Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАШКАРУУДАН КУТУЛУП,
БАШ-АЛАМАН БАШКАРУУГА ТУТУЛУП
калбайбызбы деген бүдөмүк ой айрылыш жолдо турган бүгүнкү ар бир кыргызды түпөйүлгө сала баштады

(же парламенттик республика түзүүгө түз пикир)
20 жылда 2 президентти кууп чыккан кыргыз элине кандай башкаруу керек деген суроо күндүн башкы баш оорутмасы болуп турат. Мындан эки жылча мурун оппозициянын башы кошулуп, "Акыйкат үчүн" кыймылы түзүлгөн учурда анын ана башчылары "бир адамды эмес, бүтүндөй системаны өзгөртүү керек" деген бир пикирге келишкен болучу. Бирок системаны кантип өзгөртүү маселесине келгенде алгач бийликти алмаштырууда оппозицияда эки ача пикир айтылып жүргөн. Азимбек Бекназаровду жактагандар "бийликти революциялык жол менен гана албасак, Бакиевдер мыйзамдуу жол менен өлүп баратса да бербейт, мен Акаев эмесмин, Ак үйдү автомат менен коргойм" деп айтканын унутпагыла" деп жүрүштү. Бекназаровчулардын минтип көшөкөрлөнгөнү бүгүн ишке ашып, бийлик жаңыланды.


