Б.Каламбекова кайрылып келди, абийирчи?..
Жаныш Бакиевдин "эркесине" айланган Бактыгүл Каламбекова деген эжебиз бар. Акесине мамык болгон Бактыгүл айым бакиевдер доорунда ТИМдин орун басарлыгына чейин жетип жыгылган. Таянган тоосу бийик болгондуктан анча-мынчаны көзгө илбей калганы дагы мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу. Эгер ал режим кулабаганда жакын арада министр болмок дешет. Бактыгүл айым тилегине жетпей, ишенген кожолору кан төгүү менен качып кетишти. Өкүнүчтүүсү, канкордун куйруктары "көчүгүн" кыспай, кайра эле жаңы жетекчилердин айлана-тегерегин ээлеп калды. Б.Каламбекова уялбастан Убактылуу өкмөттүн бөлүм башчылыгына орношуп алды. Муну алып келгени элдин кыжырын кайнатууда. Мындайдын арты жакшылык менен бүтпөсүн өкмөт жетекчиси дурус билет. Билип-билбей кетирген кемчиликтерди Убактылуу өкмөт азыртан оңдобосо эртең кеч болгону.


Акаев-Бакиевдин эркелери
Акаев доорунда акчага туйтунган "Бригадачылар" Бакиев учурунда дагы майкөл-сүткөл орундарды ээлеп келишти. Парламентте А.Келдибеков, К.Ташиев, У.Ормоновдор көкүрөгүн дзотко тосушту. Кошоматтын камчысын өкүртө чапкан С.Жапаров менен М.Султанов Бакиев режимин бекемдегенге ой-да салымын кошушту. Элдин канын суудай агызып, каргышка калган Бакиевдерди колдорунан келишинче коргогонго аракеттеништи. Бирок, ал аракеттери иш жүзүнө ашпай, тилектери таш капты. Алай эли алардын сөзүн укпай, түштүк эли көтөрүлбөй койду. Акча, кызмат дегенден башканы ойлобогон "Бригадачылар" кирээр жерине кирип кетпей, алдыдагы шайлоолорго даярдык көрө баштаганы айтылууда. Уят, Намыс дегенден куржалак калган "Бригада" бийлик үчүн өз элин сатканга даяр окшобойбу. Болбосо эки режимде кетирген моралдык күнөөлөрүн мойнуна алып, тынч тирилигин кылышпайбы.


Ишенгүлгө ким ишенет?
Эки бийликтин армансыз үзүрүн көргөн Ишенгүл Болжурова Акаевдин да, Бакиевдин дагы доорунда өлө чалчаңдады. Сүйлөгөндө ыйлап жиберчүдөй болгон Ишенгүл айым Бакиев баш калкалаган Минскиден мурда күнү үн катты. Кызмат үчүн жантыгынан жата калган Болжурова Акаевдин жакшылыгын кандай унутса, Бакиевдикин дагы ошондой унутуп, ажосун агынан жарыла шыбап, Убактылуу өкмөттү колдоого алуу чакырыгы менен эл аралык коомчулукка кайрылды. Ал эле дейсизби, оозу мурду кыйшайбай туруп: "Демократиялык жолго түшүү үчүн референдум өткөзгөн жатабыз, жаңы Конституция кабыл алган жатабыз. Парламенттик өлкөгө өткөн жатабыз. Мен кыргыз жерине, кыргыз элине иштеп жатам. Мага биздин борбор эмнени айтса, ошону жасайм" дейт. Бу сөзү менен Ишенгүл айым ага ким болсо да кызмат берсе болду, анын элге каршы келээр-келбесин аңдабай аткара берээр көрпенделигин көрсөттү. Ушинтип, өзүнчө акыл калчабаган, алысты көралбаган чабал кадрлардын айынан элибиз жыйырма жылдан бери чайналып, тентип, тозуп, өз көкүрөгүн көтөрө албай келатпайбы аттигиниң!


Казак-кыргыз бир тууганбы?
Эки элдин ортосуна от жагып, жалпы казак элине көө жапкыбыз келбейт. Күнөө бир гана адамда деп эсептейбиз. Себеби, кыргыздар кыйналган кезде баурдастардын боору ооруп, жок дегенде көңүл айтканга жарабай келишет. Тарыхта казактарды кыргыздар далай жолу өлүмдөн сактап, колтугуна катып келгени белгилүү. Ал эми жаңы доордун башталышында казак жетекчилери кыргыздардан пайда көрүү максатында гана келип, кыйынчылыкта маскаралап жаткандай түр көрсөтүшүүдө. Пансионаттарга кошуп, жерибизди кертип кетти. Кечээги 7-апрелде көңүл айтканга жарабады. Нурада жер силкинип, ондогон мекендештерибизден айрылган кезде дагы колун сунган эмес. Ал эми кошуна өзбектерди жаман көргөнүбүз менен, ар дайым бизге көзү түз экенин билдирип, жардамын берүүдө. Кечээ дагы Өзбекстан медициналык каражаттарды, балдардын кийим-кечесин, 2400 даана шифер, 150 миң тонна цемент, 20 миң тонна күйүүчү май, 200 миң тонна жер семирткич жана 30 миң тонна ун кыргыз бийлигине тапшырды. Ала добучан туугандарыбыз ким кимге тууган экенин сөз менен эмес, иш жүзүндө далилдешүүдө.


Шайтан оюндарды каалабайбыз
Редакцияга нарындык Салтанат аттуу айым чалып, БШКнын мүчөлүгүнө бекитилип жаткан Амангул Молдалиев менен Чыңгыз Исмаиловдун ал жерге барууга моралдык укугу жок экенин айтып, алар фалцификациянын авторлору экендигин билдирди. Айымдын айтымына караганда, Акаев доорунда шайлоолорду бурмалоого чыйыр салып, добуш уурдоонун атасын тааныткан эргулдар экен. "Убактылуу өкмөткө кулак кагыш кылгыла, эгер укпаса, эртең эле эл эсине келтирет. Биз тазаланалы деп революция жасадык. Акаев, Бакиев куйруктарын жоготпосо, буларды шейит кеткен балдардын арбагы да, Кудай дагы кечирбейт" деди жаны ачыган айым.

Зулпукар САПАНОВ