Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Мамлекеттик башкаруунун иштиктүү
системасын түзүү максатында Кыргыз
Республикасынын Убактылуу өкмөтү
Кыргызстандын элинин атынан ушул
Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийлик элдин эрки менен Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнө өтөт.
2. Кыргыз Республикасында Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынганга чейин 2007-жылдын 21-октябрында жалпы элдик референдум тарабынан кабыл алынган Конституция өзүнүн юридикалык күчүн сактайт.
Конституцияда бекитилген президенттин, Жогорку Кеңештин жана КР өкмөтүнүн Укук-милдеттери КРнын Убактылуу өкмөтүнө жүктөлөт.
3. КРнын 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңеши ушул Декрет менен таратылат.
4. Бийлик Кыргызстандын элине таандык экендиги туурасындагы конституциялык принциптерге ылайык, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу укуктары жана милдеттери Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланганга чейин ушул Декретке ылайык КРнын Убактылуу жаңы өкмөтүнө жүктөлөт.
5. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгү КРнын шайлоолор туурасындагы жаңы Кодекси кабыл алынганга чейин токтотулат.
6. 2009-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн курамын бекитүү туурасындагы №283-мыйзам менен бекитилген өкмөттүн курамы убактылуу сакталат.
7. Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин аппараттарынын иши өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин Курамдары түзүлгөнгө чейин КРнын Конституциясында каралган тартип менен токтотулат.
Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин аппараттарынын укук-милдеттери өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин курамдары түзүлгөнгө чейин Убактылуу өкмөттүн аппаратына жүктөлөт.
Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин Убактылуу өкмөттүн ишине тартылбаган өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин кызматкерлерине убактылуу эс алуу берилет жана КРнын эмгек мыйзамдарына ылайык акысы сакталбайт.
8. Президентке түздөн түз баш ийген мамлекеттик органдар ушул Декреттин 10-пунктунда көрсөтүлгөн органдардан тышкары органдар КРнын Убактылуу өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилет.
Президенттин иш Башкармалыгы жана Жогорку Кеңештин иш Башкармалыгы КРнын Убактылуу өкмөтүнүн аппаратынын карамагына өткөрүлүп берилет.
9. Мамлекеттик жергиликтүү администрациялардын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктүн башчылары, мамлекеттик мекеме, уюмдардын жетекчилери КРнын Убактылуу өкмөтүнүн тийиштүү чечимдерине чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат.
10. Президенттин институтуна кирген мамлекеттик органдар (Президенттин аппараты, президенттин катчылыгы, ЦАРИИ, коргоо, коопсуздук жана укук тартиби боюнча президенттин мамлекеттик кеңешчиси кызматы, президенттик Кеңеш, өнүктүрүү кеңеши) жана президенттин институтуна кирген мамлекеттик кызмат орундары, КРнын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри жоюлат.
11. КРнын Убактылуу өкмөтүнүн аппаратынын башчысын жоюу боюнча комиссияны түзүү тапшырылсын. Аталган комиссия белгиленген тартипте жоюлган структуралардын документтерин жана материалдык каражаттарын Убактылуу өкмөттүн аппаратына өткөрүп берет.
12. Конституцияда каралган кызматтардан бошотуу жана дайындоо КРнын Убактылуу өкмөтүнүн декреттерине ылайык жүргүзүлөт.
13. Жогорку Кеңешке шайлоолорду дайындоо КРнын Убактылуу өкмөтүнүн декреттери менен ишке ашырылат.
14. Таза эмес жүрүм-турумга ээ жана кылмыш иши, дисциплинардык өндүрүш иштери козголгон бардык соттордун судьялары КРнын убактылуу өкмөтүнүн декреттери менен мөөнөтүнөн мурда кызматтарынан бошотулушу мүмкүн.
15. Ушул Декрет кол коюлгандан тартып күчүнө кирет жана КРнын Убактылуу өкмөтү тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынганга чейинки өткөн мезгилде аракетте болот.

КРнын Убактылуу өкмөтүнүн башчысы
Р.ОТУНБАЕВА.
Бишкек, 7-апрель 2010-жыл.




КТРдин бетин бербей калышты
Бакиевтин кетиши тамтыгы чыккан саясатчылардын чырагына май тамызды. Кечээге чейин бугуп жаткандар КТРден каалагандай чыгып, оозуна киргенди оттошууда. Шайлоодон жеңбесе дагы Парламенттен орун таап, "Акжол" партиясынын түгөйүнө айланган "Коммунисттер" партиясынын лидери Исхак Масалиев сүйлөгөнүнө жаның кашаят. Сөзүнө ишенсек, алар Бакиевдерге караманча каршы болуп келиптир. Анын диктатуралык режимин бекиткенге жан үрөп келгенин эл билбейт деп ойлосо керек. Исхак мырза анын бирөөсүн эле, митинг-пикеттерди чектеп, элдин тынч жыйындарга чогулуусуна бөгөт койгонун эле айтсак жетиштүү болор.
Мындайлардын катарына Ф.Кулов, К.Молдокасымов сыяктууларды кошсок болот. Ал эми уруулук системаны өркүндөтүүнү каалаган топ экран бетин бербей калышты. Кыргызды улут катары бириктирүүнүн ордуна, уруулук системага түшөбүз дешкени акылсыздыкка барабар эмеспи. Же булар кыргыздын майдаланып, чачылып, тозушун каалап жатышабы. Болбосо минтишпейт эле го.

