Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Сыр сандык

Табышмактуу өлүмдүн жандырмагы чечилбей келет
Баарынан баланын күйүтү жаман дегендей, алпештеп өстүргөн кызын бир заматта колунан алдырып ийген эне биздин редакцияга кайрылып, кайгысын төктү. Ысык-Көл районуна караштуу Кожояр айылынын тургуну Бүбүажар эненин 35 жаштагы Жыргал аттуу кызы белгисиз себептер менен каза болуп, өлүмү табышмак бойдон калган. Ал кызынын өлүмүнө себепкер "күйөө баласы Курманбек"-деп ойлойт. Эненин айтымында тергөө органдары болгон окуяны териштирбестен, "димедрол ичип каза болгон" деген сотмедэкспертизанын гана жыйынтыгына таянып ишти токтотуп коюшкан.


Жумашова Жыргал 1974-жылы Ысык-Көл районуна караштуу Кожояр айылында туулган. "Чыккан кыз чийден тышкары" дегендей, окуусун ийгиликтүү аяктап, шаарды көздөй багыт алып, андан соң турмуш жолуна аттанып, ошол эле көл кылаасындагы Кара-Ой айылына келин болгон. Жолдошу Курманбек экөөнүн жашоосу жакшы башталганы менен кийинчерээк кызганычтан улам уруш-талаш көбөйүп, ортодон алты жыл убакыт өткөн. Мына ошондой күндөрдүн биринде экөө ажырашып, ортодон Курманбек башка аял менен бир жылча жашап, андан соң кайра табышат. Бул эки жаштын ортосуна от жаккандар негизинен Курманбектин "айымдары" болгон. "Ата - аска тоо, эне - жар боорундагы булак, бала - экөөнүн ортосундагы шам чырак" дегендей, экөө балалуу болуу бактысына жеткен эмес.
Жогорудагы үй-бүлө Бишкекте жашагандыктан Ысык-Көлгө жай айларында барып турушкан.
Жыргал 2009-жылы 28-августта белгисиз себептер менен каза тапкан.
Ата-энесинин айтымында Жыргалдын өлүмүнө жолдошу Жуке уулу Курманбек себепкер. Бардыгы түшүнүктүү болушу үчүн окуяны башынан баяндайлы.
2009-жылдын август айында маркум жолдошу көлдө болгондуктан ага жолугуп, эс алып кетүү максатында Чолпон-Атага келет. 27-августта жолдошу Курманбек үйгө келбегендиктен ал күнү жалгыз болуп, эртеси Курманбек иштеген пансионатка барат. Курманбек досу Миша жана үч-төрт жаш бала менен арак ичип отурган болот. Ал жакта жубайлардын ортосунда түшүнбөстүктөр болуп, жолдошуна таарынган Жыргал жөө үйгө кайтат. Досунун келинчегин жалгыз кетиргиси келбеген Миша аркасынан жете барып үйүн көздөй узатып жөнөгөн.

Миша:
- Мен Алтын-Көл пансионатында болчумун. Эртең менен саат 9:00дар чамасында Курманбек машинасы менен мас абалында келатып, бакты сүзүп алды. Курманбек - менин келинчегимдин классташы. Ошол себептүү ал мага аяш катары тааныш эле. "Арак ал" дегенинен бир бөтөлкө алгам. Жанында эки жаш бала бар экен. Ылдый көл жээкке чыгып арак ичип отурганбыз. Бир сааттан кийин Жыргал келип калды. Ал жерден Жыргал менен Курманбек уруша кетти. Менин угушума караганда, уруш кызганычтан чыкты. Жыргал "кетем" дегенинен Курманбек "кетсең кете бер"-деп сөгүп салды. Мен Жыргалдын ыйлап жатканын көрүп, аны таксиге салып үйүнө алып келдим. Үйүнүн жанында павильон бар экен, ал жерден бир кичине бөтөлкө арак алды. Үйгө кирип, ал аракты да ичкен жокпуз. Мен зал үйдө отургам. Жыргал болсо кухняга кирип дары алып чыгып үч-төрт дарыны ичкендей болду. Колго чаап жиберсем, дарылар чачырап кетти. Менин үйгө киргениме он мүнөтчө болгон. Жыргал "кет" дей баштаганынан чыгып кеттим. Келген таксим менен эле кайра кеттим. Пансионатка кайра келип, жатып уктап калгам. Ошол кезде саат:14:00 болуп калган. Анан саат:15:30дар чамасында мага Курманбек келди. Мен таптакыр чыкпай койсом кетип калды. Саат 16:00дор чамасында "Сен Жыргалды өлтүрдүң"-деп SMS жазып ийиптир. Келинчегим жинденип, "барам" деп жаткан. Бирок, биз түшүнгөн деле эмеспиз. Аңгыча болбой эле саат:22:00дор чамасында мени милициялар алып кетти. Сурак жүргүзүп эртеси кайра кое беришти.
Мен Курманбек менен таанышканыма аз эле убакыт болду. Бирде башка аялын, кээде Жыргалды ээрчитип жүрчү. Жыргал ошол күнү кара шортик, көк көйнөк кийип жүргөн.

