РОССИЯ ЭМНЕЛЕРГЕ ДАЯРДАНУУДА?
К.Бакиев уулунун пайдасына жыйын өткөрдү
Кыргызстанды монархиялык республикага айлантууга аракеттенип жатат деп Президенттен шектенип атышат.
…Мындан ары курултай К.Бакиевдин кеңешме демократиясы сьезддин биринчи күнүндө борбордук звено болуп калат. Ал кабыл алган чечим боюнча, курултай президенттин алдындагы дайыма иштеп турган органга айланат.
"Кеңешме демократияга" бурулушту К.Бакиев адам укуктарынын приоритеттери менен шайлоолорго негизделген салттуу демократиянын модели катары түшүндүрдү. Анын айтуусу боюнча, шайлоолор өз ара атаандашкан программа менен идеянын процесси болбой калды.
Дал мына ошондуктан, кыргыз лидери "кеңешме демократияны" өз эли үчүн , анын сөзү менен айтанда, "дүйнөдө эң популярдуу болуп баратат" дейт. Бакиев, албетте, кайсы өлкөлөрдө мындай модель колдонуларын айткан жок. Болгону, "кеңешме демократияда" "мамлекеттик саясатты жана аны ишке ашырууну иштеп чыгууда ар түрдүү коомдук топтор катышат" деп белгиледи. Кыргызстандын президентинин сунуш кылган моделинен эксперттер бийликти кичи Бакиевге өткөрүүгө даярдык көрүп жатканын көрүшүүдө. Бул көз карашка ылайык, дал ушул курултай республиканын президентине татыктуулардын ичинен Максим Бакиевдин талапкерлигин тандоого тийиш.


Курманбек Бакиевдин
"демократиясы"
Кыргызстандын президенти мураскер жөнүндө каймана эмес, түз маанисиндеойлонуп атса керек.
Ал шайлоону марафонго окшоштурганы да бекеринен эмес да. Аны да түшүнсө болот: биринчиден, Бакиев шайлоого эми катыша албайт - КР Конституциясы боюнча президенттик шайлоо эки мөөнөткө гана белгиленген, ал эки жолку шайлоодо жеңишке жетишкен…
К.Бакиев өзүнүн туугандары менен болсо да мамлекетти дагы көпкө чейин башкаргысы келет. Ынтымак курултайында Кыргызстандын алдында турган башкы маселелерди жыйналыш, референдум же шайлоолор менен эмес, Президенттик кеңешме менен чечүү керектигин бекеринен айткан жок да.
Оппозиция муну бийликти династиялык жол менен өткөрүп берүү сценарийи деп чочулоодо. Эгер мурда форс-мажор кырдаалда мамлекет башчысын парламенттин спикери же премьер-министр алмаштырып турса, эми такка президенттин туугандары келип отурары шексиз.
Ал адам - Курманбек Бакиевдин уулу Максим болуусу толук мүмкүн. Ал азыр 32 жашта, ата-Бакиевдин президенттик мөөнөтү бүткөндө (2013-жыл) Максим 35ке чыгат, демек, Конституцияга ылайык, бала-Бакиев президент болууга укуктуу. Деги эле, Максим Бакиевдин фигурасы - Кыргызстанда эң таасирдүү болуп жаткан убагы.


"Кыргызстанды тууган-туушканчылык менен коррупция чырмап алды"
Кыргызстан жарандык толкундоолордун босогосунда турат. Атуулдардын нааразычылыгынын башкы себеби - коммуналдык тарифтердин жана баалардын кескин жогорулашы болуп турат. Жалгыз эле ал эмес. Республика жарандарынын көңүлү өзгөчө мамлекет башчысынын уулу атасынын кадырына жамынып алып өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардан болуп алгандыгына бурулууда.
Акча издеп Казакстанга, көбүнчө Орусияга кетип жатышат. Дал ушул адамдар Москва менен Бишкектин мамилесинин бузулуп кетпөөсүнөн кабатырланып отурушат. Беш жарым миллион калкы бар Кыргызстандын дээрлик 20%ы миграцияда - чет жерде иштеп жүрүшөт.
Антсе да, Кыргызстандын жетекчилерин бул анчалык деле тынчсыздандырбайт өңдөнөт. Президент К.Бакиев курултайда айткандай, бийлик туура жолдо кетип баратат, бирок, азырынча максаттар ишке ашпай жатканынын себеби - " Тууган-туушканчылык менен коррупция биздин колу-бутубуздан чырмап алды"…


