Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


"Акжолду" тирилтишеби?
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Башмыйзамды оңдоонун алдында турушат. Өкүнүчтүүсү, алар эмитен эле айкөл демократ болушуп, буга чейин мамлекетти талап-тоногондор дагы шайлоого катыша алаарын жар салышууда. Мыйзамды тебелеп-тепсеп, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирген канкор Бакиевдин "Акжол" партиясы дагы алдыдагы шайлоодо ат салышууга укугу бар экен. Бул элдин кыжырын шакардай кайнатууда. Анткени, миллиондогон акчасы бар "Акжолчулар" Бакиевдин министрлери менен бирге эртең парламентти ээлеп алышы толук мүмкүн. Добуштар акчага сатылаарын булар унутуп коюштубу. Оппозиционерлер кечээ эле 20 жылдан бери мамлекетти сазга батырган чиновниктерди 15 жылга чейин мамлекеттик кызматтарга келтирбөө керектигин айтып келбедиңиздер беле. Же көздүн жоосун алган көгүлтүр акчаларга көз жумалбай, соодалашууга барып жатасыздарбы?


Түндүгү түшкөн генералдар
Элдин көптүгүнөн Тейит айылында Жаныш Бакиевди кармоо операциясы ишке ашкан эмес. Бирок, аны кармоо аракети уланып жатканын, Бакиевдин туугандары Кыргызстандын ичинде экенин ИИМ жетекчиси Болотбек Шерниязов билдирди. Ошондой эле мурдагы Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Бишкекте даарыланып, бир жумадан кийин элге кайрылуу менен чыкканы жатканын дагы кошумчалады. Анын билдирүүсүн жаңылык ачып жиберчүдөй болуп жардана күткөндөр көбөйдү. Жаратканды теңине албай калган Молдомуса, таластыктардын токмогунан кийин акылына келгендир дегендер да жок эмес.


Бакиевчилердин жандалбасы
К.Бакиевдин жактоочулары митинг өткөрүп, Убактылуу өкмөткө өз талаптарын коюшту. Алар: "Курманбек Бакиевди, анын үй-бүлөсүн жана жакындарын куугунтуктоо жана карактоо токтотулсун. Мыйзамдуу бийлик ордуна алынып келинсин. Жаныш Бакиевге карата кылмыш иши жана аны издөө токтотулсун. Мурдагы коргоо министри Бакытбек Калыев бошотулсун. Молдомуса Конгантиевди сабагандар мыйзам чегинде жазалансын. Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Топчубек Тургуналиев, Абдыганы Эркебаев сыяктуулар аянтта, эл алдында ата-бабалардын салты менен соттолушсун" дешет.


Кашыктардын демаршы
Аброю Бакиевдин токолдорунан да төмөн болуп "ложка" ("акжол" дегенди тескери ложка деп окуп, жаштар шылдың кылган аты) деген атка кабылган "Акжол" партиясынын депутаттары айрым козуткучтардын тилине кирип, "биз тарабайбыз, Исхак Масалиевди спикер шайлап, Темир Сариевди премьер кылып убактылуу өкмөттү кулатабыз" - деп күпүлдөшүп жатыр. Кечээ жыйынга чогулууга аракет да көрүштү. Эми бул аргасыздыктын амалы эмеспи. Булар интернеттин виртуалдуу турмушунан эле ошентип спикер шайлашпаса, бул турмушта бир жерге чогулуп жыйын өткөзө албай калышты го. Ансыз да Бакиевдерди түгөл качырып ийип, каны кайнап тургандар, "Акжолчулар баланчасында филармонияга чогулуп, жаңы бийликти кулатканы жатыптыр дегенди укса", ошол күнү алар Конгантиевдин кейпин кийбейт деп ким кепилдик бере алат?


Башмыйзам талкууда
Конституциянын жаңы долбоору бүгүн-эртең калайыктын сынына коюлганы турат. Жаңы долбоорго ылайык, эгер калктын колдоосуна арзыса, Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп парламенттик өлкөгө кадам таштайбыз. Эскерте кетчү жагдай, президенттик кызмат биротоло жоюлбайт. Анын укугу чектелип, бийлик бутактарына көзөмөлдөө функциясы гана калат. Ошондой эле президенттин кол тийбестиги алынып, Конституциялык сот жоюлат. Аталган долбоор эки айга чукул элдин талкуусуна коюлуп, июль айында жалпы элдик референдум менен кабыл алынат. Ага удаалай октябрь айында Президенттик жана Парламенттик шайлоо өткөрүлгөнү турат.