Аскат ИЛЬЯЗЕВ,
маркумдун күйөө баласы:
- 28-август күнү Курманбек жезде саат:16:30дар чамасында телефонума маяк берди. Үйгө келип жездеге чалсам "Жыргал дос кызы менен машинадан кырсыкка учурап, ооруканага алып келдик" деди. Анан дароо ооруканага жөнөдүк. Жолдо баратсак, кайра телефон чалып, каза болуп калганын айтты. Барсак эжемдин сөөгүн өлүкканага киргизип коюшуптур. Жездени милициялар алып кетиптир. Бизде мурда тергөөдө иштеген Бакыт Абиров деген байкебиз бар. Дароо ошол байкени чакырдык. Ал келип, эмне болгонун сураштырып изилдей баштады. РИИБгө барсак Курманбек кызуу экен. Ал жерден чыгып үйүнө барсак төшөктөрү суу жерде жатыптыр. Бир төшөктү жууп балконго жайып коюшуптур. Шейшепте жана терезенин түбүндө кандын тагы бар экен. Шектүү буюмдардын баарын милициялар экспертизага алып кетишкен. Эртеси өлүкканага (морг) бардык. Сөөктү көргөндө желке жагында так бар болчу. Сотмедэкспертизага алып киргенде "сага болбойт"-деп мени киргизбей коюшту. Биздин туугандардан Бакыт байке кирди. Ошол ошентип, экспертиза деле димедролдон ууланган деген жыйынтык чыгарып койду. Менин оюмча, Жыргал эжени Курманбек жезде эле тумчуктуруп өлтүргөн.

Бүбүажар ЖЫЛКЫБАЕВА,
маркумдун апасы:
- Башында биз деле эч нерсе билген эмеспиз. Кызымды жоготконума ичим күйүп ойлоно алган жокмун. Качан гана жерге бергенден кийин, эсибизге келдик. Жыргал кызым түшүмө кирип, тынчымды алып жатты. Күндө куран окутуп, жыт чыгарып жаттык. Бирок, таптакыр эле түшүмөн кетпей кыйналып жатты. Мына ошондон кийин гана чуркай баштадык. Биз кандай ишти баштадык, күйөө балам ошол замат дайынын таптырбай кетти. Жок дегенде кыргызча кылып, "мүрзөнү тегеренип бер" десек да болбоду.

