Учур маек

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ:
"Жаңы Баш мыйзам авторитардык башкарууга кескин бөгөт коет"
Убактылуу өкмөт Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорун коомчулук талкуусуна койду. Утурумдук бийликтин дал ушул жаатын тескеген Өмүрбек Текебаев алгачкы Баш мыйзам кандай жаңыланып, эгер аны кыргыз калкы кабылдап берсе, мамлекет кандай нук алаары туурасында ой бөлүштү.

- Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорун талкууга алып чыкканга үлгүрдүңүздөр. Өлкөнүн негизги документи ушундай кыска убакытта даяр болуп калдыбы?
- Биринчиден, жаңы редакциянын долбоору эч кандай жаңы документ эмес, өзгөртүүлөр азыркы редакциянын үч гана бөлүмүнө тиешелүү. Атап айтсак, президент, парламент жана өкмөттүн ыйгарым укуктары жана функциялары. Экинчиден, жаңы редакциянын долбоору "Акыйкаттыкка карай жол" аттуу Кыргызстандын жаңы саясый системасынын концепциясына негизделген. Аталган концепция мындан бир жарым жыл мурун Бириккен элдик кыймылдын курамына кирген бардык партия жана лидерлер тарабынан тегиз жактырылып кабылданганы маалым. Талкууга коюлган долбоорго ылайык, өлкөбүздө парламенттик республика орнойт. Жаңы редакциянын долбоору тезинен даярдала калган жери жок. Ал коомубуздун демократия үчүн, бийликтин "үй-бүлөлүк" режимине, коррупция, мамлекеттик башкаруудагы кландык системага каршы он жети жылдык күрөшүнүн жүрүшүндө өзүнөн өзү бышып-жетилди.
Оппозиция келечектеги конституциялык реформа туурасында өз көз карашын элге 2008-жылы эле жарыялаганы менен мурдагы бийлик дайым "оппозициянын саясый программасы жок" деп айыптап келди. Дал ушул базага таянып, Убактылуу өкмөт коомдогу жана мамлекеттеги кайра түзүүлөрдү жүргүзүүгө ниеттенүүдө. Жаңы кабыл алына турган Баш мыйзам мамлекеттик бийликтин авторитардык нукка түшүп кетишине кескин бөгөт коеруна ишенебиз.
- Кыргызстандын Конституциясы алгач кабылданган 1993-жылдан бери канча ирет алмашпады. Жаңы долбоордо кандай өзгөчөлүктөр камтылды?
- Жаңы редакциянын долбоору боюнча, мамлекет жана саясый система бийликтин бир адамдын колуна топтолушуна жол бербей тургандай түзүлөт. Президент кол тийбестик укугунан ажыратылат, ал эми анын үй-бүлө мүчөлөрү мындан ары мамлекет эсебинен камсыздалбагыдай тартип орнотулат. Мамлекет башчысы өз маянасына гана жашайт. Конституциялык сот жоюлат. Өлкөнүн биринчи жана экинчи президенттери ушул органды өздөрүнүн кызыкчылыктарына ылайык келген уруксат берүүчү контора катарында пайдаланып келишти. Мыйзамды жана жарандардын укугун коргоонун ордуна Конституциялык сот Аскар Акаевдин үчүнчү президенттик мөөнөтүн бекитип берди, эл азап менен кабылданышына жеткен 2006-жылкы ноябрь Конституцияны жокко чыгарды, кайдагы Мамкеңеш аркылуу Бакиевдердин кланы бийликти ээлеп алышына жана үй-бүлөлүк-мураскердик башкарууга жол ачып берди. Эки диктатор кулатылды. Аларга көмөктөш болгон Конституциялык сот үчүнчү президентке да антиконституциялык тирек болуп беришине жол бералбайбыз. Анын милдеттери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун атайын курамына тапшырылат. Андан тышкары, мамлекеттик бюджет үчүн алдаканча ири сумманы үнөмдөйт. Бирок, биринчи кезекте биз бул жагына карабадык, биз аталган органдын акыркы он жылдыктагы ишмердигинен улам аны жоюу бүтүмүн чыгардык.
Мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары кескин түрдө кыскарат. Ал кадрдык саясаттан четтетилет. Президент болгону сот, өкмөт мүчөлөрү жана мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындоо буйруктарына кол коет. Аталган кызматтарга тандоону президент эмес, башка органдар жүргүзөт, бирок, ошол эле учурда ал кол коюудан баш тартууга укугу жок. Министрлер кабинетин Жогорку Кеңеш аныктайт, сотторду Сот иштери боюнча Улуттук кеңеш, ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлайт. Башкача айтканда, кайсы бир чиновникти кызматка дайындоо буйругуна кол коюу менен президент өлкөнүн башкы нотариусу катарында кызмат аткарат. Ал чиновниктин мамлекеттик бийликке ээ болушун күбөлөндүрөт. Ошондой эле президент депутаттар тарабынан кабылданган мыйзамдарга кол коюп же негиздүү каршы пикири болсо, кайра кайтара алат.