Текебаев баш болгон экинчи бир саясатчылар болсо "бийликти мыйзам чегинде, Конституциялык жол менен алышыбыз керек" деп тобокелчиликке барууга жүрөктөрү даабай жүрүшкөн. Мына эми, "убайымчыл ойлонгончо, тобокелчил кыр ашыптыр" деген накыл кеп дагы бир жолу ырасталып, эл оппозиция лидерлерин алдыга салбай эле, бийликти кулатып койду. Ырас, бул жолу 80ден ашуун эр жүрөк азаматтардын кырчын өмүрлөрү кыйылып кетти...
Системаны жаңылоо боюнча ошол эле Азимбек Бекназаров жакшы салыштыруу айтып жүргөнү эсте - "март ыңкылабын ишке ашыргандар түшүп бараткан машинебиздин айдоочусу Акаевди түртүп ийип, анын ордуна Бакиевди эле алмаштырып коюптурбуз, шалдыраган эски машинебиз алмашпай, ошол эле бойдон калды, ал буксовать этип, жакшы жүрбөй жатат" деп. Мына, ошол шалдыраган машиненин айдоочусу алмаштырылды. Эми машинанын өзүн алмаштыруу кезеги келип турат. Бул айтканга оңой болгону менен, аткара келгенде саясат айдыңында жаңы дың бузууга тете иш. Шериктеш мамлекеттердин ичинен парламенттик башкарууну биринчилерден болуп киргизүүнүн өзү эле не деген саясий эрдик. Парламенттик башкаруу жемишин берсе, Кыргызстан дүйнө мамлекеттеринин алдында ач көз, ыймансыз, шалтурук, ашкеби президенттерин кууп чыгуу жагынан гана эмес, парламентаризмди кыргыз шартына ылайыкташтырып өнүктүрүү жагынан да үлгү мамлекетке,демократиянын чыныгы аралына айланат.
Экономикасы өлүмтүк, өтө чабал, коррупцияга белчесинен баткан, экспортуна караганда импорту басымдуулук кылган азыркы Кыргызстанда парламенттик өлкө түзүүнүн ийгилиги айланып келип кайра эле биринчи кезекте элдин активдүү же пассивдүүлүгүнө жараша болот. Себеби бийликтин булагы эл эмеспи, эл колдосо, парламенттик башкаруу тамыр жаяр. Жок, кызмат бөлүштүрүүдө, башкарууда баягы эле папке кучактаганга кызыккандар, шылуундар, билими жок болсо да дымагына нан бышкандар, тага-жээн, бажа-бөлө принциптери биринчи планга чыгып, накта адистер, кесипкөйлөр, түз жүргөндөр, кошоматчылыкты, жагынуучулукту билбегендер четте калса, анда эле иштин иригени, кайра эле элдин шору. Ошондуктан айыл өкмөт башчысынан баштап президентти шайлоого чейин ал адамдын иш билгилигине, кесиптик жогорку даярдыгына, принципиалдуулугуна, ыймандуулугуна карап жети өлчөп, бир кескендей мамиле зарыл.
Парламенттик башкаруунун майда-барат нерселери туурасында убактылуу өкмөт сунуш кылган Конституциянын жаңы долбоору менен таанышкандан кийин дыкат сөз болоор. Азыр болсо анын негизги түркүктөрү туурасында учкай кеп.
Парламенттик башкаруу дегенде эле Жогорку Кеңешке шайлоолор партиялык тизме менен болоорун шайлоочулар жакшы билет. Бирок парламенттик шайлоого катышуучу партияларды 2-3 тепкичтүү электен өткөрүп гана катыштыруу жүйөлүү. Бул үчүн саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамга, аларды каттоодон өткөрүү тартибине да өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү зарыл. Анткени Кыргызстанда каттоодон өткөн 100дөн ашуун саясий партиялардын көбү "инкубатор партиялар", б.а. Бишкектеги кызматы же акчасы бар мен кыйынмын дегендер "басып чыгарган" партиялар. Алардын мүчөлөрүнүн өзөгүн үй-бүлөсү, тууган-уругу,куда-кудагыйлары, тага-жээн, бөлө-таекелери, аяштары, ж.б.у.с. түзөт. Андай партияларды Баткен, Талас, Нарында бирден-экиден курсташтары, классташтары гана билбесе, башка эч ким билбейт. Ошондуктан парламенттик шайлоого катышууга ниет кылган партия ар бир область жана Бишкек менен Оштон ошол жактагы шайлоочулардын санына пропорционалдуу түрдө тийиштүү пайызынын (5 же 7 %) колдоосун ырастап, топтолгон кол тапшыруу киргизилсе жөндүү.
(Өткөн парламенттик шайлоодо 2007-жылдын октябрында "бойго бүтөөрү менен эле төрөлүп", анан көзү ачыла элек жатып жеңишке ээ болгон "Ак жол" деген чычкак алгыр партия Бакиевдердин айтканын айткандай аткара берип,акыры президент да, өкмөт да, Жогорку Кеңеш да өлкөнү кандай аңгекке алып келип такап, Ала Тоону канга жууду!)
Партиялык шайлоо үчүн жогоркудай элдик элек орнотулганда гана парламентке элдин оозуна алынган, ишенимине кирген, программасы колдоого ээ болгон партиялар гана келээр эле. Ушул өңүттөн алганда алдыдагы октябрь же ноябрь айында өтүүчү шайлоого "Ата Мекен", Социал-демократиялык, "Ак шумкар" партиялары катышууга юридикалык да, моралдык да артыкчылыкка ээ болчудай. Ал эми калган партиялар ("Ак жолу" баш болуп, коммунисттери төш болуп, "Жаңы Кыргызстаны", "Замандашы", "Тураны" куйрук болуп) аман эле болушсун.
Сунуш кылынып жаткан жаңы Конституцияда, шайлоолор жөнүндөгү жаңы Кодексте оппозициялык маанайдагы партиялардын тең тайлаша иштөөсүнө кепилдик берилет деген кеп-сөздөр чыгып жатат. Ал кепилдиктер болжол менен төмөнкүдөй формада гарантияланса деген топтолгон болжолдуу сунуштар бар.
