Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Тагдыр

Нурбүбү БӨДӨШОВА
Сүйүү куну
(Уландысы. Башталышы өткөн сандарда)

Жанболот менен Риманын сөзүн жан киши уккан жок. Дал ушул күндөн тартып бул үйдөгү жашоо нугу башка жакка бурулду. Ар кимиси өзүнүн түйшүгү менен алек. Болгону, ортодогу балдарга болгон мамиле өзгөрбөгөн бойдон калды. Коңшу-колоңдорго, тууган-урукка эч нерсени билдирмексен болушканы менен алар деле буларга кол шилтеп коюшкан.
- Койчу, ошолорду. Алардын жашоосун пендем десе эч кимге бербесин. Бир үйдө жашап жатканы менен эки бөлөк жашоо... Бу, балдарын гана аяйсың да! Жанболот байкуш да ошо балдары деп жалдырап отурбайбы. Болбосо, ал деле басып кетет эле го...
Деги, бардыгында ушул бир гана пикир. Муну эмне, Рима билбейт дейсиңби?
- Айтса - айта беришсин. Эл оозунда элек жок. Эмне, эл үчүн жашап жатыптырмынбы? Балдарыбыз чоңойгондо баарын түшүнөөр. Бул жерде мени эле күнөөлөп жатышпайбы. Жок, анык күнөөлүү Жанболот экенин кимисине айтып түшүндүрө алам. Кимисинин оозун барып баса калып, кимисине актанат элем! -деп биротоло эрегишип алды.
ХХХ
Ал эми Ашымдын жашоосу таптакыр башкача өзгөрдү. Тазагүл таптакыр эч нерсени билбегендей болду да койду. Ашымдын кареги менен тең айланып, өз бактысынын тоодой экендигине сыймыктангандай. Жашоо-турмушу жакшырып, ичкен-жегени тыңып баратканы кадимкидей эле көрүнүп турду. Ашымдын башы көтөрүлүп, буйрук бере сүйлөп калган.
А бирок, Тазагүлдүн жүрөгү сыздап, акыры,чыны менен эле жүрөк оорулуу болуп калды. Бул турмушунун баш-аягы жоктой сезиле берет. Ашымга бирдеме дейин десе, карыз акчасын кантип берет эле. Айылдан келгенине эрдин кесе тиштеп, башын чайкайт. "Ай, бекер келипмин. Айылда деле ушул турмуш өтөт эле го. Көп болсо, наны жок калат беле. Антсе да, ач курсак эптеп тоюнат эле да... Минтип, бул жакта курсак тоюнганы менен башка балээнин башы кылтыйып келатпайбы...Канткенде Ашымды артка кайрый алат?"
Ойлосо, түн уйкусу экиге бөлүнөт. Эмне кылаарын билбей жүрөк тушун мыкчып жатканы - жаткан! Ашымдын кылыгына мобу муштумдай жүрөк туруштук бере алар бекен? Карыз берген акчаны шылтоолоп, бул экөөнүн кылганын карасаң...
Ушундай бир күндөр өтүп жатты. Кайсыдыр бир күнү чай үстүндө Тазагүл бүшүркөп сурады:
- Ашым, баягы карызды эмне кылып жатасың? Рима шаштырган жокпу?
Ичип жаткан чайы тамагына томуктай болуп туруп калса болобу! Какалып-чакалып, анысына биротоло жини келип дасторкондон туруп кетти Ашым.
- А сенин аны менен ишиң кайсы?! - деп көзүнөн чаарын чыгара кыйкырды кыйылдаган үнү менен Ашым. - Алып келген нерсени ичип-жеп отура бер!!!
Эринин кыйкырганы жанына батып кетти Тазагүлдүн. Эч нерсени билбемиш-көрбөмүш болуп жүргөнүнө өзүнө жини келди.
- А сен эмнеге кыйкырасың?! Мени тамактан башка эч нерсе менен иши жок бир бечара дегениң го. Жок! Баары эле сен ойлогондой боло бербейт. Мен деле адаммын. Менде деле сезим бар. Болгону, балдарыңдын эртеңи үчүн деп унчукпай жүрөм. Сен эмне, карызды натуралай төлөп атасыңбы?!
- Эмне-ээ?! А сен эмне дегиң келип турат? Менин кантип төлөп жатканым менен сенин ишиң болбосун!
- А эмнеге ишим болбойт?-деп биротоло жаны ачып кетти Тазагүлдүн.- Ой, ушунча жыл жашап, бар-жогуңа чыдап жүрүп, эми акырында менин эч нерсе менен ишим болбой калганы кандай?!
- Ишиң болбосун! А эгер антет экенсиң - анда карызды өзүң төлөп бер! - деп колун силке Ашым үйдөн чыгып кетти.
ХХХ
Ал күнү Ашым үйүнө келген жок. Ал күнү Рима да үйүнө келген жок. Ар кимден ар кайсы сөздү уга берип экөө тең жадап бүтүшкөн.
- Менин жашоом болбой калды,- деди Ашым Римага.
- А меники - жашоо эмей эле тозокко айланып баратат,- деп ыйлап жиберди Рима. -Эми, мындан ары кантебиз?
- Кантмек элек, же биротоло башыбызды бириктирели. Болбосо, "Кайыр кош, ак сүйүүм!" деп кете берели эки жакка.
- Ашыке! - деп кыйкырып жиберди Рима. - Мен кайра тапкан бакытымдан кол жууп калгым келбейт! Мен сени эч жакка жибербейм, өзүм да кетпейм сенден. Тагдыр биз менен жакшы эле ойноду. Жетишет. Мен эми сенден экинчи ирет ажырап калгым келбейт...
Буркурап-боздогон Риманы чыканактан кармап өзүнө тарткан Ашым андан таң кала сурады:
- А сен бала-чакаңды ойлогон жоксуңбу?
Ашымдын бул суроосу Риманы башка бир чапкандай болду. Башкалар айтса да, бул сөздү Ашым айтпаш керек эле го.
- Ашыке...- деди соолуга түшкөн Рима, - мен сен үчүн бул дүйнөнү унутуп коюптурмун... Эгер сен балдарым десең...
- Анан кантмек элек? Бири-бирибизди сүйгөн элек деп үй-бүлөдөн безип жүргөнүбүзгө сен тынчсызданбайсыңбы?!
Катуу кыйкырып, силкилдеген Ашымды Рима биринчи көргөндөй тааныбай турду. Чыканагы да ооруп кетти.
- Кое бер, Ашым. Карыз акчаңды качан төлөйсүң, ошону айт андан көрө!
Колун жулкуп алган Рима Ашымга тике карады. Анын баягы муңайым көз карашы жок. Зиркилдеп турду.
- Болду, жетишет. Төрт жылдан беш жылга баратат. Алгач алып атканда, керек болсо "процентке бер" деп жалынгансың. Мен сени аягам. Балалык сүйүүм кайра ойгонуп, сага чын дилимден жардам бергим келген. Ансыз деле күйөөмдүн алдына уят болуп жүрөм. Бир жумадан кийин дал ушул жерге проценти менен алып келесиң!
- Эмне дейсиң?- деп чок баскандай чоочуп кетти Ашым. А бирок, карыздаган акчасы кайра эсине түшүп, башын шылкыйтты.
- Болуптур, үйүмдү сатсам да акчаңды кайрыйм,- деди кетип баратып.
...Үйдү саталы да, кайра айылга кетели,- деген Ашымдын сөзү суу кечпей калды. Тазагүлдүн жүрөгү музга айланып калгандай. Ашымдын жолун бууп, колун байлабай эле коеюн деген ойго биротоло бекиген ал:
- Сатпайсың. Кетсең, кете бер Рима менен. Балдарыбыз эптеп чоңоер. Атасыз балдардын өлүп калганын деле көргөн жокмун,- деп кесе сүйлөдү.
ХХХ
Кайра жолугушту. Бири-бирин кудайындай көргөн экөө эзелки душмандай көздөрү менен атышып турду. Кечээ эле бири-бирине мээрим төгүп турган көздөр ушу экенине ишенүүгө болбойт эле.
- Алып келдиңби?- деди тоңдоосун Рима.
Башын шылкыйткан Ашым жооп кайтарган жок. Унчукпай , Риманын бет маңдайына келди. Үстүндөгү курткасынын төш чөнтөгүнө кол салып, бир нече секундга буйдалып калды. Кудум, төш чөнтөктөн акча алып чыга албай жаткандай көрүндү Римага.
- Бол, бербейсиңби! Уялып жатасыңбы?- деп кекээрлей күлдү.
Анын күлгөнүнө Ашымдын кыжыры кайнап кетти.
- Мына сага, акча! - деп төш чөнтөгүнөн сууруп алган бычагы менен Риманы жүрөк тушка сайып-сайып алды.
Кыйкырууга да алы келбеген Рима үстөмөндөн кулап түштү.
- Акча эле керекпи, ал! -деп кыйкырган Ашым бычакты ыргытып жиберип, ошол эле турган жеринен милицияга чалды.
- Алло, милиция! Мен адам өлтүрдүм!.. Акча керек баарына... Сүйүү үчүн өлтүрдүм, эмне, сүйүү акча менен эсептелеби? Мен кечтим сүйүүдөн да, жашоодон да!.. Камай бергиле...

