Элдик курултайлардын күн тартибине

А.Эркебаев, коомдук ишмер:
"БАКИЕВДИН ПРЕЗИДЕНТТИГИ КАНТИП БҮТӨӨР ЭКЕН?"
Март ыңкылабынын 5 жылдыгы жана ага ылайык чакырылган ынтымак курултайы да өттү. Бул дата эмне үчүн салтанаттуу, жалпы элдик болуп белгиленбей, ыңкылаптын "каармандары" эмне үчүн сыйланбай калышты? Бир жыл мурда эле К.Бакиевдин Указы менен ушул "мааракени" өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, иш "даңка-дүңк" жүрүп жатпадыбы беле? Мунун башкы себеби эле -өлкөдө түзүлгөн жагдай, анан да эки жээк өткөргөн курултайлардын маанайы майрамды ушинтип "белгилөөгө" дал келбей турбадыбы. Маселе эмнеде?
Мен 2008-жылкы "К.Бакиевдин 3 жылы: сөздөрү менен иштери" деген орус, кыргыз тилдеринде жарыяланган макалаларымда конкреттүү фактылар менен цифраларга негиздеп, мындай жыйынтык чыгаргам.
"Ушу тапта алдыда кезексиз президенттик шайлоо жана жаңы революция боло тургандыгы жөнүндө күбүр-шыбыр кеп күчөп баратат. Мен буга караманча каршымын, себеби бул эмне экендигин бардыгыбыз көргөнбүз. Ошондуктан, президенттик шайлоо Конституцияны так сактоо менен 2010-жылы өтүшү керек. Бардык талаш-тартыштар шайлоонун жыйынтыктарында ошондо чечилет. Ага чейин президент жана анын командасы берген убадалары менен милдеттенмелерин аягына чыгарып, оппозиция болсо жалаң укуктук айдыңда аракет кылып, сабырдуулукту сактап, мыйзамды сыйлашы зарыл. Анын үстүнө бардыгыбызды дүйнөлүк экономикадагы кризистин уланышы жана тереңдеши менен жаңы кыйынчылыктар менен сыноолор күтүп турат. Бул кризис өткөндөгү тажрыйба көрсөткөндөй, биз сыяктуу бечара мамлекеттерге көбүрөөк залака келтирет".
Бирок, мен айткандай болбой, 2009-жылы кезексиз, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болуп өттү. Мен жаңылбапмын, 2005-жылдагы шайлоо сыяктуу эле 2009-жылдагы шайлоо да мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү. 2005-жылдагы шайлоо объективдүү себепке байланыштуу өтүп, президент А.Акаевдин өлкөдөн качуусу менен шартталса, соңку шайлоо жөнөкөй арифметикага, юридикалык логикага да сыйбайт. Себеби КР Конституциясынын бардык редакцияларында президент 5 жылга шайланат, анын мандатынын аракети ант алуу учурунан башталат деп жазылып турат. Эсиңиздерде болсо, К.Бакиев Кыргызстан элине биринчи антын 2005-жылы 14-августта берген.