Парламенттик жарышка (азырынча) 3 партия катышты дейли. Парламентте аз добуш алган партиянын (оппозициянын) ишмердүүлүгүнө мыйзамдык кепилдик (гарантия) бериш үчүн эң көп добуш алган партия парламенттеги депутаттык орундун буга чейин колдонулуп келген тартиби боюнча
70-80 % мандаттарын ээлеп албашы керек. Жеңген партия депутаттык орундардын 50% + 1 (плюс 1) мандатын алып, ошол эле жетиштүү болсо. Мисалы, 50 орундуу парламент болсо,26 орунга ээ болуу көпчүлүктү түзө алат. Калган 24 орун экинчи, үчүнчү орунда калган партияларга бөлүштүрүлсө.
Оппозициялык партиялардын иштешине мыйзамдык кепилдик өкмөт курамын түзгөндө да каралса. Өкмөттүн тийиштүү структуралары жеңген партияга, башка бир структуралары экинчи орунга татыган партиянын өкүлдөрүнө берилсе. Ал эми 3-орунга ээ болгон партияга Эсеп палатасынын курамы толугу менен берилсе.
Башка бир сунуштарда күч структураларынын жетекчилери оппозициялык партиянын мүчөлөрүнөн турса деп айтылат, бирок андай болгондо күч структураларынын бейтараптуулук принциби (бир да партияга мүчө болбоо ) бузулчудай.
Жогорку Кеңештин структурасы бекитилгенде, регламенти кабыл алынганда да оппозициялык партиялардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылбай турган нормалар киргизилсе. Маселен, конституциялык түзүлүш, мыйзамдуулукту сактоо, каржы маселелерин тескеген комитеттерди оппозицияга ишенип берүү керек. Аларда ушундай укук болгондо гана жеңүүчү партия бийлик башында тайраңдап кетпейт, каржыны каалагандай чачалбайт.
Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн структурасын түзүүдө, бийлик бөлүштүрүүдө жогоруда айтылган болжолдуу принциптерден тышкары бизде дагы бир улуттук потенциал, күч-кубат бар. Бул - элден, улуулардан кеңеш алып туруучу, бир жылда бир жолу эл менен акылдарды тогоштуруучу, өнүгүп бараткан багыттын түз-кыйшык жактарын аныктап туруучу Курултай институту. Эл эч качан калп айтпайт, эл эч качан жаңылбайт. Ошондуктан Курултай институтун Конституцияга киргизип, анын ишин уюштурууну мыйзамдык жолго салып, бекитип коюу керек. Курултай - элдик башкаруунун эң жогорку формасы болууга тийиш. Кошоматчылыктан башкага жарабаган Кыргызстан элдеринин Ассамблеясын жоюп, анын ордуна дал ушул Элдик курултайдын статусу көтөрүлсө. Ал турмак жаңы бийлик батылдык кыла алса, Элдик курултайга улуттук идеологиянын, маданияттын өзөгүн аныктап берүүнү ишенсе да ашыктык болбос эле. Мындай болгондо Элдик курултай иштеп чыгып, сунуш кылган нерселер сырттан келген Гуревич, Масаулов, Надель, Малеваная өңдүү тили, дили буруу элдердин өкүлдөрүнө караганда алда канча элге жакын, рухка сиңимдүү, тилге түшүнүктүү болмок. Курултайга президент да, парламент да, өкмөт да, сот да отчет бере турган болуп, Курултайдын сунуштары боюнча президент, парламент, сот элдин орчундуу талабын чечүүчү тийиштүү чечимдерди ишке ашырып турса, анда пикет, митинг, бийлик талашуу деген биротоло унутулат беле? Элдик курултайга ушундай укуктар берилсе, анда айыл-ападагы уурулук, суу, жер, сарай талаш азаяр беле? Анда тигил же бул орчундуу маселелер (чек араны өзгөртүү, жер сатуу же алмашуу, өлүм жазасын киргизүү же алып салуу, мамлекеттин согуш блокторуна, эл аралык уюмдарга кирүү-кирбөөсү) боюнча референдум өткөрүүнүн деле кажети жок болмок.
Парламенттик башкаруунун табияты ушундай - шайлоодо эң көп добуш алган партия өкмөттүн толук курамын түзүүгө укуктуу. Бирок кыргыз коому ушул учурда дүйнөдө башка бир да өлкөдө жок, кыргыз кыртышына гана мүнөздүү тең салмактуу башкаруу системасын киргизүүгө шарт түзгөн уникалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болуп отурат. Ошол мүмкүнчүлүктү бийликке келген билимдүү-илимдүүлөр да, карапайым эл да натыйжалуу, туура пайдаланып калууга башка мүмкүнчүлүк болбойт. Оозу менен орок оргон катардагы жарандан тарта саясатта бүргөнү такалаган тапандар Кыргызстандын келечек өнүгүүсүн жети өлчөп, бир кесүүчү учурда турат.
Машакбай РАХМАНКУЛОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
20-апрель, 2010-ж.:
1-бет
КАЗАКТАР КЫРГЫЗ
МИГРАНТТАРЫН КОРДОШУУДА

2-бет
Декретти кабыл алат:
3-бет
"Акжолду" тирилтишеби?
4-бет
Өткөндөн сабак ал
5-бет
ОҢ ТҮШТҮК, СОЛ ТҮШТҮК
6-бет
ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАШКАРУУДАН КУТУЛУП,
БАШ-АЛАМАН БАШКАРУУГА ТУТУЛУП

7-бет
Суйөркул Бакиров, Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы:
"Стратегиялык объектилер элге кайтарылды"

8-бет
"Талаптар аткарылбаса "убактылуу өкмөттүн" тагдыры Бакиевдикинен жаман болот
9-бет
Кырдан түздөн Манас
10-бет
Алдамчы департаментчилер
11-бет
"Өзүм гана эмес, туугандарым да элдин сынында"
12-бет
Элдик баатыр эске алынса
13-бет
Панфиловдогу жаштар курман болгондорго куран түшүрүштү
14-бет
Дүйнө жаңылыктары
15-бет
БООРГО ТЕППЕГИЛЕЧИ, БАУРДАСТАР!
16-бет
Тагдыр