Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



  Ми-грация

БООРГО ТЕППЕГИЛЕЧИ, БАУРДАСТАР!
- Бул маселе боюнча Айгүл Рыскулова эжебизге кайрылып келе жатканбыз. Казакстандын жогорку бийлик органдарына жолугуп же кат жиберип биздин маселени чечип берген эч ким болгон жок. Күн сайын жумушка чыксак, күн сайын милийсалар кармап, акчаны алып, паспорттор булганып жатат. Акыры, депортация кылып кетирип жатат,- деп коңшу Казакстандын Алматы шаарынан көкүрөктөрүнөн көк түтүн бурулдата телефон чалышты кыргызстандык мигранттарыбыз.
Ой. чет жерде жүргөндөргө каяктан кезек жетсин! Кыргызстанда жүргөндөрдүн маңдайынан сылаган ким бар экен?! ,-деп айтууга ооз барбады. Биз го, эми туулуп өскөн жерибизде, кыргыз топурагын басып жүрөбүз. Ал эми бөлөк эл, бөтөн жерде жүргөндөрдүн көргөн күнү кантти экен деп кыргыз мигранттарынын ал-абалын сурай турган атайын агенттиктин түзүлгөнү кача-ан!
- Алматы деген Бишкектен үч сааттык эле жол. Бийликтегилерге биздин үнүбүз жетпейт экен. Акыркы үмүт менен сиздерге, "Алибиге" кайрылып жатабыз,-деп ыйламсырап жардам сурашкан кыргыздардын үнү бийликтегилерге эмес, Кудайга да жеткидей…
Алматыда , негизинен базарларда кийим-кечек жана бут кийим саткандар көп. Ошондой эле курулушта иштегендер бар.Айткандарына караганда, биздин республикадан барып иштеп жаткандарды 4-5-сорттогу адамдардай карашат. Базарларга бурч-бурчтарга автобустарды коюп койгон, ай-буйга келтирбей эле жүктөп-жүктөп кетишет. Эптеп жан соогалап, чөгөлөп отуруп сүйлөшүп калсаң: 5 миңден 20 миң теңгеге чейин шыпырып алышат. Кимдер дейсиздерби? Милийсалар эле, мурда бул баа - 500-1000 теңге болчу.А рекеттери 100миң теңгеден өйдө салып коет. Эгер булардын баарына туруштук бере албасаң, булганган паспортуңду колуңа карматып туруп, "лактырып" жиберет экен.
Мына азыр бейшембиден тартып жума, ишемби, жекшемби күндөрү корголоп, коркушуп базарга чыккан жокпуз . Бажыкана (таможня) болсо ачылбай турат. Казакстанга өткөрбөйт, ал эми тияктан өтүп келе жаткандардын паспортторун булгап атышат. Депортациялап жатканы өтө туура эмес болуп жатат.
- Кыргызстанга келип иштейли десек, жумуш жок. Мына, "Дордойду" караштырдык, ал жакта орун деле жок экен… Ушулардын баарын биздин бийликтегилер убагында сүйлөшкөн эмес го . "Акаевдин тушунда жакшы эле иштеп жүрчүбүз. "Мигранттарга тийбегиле" деген келишим бар эле, барып кол коюп, бизге анча-мынча тийишкендери да кан буугандай токтогон…-дешет телефондун тигил учундагылар.
Башта бажыканадан өтүп кетип баратканда, "үч айлык убакытка" деген миграциялык карточка берилчү, азыр аны үч күнгө берип калды, кечээги тополоңдон кийин.
- Айта берсе, көйгөй көп. Менин Алматыда иштеп жүргөнүмө он бир жыл болду,-дейт редакциянын босогосун аттаган Нурали Салыбеков.- Азыр ал жакта келинчегим калды. Мен бул жакка митингге катышайын деп келгем. Эки уулубуз бар. Бир балам студент -18 миң сом контракт төлөйм, бир балам лицейде окуйт. Бизге мамлекет тарабынан эч кандай жардам, колдоо жок. Эми, жаңыдан түзүлгөн Убактылуу өкмөтүбүз Казакстандын бийлик башындагылары менен сүйлөшүп, мигранттардын ушул маселесин чечип берсе жакшы болмок, ушуну айтайын деп атайын келдим…
Кеткен өкмөткө сөз жок болуп калды. Деги эле мындай өтө курч кырдаал өткөн жылдын декабрь айынан эле башталган. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында кыргыз мигранттары келип, бул маселени өкмөткө койгон:"Бизди мына ушинтип кыйнап жиберишти" деп. "Ооба, чечебиз, ана-мына" дешип эле эч нерсе кылбай коюшканы да анык алардын.
Казакстанда, Алматыда өз күнүн өзү көрүп, керек болсо айылдагы тууган-туушкандарын кошо багып жаткан 500 миңдей мигрант Убактылуу өкмөттөн жардам күтүп отурушат.
Ушул убакта, 7-апрелде жабылган чек ара ошол бойдон ачылбай, канчалаган адамдар Казакстандын Кордай облусуна өтүүчү жерде жайгашкан "Акжол" чек ара постунда күндөп-түндөп турушат. Аларда- Убактылуу өкмөт бекип, Миграция агенттиги кайрадан ишке киришип, анын жетекчилигине өз ишин билген билимдүү, кыргыздарды чет элде коргой ала турган патриот адам келип, анан, тез арада чек ара маселеси, миграция маселеси чечилсе деген эле тилек.

