Ачуу кат

Бакыт Бешимов:

"КҮЧ ЧЫНДЫКТА"
Казакстандык тергөөчүлөрдүн иликтөөлөрү, сыягы, президент К.Бакиев өзү жетектеген, оппозиционерлер менен башкача көз караштагы коркунучтуу адамдарды жолдон түртүп салуу максатын көздөгөн, күч органдарынын ичинде иштеп жаткан жашыруун уюмдун бар экендиги жөнүндө абалдын жарым- жартылайынын бетин ачат окшоп калды. Ал эми бир туугандардын, ата-балдардын бийлигин чыңдоо жана Кыргызстандын байлыктарын талап-тоноо аркылуу ченемсиз байлыкка туйтунуу максатын көздөгөн азыркы кыргыз бийлигинин уюшма криминалдашуусунун калган бөлүгүнүн чындыгы, толук жүзү аларды бийликтен кетиргенден кийин ачылат окшойт. Бакиевдердин кланынын бийлиги жана зордукчулдугу аларды колдоп жаткан өлкөбүздүн көптөгөн жарандарынын кайдыгерлигине, түркөйлүгүнө, кошоматчылыгына таянып алган. Парламент болсо мындай зөөкүр бийликтин ого бетер бекемделишине бардык жактан көмөктөшүп гана жатат. Парламенттин жана өкмөттүн ичиндеги жоон топ ашкебилердин жардамы аркасында мамлекеттик ички башкарууда бандитизм күчөп баратат. Алар адамзатка каршы келген мыйзамдарга жол ачып,адам өлтүргүчтөргө депутаттар жашыл жарык күйгүзүп берүүдө. Президенттин иниси Ж.Бакиев жетектеген мамлекеттик күзөт кызматы (СГО) өлкөгө курал-жарак, ж.б. атайын техникалык каражаттарды сатып алуу, ташып келүү жана ташып кетүү укугуна ээ. Ошол эле 25-март күнү Жогорку Кеңеш "Оперативдүү- иликтөө ишмердүүлүгү жөнүндө", "Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзамдарга түзөтүү киргизүү долбоорун кабыл алган. Ушундан соң жарандардын телефон менен сүйлөшүүлөрүн жана электрондук почта аркылуу кат жазышууларын угуу жана окуу мүмкүнчүлүктөрүн мурдагыдан да жөнөкөйлөштүрүп койду. Эми УКК али жасала элек кылмыштар боюнча "ырастоочу жана оперативдүү маанилүү маалыматты алуу үчүн" жарандардын телефондук сүйлөшүүлөрүн жана электрондук почтасын угуп же окуй алат. Мындай мыйзам долбоорлору мамлекеттик күзөт жана коопсуздук кызматтарын өлкөдөгү репрессия борборундагы үй-бүлөлүк жашыруун кызматка айлантып койду.
Казакстандык тартип сактоо органдарынын ишине быйылкы жылы тоскоолдук келтирүү кыйын болуп калды, себеби ЕККУ жана эл аралык коомчулук тарабынан аларга белгилүү деңгээлде кысым көрсөтүлүшү мүмкүн. Журналист Г.Павлюктун өлтүрүлүшүнөн кийин ЕККУ жана башка уюмдар казак бийликтерине иликтөөнү аягына чыгарып, журналистти өлтүргөндөрдү табуу боюнча расмий кайрылды. Оппозиционерлерди өлтүрүүнү Бакиев бийлигине бөркүндөй эле ишенген, аларга артын такап алган уюшма клан ишке ашырып жаткандыгы Кыргызстанда эч кимге деле жашыруун болбой калды. Бир катар саясатчыларды, депутаттарды өлтүрүү дагы деле ачыла элек. Айрымдарын болсо криминалдардын ич ара чатакташуусуна шылтап коюшту. Булар, чындыгында, чындыктын чекеси гана. К.Бакиевди ал бийликке келген күндөрдө бийликтен сырт уюшма күчтөр (бирөөлөр кылмышкерлер дүйнөсү деп божомолдошот) түздөн-түз колдогондугу жана айрыкча 2005-жылдын март окуяларынан кийин Бакиевдердин бийликтеги абалын чыңдоодогу алардын зор ролу жөнүндө ишенимдүү маалыматтар бар. Кылмышкерлер дүйнөсүнүн жана нарко соодагерлердин өкүлдөрү түрдүү мамлекеттик структураларга жана башкаруучулар түзгөн саясий партияларга киргизилишти.
Д.Садырбаевдин табышмактуу ууландырылуусу жана чукулунан көз жумушу, бир катар журналисттердин өлтүрүлүшү жана сабалышы, М.Садыркуловду ачыктан-ачык куйкалап жиберүү - бул башкаруучу кландын жасаган иштеринин чекеси гана. УККнын башчысы М.Суталинов депутат Р.Шаботоев жок болгондон үч күндөн кийин, парламенттин комитет отурумунда депутат жок болорунан бир жума мурда президент менен жолуккандыгы жөнүндө айткан эле. Көрсө, депутат андан Чүй областына губернатор кыл деп суранган экен. Бул жолугушуу качан жана кандай шарттарда болгондугу али белгисиз. Р.Шаботоев менен К.Бакиевдин жашыруун сырдашууларынын сыры эмнеде? Бул анын өлүмүнүн түздөн - түз себеби болуп жүрбөсүн?
2009-жылы май айында ИИМ кылмыш дүйнөсүндөгү белгилүү адам Коноевди эки күн камап, кайра коё берген. Маалыматы көп адамдар ошондо Коноев менен Жаныш Бакиев өз ара пикир табышкан деп айтып жүрүштү. Балким, ошол пикир табышуу оппозициянын жана эркин журналисттердин керектүү өкүлдөрүн биргелешип тизгинин тартуу жөнүндө болбосун? Анан, албетте, криминал дүйнөсү бизнеске көзөмөл кылууга тоскоолдуксуз аралашуусу да макулдашылгандыр.
2009-жылдагы күч структураларынын ишмердүүлүгүн парламенттик изилдөө учурунда мамлекеттик күзөт кызматы өлкөдөгү көптөгөн криминалдык топтордун иштерин тескеп-көзөмөлдөп турарлыгы жана алар менен бирдикте башкача көз караштагылардын үстүнөн репрессия уюштура тургандыгы, К.Бакиевдин улуу баласы, УККнын кызматкери Марат оппозицияны тизгиндөө, зарыл "объектилерди" жок кылуу боюнча негизги операцияларга түздөн-түз жетекчилик кылаары белгилүү болгон. УККнын көпчүлүк чынчыл офицерлери К.Бакиевдин баласы "чылпагын алып кой" деген команданы кармаарын, алар кылмыш чөйрөдөгү "абысындары" менен тыгыз кызматташаарын ырасташат.
Андан сырткары өзүнүн ишенимдүү адамдары иштеп жаткан Баткен чек ара постунан келүүчү наркотикалык канал да ишенимдүү көзөмөлдө экенинде шек жок. 2009-жылы июль айында президенттик шайлоо учурунда "Ата Мекен" партиясынын Баткен областы боюнча мүчөсү, Баткен областтык штабдын начальниги Т.Балтабаевге кимдир бирөөлөр чалып, 300 кг. героинди сатууга бийликтегилердин бирөөсү түздөн-түз катышы бар деген ишенимдүү маалыматты берээрин айткан. Бул маалыматтан соң мен депутат катары бул айтылгандардын чындыгына кызыгып, УККнын мурдагы айрым кызматкерлери менен жолуга баштадым. Анан эле июлдун аягы, августтун башында менин артымдан аңдуу бир топ күчөгөнүн сездим. Менин коопсуздугума жардам берип жүргөн ИИМдин мурдагы кызматкерлеринин айтымында, бул ишке Кыргызстандагы белгилүү бир кылмыштуу топтун бандиттери тартылыптыр. Алардын жасап жаткан иштерин талдасак, оппозициянын штабында эмне кеп болуп жаткандыгы аларга даана белгилүү экен. Мындай оперативдүү маалыматтарды кылмышкерлерге УКК менен мамлекеттик күзөт кызматы, аларга кошулуп милициядан башка ким берип тура алат? Ушул жагдайлардын баарын эске алып, мен парламентке акыркы жолу 2010-жылдын 2-февралында төмөнкү арызым менен кайрылгам жана ага эч кандай жооп болбоду.

