Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



  Эсен болуп, эстей жүр

Панфиловдогу жаштар курман болгондорго куран түшүрүштү
"Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт" демекчи, кандуу шаршембиде курман болгондорду эскерип, 16-апрелде Чүй областына караштуу Панвилов районунун жаштары "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып" Чалдовар айылында эркиндик үчүн курман болгондорго куран түшүрүштү. Жаштардын биримдигин колдоп, райондун активисттери, аксакалдар жана ар улуттун өкүлдөрү келип, шейит кеткендерге куран окуп, жаштар уюштурган акцияга акчалай жардамдарын беришти. "Панфиловчул 28 баатырлар дивизиясынын" атынан коюлган райондун жаштары Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабастан, мындан ары аруу тилектер менен жол баштап, өлкө үчүн кызмат кылууга даяр экендиктерин жашырышкан жок. Шейит кеткендерге куран окулган соң, алгач сөздү СДПК фракциясынан депутат болгон, учурда убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Чалдовар айылынын кулуну Айбек Асранкулов баштады.


Айбек АСРАНКУЛОВ:
- Абдан оор жана кайгылуу окуя болду. Мен колумдан келишинче өтүп кеткен балдардын үй-бүлөсүнө барып, кайрат айтып, топурак салдым. Шейит кеткендердин бардыгы карапайым үй-бүлөлөрдөн чыккандар. Бардыгы Бакиевдин адилетсиз иштеринен, жүргүзгөн иш аракетинен келип чыкты. Бакиевдин жасаганы жаштардын жанына батып, чучугуна жеткенде Ала-Тоо аянтына барышып, канкорлордун огуна төшүн тосуп, бирине ок тийип куласа, экинчиси алдыга чыгып жатышты. Бул жигиттерди кыргыз мамлекетинин ыйык баатырлары десек да аздык болоор. Булар Кыргызстандын кийинкиси, келечеги үчүн, биз үчүн өз өмүрүн беришти. Сүйлөш да оор болуп турат. Жер-жерлерде 6-7-апрель күнү эле мамлекеттик бийлик алмашкан жок. Биздин Панфилов районунда айлап, жумалап күрөшүп чуркап, маалыматтарды элге жеткирип жүргөн балдар болду. Ал балдарга да терең ыраазычылык билдиришибиз керек. Биздин райондон да бир топ балдар жарадар болуп, эки адам кайтыш болду. Канкор Бакиевдин бийлигине үй-бүлөсү, жанындагы кошоматчылар жана район, областтын жетекчилери да салым кошуп, камчысын чаап, балтага сап болуп беришти. Тилекке каршы мына ошол адамдардын бардыгы биздин эле агайын-туугандар. Мына ошондуктан эртеңби, анын аркы күнүбү бир ынтымакка келип, жаш-карыбыз, ар улуттун адамдары болобу баарыбыз акылдашып, таза, акыйкат, адилеттүү мамлекет куруп, ыплас иштерге жол бербейли. Ошону бардыңыздардан абдан суранат элем. Ар бирибиз ар бир айылды тынччылыкка, ынтымакка үндөйлү.

