Маек төр

Кубатбек Байболов:
"Революциянын максаттары ишке ашпай жатат"
(Башталышы өткөн санда)
Мени болсо гезит беттеринде дембе-дем айрым айдакчылар, журналисттердин аркасынан шыкаалап, жамандатып,"ашка жүк,башка жүк болуп келбей эле кой, өзүбүз эле жөндөйбүз " кыясында ишара багыттап жатышпайбы, ал түгүл айрымдары моралдык укук тууралуу да оозанып жүрүшүптүр. Азырынча, канткен менен өнөктөш эмеспизби, ылдыйда теминчи эмес эле, ынтымакты ыдыратпайын,ансыз да кыйналып турушат деп аярлап турам. Ал айдакчылардын "сыңар өтүктөрү майрык", өзгөчө моралдык жагынан. Ал тууралуу кеп өзүнчө, далилдүү жана кеңири болоор. Канткен күндө да мен журналисттердин артына жашынбай,түз эле өз атымдан баяндайм. Тополоңдон кийин учуп жеткенимде кызмат энсеп жетип келиптир деп да чыгышмак. Кимдин канчалык деңгээлде мансапкор экендигин, калың эл билбесе да, галстук тагынып Бишкекте Ак үйдү айланчыктап жүргөндөр жакшы билет.
Эгерде Бакиевге айбат көргөзүү же сындоо мамлекеттик ишмерликтин негизги көрсөткүчү болсо, менимче, биринчи эле күндөрдөн ачуу, жеткилең сындагандар саналуу эле болуш керек.
Далайлары Ак үйдүн аталасынан ооз тийип, алды уу татып да чыгышпадыбы, алардын моралдык ахвалын кантебиз? Тилекке каршы кыргыздын мыктыларыбыз деп жүргөнүбүздүн баарыбыз бир "сортпуз" бири бирибизге тыңсына албайбыз, аны соңку жаңы тарых айдан ачык көргөздү.
Андан көрө, эл тагдырын кайрадан кызыл кырманга айландырбай, эл башкарууга жөндөмдүү, көбүн эсе билимдүү жаштарды тартканда туура болмок. Мамлекеттин ишин тейлөө лакылдаган нахалдыктан башка көп сапаттарды талап кылат, топ жарган баатырлардын баары эле мамлекеттик ишти өздөштүрө албасы айдан ачык болду го дейм.
Бул сурооңуз боюнча акырында кейиште айтаарым, мажбурланып четте жүргөндөргө кыянат көз арткандар болсо "ылайым силер дагы бизге окшоп балдарыңарды жетелеп бөлөк элдин улагасында калгыла".
- Эми кийинки кадамдар кандай болушу керек деп ойлойсуз? Бул кризистин аягына качан жана кантип чыгабыз? Конституциянын долбоорунун калган бөлүктөрү тууралуу сөздү улайлы.
- Канткен менен "убактылуулар" Бакиев доорунун "жаназасын" кыйла жакындатышты, булардын эмгегин жеткилең баалабай койгонубуз кыянаттык, билимсиздик болмок, Эң чоң деген мамлекеттик сыйлык болобу же башка сый сыпатбы ыйгаруу керек, бирок элдик төңкөрүштүн жыйынтыгын жеке олжолоп, аздыр-көптүр үн кошуп, үзөңгүлөшүп,пикирлешип жүргөн өнөктөштөрүнөн, кечээ эле зөөкүр бийликтин камчысын чаап жүргөндөрдү артык көрүп, бооруна тартып тургандары бери эле дегенде таң калыштуу социалдык ичи тардык, жүрө-жүрө саясий тарапкерлеринин кыйла азайышына алып келээри шексиз.
-Маселен Сиз сыяктуулардыбы?