- Көпчүлүк "парламенттик республикага айлансак, бир падыша-президенттин ордуна 90 падыша-депутат келет тура" деген ойдо. Баш мыйзамдын Утурумдук өкмөт тарабынан сунушталып аткан долбоору парламентарийлердин алкымын чектей алабы?
- Парламенттик башкаруу формасынын мындай элестелишине олуттуу негиз жок. Парламенттик система депутаттардын бийлигин чектөөнүн таасирдүү механизмдерин камтыйт. Мисалы, Улуубритания, Германия жана бир катар башка мамлекеттерде премьер-министрлер эл өкүлдөрүнүн коллективдүү чайкоочулугунан корголгон. Эгер алар өкмөттүн саясый курсуна ашкере активдүүлүк менен тоскоол этишсе, анда премьер өлкө башчысына парламентти таркатып, кайра жаңы шайлоону белгилөө өтүнүчү менен кайрылууга акысы бар. Мындай механизм депутаттарга министрлер кабинетин көзөмөлдөөгө укук бергени менен өкмөттү жүйөөсүз кысымга алып, жазасыз басмырлоого жана өздөрүнө кошумча укуктарды талап кылуусуна бөгөт коюп турат.
Конституциянын жаңы редакциясында депутаттарды ооздуктоо механизмдери да каралган. Премьер-министрди шайлоодо Жогорку Кеңеш шайлоочулардын коллегиясы катарында чыгат. Өкмөттүн төрагасы өзүн депутаттардын, ошол эле учурда партиялаштарынын коллективдүү чайкоочулугунан коргоочу кеңири ыйгарым укуктарга ээ болот. Экинчиден, шайлоонун тизмелик системасы ар бир депутатка партиянын да жоопкерчилигин жүктөйт. Депутаттын этикалык нормалардан четтеши дароо бүтүндөй партиянын аброюна шек келтирет. Мындай механизм акыры партиялык тартиптин өнүгүшүнө алпарат. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы ынанымдуу көрсөтүп тургандай, парламенттик башкаруу депутаттык өзүмбилемдик дегендик эмес. Тескерисинче, мындай система депутаттын өз партиясынын жана шайлоочуларынын алдында жоопкерчилигинин өрчүшүн өбөлгөлөйт.
- Бейөкмөт уюмдар менен жолугушууда сиз парламенттик көпчүлүктүн кыскартылышы туурасында кеп козгодуңуз эле. Бул жаңычылдыктын маңызы эмнеде?
- Саясый маданияты өтө өнүкпөгөн мамлекеттерде өкмөт кайчылаш пикирдин, каршылык көрсөтүүнүн аз болушуна, саясый атаандаштыктын чектелишине кызыкдар, баары бир ушундай азгырыкка туруштук бералбай калат. Постсоветтик чөлкөмдө "бийликтин партиялары" деген нерсенин кеңири таркалышы тегин жерден эмес. Мисалга, "Алга, Кыргызстан" жана "Ак жол". Алардын ишмердигинин жыйынтыгы - жалпыга маалым болгондой, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели. Парламентте конституциялык көпчүлүк саясый системанын начарлашына, коомдун турмушунан алыстап, калк муктаждыгын унуткарууга алып келерин биздеги тажрыйба так көрсөтүп койду.
Жемиштүү иштөөгө жана өкмөттүн ишмердигин көзөмөлдөө үчүн шайлоодо утуп чыккан партиянын да парламентте саны чектелүү болуусу тийиш деп эсептейбиз. Биз сунуштап аткан Конституциянын долбооруна ылайык, парламентте бир партия 90 орундун 50дөн ашыгын ээлебеши абзел. Жеңишке жетишкен партия шайлоочулардын 90 пайызынын ишенимин алалса да, бул чектөөдөн ашкан мандаттар кийинки партиялар ортосунда бөлүштүрүлөт. 90дон 50 депутаттан турган көпчүлүк жеңүүчү партияга бир партиялык өкмөт түзүп, мыйзам, социалдык-экономикалык программаларды кабылдап, аны ишке ашырууга мүмкүндүк түзгөнү менен бир партия өз алдынча конституциялык түзүлүштү, башкаруу формасын өзгөртүүгө бул мандат жетишерлик эмес. Бир партияга бийликти ээлеп, Конституцияны өз каалаганындай манипуляциялашына мүмкүндүк бербөөгө тийишпиз. Андан тышкары, 50 мандат менен чектөө башкаруучу партияга парламент тарабынан кабылданган мыйзамдарга президенттин каршылыгын жалгыз эле жандыра берүүгө жол бербейт.
- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ыйгарым укуктары кандай түптөлөт?
- Өкмөткө аткаруу бийлиги толугу менен өткөрүлөт. Азыркы редакция боюнча, өкмөт үстүнөн эпсиз түрдө президенттик администрация карайт. Ал эми жаңы редакцияга ылайык, министрлер кабинети реалдуу өз алдынчалыкка өтөт. Ал эми анын башчысы мамлекеттик административдик мекеме башчыларын дайындай алат. Ыйгарым укутарынын кеңейтилиши менен өкмөттүн жүргүзгөн саясаты жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн жоопкерчилиги да жогорулайт. Премьер мезгил-мезгили менен Жогорку Кеңеш алдында отчет берип турат. Өлкө бир жагынан күчтүү жана өз алдынча, экинчиден, жоопкерчиликтүү өкмөткө ээ болот.

(Уландысы 6-бетте)