Таалай СЫДЫКОВ, элдик бийлик тарабынан шайланган Панфилов районунун акими:
- Жогоруда айтылгандай, адилеттүү бийлик үчүн, чындык үчүн абдан оор окуя болуп, ар адамдын жүрөгүн сыздатты. Менин айтаарым, ага-инилер, кыргыз өлкөсү мындан бир аз жыл мурда кандай күндү башыбыздан кечирсек, учурда ошол күндү кайрадан кайталадык. Элдик бийликти орнотууда арабыздан өтүп кеткен адамдарыбыздын кылган ишин, көрсөткөн эрдигин эч качан унутпайлы. Бул инсандар кыргыз эибиздин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып кала берет. Панфилов - гвардиялык район деп ушул кезге чейин айтып келген традициябыз бар. Мына ошонубуздан жазбайлык. Мен элимди, ушул жерге келип катышып отурган инсандарды ынтымакка, биримдикке, элибиз ыраазы болгон адилеттүү бийликке чакырар элем. Кудайым колдоп, келечекте адилеттүү башкаруу менен адилеттик кыргыз жергесинде өмүр сүрсүн. Арабыздан өтүп кеткен баатырларга куран түшүрүп, алардын ишеничтерин актайлы. Жакын тууганыңды, балаңды жоготуш өтө оор. Элдик бийликти орнотууда дүйнөдөн өтүп кеткен туугандарыбыздын, боордошторубуздун жакындарына, туугандарына, айылдаштарына, жердештерине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Шейит кеткендердин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Сталбек РАХМАНОВ, Панфилов РИИБнүн башчысы:
- Урматтуу агайын-туугандар, бүгүнкү күнү ушул болуп өткөн окуя боюнча Панфилов райондук ички иштер башкармалыгы да сыртта калбастан өзүнүн башын ийип, курман болгондордун жакындарына башыбызды ийип көңүл айтабыз. Эл алдында айтаарым, милициянын таза кызматкерлери силер менен чогуу болот. Жогоруда айтылган тилектер кабыл болсун. Мен да элимди биримдикке чакырам. Борбордогудай талап-тоноого жол бербейли демекчимин. Панфилов райондук жаштардын ушундай ынтымак менен акция уюштуруп жаткандарына абдан кубанычтамын. Биринчи эле күнү Мурат деген бала телефон чалып, 16 адамдан турган жаштар канаты түзүлгөнүн айткан. Ал жаштар бүгүнкү күндө милиция менен биргеликте райондун тартибин сакташты. Бирок ошого карабастан биздин райондо бир оор кылмыш болду. Ровный айылынын балдары өзүнүн кызматын өтөп жаткан фельдшерди сабап, оор абалга алып келишти. Ушундан улам сиздерден суранаарым, агайын -туугандар элди биримдикке, ынтымакка жана таза жүргөнгө чакыралы.

Азамат ЧАЛОВ, СДПК партиясынын Панфилов районунун координатору:
- Ар кандай иштерди уюштуруп, ынтымакка чакырып жүргөн балдардын бардыгы Кыргызстандын, кыргыздардын келечеги деп чуркаган жаштарбыз. Кыргызстанды бүт дүйнөгө тааныта турган жаштарыбыздын саны арбысын. Ушул кезге чейин коррупцияны, кысымды, адилетсиздикти токтотолу деп жүргөн жаштарбыз. Чындык үчүн УККнын кысымына, бийликтин кысымына туруштук берип келдик. Эми мындай адилетсиздик, бетсиздик өлкөбүздө экинчи кайталанбасын. Азыр биздин жаштардын келечектен үмүтү чоң. Эгерде биз мындан ары дагы да чындыкка жете албасак, анда ошол чындык үчүн кайрадан баш көтөрүп, акырына чейин күрөшүүгө даярбыз. Биздин аруу-тилектерге аксакалдар кеңешин айтып, улуулар жол көргөзүп беришсин. Жаштар элдик бийликти орнотобуз деп курман болгондордун ишеничин актап, арбагын сыйлайбыз.

