SOS!

Жабыр тарткан милициялар кызматын улантат
Үй-бүлөлүк башкаруунун запкысын милиция кызматкерлери да көрдү десек болот. Анткени Бакиевдер аларды да саясатка аралаштырып, буйрук менен бура бастырбай колго алып, өз элине душман көрсөтүүгө аракет жасады. Бирок, 6-7-апрелде кыргыз милициясы эл менен экенин, кандай болгон күндө да эл тарапта болоорун көрсөтүштү. Катардагы милиция кызматкерлери эмес, 7-апрелде Таластан экс-ички иштер министри Молдомуса Конгантиев да үй-бүлөлүк бийликтен тажаганын билдирди. Абдан өкүнүчтүүсү анын кеч, өтө кеч түшүнгөнү болду.

7-апрелде көбүнчө катардагы милициялар жана курсанттар жабыр тартышкан. Бирок, алардын ал-абалын өз убагында сураган жан болгон жок. Анткени аларды эл душманы катары баалап, көңүл борборунан чыгарып салышкан. Бирок, Бишкектеги талап-тоноо, бандиттик иштерден улам, өлкөбүзгө милиция керек экени, алар элдик экени талашсыз болду. Учурда жабыр тарткан милиция кызматкерлери ооруканаларда дарыланышууда. 22-апрелде Кыргыз-техника университетинин студенттери жана жетекчилери өз демилгелери менен уюштурушуп, Бишкек шаардык Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн ооруканада жаткан жигиттеринин ден соолугун сурап, белектерин беришти. Бул тууралуу биздин редакциянын журналисттери күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери менен баарлашты.

Ахматов Талантбек ҮМӨТАЛИЕВИЧ, полковник,
Бишкек шаардык күзөт бөлүмүнүн жетекчиси:
- Каргашалуу күнү биздин милиция кызматкерлерибиз да жапа чегишкен. Бүгүн Кыргыз-техника университетинин студенттери жана жетекчилери келип, балдарыбыздын ден соолугун сурап, колдорунан келген моралдык-материалдык жардамдарын көрсөтүштү. Алар бизди унутпай колдогондору үчүн чоң рахмат. Абдан ыраазы болуп жатабыз. Айтаарым, милиция кызматкерлери да кыргыз элинин бир бөлүгүбүз. Биз тынчтык, бейкуттук болсун деп эле аракет кылып иштеп жүрөбүз. Биз эч кандай саясатка кийлигише албайбыз. Алдыбызга коюлган өзүбүздүн функциябыз, койгон тапшырмаларыбыз бар. Ошол тапшырмаларыбызды аткарып жүрөбүз. Ошондой эле мындан ары да аткара беребиз. Биздин Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнөн жыйырма бала жабыр тартты. Учурда он бала дарыланууда. Калгандары сакайып, ишке чыгышты. Каза тапкандар биздин бөлүктөн болгон жок. Өзүбүздүн министрликтен келип, балдардын ал-ахыбалы менен таанышып, жардам беришүүдө. Бизге көңүл буруп, колдоо көрсөткөндөргө ыраазыбыз.

Самат СТАНБЕКОВ,
ага сержант:
- 7-апрелде боло турган окуя тууралуу алдын ала эч нерсе айтылып, эскертилген эмес. 6-апрель күнү биз буйрук менен Таласка кеткенбиз. Ал жакка 6:30-7лерде вертолет менен барып түштүк. Эл губернаторду "заложник" кылып алышыптыр. Биздин милдет - администрацияны бошотуп, губернаторду чыгарыш керек болду. Бизде эч кандай курал жок болчу. Болгону, калкан жана дубинка менен жүрдүк. Эки сааттай администрациянын алдында туруп, элдин курчоосунда калып калдык. Көбүнчө таластык жаш балдар кол көтөрүштү. Ал эми арасындагы кары адамдар бизди калкалап бошотушту. Чындыгын айтканда, элдин кыжыры кайнап, токтотууга мүмкүн болбой калыптыр. Кызматымды мындан ары уланта берем. Бирок, бийлик кайрадан саясатка аралаштырып, элге каршы үндөсө, эч бир кызматкер ага баш ийбейт.

Жаныбек ИСАЕВ,
старшина:
- Мен 37 жаштамын. Милицияда иштегениме 10 жыл болду. 2005-жылда да Таласка баргам. Анда да таяк жегенбиз. Бирок, бул жолкусунда катуу сокку алдык. Жалаң жаш балдар кол көтөрдү. Эл аябай агрессивдүү болуп, жанына батып турган экен. Арасынан боорукер адамдар чыгып, ооруканага алып барып жардам көрсөтүштү. Таластын элин жаман деп айтпайм. Колдорунан келген жардамын көрсөтүштү. Бул окуяга ким күнөөлүү экенин да айта албайм. Мындан ары да кызматымды улантып иштейм. Биз, милициялар кайда кетмек элек. Бакиевдей болуп качып кете албайбыз. Атайын ушул ишти тандап, ант бергенден кийин иш таштоо болбойт. Биз элге кол көтөргөн жокпуз. Керек болсо, колубузда курал да жок болчу.

