Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Алдамчы департаментчилер
Мага 21.06.89 ж. №336 токтомдун негизинде (Фрунзе) Бишкек шаарынын Ленин р-н аткаруу комитети тарабынан Ак-Өргө" конушунан №234чу участок 5сотых жер тилкеси бөлүнүп берилген. 20.06.2001ж.№194чу дагы бир токтом Бишкек шаары Ленин райадминистрация тарабынан мен убактылуу пайдаланып (жашылдандырып көрктөндүрүп) жаткан жерден 18.11.2005ж. №330чу токтомдун негизинде 220 м2 жерди менин 5 сотых жериме кошуу үчүн чечим чыгарылган эле, ушул документтердин негизинде 2007, 08, 09 жылдары "Бишкекбашархитектура" жана Бишкек мериясынын жеке турак жай департаменттине тынымсыз көп жолу кайрылып келүүдөмүн. Үч жылдан бери биринен-бирине, дагы бири экинчисине жөнөтө беришип аягында кимисинен чыгып каягына кирген күндөрүм да эсимден чыгып кетти, баш айланат.Архитектура менен департаменттин кызматчылары да бизге окшоп жерди кандай жол менен өлчөйт, кызыл китепти кандай жол менен алат түшүнүшпөйбү, же карапайым элин убара боло беришсин дейби, иши кылып бюрократияга чон жол берилген.
Сөз курук болбос үчүн, 2008 ж. баштарында жекече жер департаментинин специалистиТемирбай аке да менин участкама келип кеткен, бирок эмне иш аткарды эсимде жок, себеби жер жөнүндө чыгаша , киреше өзгөрүү жок.Ошол департамент сектордун кызматчылары Кармышаков Алмаз жана Чолпонбаев Болот 29.07.09ж. жер бөлүштөрүү Акт жазып, чийме сүрөттөрүнөн бери чийип, бир барагын менин колума карматышты. Ушул акт түзүлгөн баракта 5 сотикке 220м2 жер кошулуп баары 7 сотых 20м2 болуш керек экен. Бирок андай болбой чийме сүрөтүнө 4сотых 98м2 болуп жазылыптыр, менин билимимдин жоктугунан (архитектура жагынан) чиймелерге түшүнгөн эмесмин.Ошол баракка колдорун коюп, печатты басып берсе эле, ой сонун жигиттер турбайбы, көп убакыттар өтсө да иштеримди бүтүрүп беришти деп аябай батаамды да берипмин.
Күндөр өтүп бир күнү жерди ченеп казуу үчүн алар экөө, мен үчөөбүз биздин участокко келдик, бирок башка жакта биздин зарыл иштерибиз бар деп кетип калышты. Мени бекер эле үмүттөндүрүшкөн экен. Үч-төрт күндөн кийин дагы барып экөөнү кайра алып келдик, жерди аяк-быягынан карап, мына бул 5-6 түп дарактар ченегенге тоскоолдук кылат дешти, бирок тоскоолдук деле кылбайт эле "Чоңдун көтү тегирменди айландырат" демекчи, кой ушулардын назарына калбайын деп, 5-6 түп терек, 20 түп лүстраны кесип департаментчилердин келишине даярдадым. Сокондоп далай жолу департаментке барып жүрдүм . Бир күнү көңүлдөрү көтөрүңкү экен кудай жалгап барабыз деп калышты .Силерге деле кыйын деп барган сайын бензинден кем кылбай май куюп берип деле жүрдүм.