Нурбүбү БӨДӨШОВА.




ЧЕК АРАДАН ӨТКӨН "САМОПАЛДАР"
Өлкөбүздөгү 7-апрелде болуп өткөн элдик козголоңдон улам түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып өзүм билемдер, кримчөйрө баш көтөрөрү айтпасак да түшүнүктүү. Аны менен кошо, коңшу өлкөлөрдөн контрабандалык жол аркылуу келүүчү товар менен шугулдангандар да жаандан кийинки козу карындай жайнап чыгаары белгилүү. Мына ушул сыңарында, "Эсквайр" детективдик агенттигинин кызматкери Медет Калманбетов төмөндөгүлөрдү баяндап берди:


- 7-апрелден кийин бизге жеткен маалыматтар боюнча коңшу мамлекеттерден көп өлчөмдөгү спирттер мыйзамсыз ташылып келүүдө. Азыр өлкөдөгү баш аламандык, жетекчилердин ордунан алмашуусу жана атайы кызматкерлердин колу бошобостугу буга өз кедергисин тийгизип жатат. Ушундан пайдаланган шылуундар чек арадагы суу кечмелерден ташып өтүү фактылары өтө көп болуп кетти. Биздин иш "самопал" арак жасаган адамдар менен байланыштуу болгондон кийин, бизге дал ушундай маалыматтар көп түшүүдө. Анткени, борборубуздагы айрым арак чыгаруучу заводдор иштебей турганы өлкөбүзгө мыйзамсыз түрдө спирттердин ташылып келишине өбөлгө түзүп, аны менен алектенгендерге кудай берип калды. Кардарлар болсо баягыдай эле. Учурда абал оорлошкону менен аш-тойлор өтүүдө да. Ал эми "самопал" арактын ден соолукка канчалык зыян экенин элдин баары билет. Өзгөчө, бизге "Казакстандан көп өлчөмдө спирт ташылып өтүүдө" деген маалыматтар түшүп жатат.
Чек ара, бажыканадан кандай өтүп кетет, көрбөгөндөн кийин аларды күнөөлөш кыйын. Бирок, эч кандай документи жок спирттер өлкөгө ташылып келгендиги анык. Буюрса, укук коргоо органдарынын колу бошой түшсө, кайрадан алар менен биргелешип иш жүргүзүп, өлкөбүздүн экономикасына терс таасирин тийгизген "самопал" арак жасоочулардын саны кыскарар. Бирок, ага чейин базар, соода түйүндөрүн аралап кетип шек туудурган арак тууралуу билгендер "Эсквайрга" кайрылып, "самопалдын" сазайын окутса болот.
Жаныбек АЛИКЕЕВ.




