Даанышмандын осуяттары жана бүгүнкү күн

"Өзүм гана эмес, туугандарым да элдин сынында"
Октябрь революциясынан мурда Жумгалда жашап өткөн (1838-1914) айтылуу тарыхый инсан Байзак Тооке уулунун туурачыл, бардыгына тең караган адилет эл башчысы, калыс бий болгондугу эл ичинде аңыз кылынат. Ал кыргыздын далайлаган чоң топторуна катышып, элдин көп маселелерин адилет чечкен жана жекече өз ара чырлар, үй-бүлө проблемалары боюнча да кеңеш, калыстык сурап ага кайрылып турушкан. Байзак ажынын калыс болуш, бий болгондугу бекеринен эмес. Байкасак, анын өзүнүн ичтен терең ойлонулган идеялары, позициясы, өзүнчө философиясы жана карманган принциби болуптур. Минтип айтып жатканыбыздын жайы мындай. "Байзак баатыр" китебинин автору маркум Абдыхалил Молдалы уулу Байзактын даанышман ойлорун ажынын кичи аялы Оңол эненин, уулу Ажымүдүндүн, кызы Рапыянын оозунан жазып алганын атайылап басым коюп көп айтчу. Байзак өзүнүн төмөндөгү сөздөрүн кийин болуш болушкан уулдары Жантели менен Зарбатка боз үйдүн ичинде насааттап айтып отурганын андагы жаш зайып Оңол угуп отурчу экен. Эмесе, Байзактын ошол маанилүү ойлоруна көңүл буралы:


"Элди бийликтин күчү менен эмес, калыстыктын күчү менен башкар. Калыстыктын күчү менен эл башкарсаң, бийлигиң бүткөн күнү да эл менен кала бересиң… Дүнүйөлүү киши оома келет, карапайым элге жак, мен калысмын деп өзүң айтпагын, сени калыс эле деп эл издесин".
"Туугандын турпагы алтын" дегени менен да мен бийлик ээси болуп турганда өзүм гана элдин сынында эмес, туугандарым да элдин сынында. Алардын шарияттын, мыйзамдын жолун катуу сакташы - туугандык парзы. Алар "Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок" деген сөздү менен наамыма айттырса, анын туугандыгына карабай, эл безер тетирлерин теске салыш шарыят жолунда да, мыйзам жолунда да бийлик үчүн артык иш. Мен тууганымдын болушу эмес, элдин болушумун. Тууганга калыс боло албаган, элге калыс боло албайт. Байзак Байзак болуп турганда бир тууган агасынын балдарын абакка салган деп айрымдар кеп кылышаар. Очо менен Төрөгө болгон элдин көңүлүндөгү ызасын, көкүрөгүндөгү дартын гана кетирдим…"
"Эл жакшысы карапайымдыгын жоготсо, мансап кууса, дүнүйө ээрчисе, өзүнө көнүмүш байкалбай жатканы менен анын паска түшкөнү ошол. Дүнүйөнүн чордону алтын го, дал ошол алтын жылтылдап адамды азезилдей ээрчиткени менен ак эмгектин алтыны болбосо азапка салат. Адам алтын таппай азап табат". (А.Молдалиев "Байзак баатыр". - Бишкек, 1993, 67-68-беттер).
Байзак даанышмандын бул терең ойлору жетекчи адам кандай болуш керек экендиги жөнүндө бизге калтырылган баалуу нуска. Бул ойлор мына мобу бүгүнкү коррупцияга, трайбализмге, өзүмчүлдүккө, "прихватизацияга" каршы күрөштө, рухий кайра жаралуу ишинде бизге курал болуп берчү идеялар жана мамлекетти акыйкат башкаруу философиясынын контекстинде абдан актуалдуу. Биз көп учурда америкалык баланча философ минтип айткан, түкүнчө европалык саясатчы антип айткан деп өз пикирибизге таянычты чет жактан издейбиз. А көрсө, салмагы сайдын ташындай ойлор нускалуу идеялык-философиялык нарктар өзүбүздүн казынада деле жаткан турбайбы. Байзактын өйдөкү сыяктуу ой уютмаларынан алынган цитата бүгүнкү ар кандай оратордун, насаатчынын сөзүн, же болбосо ар кандай окуу китебинин текстин кооздой алат дээр элек.
Атактуу ырчы Калмырза "Эрегишкен тууганды, эп кылган Байзак аманбы?" деп кезегинде баатырга учурашып ырдаган экен. Чынында эле, Байзак табиятынан тубаса дипломат, туюктан жол таба билген айлакер инсан болгон экен. Ал эптүүлүк менен уруулар жана инсандар аралык чыр-чатактарды, конфликттерди чече билүүнүн чебери аталган. Кырдаал чегине жете курчуп, абал көзөмөлдөн чыга баштаганда чырды, чатакты токтотуунун айла-амалын, аргасын табууну Байзактан суранышкан. Буга маселен, анын айтылуу Күласал кыздын айынан Жумгалда Курманкожо менен Кулжыгач эли чабыша турган болгондо, эбин таап эки урууну элдештиргени мисал. Уулунун кудаланып коюлган колуктусу Күласалдын Чойбектин уулу Абдылдабеке качып барып тийип алганына катуу намыстанып, Көкүмбай болуш Курманкожо уруусунан кол курап, Качыке элин чапмакка аттанып, айыл четине кирип келет. Үрөйү учкан болуш Мырзабек Байзакка шашылыш келип, Көкүмбайды токтотууну өтүнөт. Уруштун алдында ажынын алдынан бир өтүп коюу үчүн Көкүмбай Байзактын жыйын дөбөсүн карай бурулат. Ачууга муунган Көкүмбайдын маңдайында Байзак ажынын сүйлөп турган жери:
" - Ачуунун да, намыстын да чеги болот. Чийинден чыккан эки баланын иши үчүн бир атанын балдарын бири-бирине каршы кол куратып, эл чаап аламын дештин кимге кереги бар?! Өткөндү болочок ишке үлгү болсун деп айтасың да, атаң Медет датканын токтоолугун айтпайсыңбы. Хан Ормонду ызааттап, Соң-Көлгө конокко чакырса, Ормон көргөн сыйына карабай "Мага Соң-Көлдү көрсөтпөй жайлап жүрөсүң" деп тогуздап айып салганда, "сеники чын" деп акылга жеңдирип тим болгон кайран датка. Кийин ордодогу Балбайдын утуш бир байталын бербегендигинин түбү Ормонду эмне кылды. Болоор-болбос иш үчүн бир атанын балдары кол курашып чабышпай, каягы болсо да акыл жараштырып, ынтымак менен, сөз менен бүтүрүшсөк, ушунубуз терең акылдуулук болуп жүрбөсүн?! Колду тарат". (А. Молдалиев. "Байзак баатыр", 79-бет).
Көкүмбай Байзак ажынын кебине муюп, сөзүн эки дей албай, колун тараткан экен.
Байкабай туруп баспа, билбей туруп шашпа дегендей, тарыхый турмуштук фактылар Байзактын инсан аралык өз ара мамилелерде, жекече алакаларда абыдан кылдат, токтоо, сабырдуу боло билгендигин, майдачылыктан өйдө көтөрүлүп, маселеге жогортон сереп сала билген, арканды узун таштап иш кылган кенен инсан болгондугун күбөлөйт. Иштин артын, келечекти ойлоп, бирөөнүн өзүнө каршы жасаган жоруктарына кечирим менен карап, чаап айтпай, таап айтып, сокур намыска алдырбай, керек учурда артка чегине билип, татаал кырдаалдан акыл менен чыккан.
Буга Балыкчыдагы Шабдан катышкан чоң топко баратканда Байзактын жигиттеринин атын жыгып алып, ажыны ызалап, тентектик кылган Көкүмбай менен Курманды кектебей, Шабданга, жалпы журтка белгилүү кадыр-баркына таянып чоң топко салып, өч албай, кайра эки тентекти ошол чоң топко бирин чыбык кыркарга, экинчисин катчылыкка шайлаттырып, көтөрмөлөгөндүгү, колдогондугу ачык мисал. "Жакшылыкка жакшылык ар кишинин иши, жамандыкка жакшылык эр кишинин иши" деген ушул эмеспи. Көкүмбай менен Курман Байзактын мындай айкөлдүгүнө таңданышып, жасаган жоруктарына уялышып, андан кийин ажыны урматтап жүрүшкөн. Байзактын жүрүм-турумунда мындай мисалдар арбын.
Бүгүнкү мезгил тирешүүнүн эмес, диалогдун заманы, толеранттулуктун заманы деп жатабыз. Биз бүгүн диалог чеберчилигине, маселени кызыкчылыктардын балансын эсепке ала билип, макулдашуу, келишүү, өз ара кечиришүү, бири-бирине жол берүү жолу менен чече билүү исскуствосуна, акыл-эстүү компромисттин жана консенсустун өнөрүнө дал ушул Байзак даанышмандан үйрөнүшүбүз керек го. Байзактын мындай кылдат этикасы бүгүнкү саясатчылар, жетекчилер, дегеле ар бир адам үчүн өтө зарыл өрнөк жана үйрөнө турган рухий-этикалык мурас дегибиз келет.
Дал мына ушундай айлана-чөйрөгө, жамаатка таалим-тарбия боло турган адамдык айырмалуу касиеттерин, даанышмандыгын көрүп-билип ынангандыгынан улам атактуу Куйручук Байзакты "Бүт кыргызга баркы алтын, Кара-Ойдогу карк алтын" деп мүнөздөгөн турбайбы.

Советбек Байгазиев