Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Кыл чайнашкан кырдаал

"Талаптар аткарылбаса "убактылуу өкмөттүн" тагдыры Бакиевдикинен жаман болот"
Гезитибиздин өткөн санында каргашалуу 7-апрель күнү Бакиевдердин огунан жарадар болуп, №4 шаардык ооруканада дарыланып жаткан жаштардын абалын сурап, алардын айрымдарынын пикирин билдиргенбиз. Мындан ары Бакиевдин аттырган окторунан жапа чеккендердин пикирлерин, ойлорун үзбөй берип турмакчыбыз.


Кайратбек
БОРБУКОВ,
Бишкек шаары:
- Сүрөттөгү - менин таанышым болот. Экөөбүз чогуу эл менен митингге чыкканбыз. Азыр Очокеев Таланттын абалы оор болуп жаткандыктан өзү сүйлөп бере албайт. Ошол себептүү, мен аны сүрөткө тартып сиздерге алып келдим. Талантка биринчи эле ФОРУМдун астынан граната жарылып, денеси күйүп кетти. Ооруканага да мен алып бардым. Эми Бакиевге - бир гана өлүм. Башка эч нерсе деп айта албайм. Элдин убалынан коркпогон Бакиевдерди дарга гана асуу керек.


Туратбек МАМБЕТОВ,
Октябрь району, 49 жашта:
- Менин айтаарым: болору болуп, боесу канды. Эми кийинки бийликти туура тандашыбыз керек. Убактылуу өкмөт чечет деп тура бербей, башынан кармашыбыз керек. Болбосо алар деле Акаев, Бакиев доорунда сайрандап келгендер. Кийинки муундун алдыга чыгышына кезек келди. Жаңы оппозиция, жаңы бийлик керек. Оппозициясыз өлкө өнүкпөйт.


Нурлан Курманов,
Бишкек шаары:
- Мени кубантканы - жаштардын биригиши болду. Анткени, акыркы кезде жаштар унутта калып, колдоого муктаж болуп турушкан. Тилекке каршы, буга чейин биздей жаштарды бийлик да, оппозиция да колдонуп келген. 7-апрелде жаштар ким экенин, алардын орду кайда экенин көрсөтүп коюшту. Эми мындан ары бизди токтотууга мүмкүн эмес. Учурда курман болгондордун арбагынан коркуп койбостон кызмат талашып жаткандарын угуудабыз. Деги биздин аксакал чиновниктерибизге качан акыл кирет?


Бактыбек ЖУНУСОВ,
Нарын
облусу,
20 жашта:
- Мен шаарда колледжде окуйм. Ала-Тоо аянтына көрүүчү катары эмес, күрөшүү үчүн эл менен эл болуп баргам. Себеби, акыркы кезде өлкөдө жүрүп жаткан окуялар жаш болсом да мени ойлондуруп жүргөн. 7-апрелде Сокулуктан келген эл менен аралашып, алдыга чыкканда тиземе ок тийди. Ошондо саат:14:30 эле. Ак үйдөн ок атылат деп ойлогон эмесмин. Карапайым адамдардан көп жардамдар келип жатат. Негизи, кыргыздар боорукер жана ынтымактуу эл болот экенбиз. Ынтымакты жалаң гана чоңдор ыдыратып жатканы билинип калды.


Бакытбек
ТУРГУНБАЕВ,
Бишкек шаары:
- К.Бакиев колунан келишинче Кыргызстанга беш колун матырды. Анын өз элинин канын төгө электиги гана калган. Эми, айта турчу сөз да жок. Душмандар менен согушкандай эле болду. Эми Бакиевде өзүн-өзү өлтүрүү гана жолу турат. Андай кан менен ойногон адамды Кудай да албайт. Убактылуу өкмөт канкорлордун катыгын бере алган жок. Бул кылгандары эч качан унутулбайт.


Талант
БОРбуГУЛОВ,
Токмок
шаары,
36 жашта:
- Биз Ала-Тоо аянтына атайын, балдар менен чогулуп барганбыз. Эл башкарган президент Бакиев өз элине ок аттыра баштады. Ар кайсы жерде сулап жаткан адамдар. Өлгөн балдардын канын кечип жүрдүк. Аларды ташып жатканда мага да ок тийди. Мен ал жакка барганыма өкүнбөйм. Жаштардын курман болгондоруна өкүнөм. Алар биз үчүн тирүү бойдон жашай беришет. Анткени, биздин жаштар өздөрүн көрсөтүштү. Ар-намыс деген, эл үчүн күйөт деген кандай болоорун башчыларга, чиновниктерге көрсөтүп коюшту. Алар бийликке "убакыт келди, эми кеткиле" деген принципти коюшту. 21-кылымда жаштар алдыда болушу керек экендигин далилдешти. Ооруканада жаш, билимдүү врачтар көп экен. Мен ошого ыраазы болуп турам. Эң негизгиси, элге ырахмат. Азыр элди - эл, чоңдорду- чоңдор гана ойлойт экен. Бизди эл гана ойлоп, жардам берип жатышат. Эгер талаптар аткарылбаса убактылуу өкмөттүн тагдыры Бакиевден жаман болот.


Дүйшөнбек КОЖОКЕЕВ,
Жумгал району, 47 жашта:
- Өзүмдүн эрким менен жаштарды чогултуп, Бакиевдин бийлигине каршы оюбузду билдирип чыкканбыз. Бакиев бала-бакырасы менен башкарып, элди тажатты. Анын бул кылгандары эч качан кечирилбейт. Жаны кейиген адамдар эч бир лидери жок, өздөрү көтөрүлдү. Оппозициянын лидерлеринин бири да болгон жок. Аларды эл камактан чыгаргандан кийин, бир гана жолу эл менен жолугуп анан кетип калышты. Азыр булардын убактылуу иштеп жаткандары туура. Бирок, убакыт келгенден кийин өткөрүп бериши керек. Андай жолго барышпаса, жаштар кайрадан көтөрүлөт. Булар Акаев, Бакиев менен чогуу иштешкендер. Эми башкаларга жол бошотуп беришпесе болбойт. Анткени булар ич ара кайрадан ызы-чуу чыгарышат.

Даярдаган
Назгүл МАМЫТОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
20-апрель, 2010-ж.:
1-бет
КАЗАКТАР КЫРГЫЗ
МИГРАНТТАРЫН КОРДОШУУДА

2-бет
Декретти кабыл алат:
3-бет
"Акжолду" тирилтишеби?
4-бет
Өткөндөн сабак ал
5-бет
ОҢ ТҮШТҮК, СОЛ ТҮШТҮК
6-бет
ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАШКАРУУДАН КУТУЛУП,
БАШ-АЛАМАН БАШКАРУУГА ТУТУЛУП

7-бет
Суйөркул Бакиров, Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы:
"Стратегиялык объектилер элге кайтарылды"

8-бет
"Талаптар аткарылбаса "убактылуу өкмөттүн" тагдыры Бакиевдикинен жаман болот
9-бет
Кырдан түздөн Манас
10-бет
Алдамчы департаментчилер
11-бет
"Өзүм гана эмес, туугандарым да элдин сынында"
12-бет
Элдик баатыр эске алынса
13-бет
Панфиловдогу жаштар курман болгондорго куран түшүрүштү
14-бет
Дүйнө жаңылыктары
15-бет
БООРГО ТЕППЕГИЛЕЧИ, БАУРДАСТАР!
16-бет
Тагдыр





Яндекс.Метрика