- "Аска тоодой былк этпестей көрүнгөн Акаев, Бакиевдердин, нечендеген чакырыктарынан баш тартып жүрүп, эки айлык убактылуу кызматка көз артмак белем. Өзгөчө, Бакиевдин мага сунуштабаган кызматы калган жок. Катышпагандыгымдын себеби булардын "чү" дегенде эле көчүгү кыйшык болуп жатпайбы. Кеп кызматта эмес, кеп абийирде, адамгерчиликте жана мамлекеттин, элдин кызыкчылыгында. Баарыңар күбө, Бакиевге: "Кыргыздын Нюрнберги силерди күтүп турат, дүйнөнүн бир бурчунан да паанек таппай калып жүрбөгүлө?" - деп эскертсем кулак салган эмес. Бизде бийликке келген кыргыз дароо эле "дракон" болот окшобойбу.
Эмки сөздү мүмкүн болсо жалпы маселелерге багыттайлы.
- Жарайт, жаңы Конституцияда бийлик системасын кандайча өзгөртүү керек эле сиздин оюңузча?
- "Күүнүн башы Камбаркан" деп айтылат эмеспи, анын сынарындай алыстан баштайлы, антпесе ой анчейин түшүнүксүз болуп калчудай. Эгемендик алган жылы, өзүбүздө адистер жок болгондугуна байланыштуу Москвадан Алексеев деген үлкөн юрист баштаган топ келип, биринчи Конституциябызды жазып берип кетишкен. Жакшы эле Конституция. Француздук модель деп аталат илимде. Эгерде биз баарыбыз француз болсок иштеп, өнүгүп кетмек. Ал Конституциянын чоң, кийинчерээк өлкөнү туңгуюкка кептеген жагдайы жогоруда айтылгандай эки кочкордун башын бир казанга салып кеткен. Ошондон бери Конституция деген кургурду ары да өзгөртөбүз, бери да өзгөртөбүз, бирок казандан бир башты алып салып,бүтпөс тартыштын өзөгүн үзө албадык,себеби жобону өзгөртөөрдө ар бир кыргыз төбөлү ошол кызматта өзүн элестетет көрүнбөйбү.
Бул системада бир жагы күчтөнсө, экинчи жагын талкалайт, айтор бүтпөс чыр,азабын эл тартат, өнүгүүнү ойлогонго убакыт жок, кызмат, бийлик тартыш баарын алсыратты, эл ынтымагын ыдыратты.
Ошол себептен бир беткей же Президенттик же Парламенттик система болсун деп беш жылдан бери үнүмдү жеткире албай жүрөм. Ортодо кайсы система жакшы деген талаш, айтылуу жаш балдарга берилчү "Апаңды жакшы көрөсүңбү же, атаңдыбы" дегендей эле, же болбосо "лагман жакшыбы же мантуубу"дегендей эле риторика. Бирок ар бир системанын өзүнө гана тиешелүү шарт белгилери, жөнөкөй айтканда "унаа тетиктери" бар. Алмаштырып ийсеңер машиненер жүрбөй токтойт. Маселен, Президенттик система эки партиялуу, ашып кетсе үч партиялуу, өнүккөн, ишкердүү, бийликти зикилдетип көзөмөлдөгөнгө жөндөмдүү, демократиялык институттары бар өлкөдө гана иштей алат. Мага ишенбесеңер илимпоздордон, сурап көргүлө. А бизде жүздөн ашык партияны кайда жиберебиз?!. Анын үстүнө, кыргыздар күчтүү президент деген желмогуздан жаа бою качкандай деле болбодукпу. Кимиси болсо да академигиби, колхозчусубу, эсинен ажырап кудай болууга далалат кылат турбайбы. Азыр тигинтип,ыза тартып турганыбызда президенттик шайлоо чо-о-о-ң чырга, балким граждандык кагылышууларга алып келүүсү ыктымал.Ошол себептен парламенттик системага өткөнүбүз туура болмок.
Биз сунуш кылган долбоор ушул бийлик формасынын классикалык ыкмасында жазылган. Президенттин ыйгарым укуктары чектелүү, ал парламент тарабынан гана шайланат.
Ал эми Убактылуу өкмөттүн долбоору азыркы күчүндөгү конституцияга караганда кыйла жылыштуу болгону менен системаны өзгөртпөптүр.