09-ж. август айынын орто чени болуш керек, Алмаз менен Болот экөөлөп рулон метри менен аягына - быягына тартып ченеп жатышты, ошол убакытта менин ылдый жактагы кошунам Сарчаев Алтынбек дегендин аялы бир килейген тактайды көтөрүп алып эмнеге жерди ченеп жатасыңар деп Алмаз менен Болотко карай жулунуп келе жатты, тигил департаменттин өкүлдөрү рулон метрге чалынып, ана жыгылат, мына жыгылат болуп качып жөнөштү. Жигит болбосоң боло калгырлар десе, мен Алмаз менен Болотту "инилерим качпагыла, токтогула, силер өз милдетиңерди аткарып жүрөсүңөр, иш убагында силерге зөөкүрлүк кылып колуна курал алып кол салып жатат, келгиле акт түзүп коёлу" десем бизге актынын кереги жок деп кетип калышты. Булардын аткарган жумуштарын эч кандай түшүнө албай аң-таң калдым. Буларың спектакль ойногондой эле болушту. Ошол күндүн эртеси Алмаз менен Болотко барып кечээ акт түзүп койбой чеки кетип калдыңар, эми эмне кылабыз, мага жазылган документтердин чаласы барбы десем, экөө тең бир ооздон документтериңиздин баары нормальный, палан жерден 25 метр жерге казык кагып алыңыз жешти. Кудайга шүгүр иш бүтүптүр деп жүрө бериптирмин. Жакында бир архитектор жигит ошол Алмаздардын берген барагын карап буларыңыз ишиңизди бүтүрбөй эле түйшүк кагаз бериптир десе, эки департаментчилер мурунку өкмөт менен элди алдап күн өткөрүп айлык алып жүргөнүн түшүндүм. Көрсө департаменттен мурда жекече курулуш архитектурага барып, курулуш чийме заключения алыш керек экен. 3 жылдан бери архитектура, департамент, госрегистрдин ортолорунда убакыт жана материалдык чыгымдарга учурап жүрө бериптирмин, жок дегенде мындан баштап, тияктан бүтүрөсүң деп ачыгын айтып койгон уюм болсочу.
Бишкек шаарыбыздын мэри урматтуу Иса Өмүркулов мырза мэриянын турак жай курулуш департаментинин кызматчылары Карымшаков Алмаз жана Чолпонбаев Болот сыяктуу зыянкечтерди кызматтан четтетип, алардын ордуна жүрөгү менен ак ниеттикте калыс иш жүргүзө турган инсандардан курап алсаңыз. Эски бийликтин тарбиясына сугарылган, коррупцияга малынган, арам иш жасап, элди алдап, күн өткөрүп жүргөн алдамчылардан арылбасаңыз мэриянын жаңы жетекчилерин да чоң уятка коё тургандыгы боло турган иш, же ушуга окшогондорду курстан өткөрүп, профилактикалап тарбиялоо зарыл.
Мэриянын дарегине өтө оор нааразылыктарды жаратуу боло турган иш. Ушинтип 2-3 жыл илгери бүтө турган иштеримди эми кайта башынан баштап жатам, кызыл китеп алуу үчүн, райадминистрация, архитектура, мэрияга караштуу жеке курулуш департамент жеке курулуш архитектура, айыл өкмөт, квартальный түндүк, түштүк, батыш, чыгыш кошуналар, госрегистр ушулардын баарынан өтүш керек экен. Ушунча мекемелерден документ жыйноону карапайым бардык эле адамдар биле бербейт экен, же бир шапаттай кагазга ирээти менен жазып, кайдан баштап кайдан бүтө турганын көрсөтүп коюшсачы, атаңдын көрү. Миңдеген карапайым элди темселетпей бардыгын бир жерден бүтүрүп, ооба, кызматына жараша акчасын төлөтүп бүтүрсө кандай жакшы болмок, элге дагы, тактика жагынан өкмөткө да зор кадыр барк алып келмек.
Ушинтип онго жакын жерлерден документ жыйнаш үчүн мекемелердин бюрократтык (кыйынсынуу-кемсинтүү) мамилелеринин айынан карапайым, адамдардын арасында тажап, же баштары айланып 20 жылдан бери үй документтерин же кызыл китеп ала албай жүргөн үй ээлерин учуратуу болуп жатат.
Караш Насер