ХХХ
Бул окуяны уккан-көргөндөрдүн жүрөктөрү сестенип, "Баягы Рима менен Ашымдын сүйүүсүнүн арты акча талаш менен бүтүптүр" деген сөздөрдү айтып калышты. А бирок, бул жерде акча аралашканы менен, тагдырга тартылып келген бир сүйүүнү төрт адам төрт жакка тартышып бөлө албай коюшканын эч ким түшүнгөн жок. Аттиң ай, аруу сүйүүнүн пулсуз да, кунсуз да экени чыгармаларда эле айтылып кала береби?!




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
20-апрель, 2010-ж.:
1-бет
КАЗАКТАР КЫРГЫЗ
МИГРАНТТАРЫН КОРДОШУУДА

2-бет
Декретти кабыл алат:
3-бет
"Акжолду" тирилтишеби?
4-бет
Өткөндөн сабак ал
5-бет
ОҢ ТҮШТҮК, СОЛ ТҮШТҮК
6-бет
ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАШКАРУУДАН КУТУЛУП,
БАШ-АЛАМАН БАШКАРУУГА ТУТУЛУП

7-бет
Суйөркул Бакиров, Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы:
"Стратегиялык объектилер элге кайтарылды"

8-бет
"Талаптар аткарылбаса "убактылуу өкмөттүн" тагдыры Бакиевдикинен жаман болот
9-бет
Кырдан түздөн Манас
10-бет
Алдамчы департаментчилер
11-бет
"Өзүм гана эмес, туугандарым да элдин сынында"
12-бет
Элдик баатыр эске алынса
13-бет
Панфиловдогу жаштар курман болгондорго куран түшүрүштү
14-бет
Дүйнө жаңылыктары
15-бет
БООРГО ТЕППЕГИЛЕЧИ, БАУРДАСТАР!
16-бет
Тагдыр





Яндекс.Метрика