2009-жылы анан эмне болуп кетти?
Себеби көрүнүп эле турат: алысты көрө албаган оппозициянын бир бөлүгү саясий оюн баштап, Конституциялык сотко 2003-жылдагы Конституциянын редакциясынын 44-беренесинин 1-пунктунда жазылганга ылайык, кезектеги президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктап берүү өтүнүчү менен кайрылат.
Президент 2008-2009-жылдардагы энергетикалык баш аламандыктардан жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык, саясий абалдын андан аркы курчушунан коркуп, Конституциялык соттун колу менен муну ийкем пайдалана койду. Ал өзү шедиреңдеп айткандай, бул максат үчүн ал өзүнүн мөөнөтүн бир жылга кыскартууга чейин макул болгон имиш. Мындай кадамга барып жатып Конституциянын сакталышынын көзөмөлүндө турган Консот да, Конституциянын гаранты болуп турган президент да алар таянган бул пункт 2007-жылдагы референдумда Конституциядан алынып салынгандыгын, азыркы мезгилде бул жаңы редакциянын нормалары гана аракетте экендигин эске алышкан эмес. Сыягы аларга Конституция эмес, саясий максат, ошондой эле күтүүсүздүк менен, 2007-жылы чагылгандай тездик менен өткөрүлгөн референдум жана мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоо сыяктуу сынактан өткөн кокусунан жасалган чабуул маанилүү окшойт.
К.Бакиев 2005-жылы жаңы бийликтин башына келгенде көпчүлүктүн алдында президенттик бир гана мөөнөт жетиштүү деп айтканы менен 2009-жылдын февраль айында эле эң жогорку президенттик постко бардык талапкерлердин ичинен шайлоого өзүм да катышам деп алдын ала кылдат пландаштырып жана тыкыр эсептеп айтканы жөн жерден эмес экен.
Ал төмөндөгүдөй убадалар менен билдирүүлөрдү жасаган:
- жакынкы айлардын ичинде бийликти демократиялаштыруу жана тең салмактоо үчүн тезинен Конституциялык реформа;
- президент жана депутаттардан кол тийбестикти алуу;
- үй-бүлөлүк башкарууну жоюу;
- мурдагы ЖК жана Ф.Куловдун өкмөтү, учурдагы губернаторлор жана акимдер менен мөөнөттөрүнүн аягына чейин иштөө;
- айыл өкмөт башчыларын шайлоону сактоо;
- коррупцияны жоюу;
- оппозиция менен кызматташуу;
- мамлекеттик ММКларда монополияны болтурбоо;
- кыска мөөнөттө административдик - аймактык реформа жүргүзүү;
- жакынкы 1-2 жыл ичинде социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу, бул үчүн ар жылы 8-9, ал турмак 10-12 %дык өсүш темпин камсыз кылуу;
- тышкы саясатта өз үйүбүзгө -Борбор Азиялык регионго кайтып келүү.
К.Бакиедин 5 жылдык президенттик мезгилинде ушулардын баары же бир-экөөсү ишке аштыбы? Жообун баарыңар билесиңер. Мунусу аз келгенсип, бетке чиркөө болгон жаңы жагдайлар да келип чыкты. А Акаевдин жылдарында башталган тышкы миграция К.Бакиевдин убагында эмнеге бир нече эсе өсүп кетти? Эмнеге соңку жылдары биринчи кезекте кыргыздардын чет элдик жаран алуусу көбөйдү? Эмне үчүн 5 жыл ичинде 6 депутат, өзүнүн администрация башчысы М.Садыркулов, таланттуу спортсмендер Р.Санатбаев, Ү.Кудайбергенов жана белгилүү эки журналист А.Ташиев, Г.Павлюк өлтүрүлдү? Эмне үчүн алыскы чет өлкөлөргө белгилүү инсандар К.Байболов, Ө.Абдрахманов, Э.Байсалов, Б.Бешимов, К.Кадыров, журналисттер Ч.Орозобекова, Ж.Эдигеев, С.Абдылдаев жана башкалар качып кетүүгө мажбур болушту? Эмне үчүн Бакиевдин кечээги эле жакын шакирттери менен санаалаштары А.Бекназаров, Р.Отунбаева, А.Атамбаев, Ф.Кулов, И.Исаков, Р.Жээнбеков, И.Кадырбеков, А.Жекшенкулов, Т.Тургуналиев, Э.Булекбаев ж.б. кайра өзүнө оппозицияга өтүшүп, айрымдары болсо темир тордун ары жагында отурушат? Эмне үчүн көз карандысыз ММК жабылып жана куугунтукка алынып жатат?
Тышкы саясатта да жаңы суроолор келип чыкты: эмне үчүн америкалык аскер базасынын тегерегинде саясий оюн уюштурулуп, өлкөбүз дүйнө алдында тескери жагынан көрүндү? Эмне үчүн соңку мезгилде Өзбекстан, Казакстан менен мамилелерибиз салкындады? Эң соңку эле ыңгайсыз жаңылыгыбыз: стратегиялык шериктешибиз Россия жана жакшы кошунабыз Иран менен мамилелерибиз чыңала түштү. Акырында мени бир суроо катуу түпөйүлгө салып жүрөт: эмне үчүн соңку 5 жыл ичинде же Чыгыштын, же Батыштын ири мамлекеттеринин бир да жетекчиси өзүнүн жакшы ниети менен Кыргызстанга келбей койду? В.Путин, Д.Медведев, А. Лукашенко жана Ху Цзиньтао болсо Кыргызстанга ШОС, ОДКБ, КМШнын саммиттеринин алкагында гана Кыргызстанга келишкен. Түрк жетекчиси А.Гюль өткөн жылы Америка базасы менен болгон чыр-чатакты жөнгө салууга ортомчулук үчүн гана келген.
Деги маселе эмнеде? Балким эл аралык кадыр- барктуу уюмдардын иликтөөлөрүнө ылайык Кыргызстан Бакиевдин башкаруусу астында "Борбор Азиядагы демократиянын аралы" деген жакшы атынан ажырап, авторитардык жана криминалдык мамлекетке айланып, ал эми коррупция боюнча эң алдыңкы катарга чыгып, 180 өлкөнүн ичинен 166-орунга "жеткени" үчүнбү?
(Уландысы гезиттин
кийинки санында)