Памир Манас




Туратбек Мадылбеков:
Бишкек шаарынын коменданты,
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы
"Криминалдын каптап кетишине жол бербейбиз"
- -Туратбек агай, 7- апрелдеги элдик көтөрүлүштөн кийин милиция кызматкерлери жок болуп, шаарда талап тоноолор болуп кетти. Милиционерлер митинге чыгып жатышат, деги бүгүнкү күндө милиция кызматкерлеринин абалы кандай?
- 7- апрель түнүндө 20 пайыздын тегерегинде кызматкерлер калганы чын, сегизинде 70 пайыз кызматкерлер жумуш орундарында болушту. Азыркы күндө жаракат алгандардан башкасы толук өз орундарына келип, милдеттерин аткарышууда. Митингге чыккан милиционерлер, "качан болсо эл менен кагыштырып анан "крайний" кылып таштап кое турган" бийликтин адатын сынга алышууда. Алар, "биз, өз милдеттерибизди аткарышыбыз керек, мындан ары бизди саясатка аралаштырып, тирүү щит катары колдонуп, элге жек көрүндү кылбай, кайсы бийлиги болбосун, кылгандары үчүн өзүлөрү жооп берсин" деп жатышат. Ошону менен бирге, милиция элге ок атпаганын, эл менен бирге экенин айтып, курман болгон жана жарадар болгон кызматкерлер мурунку бийликтин катачылыктарынын курмандыктары катары каралып, алардын статусу жалпы курман болгондор жана жарадар болгондор менен бирдей каралышын талап кылышууда.
Мен милиционерлердин айтып жаткандарын туура деп эсептейм жана колдойм. Жаракат алган, курман болгон милиционерлерге, курсанттарга башкалардай эле моралдык, материалдык компенсациялар берилиши керек. Бул маселе тууралуу мен дагы убактылуу өкмөткө айтайын деп жатам. Милиционерлер элди аткан жок, алардын колунда дубинка, холостой патрон, айрымдарында гана дымовой шашка болгон. Өзүңүздөр билесиздер, элди аткандар атайын снайперлер жана Бакиевдин күзөт кызматынын "арстандарынын-ичиндеги атайын жалданма тобу. Милиция аскердик тартипте иштейт", тизил, тур, бөгөт кой коомдук тартипти сакта - деген жерге барат, турат. Аларды ошондой абалга кептелтип өз эли менен кагылыштырган Бакиевдердин бийлиги болду, бул милициянын күнөөсү эмес. Милиционерлердин көбү бийликтин жоругуна катуу нааразы болуп басып кеткен, көпчүлүгү "биз эл мененбиз" деп элге кошулуп кеткен. Мен ойлойм, бийликтегилер, жалпы баарыбыз апрель трагедиясынан сабак алып, мындан ары стабилдүүлүктүн бузулушуна жол бербешибиз керек.
- -Агай, тополоңдон пайдаланып талап тоноо, ар кандай тартипсиздик жасагандар көбөйүп кетти, криминалдар ачыктан ачык куралчан көчөлөргө чыгып зөөкүрлүк кыла баштады, азыркы борбор калаадагы криминалдык абал тууралуу эмне айта аласыз?
- -Азыркы күндө кырдаал толугу менен ички иштер кызматкерлеринин көзөмөлүндө, баш аламандыктар токтоду, шаар тынч күнүмдүк тиричилигин өткөзүп жатат. Кооптонууга эч негиз жок. Элдик төңкөрүш күнү, андан кийин дагы бир нече күн криминалдар активдешип баштаганы чын. Бирок, азыр алар кайрадан чээнге кирип кетишкен. Алардын үстүнөн оперативдүү кызматтар тынымсыз иштеп жатат. Биз, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, крим. чөйрөнүн өкүлдөрүнүн коомго тынчтык бербей, өз мыйзамдарын таңуулашына жол бербейбиз. Бул багытта иш күчөтүлүп, катуу контролдо болот. Кылмыш кылгандары кармалып, тиешелүү жазасын алат. Кабатыр болбоңуз, криминалдын каптап кетишине жол бербейбиз..

Суроо салган Назгүл Мамытова




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
20-апрель, 2010-ж.:
1-бет
КАЗАКТАР КЫРГЫЗ
МИГРАНТТАРЫН КОРДОШУУДА

2-бет
Декретти кабыл алат:
3-бет
"Акжолду" тирилтишеби?
4-бет
Өткөндөн сабак ал
5-бет
ОҢ ТҮШТҮК, СОЛ ТҮШТҮК
6-бет
ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАШКАРУУДАН КУТУЛУП,
БАШ-АЛАМАН БАШКАРУУГА ТУТУЛУП

7-бет
Суйөркул Бакиров, Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы:
"Стратегиялык объектилер элге кайтарылды"

8-бет
"Талаптар аткарылбаса "убактылуу өкмөттүн" тагдыры Бакиевдикинен жаман болот
9-бет
Кырдан түздөн Манас
10-бет
Алдамчы департаментчилер
11-бет
"Өзүм гана эмес, туугандарым да элдин сынында"
12-бет
Элдик баатыр эске алынса
13-бет
Панфиловдогу жаштар курман болгондорго куран түшүрүштү
14-бет
Дүйнө жаңылыктары
15-бет
БООРГО ТЕППЕГИЛЕЧИ, БАУРДАСТАР!
16-бет
Тагдыр