Түзөтүү
Гезитибиздин 13-апрелиндеги №15 санынын 3-бетиндеги "Кошоматчыларды ким жазалайт" аттуу сын макалада "Ата Мекен" партиясына кирип, шайлоо алдында сатып кеткен Накен Касиев Ө.Текебаевдин кабылдамасында курун мойнуна салып отурат" деген сөздөр айтылып кеткен.
Гезит жарык көрөөрү менен "Ата Мекен" партиясынын офисинен телефон чалышып, мындай дооматтын негизсиз экендигин, Накен Касиевич партияны эч качан сатып кетпегендигин, тескерисинче партиянын тапшырмасы менен республикалык онкология институтуна директор болуп баргандыгын айтышты.
Редакция туура эмес кеткен маалымат үчүн Накен Касиевичтен кечирим сурайт жана мындан аркы иштерине ийгилик каалайт.


Азыр "Люстрация" мыйзамы керек
Океандын аркы бетинде жүргөн Өмүрбек Абдырахманов Кыргызстанга "Люстрация жөнүндө" мыйзамды референдумга киргизүү зарылдыгын билдирди. (Люстрация - (латын тилинен lustratio) курмандыкка чалуу аркылуу тазалануу дегенди түшүндүрөт. Бул ыкма саясат тажрыйбасында кеңири колдонулат). Ага ылайык Курманбек Бакиев Конституцияны бузуу аркылуу "Ак жол" партиясын түзүп, ал партия дагы Баш мыйзамды одоно бузуп бир катар мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүгө, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча Борбордук агенттикти мыйзамдаштырып, жыйынтыгында парламент Бакиевди тынч адамдарды аттырууга жол бергендиги үчүн жазаланууга тийиш экендигин айтып, жаңы мыйзам боюнча Бакиевди жана анын администрациясындагы кызматкерлерди, Министрлерди, алардын орун басарларын, парламенттеги "Ак жол", Кыргызстан коммунисттери фракцияларынын депутаттарын жана башка бир катар мамлекеттик кызмат жетекчилерин алдыдагы шайлоого катышууга тыйуу салууну сунуштаган.


Кыргыздар Лукашенкого нааразы
Беларустун президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын кулатылган мурдагы президенти Курманбек Бакиевге баш паанек берээри айтылган. Ушундан улам айрым кыймылдар Бишкектеги Беларус элчилигинин алдына чогулуп, К.Бакиевге баш калка бербөөнү талап кылышканы турат. Ошондой эле алар АКШ, Орусия, Казакстан жана эл аралык уюмдарды 7-апрель окуясы боюнча эл аралык комиссия тыянагын чыгаргандан кийин К.Бакиевди Бишкекке алып келүүгө жардам берүүлөрүн, кандуу окуя боюнча эл аралык соттун Бишкекте өтүшүн өтүнүшмөкчү.


Күлгөнгө күлө жетээрсиң
Митингге чыккандардын колу-бутун кайрып, сазайын берип келген кызыл шапкечендер нааразылык билдирип, 17синде Жалал-Абадда, кечээ Ошто көчөгө чыгышты. Алар милиция кызматкерлеринин социалдык маселелерин чечип, маянасын көбөйтүү талабы менен бирге мурдагы "босу" Молдомуса Конгантиевди теледен көрсөтүүнү бүгүнкү бийликтен суранышты. Нааразылыкка чыккан милиция кызматкерлерин Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков жана Оштун мэри Мелис Мырзакматов кабыл алып, жаңы бийлик алар козгогон социалдык маселелерди чечүү аракетин көрөөрүн, мындан ары милиция кызматкерлери мурдагыдай саясий максатта колдонулбасын билдиришти.








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
20-апрель, 2010-ж.:
1-бет
КАЗАКТАР КЫРГЫЗ
МИГРАНТТАРЫН КОРДОШУУДА

2-бет
Декретти кабыл алат:
3-бет
"Акжолду" тирилтишеби?
4-бет
Өткөндөн сабак ал
5-бет
ОҢ ТҮШТҮК, СОЛ ТҮШТҮК
6-бет
ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАШКАРУУДАН КУТУЛУП,
БАШ-АЛАМАН БАШКАРУУГА ТУТУЛУП

7-бет
Суйөркул Бакиров, Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы:
"Стратегиялык объектилер элге кайтарылды"

8-бет
"Талаптар аткарылбаса "убактылуу өкмөттүн" тагдыры Бакиевдикинен жаман болот
9-бет
Кырдан түздөн Манас
10-бет
Алдамчы департаментчилер
11-бет
"Өзүм гана эмес, туугандарым да элдин сынында"
12-бет
Элдик баатыр эске алынса
13-бет
Панфиловдогу жаштар курман болгондорго куран түшүрүштү
14-бет
Дүйнө жаңылыктары
15-бет
БООРГО ТЕППЕГИЛЕЧИ, БАУРДАСТАР!
16-бет
Тагдыр





Яндекс.Метрика