Курманбек МАМБЕТАЛИЕВ, старшина:
- Милицияда 93-жылдан бери иштейм. Өзүм Нарындан болом. Мен да Таласка баргам. Мындан ары милицияда иштебей кайда барам? Бакиевдей болуп качып кете албайбыз. Бир тууган, жакындарыбыз бар. Эл арасында болгондон кийин эл менен жашайбыз да. Кудай таалам сактап, мындай окуяны экинчи болтурбай эле койсун. Андан көрө Кыргызстаныбыз эртерээк өнүгүп, өсүп кетсе жакшы болот эле. Өлкөдө тынччылык болсун. Эл дагы тынч жашагысы келет. Бардыгыбыздын ата-эне, бир туугандарыбыз бар. Ким эле ошолорго жамандык, кырсык кааласын? Милициялар да адамдар да. Биз да ошол элдин балдарыбыз.

Улан ЖОНОТБАЕВ,
взводдун командири:
- Бизге тревога көтөрүп, анан баарыбыз Таласка жөнөп калдык. Баргандан бир саат өтпөй, администрацияны талкалап жиберишти. Ызы-чууну басып, ушунчалык бейбаштыкка, жаш балдардын өлүмүнө жеткирбей токтотуп койсо болот эле. Негизинен биз эмне болуп кеткенин да түшүнбөй калдык. Жаш балдардын курчоосунда калдык. Ошол эл арасынан мурда милицияда иштеп кеткен балдар бизге жардам беришти. "Шерниязовду камакка албаганда мындай иш болмок эмес" деп жатышты. Негизинен Талас эли тынч эле курултай өткөрүүгө камданып жатышкан экен.

Гүлмира ШАРШЕНБАЕВНА, Мамлекеттик кыргыз-техника университетинин тарбия иштери боюнча проректору:
- Бүгүн биз атайын студент балдарыбызды алып чын дилден Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына караштуу күзөт бөлүмүнүн жарадар болгон кызматкерлерине моралдык жактан колдоп коюуга келгенбиз. Студенттерибиз да акча чогултушуп, ооруканада жаткан милиция кызматкерлерине аз да болсо жардам болсун, көңүлдөрүн көтөрөлү дедик. Милицияларга туура түшүнүү керек. Анткени булар буйрукту аткарышат. Биз милициялар менен, алар эл менен. Каргашалуу окуяда жарадар болгон милициялар көп болгон. Ошол балдар тезирээк сакайып, үйлөрүнө барышсын. Кызматын улантышсын. Менин айтаарым, азыркы келген өкмөт милицияларды да социалдык жактан тең карап, айлык акыларын көтөрүшсө. Алар "эл четинде, жоо бетинде" дегендей, ким менен гана иштебейт. Ошондуктан аларды колдоого алып, саясатка аралаштырбоо керек.
Биздин студенттер да милициялар менен бирдикте Бишкектин четиндеги жер басып алууга тыюу салып, тартипти сактоого жардам берип жатышат. Себеби, шаарыбызды коргоп, өсүп-өнүгүшүнө болгон салымыбызды көрсөтүшүбүз керек.
Биринчи май райондук күзөт бөлүмү биздин окуу жайдын жанында жайгашкан. Мындан ары да иш-чараларды уюштуруп биргеликте чогуу аракет кылабыз. Булар да кыргыздын балдары, элдин милициясы. Ден соолукта болушсун.
Кошумчалап кетейин, жер талашып жаткандардын арасында апалар, аталар отурат. Алар жаш балдарды астыга салып, элге бүлүк салбай тынч эле үйлөрүнө кете беришсе. Андан көрө балдарын окутуп, илимге-билимге тарбиялап, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө үндөсөк абдан жакшы болот эле.
Менин милициям мени коргойбу? Албетте, коргойт. Эгерде бийлик башындагылар таза болсо, аларды бийлик элге каршы курал катары пайдаланбай, эл менен болууга чакырса. Ар бир милиция кызматкери өз ишин так аткарып, "буйрук" деп эле өз элине душман болбой, ак жүрөк, чынчыл болсо. Мына ошондо гана мени да, сени да коргогон милиция түзүлөт.
Назгүл МАМЫТОВА,
Динара АКУН кызы