Бакиев өзү үчүн Кыргызстанда орун жок экенин сезди
Жүздөгөн мекендештерибизди майып кылып, ондогон кыргыз жигиттерин кан жуткурган Курманбек Бакиев аман-эсен өлкөдөн чыгып кетти. Эң башкы күнөөкөр мурду канабай колдон суурулду. Эмне болгонуна түшүнүп-түшүнбөгөн караламан калктын ичтеги бугу чыкпай, ызырынган боюнча кала берди. А "биздикилер" бийлик бөлүштүрүү, шайлоого даярдык көрүү менен алек болушууда.

7-апрелдеги күтүүсүз окуя Кыргызстанды менчигиндей кабылдаган Бакиевдердин көзүн умачтай ачты. Октон сестенбеген эр жүрөк кыргыз жигиттери аларды Акүйдөн качууга аргасыз кылды. Ошол күнү качкын Бакиевдерди эч бир өлкө кабыл албаганы жөнүндө тараган сөздүн чындыгы бар окшобойбу. Айласы кеткен канкорлор өлкөнүн түштүгүнө карай жер которушуп, кичи мекени Тейит айылына баш калкалагандары эртеси гана билинди. Кара башын сактоонун амалында колдорунан келгенин кылышып, түштүк элин көтөрүүгө аракет көрүштү, анысы майнап бербеди. Алгач акчанын күчү менен Жалал-Абадда митинг өткөрүп, эрдемсий түшкөн ага-инилер Ошко кулач жайганга аракет кылды. Бирок, Ош эли Бакиевдерден түңүлө тажаганын далилдеп, үй-бүлөлүк кланды экинчи борбордон ташбараң менен кууп чыгышты. Ушул окуядан соң ар кимиси өз жанын сактап калуу аракетине өтө баштады. Себеби, ага чейин К.Бакиев ыйгарым укугун тапшырбастыгын, Оштон туруп өлкөнү башкара берээрин билдирип, эгер убактылуу өкмөт "отставкасын" алгысы келсе өзүнө гана эмес, туугандарына дагы кепилдик беришин талап кылып жаткан. Ош окуясынан кийин баары чилдей тараганга аргасыз болду. Дегеним, К.Бакиев ошонун эртеси Россия, АКШ, БУУнун ортомчулугу менен жанында жүргөн туугандарын сатып, өлкөдөн кара башын куткарып кетти. Акыр аягына чейин жанында жүргөн Бакыт Калиев туткунга түштү. Иниси Жаныш акыркы жандалбасын көрүүдө.
Бакиевдердин үй-бүлөсү буга чейин эле тынч эместиги айтылып жүргөн. Айрыкча Максим менен Жаныштын ортосундагы тирешүү атышканга чейин жеткени айтылып келген. 7-апрелден кийин бозгун болуп, бийликтен шыпырылган соң, булардын ортосундагы чыр көбөйбөсө азайбаганы жогорудагы окуялардан ачык байкалып турат. Эмне болсоңор ошо болгула сыңарында Курманбек Бакиев өз башын ала качканы эле көп нерсени айтып турбайбы. Булардын тактыгы алдыдагы сурактарда ачыкка чыгат.
Сөздүн ачыгын айтканда убактылуу өкмөттүн К.Бакиевди чыгарып жибергенине баары эле нааразы. "Эмнеге чыгарып жиберди?" деген сөздү айтып жатышат. Өкмөт мүчөлөрү болсо К.Бакиев сөзсүз сот жообуна тартылаарын улам жар салууда. Бирок, качан, кантип тартылаары белгисиз бойдон кала берди. Ата-Бейитте бир аксакал айткандай "карга карганын көзүн чукубайт" дегендей болуп бараткансыйт. Анткени, Бакиев өлкөдөн чыгаары менен кайда кеткени белгисиз бойдон кала берди. Азыр кайсы өлкөдө экенин эч ким билбейт. Ал эми кырчындай кыргыз жигиттерин түздөн түз атууга буйрук берген Жаныш Бакиев куйругун карматпай жүрөт. Кыргызстандан чыга качты деген сөздөр дагы айтылып жатыр. Эгер ушундай сөздөр чын чыгып Жанышты дагы өлкөдөн чыгарып жиберишсе, утурумдук өкмөттү жетектеп жаткан лидерлерди эл кечирбейт. Анын арты жакшылыкка алып барбасын жон терилери менен сезип коюшканы жакшы болот. Шайлоолор, папке талаштан мурун ушуну ойлонсоңор түзүгүрөөк болоор беле, айланайын жетекчилер!
Памир МАНАС




Каттани кайрадан баш көтөрдү
Калк кайгырып турганда бары-жогу билинбеген Өмүрбек Суваналиев байкебиз коңулдан башын чыгарып, үн катканга жарады. Утурумдук өкмөттү сындаган болуптур. Мунусуна го мейли, бирок, ИИМ кызматкерлерин тымызын ичтен былгытып Ички иштер Министринин ордун талашканы кимге жаксын. Сиз М.Эшимканов, К.Карабековго кошулуп элди сатып кеткениңизден кийин Каттани болбой калгансыз. Дооруңуздун бүткөнүн дагы деле сезе элексизби?






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
20-апрель, 2010-ж.:
1-бет
КАЗАКТАР КЫРГЫЗ
МИГРАНТТАРЫН КОРДОШУУДА

2-бет
Декретти кабыл алат:
3-бет
"Акжолду" тирилтишеби?
4-бет
Өткөндөн сабак ал
5-бет
ОҢ ТҮШТҮК, СОЛ ТҮШТҮК
6-бет
ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАШКАРУУДАН КУТУЛУП,
БАШ-АЛАМАН БАШКАРУУГА ТУТУЛУП

7-бет
Суйөркул Бакиров, Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы:
"Стратегиялык объектилер элге кайтарылды"

8-бет
"Талаптар аткарылбаса "убактылуу өкмөттүн" тагдыры Бакиевдикинен жаман болот
9-бет
Кырдан түздөн Манас
10-бет
Алдамчы департаментчилер
11-бет
"Өзүм гана эмес, туугандарым да элдин сынында"
12-бет
Элдик баатыр эске алынса
13-бет
Панфиловдогу жаштар курман болгондорго куран түшүрүштү
14-бет
Дүйнө жаңылыктары
15-бет
БООРГО ТЕППЕГИЛЕЧИ, БАУРДАСТАР!
16-бет
Тагдыр