Кыргызстанда "Мураскер" операциясы башталды
Мамлекет башчысы К.Бакиев өз кланынын бийлигин бекемдөөчү "Мураскер" операциясын баштады деп билишет. Буга парламентте президенттин ордун алмаштыруучу убактылуу президентти атайын орган - мамкеңеш шайлайт деген законду биринчи окулушунда эле кабыл алганы билдирет. Аналитиктердин пикири боюнча мындай жүрүш - президенттик креслого Максим Бакиевдин жолун чаап жаткандык.


Кыргыз революциясы эзүүнү мураска таштады
"Жоогазын" революциясынын 5 жылдыгында Кыргызстанда өлкө башчылары демократиянын батыштык образынан баш тартып, эркиндиктин жаңы доорунан убада берип жатышат.
"Акыркы жылдарда өкмөткө карама-каршы тургандар күч колдонууларга, коркутууларга жана соттук териштирүүлөргө туш болду" деп жазылат "Ассошайтес прессте".
Колумбия университетинен саясатчы Александр Кули "Жоогазын революциясы" Борбор Азиядагы демократиялык өнүгүүнүн туура эмес бурулушунун мезгили болду" деп белгилейт. Батышка болгон үмүт өткөн жылы АКШны "Манас" авиабазасын таштап чыгып кетүүсүн буйруп, ошол эле күнү Россия Бишкекке чоң суммадагы кредитти убада бергенден баштап өчө баштаган. Андан кийин Бакиев өз чечиминен тайып, ижара акысын жогорулаткан (авиабазага), бирок, бул эки жүздүү оюн өлкөнүн өнөктөштөрүн иренжитип койгон.


Немец эксперттери:
Кыргызстандагы революция үмүттү актаган жок

Михаель Лаубш:
Көпчүлүк эксперттер Кыргызстандагы революция Борбор Азияда "Бикфорд жиби" болуп калат, Тажикстан, Казакстан өңдүү өлкөлөр Кыргызстандан үлгү алат деп ойлогон. Андай болбоду, 2005-жылдагы импульс сакталып турганы менен, акыркы мезгилдерде Акаевдин тушундагыдай эле басымга тушугуп отурат.

Беате Эшмент:
Батыш азыр Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга таң калып отурат деп ойлойм. Бир жагынан, кыргыз журналисттери иштеп жаткан шарт көптөгөн сынга татыктуу - бул журналисттердин , ММКлардын эркиндигине тиешелүү. Батыш да Бишкекти ушунусу үчүн сындап жатат. Экинчи жагынан, Кыргызстан баары бир бул региондогу өлкөлөргө караганда эркин. Мен кандайдыр бир "прогноз" бергенден тартынам. Беш жыл мурун деле көптөгөн байкоочулар ал жакта эч нерсе өзгөрүлбөйт деп айтышкан, а андан кийин Акаевди эмне кылышты?! Азыр да жаз. Өлкөдө бийликке нааразычылыктар кайрадан толуп чыкты, дагы да оппозиция күчтөрүн мобилизациялаганы жатат, бирок, 2005-жылдагы сценарий кайра кайталанат деп азырынча айта албайм.


Россия элчисинин резиденциясын бекем дубал менен курчап коюшту
Кыргызстандагы Россиянын элчиси жашаган имаратта капиталдык ремонт жүрүүдө. Резинденциянын айланасы чоң кирпич дубалдар менен курчалган. А азыркы россиялык элчи Валентин Власов , биздин билишибизче, Киев менен Манас кең көчөсүнүн кесилишиндеги Россия элчилигинде жашайт. Бул эмнени түшүндүрөт?