Муң элес
Мен азыр калем кармап, ак барак бетине үңүлгөндө Баястан агамдын элеси көз алдыма бир тартыла түштү. Колубуздан ажал жулуп гана кеткенде муңайып, сыздап калабыз. 7-апрелде башталган жан кечтилердин айынан болгон "кандуу каргаша" күнү ажалга моюн сунуп арабыздан кете берди.
Кыргыз бийлигинин өргө эмес, көргө түшүп бара жаткандыгын көзгө сая билдирип, эли-журттун жыргал жашоосу үчүн көкүрөгүн окко тосту. Ата-Журт үчүн кан-жанын аябагандарды өмүр бою мактасак да аздык кылаар. Бакиевдердин "балит саясатына" акыркы эки-үч жылдан бери ачык каршылыгын билдирип келе жаткан КСДП мүчөсү Дөөталиев Баястан агабыз мактоого татыктуу каармандарыбыздын бири. Жашынан тарта өжөр, тайманбас Баястан агабыз ошол каргашалуу күнү "Медиа Форумдун" алдынан Ак үйдү көздөй агылган элдин калың катмарына кошулган.
Ак үйдүн алдынан алгачкылардан болуп канкорлордун огуна учуп жаткандарга жардам көрсөтүп "жардамга келгиле" деп кыйкырып жатканда Баястан агага узатылган ок санына тийип, натыйжада жамбашы талкаланып, эки операциядан соң жарык дүйнө менен кош айтышып жер кучактап калды. Канчалык жоктоп, жер муштаганыбыз менен тирилте албастырбыз. Тек гана Баястан агабызга окшогондордун элим деген эмгектери эскерилип, татыктуу бааланса болгону. Чиедей жап-жаш балдарынын, алмончоктой жарынын, кан жутуп отурган Маасымбү апанын кайгы-муңу канкорлорду тирүү койбос. Мындайда "Кош Баястан ага, жаткан жериң жайлуу болсун" дегенден башкага тил да күрмөлбөй туру. Акыры кудай бар эмеспи… Сизге окшогон кыргыздын маңдайына бүткөн эр-жүрөктөрүнө тарых өз баасын берээр. Элесиңизге дайым таазим этип, сиздей эл уулу менен сыймыктанган иниңиз

Калыгул Бейшекеев




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
20-апрель, 2010-ж.:
1-бет
КАЗАКТАР КЫРГЫЗ
МИГРАНТТАРЫН КОРДОШУУДА

2-бет
Декретти кабыл алат:
3-бет
"Акжолду" тирилтишеби?
4-бет
Өткөндөн сабак ал
5-бет
ОҢ ТҮШТҮК, СОЛ ТҮШТҮК
6-бет
ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАШКАРУУДАН КУТУЛУП,
БАШ-АЛАМАН БАШКАРУУГА ТУТУЛУП

7-бет
Суйөркул Бакиров, Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы:
"Стратегиялык объектилер элге кайтарылды"

8-бет
"Талаптар аткарылбаса "убактылуу өкмөттүн" тагдыры Бакиевдикинен жаман болот
9-бет
Кырдан түздөн Манас
10-бет
Алдамчы департаментчилер
11-бет
"Өзүм гана эмес, туугандарым да элдин сынында"
12-бет
Элдик баатыр эске алынса
13-бет
Панфиловдогу жаштар курман болгондорго куран түшүрүштү
14-бет
Дүйнө жаңылыктары
15-бет
БООРГО ТЕППЕГИЛЕЧИ, БАУРДАСТАР!
16-бет
Тагдыр