Улан АБДРАХМАНОВ, Айбек Асранкуловдун жардамчысы:
- 7-апрелде өткөн окуя эртеби-кечпи акыры боло турган окуя болчу. Ошого жеткирген кылмыштуу бийликтин тамырынын жайылышына жалаң эле Бакиевдин эмес, ошол Бакиевдерге кошомат кылган жергиликтүү бийликтегилер - айыл өкмөтү, акимдердин да салымы зор. Ар бир айыл өкмөтү элдин камын, тагдырын ойлобостон кызматын сактап калуу максатын көздөп, тууган, куда-сөөк, достукка карабастан, адамкерчиликти унутушуп, колдорунан келишинче үй-бүлөлүк бийликке жардам беришти. Жада калса кудай деген мамлекеттин имамы саясатка аралашып, мусулмандардын намысын тепсеп, ыплас иштерди жасап, акырында Бакиевдер менен кошо өлкөдөн чыгып кетти. Калыстыкка үндөгөн, чындык үчүн күрөшкөн жер-жерлердеги адамдарды, өзгөчө жаштарды куугунтуктап, алардын убалынан, кудайдан коркпогон бийликтин кошоматчылары акылга сыйбаган иштерди жасашты. Ачыгын айтканда активист жаштардын үйлөрүн УККнын кызматкерлери, акимдер, айыл өкмөттөрү үймө-үй кыдырып, айрымдарын камакка алышып, жакындарын кызматтан кетиришти. Кыскасы жаштардын жүрөгүнүн үшүн алууга аракет кылышты. Бирок, жаштар ага карабастан өлкөгө калыстыкты, чындыкты орнотууга бел байлап, кадам таштап эч нерседен коркпостон баштарын өлүмгө байлап коюшкан. Учурда кан төгүлгөн каргашалуу күндөн пайдаланып, жер-жерлерде кайра эле мурдагы жеп ичкендер уялбастан кызмат талаша баштады. Алардын бул кыянаттык иштерине райондун жалындуу жаштары жол бербестен, элдин камын ойлогон, эл үчүн күйүп, кызмат кыла турган адамдарды колдоого алып, элдик бийликти орнотууда. Келечек жаштардын колунда. Азыркы убактылуу бийликтен жаштарды колдоого алып, алар менен тыгыз байланышта иш алып барууларын суранат элек. Учурдагы саналуу гана лидерлер элди экиге бөлбөстөн "Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып" кеңешип иш алып баруусун күтөбүз. Мамлекеттин азыркы кырдаалдан чыгышы эки-үч гана лидердин туура иш алып баруусунда. Ар бир областын жаштарын биримдикке чакырабыз. Кыргыз эли бирбиз.


Панфилов райондук жаштар канаты тарабынан ынтымак акциясына жана 7-апрелде курман болгон баатырларга куран түшүрүүгө миңге жакын район тургундары жана меймандар катышты. Жогоруда сөз сүйлөгөн адамдардын катарында айыл аксакалдары Орозбек Алыбаев, Токтош Нусупов, Эсенбек Асанкулов, Үсөн Өмүралиев жана райондо жашаган 29 улуттун өкүлдөрүнөн этникалык кыргыздардын атынан Жунус Давранов, күрт улутунан Каналы Сулайманов, түрк улутунан Аслан Бадалов өз пикирлерин билдирип, уюштурулган акцияга акчалай жардамдарын беришти. Ошону менен катар райондун элин ынтымакка чакырышып, ар улутка бөлүнбөстөн биримдикте болууга тилектеш экендиктерин билдиришти.

Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Панфилов-Бишкек




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
20-апрель, 2010-ж.:
1-бет
КАЗАКТАР КЫРГЫЗ
МИГРАНТТАРЫН КОРДОШУУДА

2-бет
Декретти кабыл алат:
3-бет
"Акжолду" тирилтишеби?
4-бет
Өткөндөн сабак ал
5-бет
ОҢ ТҮШТҮК, СОЛ ТҮШТҮК
6-бет
ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАШКАРУУДАН КУТУЛУП,
БАШ-АЛАМАН БАШКАРУУГА ТУТУЛУП

7-бет
Суйөркул Бакиров, Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы:
"Стратегиялык объектилер элге кайтарылды"

8-бет
"Талаптар аткарылбаса "убактылуу өкмөттүн" тагдыры Бакиевдикинен жаман болот
9-бет
Кырдан түздөн Манас
10-бет
Алдамчы департаментчилер
11-бет
"Өзүм гана эмес, туугандарым да элдин сынында"
12-бет
Элдик баатыр эске алынса
13-бет
Панфиловдогу жаштар курман болгондорго куран түшүрүштү
14-бет
Дүйнө жаңылыктары
15-бет
БООРГО ТЕППЕГИЛЕЧИ, БАУРДАСТАР!
16-бет
Тагдыр