Дүйнө
жаңылыктары
Киев кредит алууну көздөйт
Орусия Украинаны Эл аралык валюта фондунда колдоп берет. Бул тууралуу Вашингтондо каржы министри Алексей Кудрин билдирди. Ал Украинанын вице-премьери Сергей Тигипко менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн айтты. Киев Эл аралык валюта фондунан 12 миллиард доллар өлчөмүндө кредит алуу менен, дүйнөлүк экономикалык кризистин каатчылыгынан кутулууну көздөп жатканы белгилүү.


Сотту соттобогула!
Испанияда аттуу белгилүү соттун таламын талашкан бир нече миңдеген демонстранттар көчөгө чыгышты. Бул судья кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жаткан. Демонстранттар: "Фашисттер, соттон кеткиле!" , "Баарына - адилеттүүлүк!" деген плакаттарды жана генерал Франконун тушунда өлтүрүлгөн жана дайынсыз жок болгондордун портреттерин көтөрүп алышкан. Гарсон жоголгон адамдардын изин иликтей баштаганы үчүн күнөөлөнүп жаткан.


Балдарды балталабагылачы!
Орусияда акыркы жылдары жүз миңге жакын балдар чоңдордон запкы көрүүдө. Бул тууралуу "Эхо Москвы" радиостанциясынын обосунан балдардын укуктары боюнча уполномочен-адис Павел Астахов билдирди. Анын айтуусунда, эки миңдей бала өлтүрүлгөн, алты миңдей баланы чет элге сатып жиберишкен. Учурда Орусияда 700 миңдей жетим бар, бул көрсөткүч согуш мезгилиндегиден да көбүрөөк экени өкүнүчтүү.


Кыздар газдан жабырланышты
Ооганстандын түндүгүндөгү бир мектепте окуган 50 кыз белгисиз бирөөнүн газ менен жасалган чабуулуна тушукту. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү бул бейбаштыкты Талибан кыймылынын активисттеринен көрүп жатышат, себеби, алар аялдардын билим алуусуна дайыма каршы болуп келишет.
Буга окшогон окуя дагы бир мектепте болуп өтүп, анда 20 окуучу кыз жабырланышты.


Жапондуктардын нааразылыгы
Токсон миңге жакын япондуктар митингге чыгышты. АКШ авиабазасы Окинава чөлкөмүндөгү жергиликтүү жашоочуларга коркунуч туудуруп жатат дешет алар.
Нааразычылык акциясына чыккандар Япония жана АКШ бийликтеринен бул авиабазаны жабууну талап кылышты. Окинавалыктарды токиолуктар кубаттап чыгышты.