Россия элчилигинин пресс-секретаы Виктор Харченко:
"Элчи Власов жашаган резиденцияда чыны менен ремонт жүрүп жатат,-деп бекемдейт. -Бул имарат офиске - президент Дмитрий Медведевдин указы менен уюшулган "Россотрудничество" уюмуна деп даярдалып жатат. Анын максаты - Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы гуманитардык кызматташуу, республикада жашаган мекендештерибиз менен иштешүү. Элчи Власов элчиликтин территориясында жашап жатат деген маалымат туура эмес. Ал башка резиденцияга көчтү, аны мен айтууга тийиш эмесмин"-дейт.
Бишкекте россиялык элчинин жаңы резиденциясы жок экендиги бизге маалым, ал мамлекеттик желектен эле билинет, резиденцияга да россиялык желек илиниш керек эле. Демек, бул жерде эч нерсени жашыруунун деле кереги жок.
ММКлар жазгандай, Канттагы аскер авиабазасындагы россиялык аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү Кыргызстандан чыгып кетишүүдө. Россиялык тарап муну "чет жерде мындай обьектилерди кармоо үчүн чыгымдардын көбөйүшү" менен түшүндүрүүдө.


Бакиев Россия менен болгон мамилени салкындатты
Москваны ортоазиялык 5 миллион калкы бар мамлекет эмнеси менен мынчалык катуу таарынтты? Кыргыз-орус мамилелеринин салкындашы өткөн жылдын ортосунан эле башталган. 2009-жылдын июнунда КР президенти К.Бакиев: а) өлкөдөн америкалык базаны чыгаруу маселесин кайрадан ойлонуштурду, б)орусиялык кредитти шектүү адамдардын колуна берип жиберди, ал эми орусиялык грантты өзүнүн президенттикке экинчи мөөнөткө шайланышына коротту.
Үстүбүздөгү жылдын мартында эки тараптын мамилеси нөлдөн да ылдый түштү. Россия-кыргыз "үшүгү жүрдү". Бул учурда Россия Кыргызстан менен биротоло прагматикалык негиздеги мамилеге көчө баштады. Москва Бишкектин "майда бейбаштыктарын" көрбөмүш болуп коюудан чарчады. Россиялык чиновниктер капысынан Бишкек нефтини "реэкспорттой тургандыгына" көңүл бурушту. Демек, Кыргызстандын кайсыдыр бир күчтөрү россиялык нефтини арзан баада -"скидка" менен, өлкөдө керектөөгө деп алып, кайра чет өлкөлөргө сатып атышыптыр. "Гешефт", кыргызча айтканда бул ишмердүүлүктүн пайдасы жылына 36 миллион долларды түзөт экен.
Андыктан, Россия Бишкекке дагы бир ирет "Биз силерге нааразыбыз, саясатыңарды өзгөрткүлө" деп официалдуу сигнал жиберди. Москва менен болгон чырдын натыйжасы - Кыргызстан аркылуу Россияга кетип жаткан кытай товарларынын жолу буулуп, Россиядагы легалсыз иштеп жүргөн кыргыз мигранттарын депортациялап, чыгарып жиберишти.
Москва оппозицияда жүргөндөрдүн кимдир бирөөсүн президенттикке коюп коюшка мүмкүнчүлүгү жетет. Акыркы мезгилдерде Бакиевге нааразы болгон саясатчылардын Москвага байма-бай каттап жатышкандары да ошондон. Талапкерлерди тандоо эбак жүрүп жаткандай…


Түссүз эволюция
Федор Лукьянов, "Россия в глобальной политике" журналынын баш редактору:
"Түстүү революциялар" жеңиштен да көп таң калууларды жаратты. Өзгөрүүлөргө чейин эле саясий өнүгүүнүн жогорку стадиясында турган Украина эч болбосо партия жана шайлоолордун туруктуу институттарын түзүүгө жетишти. Улутчулдугу демократиядан ашып түшкөн Грузия кайра чыга алгыс "тупикке" барып такалды.
Кыргызстанда бүгүнкү кырдаал "жоогазын революциясына" чейинкиден да төмөн түшүп кеткен.
Ынтымак курултайында К.Бакиев "шайлоолор бүгүнкү заманда эскирди" деген пикирин билдирди. "Элдик протесттер" толкунунда бийликке келип таза эмес шайлоого каршы болгон адамдын символикалык эволюциясы ушундай.