Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Кат куржун

Абактагылардын да укугу корголууга тийиш!
Кыргызстандын бардык түрмөлөрүндө абал начар деп айтууга болот. Анткени, начальник, атайын бөлүк, текшерүүчү баш болуп акча талап кылышат. Башкача айтканда соттолгондордун укугун тебелеп, алардын суроо талабы аткарылбай келет. Кызматкерлер ар бир басканы үчүн акча, мөөнөтүн эсептегени үчүн акча, эгер сотто иши каралып же болбосо ар кандай иши чыкса да акча менен эсептелип кызмат кылаары анык. Коррупциянын тамыры түрмө ичинде жайылып жатканы бул өтө коркунучтуу. Керек болсо жаза аткаруу башкы башкармалыгына кире да албайсың. Алар бардыгын акча менен гана чечээри анык. Канча деген адамдын тагдырлары чиеленип чиедей бир колдон экинчи колго өтүп чечилбегени өкүндүрөт. Кадр маселесинде "акчаң болсо алдуусуң, акчаң жок болсо кордуусуң" дегендей иш алып барышат. Бир зонадан кызматтан алынган кызматкерди экинчи зонадан көрүүгө болот. Буга мисал №47 зонанын оперзам болуп иштеген Элдияр аттуу жигит экс министр Кайыпов менен экс начальник ЖАББнын начальниги Исаев Эрнистин буйругу менен алынган. Исаев менен Кайыпов кетээр замат кайрадан жумуш ордунда отурганына таң бересиң. Ошол кезде Элдияр мырза Эдуард Пактын туулган күнүндө болгон канчаланга арак, вино, коньякты киргизгендиги үчүн кызматтан алынып, учурда кайрадан өз ишинде иштеп жатат. Эмне үчүн? Же ал жашыл акчага кызмат ордун сатып алдыбы?
Мактоо эмес, тактоо иретинде айтаарым азыркы Убактылуу өкмөт түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокурор кылып Кубан Мамакеевди туура көрсөтүшкөн. Ал адам ошол кызмат ордуна татыктуу деп ишенимдүү айтууга болот. Алгач прокурор Пугачева кызматынан кеткенде Мамакеевди прокурорлукка шайланган. Ошол учурда Мамакеев ар бир абакты текшерип, көзөмөлгө алган соң, "Агым" гезитине интервью берген. Соттолгондордун укугу тебеленип жатканын, кызматкерлер акча үчүн баарына даяр экенин билген Мамакеев аларга карата иш козголоорун эскерткен. Мына ошондо жаза аткаруу башкы башкармалыгы аны кетирүүгө чабуул жасап, ал максаттарына да жетишип, Мамакеевди прокурорлуктан биринчи орунбасарлыкка түшүрүп коюшкан.
Кыргызстандын пенсионерлерин сызга отургузган "Реннтон групп" компаниясынын башчысы Э.Пакты чыгаруу же мунапыс берип бошотуу жөнүндө жогору жактан буйрук берилип, бирок Мамакеев Пакты бошотпой мойнуна салынган ири чоң суммадагы акчаны төлөөсүн өтүнүп, Баш прокурордун биринчи орун басары А.Асангелдиевге кат жолдогон. Бирок, тилекке каршы Пакты бошоткон эмес. №31 колонияда Жогорку Кеңештин депутаты Акматбаев өлтүрүлүп иш өтө оор болуп жатканда бир дагы жаза аткаруу башкы башкармалыгынын кызматкерлери кирбей жатканда жападан-жалгыз Мамакеев кирип түрмөдө отургандар менен сүйлөшүп, сөөктү алып чыкканын ким унутта калтырат. Ошондуктан азырынча сын пикирди айтуу али эрте десем жаңылбайм. Ар бир ишти кылдат карап ошого жараша баа берген Мамакеевдей прокурор жаза аткаруу башкы башкармалыгынын кызматкерлерине да, түрмөдө отурган адамдарга да абдан керек. Бүгүнкү күндө ар бир колониянын биринчи эле тамак-ашын колго жана көзөмөлгө алып жатканы түрмөдө отургандар үчүн эң жакшы болууда. Экинчиден абактагыларга дары-дармекти өз убагында мөөнөтү менен берүүсүн талап кылууда. Үчүнчүсү, соттолгондордун акчалуулары ден-соолугу таза чыгып кетүүдө, ал эми акчасы жок оорулуулар чыга албай жатканын баса көрсөтүп, ар биринин оорусун кылдат текшертүүнү күчөттү. Учурда атайын бөлүктөрдүн абактагыларды санак мөөнөттөрүнөн жаңылып жаткандарын баса белгилеп, кызмат ишине шалаакылык кылган кызматкерлерге кылмыш ишин козгоону колго алганы абдан жакшы болууда. Жакын арада Кубаныч Мамакеевдин жаңы жетекчилигинин алдында соттолгон Алымкулов Эрмек Бейшенбековичтин иши каралып, 2 жыл 7 күн ашык отургандыгы аныкталып, оперативдүү иштер жүрүп жаткандыгы маалым болду.
Ушуну менен катар жаңы прокурор Кубаныч Мамакеевдин ишине ийгилик каалайм. Абактагы адамдардын да укугу корголушу керек.

Назгүл МЕНДЕЕВА,
Бишкек шаары




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
30-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө!
Бөлүнсөң-бөрү жеп кетет.
"Бөлүнүп калды кыргыз" деп,
Бөлөк элге кеп кетет!

2-бет
"ОПГ оюндары" башталдыбы?
3-бет
Елисеев, Ширшов, Надел
кетирген чыгым 2 миллиард сом

4-бет
Шейит кеткендерди шылдыңдаган эргулдар
5-бет
Конгантиевдин "КОЁН" жолу
6-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
7-бет
ЗЫНДАНДАГЫ ҮН
8-бет
1-май
Куттуу планета

9-бет
Түзөтүү мекемелериндеги түзөтүүчү иштер
10-бет
Табышмактуу өлүмдүн жандырмагы чечилбей келет
11-бет
Кубатбек Байболов:
"Революциянын максаттары ишке ашпай жатат"

12-бет
Абактагылардын да укугу корголууга тийиш!
13-бет
УЛУТТУК КАНАЛ УЛУТКА КЫЗМАТ КЫЛЫШ КЕРЕК!!!
14-бет
КР Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И. Отунбаевага
Убактылуу өкмөттүн Түштүк Кыргызстан боюнча координатору

15-бет
Дүйнө жаңылыктары
16-бет
Тагдыр










??.??