Жогорудагы окуя боюнча сотмедэкспертиза Жыргал Жумашованы "димедролдон ууланып каза тапкан" деген жыйынтык чыгарган. Бирок, канча дозада ичилгени, канчасы таасир бергени толук жазылган эмес. Жабырлануучу тарап сотмедэкспертизанын жыйынтыгына макул эместиктерин билдиришкен. Ошол себептүү Бишкеккке гистологияга жиберилген. Ошол бойдон ал жактан да эч жылыш болгон эмес. Маркумдун мээсинде, кулак түбүндө, жүрөгүндө кан уюп калган. Жогорудагы иш боюнча тергөө ишин Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгынын төргөөчүсү Таалай Бекманов жүргүзүп, райондук прокуратурага жиберилген. Бирок, прокуратурадан тергөө иштери чийки болгондуктан жана далилдүү фактылар жок болгондуктан иш кайрадан РИИБгө жиберилип, кылмыш иши козголгон эмес. Ошол бойдон иш кайрадан тергөөгө алынбастан жана үйдөн табылган далил заттар (арактын бөтөлкөсү, димедролдун кагазы, кан болгон шейшеп, жуулган жууркан) текшерилип, кол тамга алынбастан тергөө иши токтотулуп архивге өткөрүлгөн. Мына ошол себептүү баланын күйүтүнө чыдабаган ата-эне бир нерседен шектенип, тынчтана алышпай убара болушууда. Бул жерде айта кетүүчү нерсе тергөө профессионалдык деңгээлде жүрүп, жабырлануучуларды өз убагында ишенимдүү ынандыра албагандыгынын кесепетинен мына ушундай жагдайлар пайда болууда.
Болуп өткөн окуяга ой жүгүртүп көрсөк биринчиден, Жыргалды үйүнө жеткирүүгө барган Мишаны көбүрөөк суракка алуу зарыл. Анткени ал эң негизги күбө жана көп нерсени айтып бериши мүмкүн. Ошону менен катар Жуке уулу Курманбекти тез аранын ичинде кайрадан суракка алып, ата-эненин күйүтүн басуу керек.
Ошондой эле бул жерде Жыргал Жумашованы димедролдон ууланып каза тапты деген күндө да, суу болгон жууркан, кандын тагы бар шейшепти кайда жашырабыз? Ошону менен катар күбөлөрдүн айтымында өлүкканага барганда кийген кийими да алмашып калган. Мунун себеби эмнеде? Албетте бул суроолорду тергөө органы жоопсуз калтырбоого тийиш. Балким маркум тумчуктурулуп өлтүргөнү да чын болуп жүрбөсүн. Жууркандын жуулуп жайылышынын себеби да ошол чыгар.
Жабырлануучу тараптын жакын тууганы, тергөө кызматында чоң тажрыйбасы бар Бакыт Абировдун айтымында, Жыргал Жумашова димедролдон ууланып каза тапканы чын болушу мүмкүн. Анткени, бул иште далилдүү фактылар жокко эсе. Бирок, жууркандын жуулуп жайылып калышы ага да табышмак болууда.
Мына ушулардын бардыгын эске алганда, табышмактын жандырмагын бир гана профессионалдуу тергөө органы чече алаары бышык. Кандай болгон күндө да кан кое бербейт эмеспи. Акыры табышмактуу өлүмдүн да сыры ачылып, күнөөлүүлөр өз жазасын алчу күн да алыс эместир. А балким чын эле Жыргал Жумашова димедролдон каза тапса, анда ошондой кадамга жеткирген жолдошу Курманбек күнөөлүү экени анык. Аны эч ким тана албайт.
Жогорудагы окуя боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгы тергөө ишине толук көңүл буруп, ата-эненин күйүтүн басат деп ишенебиз.

Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Чолпон-Ата-Бишкек




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
30-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө!
Бөлүнсөң-бөрү жеп кетет.
"Бөлүнүп калды кыргыз" деп,
Бөлөк элге кеп кетет!

2-бет
"ОПГ оюндары" башталдыбы?
3-бет
Елисеев, Ширшов, Надел
кетирген чыгым 2 миллиард сом

4-бет
Шейит кеткендерди шылдыңдаган эргулдар
5-бет
Конгантиевдин "КОЁН" жолу
6-бет
Кеңеш айталы - кулак сал
7-бет
ЗЫНДАНДАГЫ ҮН
8-бет
1-май
Куттуу планета

9-бет
Түзөтүү мекемелериндеги түзөтүүчү иштер
10-бет
Табышмактуу өлүмдүн жандырмагы чечилбей келет
11-бет
Кубатбек Байболов:
"Революциянын максаттары ишке ашпай жатат"

12-бет
Абактагылардын да укугу корголууга тийиш!
13-бет
УЛУТТУК КАНАЛ УЛУТКА КЫЗМАТ КЫЛЫШ КЕРЕК!!!
14-бет
КР Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И. Отунбаевага
Убактылуу өкмөттүн Түштүк Кыргызстан боюнча координатору

15-бет
Дүйнө жаңылыктары
16-бет
Тагдыр










??.??