Эл тарабынан шайланчу эки тирешүүчү орган Президент жана парламент өзгөрүүсүз калып жатат. Кимибиз накта элдин өкүлүбүз деген тартыш келечекте кыйла мүшкүл алып келет.
Анысынан дагы эл бийлиги деп коюп Акаев баштап, кийинчерээк тайсалдап баш тартканда, оппозиция демитип кыйла алдыга жылдырылган жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасын калыбына келтиргилери келбептир.
Эл бийлигинин туу чокусу жергиликтүү эл өкүлдөрү-кеңештер, ал эми акимдер ак үйдөн эмес, толугу менен жергиликтүү кеңештер тарабынан шайланып жана кызматтан алынуусу керек, антмейинче жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жок. Азыркыдай болуп, кайдан дайындалса ошол жактын ырын ырдайт.
Бул бөлүмдү 2007- жылкы ноябрь конституциясында абдан жакшы жаздык эле, карап көрсөңүздөр. Иш жүзүндө баары бир тең, ушул маселе бир тең деп ойлойм. Эл бийлигинин жүрөгү, өзөгү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, айланайындар. Дагы бир ирет бийлигиңерди тарттырып жиберсеңер, кудай билет тарых бизге, дагы, төртүнчү ирет мындай мүмкүнчүлүк береби,жокпу?
-Долбоордо сот системасы кандай чечилгендиги тууралуу оюуңузду бөлүшсөңүз.
- Тилекке каршы сот системасы дагы өзгөрүүсүз калыптыр. Көргөзүлгөн тартипте түзүлгөн, дайындалган соттор азыркыдай эле көз карандысыз боло алышпайт, демек акыйкат чечим да чыгара алышпайт. Өткөндө Жогорку Кенештеги сотторду шайлоо Самаркандын жарманкесиндей болуп, бечаралар ал жактан" майке-турсачан" чыгышпады беле, ошол акыбал сакталып калат турбайбы сыягы.
Биздин долбоордо соттордун өз алдынча бийлик болуп калыптануусуна шарт түзгөн жоболор,анын ичинде сот бийлигинин биринчи жетекчилерин жалпы эл тарабынан шайлоо, калган жетекчилерин, ич ара соттордун жамааты тарабынан шайлоо системасы көргөзүлгөн, Андай болмоюнча булардын эл алдындагы жоопкерчилиги, көз карандысыздыгы эч убакта камсыз болбойт. Ким дайындаса ошонун сөзүн сүйлөйт. Мындан тышкары бул тармактагы реформалардын жобосу 2006-жылы мен жетектеген топ тарабынан иштелип чыккан соттук-укуктук реформанын концепциясында кенири көрсөтүлгөн
- М.Ниязов сиз жактап жаткан Парламенттик системаны катуу сындап, бизге ал дээрлик туура келбейт деген ойду айтып жатат го. Сиз кандай дейсиз?
- Кечээ Мирославдын Акипресске берген интервьюсун окуп абдан таң калдым.
Конституцияны кабыл алуунун кереги жок дейт, анда эмне Бакиевдин конституциясы менен жашайлыбы, же Конституция деген дээрлик кереги жокпу?Анда анын сунушу анархиябы же монархиябы? Күчтүү Президент керек дейт, Акаев менен Бакиевден да күчтүү ыйгарым укуктар дүйнөдө бир, эки эле өлкөдө бар.Алардан да күчтүү укук диктаторлордо же фашисттерде гана болушу мумкун. Менимче өтө опурталдуу тизистерди сунуштап жатат. Колуна чексиз бийлик топтогон кыргыз эмне кылаарына алиге чейин көзү жете электиги өкүнүчтүү. Өзү Президент болуп шайланса анда бир жөн, билимдүү, приципиалдуу инсан, ал эми шайланбай калса кантебиз? Анын үстүнө амалкөй кошоматчылар кимди болсо да жолдон адаштыраары бышык эмеспи.

Маектешкен Адилет АЙТИКЕЕВ