"Урматтуу коллегалар!
Регламентке ылайык менин бул билдирүүмдү комитеттин отурумунда сүйлөгөн сөзүм деп эсептөөңөрдү өтүнөм. Бул маселе комитеттин отурумундагы күн тартибиндеги талкуулануучу маселелердин чегинен да ашып түшөт. Сөз өлкөдө өз пикирин түз айткандарды саясий репрессиялоо жөнүндө болуп жатат. Оппозицияны аёосуз куугунтуктоо жөнүндө. Эстегилечи, соңку жылдарда эле канча адам өлтүрүлдү, канчалары жалган айыптар менен түрмөлөрдө, канчалары уруп-сабалып майып болду, канчалары куугунтуктоонун айынан өлкөдөн качып кетти. Өлтүрүүлөр, уруп-сабоолор, куугунтук, камоо маселелерин, азыркы режим менен көз караштары дал келбегендигин эмне үчүн парламент көтөрүп чыкпайт? Башкача көз караштагыларды куугунтуктоо саясатынын башында ким турат? Кылмыштуу мындай саясаттын автору деп мен президентти эсептейм. Өлкө ичиндеги жана чет өлкөдөгү көптөгөн адамдар ушинтип эсептешет. Эгерде сиздер жок, андай эмес десеңер, өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун коргоо боюнча мамлекеттик күзөт, коопсуздук жана коргоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылам. Комиссиянын төрагалыгына парламенттеги оппозициялык партиянын өкүлүн шайлоону сунуштайм. Өткөн мезгил ичиндеги күч структураларын жетектөө боюнча президенттин ишин кылдат талдоодон өткөрүү керек. Комиссиянын мүчөлөрү бардык материалдарга колу жетсе, менин айткандарым чын болуп чыгарына ишенем.
Мамлекеттин жана анын жарандарынын коопсуздугу коомчулуктун көзөмөлүндө болушу керек. Бизде эмне үчүн мындай болбой жатат?
Мен ошондой эле президент өз милдеттерин аткарып жаткан азыркы учурда ал тарабынан Конституцияны жана мыйзамдарды кандай сактап жаткандыгы жөнүндө коомчулуктун өкүлдөрүн катыштыруу менен учурдун талабы жана калыстыгы үчүн деп парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштайм.
Мурдагы президенттин ишмердүүлүгүнө баа берүү боюнча мамлекеттик комиссия ал кызматтан четтетилгенден кийин түзүлгөн. Азыркы президент боюнча мындай комиссия эртеби-кечпи түзүлөт. Бирок, мындай комиссия президент өз милдеттерин аткарып жаткан азыркы учурда түзүлсө туура болор эле. Бул мамлекеттин жана коомдун таза болуусу үчүн пайдалуу. Бул ишти азыр аткаруу маанилүү, анткени К.Бакиев Конституцияны жана өлкөнүн мыйзамдарын тынымсыз бузуп жатат. Муну токтотпосок болбойт.

(Уландысы 11-бетте)