалы, канча убакыттан бери Бакиевдин зомбулугуна чыдап, жабылганына карабастан жетекчиңер Бабырбек Жээнбеков улам бир гезит чыгарып отуруп сөз эркиндигине, демократиянын өнүгүшүнө зор салым кошту. Ал эми уулу Равшандын көрбөгөнү калган жок го. Улам бир гезитин тартып алышып, олчойгон айып салышканына карабай эл үчүн жалаң төш менен туруп беришкен адамдарды кантип унутасың? Бийликтин ашмалтай жоруктарын учурунда сындап турушпаганда Бакиевдер дагы деле карапайым элдин жонунан кайыш тилип жүрө беришмек. Андан тышкары, "Эл сөзү", "Форум" гезиттеринин эмгеги да зор болду. Эгерде учурдагы өкмөттөгүлөр калыстык менен карашып, эл үчүн иштейбиз дешсе ушундай уул-кыздарыбыздын эмгегин баалашы керек. Кечээ кылычын кынынан сууруп турган канкор бийликтин каарынан коркуп чындыкты айтуудан тайсалдап жүргөн немелер бүгүн баатыр болуп чыгышты. Киоскту карасаң, эркин гезиттен баш адашат. Ошолор кечээ кайда эле? Эмне үчүн чындыкты айтып жаткан гезиттер жабылып жатканда акты ак, караны кара дей алышкан жок? Мындай учурда чыгып алып бийликти сындаш баарынын эле колунан келет. Менимче, мындай учурда өмгөктөп турган өкмөткө колдоо көрсөтүш керек.
- Баалаган саясатчыңыз ким?
- Бүгүнкү өкмөттүн башында тургандар дээрлик мен сыйлаган адамдар. Мына, Роза Отунбаева баш болгон оппозициялык маанайдагы депутаттар "ак жолчулар" менен тең ата болушуп парламентте тынбай эл көйгөйүн айтып турушту. Аларды кантип баалабайсың? Жыйырма жылдан бери акыйкаттык издеп какшап келе жаткан, принцибинен тайбаган Өмүрбек Текебаевге кантип тан бербей коесуң? Тээ Акаевдин маалында чындыкты чыркырап, таягын таянып алып ден соолугунун начардыгына карабай принцибинен тайбаган Муратбек Мукашевдин эмгегин эскерүүгө болбойбу? Кийин Бакиевдин айыбын чукуп отуруп маңдай тери менен жеткен банкынан айрылды. Жалал-Абад банкынан 2005-жылы Бакиевдердин уурдап алган 27 миллион сому жөнүндө ошол киши маселе көтөрүп чыкпады беле? Эмне үчүн мындай адамдар бүгүнкү бийликтин курамына кошулбайт? Кубат Байболов учурунда депутат болуп бир округдан 4 ирет шайланып, эл үмүтүн актап келе жатты эле, аны да кетиришти. Эгер айтканын аткарбаганда, аны бир округ 4 жолу шайлабайт эле да. Мыйзамды чаккан, билими күчтүү адам. Силердин гезиттин өткөн санына интервью бериптир. Айткан ойлору негиздүү, аргументтүү айтылган. Эмне үчүн ушундай адамдар мамлекеттик кызматка чакырылбайт? Болбосо, Кеңешбек Дүйшөбаевдин ордуна атайын кызматты жетектей турган адам ошол эле го. Ал болбосо, Мирослав Ниязов деген жигит бар. Канча жылдан бери ушул системада иштеп тажрыйба топтогон. Каяктагы, Акаевдин доорунда, элди аттырганга даяр болгон, кесиби милиционер адамды ушундай жооптуу жерге алып келээрден мурда терең ойлонуш керек эле...
Маектешкен Адилет АЙТИКЕЕВ