Элдик курултайдын Борбордук аткаруу
комитетинин мамлекеттик
кызматкерлерге, өкмөттүк ММКларда иштеген журналисттерге,
"Ак жол" партиясынын мүчөлөрүнө
Кайрылуусу
Урматтуу мекендештер!
Сиздердин негизги көпчүлүгүңүздөр таза жана абийирдүүлүк менен кызматтык милдеттериңиздерди аткарып, өз жумушчу ордуңуздарда мамлекетке жана Кыргызстандын элине пайда алып келүүгө аракеттенип жатасыздар.
Бүгүнкү бийликтин бардык укуктарды ээлеп алгандыгы жана мамлекеттин бүткүл ишмердүүлүгүн жеке, үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына багындырып гана тим болбостон, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн андан ары сакталышына коркунуч алып келип тургандыгы биздин күнөөбүз эмес. Улуттук ресурстарды тартынбастан уурдоо, негизги мамлекеттик активдерди ит бекер сатуу, табийгый ресурстарды бөтөн өлкөгө алып чыгуу жана чет өлкөлүктөрдүн сатып алуусуна жол ачуу менен элдин келечек жашоосун камсыздоону тамырынан кыйып жатат.
Сиздердин көпчүлүгүңүздөр жакынкы күндөргө чейин элдик толкундоолордун арты менен бийликке келген Курманбек Бакиевге чындап ишенип келдиңиздер. Биринчи беш жылдыкта ал бийликтин иштөөсүнө дайыма оппозиция, тынымсыз митингдер жана эларалык ыңгайсыз абал тоскоол болуп жаткандыгын айтып келди. Бүгүн болсо, Сиз бүткүл эл менен бирге мамлекеттик бийлик системасын уратып, бардык укуктарды президенттин 32 жаштагы уулуна берген "реформа" деген нерсеге күбө болуп жатасыз. Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин түзүлгөндүгүнө алты ай болбой жатып, өлкөнү биринин артынан бири кайталанган эл аралык чатактар будуң-чаң түшүрүп, сөз эркиндиги толугу менен басмырланып, көз карандысыз сот системасынын кичине бир белгиси да калган жок. Бакиевдер өз эли менен гана эмес, жакынкы жана алыскы өлкөлөр менен да чатакташып бүтүштү.
Бул кыйын мезгилде Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитети мамлекеттик эгемендикти жана улуттук кызыкчылыктарды коргоону жетекчиликке алып, Кыргызстандын элин бийликти узурпациялагандардан, конституциялык жана жарандардын укуктарын тебелегендерден куткаруу максатында Сиздерге төмөндөгүдөй талаптар менен кайрылат:

1.Кыргызстандын элинин Конституциялык жана жарандык укуктарын бузууга багытталган Бакиевдердин жана анын жакындарынын мыйзамсыз талаптарын аткарбоону;
2.Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын азыркы режим тарабынан бузулушуна мындан ары бүт күчүңүздөр менен каршы туруп, алардын бийликти сактап калуу боюнча аракеттерине моюн бербөөнү;
3. Эл бийлигин орнотуу боюнча Элдик курултайдын жергиликтүү комитеттерин уюштуруу иштерине активдүү катышууну;
4. Бүгүнкү режимдин мүчөлөрүнүн мыйзамсыз, коррупциялык жана кылмыштуу аракеттери боюнча бардык фактыларды Борбордук аткаруу комитетине билдирүү үчүн чогултуп жана жазып алып алууну.
Дагы бир жолу кайталайбыз, элдин жана оппозициянын активисттеринин ичинде эч бир адам Сиздерди өздөрүнүн каршылаштары катары санабайт.
Бакиевдердин бийлигинин бекемделишине мурда активдүү катышкан Сиздердин көбүңүздөр ал иштериңиздер үчүн өкүнүп жатасыздар. Башкаруучу режимдин чыныгы жүзүн жакындан билген Сиз сыяктуу биздин көптөгөн мекендештер азыр нааразы болгондордун катарын толуктап отурушат.
Ошондой эле, биз Сиздердин араңыздардагы бүгүнкү Кыргызстан элин кулчулукка айланышына шарт түзгөн, конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди жокко чыгарып, биздин өлкөнү коррупциялык-мафиялык талоонго алууга көмөктөшкөндөргө эскертебиз!
Бакиев тарабында болгон ар бир адам өзүн Кыргызстандын эгемен элине каршы коюп жаткандыгын билип койсун! Эртеби-кечпи ар бир адамдын жүрүш-турушуна баа берилет! Ал баа өтө катаал болот! Өзүнүн аракети менен элдин эркиндикке чыгышын бир күн же бир саатка кечиктиргендерге кечирим болбойт!
Жакын арада, биз баарыбыз, Кыргызстандын жарандары, улутубузга, туулган жерибизге, саясий көз карашыбызга, диний ынанымдарыбызга карабастан өз Мекенибизде жана мамлекетибизде иштеп жана жашай алган мезгил келет.

Чындык - Биз тарапта!
Тарых - Биз тарапта!
Кыргызстандын бүткүл эли- Биз тарапта!
Жеңиш Биз тарапта болот!